Окуган да арманда, окубаган да арманда!

Ишке бир аз эле эртерээк келсем, же кичине эле убактым боло калса, ушул көк китепти издеп калчу болдум. Андайда саат жебесине бир шашкалактап карап алып, кечээ токтогон жеримди издейм…

Чынымды айтсам, көптөн бери минтип китеп окуй элек болчумун. Кээде жылмайып, кээде кабагымды карыш салып, кээде автор менен бирге ой учугун кубалап отуруп, чектелүү убактымдын кантип бүтүп калганын байкабай калам.

Кечээ ушул китепке байланышкан бир кызык окуя болду. Бермет Маткеримова эже эшиктен баш багып: «Кыздар, чогулушка кире калгылачы?» — деп кеткен. Мен жаңы эле колум тийип, китепке үңүлө калган элем, Бактыгүл (Чотурова) эжем: «Бол, тур! Чогулушка чакырып жатат!» — деп шаштыра баштады. «Азыр, бир эле сүйлөм… аз эле калды», — деп жанталашып окуп жаткам. Аңгемеде «кичинекей Актөш деген күчүк өлүп калып, ээсинин көмгөн» жеринен чекит коюлат экен. Автордун калеминин күчүн ушундан билиңиз, сыртынан карасаң жөнөкөй эле окуяга аралашып, баш отум менен кирип кеткен экемин, сүйлөмдүн аягына чыккандан кийин кандайча алаканымды жайып: «Оомийин!» — деп ийгенимди өзүм да байкабай калыпмын. Бактыгүл эжем мени адегенде түшүнбөгөндөй карап калды да, экөөбүз анан каткырып күлүп жибердик.

Кээде ара чолодо, калемим чарчаганда китептин бир-эки бетин окуй салам. «Бул бүтүп калса кантем?» — деген тымызын санаркоо менен отурган сайын китептин окула элек барактарын карап коём. «Ач көздөнбөй, бир күндө эки-үч эле бетин окуп турайынчы», — дейм напсимди тыйган болуп. Тилекке каршы окула элек барактары улам азайып, «арыктап» баратат…

Мамат Сабыровдун бул «Жол» деп аталган китеби жалаң чакан аңгемелерден турат экен. Анткен менен ошол ар бир аңгемеде ар бирибиздин башыбыздан өткөн балалыктын, ушул азыр өтүп жаткан турмуштун бир жандуу үзүмү жатат. Болгондо да кадимкисиндей, айылдын боз топурагы жыттанып, өзүңдүн башыңдан өткөргөн ирмемдерди кайрып келип эсиңе салып… Анан да автордун ошол, жөнөкөй эле турмуштан алынган ар бир аңгемесинде адамды жакшылык иштерге, адеп-ахлакка, ыйманга, түз жолго чакыра турган, окуган кишини көпкө чейин ойго сала турган тарбиялык мааниси өтө күчтүү табылгалары бар. Бир жагынан бул — автордун өзүнүн ички дүйнөсүн дагы, жандүйнө маданиятын, адамгерчилигин дагы окурманга ачып берип жаткансыйт. Анткени ар бир окуяда өзү жүрөт.

Бирок эми мен айтканда не, «миң уккандан бир көргөн» дегендей, китепти өзүңүз окуганыңыз жакшы го, окурман. Мен да, түштөнүү маалы болуп калды, бир-эки бетке көз жүгүртө коёюн…

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2009-ж.

* * *
Колубузда али калем сыясы кургай элек «Жол» аттуу кооз жасалгаланган китеп. Автору мезгил көйгөйүн басма сөздө чейрек кылымдан бери чагылдырып келе жаткан белгилүү журналист Мамат Сабыров.

Китептин «Жол» деген кыска аталышында эле жолдун бүтпөс, жолдун түгөнбөс экендигин байкаткан философиялык тереңдик жаткандыгын ой элегинен өткөрөсүң. Өмүр чыйыры үзүлгөн менен жол чыйыры улана берет эмеспи. Кептин баары сен баскан жолдун үзүмү кандай болгонунда.

Китеп алгач «Жолдо» деген аңгеме менен башталып, «Жарык» деген аңгемеде жыйынтыкталган. Китептин аталышындай аңгемелер кыска бир сөз менен аталып, анын жалпы мазмунуна шайкеш келип турат жана алар чакан, ашкере баяндоосу, артыкбаш сөзү жок, жатык тилдүү.

Аңгемелерди окуган сайын өзүмдүн бала чагым күнү бүгүнкүдөй көз алдыма келди. Андагы ар бир каармандын мүнөзү менин айылдаштарымдын мүнөзүнө кыт куйгандай окшош келип, ошол кездеги турмуш кадимки экрандан көрүнүп тургандай болду. Бири-биринен жүздөгөн чакырым алыста жашаган адамдардын мүнөздөрүндөгү окшоштук, дал келүү, айрыкча «Мектеп» деген аңгемесиндеги мугалимдердин образы мени окуткан мугалимдердин образына куюп койгондой төп келгени таңгалдырды. Ар бир мугалимдин элеси, алардын мүнөздөрү, ал кездеги мурдунан суусу кете элек бизге окшогон жаш балдарга билим, тарбия берем деп күн-түндөп түйшөлгөнү, астейдил жан алакетке түшкөндөрү көз алдыма келди. Мамат аңгемесинде айтып өткөндөй ак жүрөк агайларыбыздын көбүнүн көзү өтүп кетти. Бирок, алардын жаркын образдары китеп барактарында таамай, таасын чеберчилик менен сүрөттөлүп, орун алган. Аңгемелер кылдат, ийине жеткириле, окурмандын жүрөк түпкүрүнөн түнөк табарлык деңгээлде жазылганына ынанасың. Китепти окуу менен өзүңдү автордун бүтүндөй турмушуна, жан дүйнөсүнө, ал баяндаган окуяларга аралашып кеткендей сезип кетесиң.

Аңгемелерди жазууда автор өзүнүн устаты деп эсептеген Кубатбек Жусубалиевден, Мырза Гапаровдон, орус жазуучусу Василий Шукшинден чыгармачылык таасир, демөөр алгандыгы сезилет.

Китептин баш сөзүн жазган жазуучу жана драматург Султан Раев туура баамдагандай автордун бул аңгемелери чыныгы турмуш портрети менен ар түркүн образдардын галереясынан жаралыптыр.

Маматтын бул жыйнагы ар түрдүү наамдагы аңгемелерден турса дагы өзүнчө бир бүтүндүккө ээ. Автор алардын баарын бириктирип повесть же роман кылса деле болмок. Бирок, китеп ушундай «атка жеңил, тайга чак» аңгемелерден тургандыгы менен баалуу. Окурман кыска, жатык сүйлөмдөн турган бул аңгемелер жыйнагын окуудан эч бир тажабайт.

Сабырбек Мыктыбеков, Кыргызстан Журналисттер Кошунунун мүчөсү.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий