Бир айтыштын баяны

1993-жылы Бишкекте кеч күздө кыргыз-казак айтышы өттү. Айтыш үч күнгө созулуп, үчүнчү күнү элдин санын көбөйтүш үчүн солдаттарды отургузуп  койгон экенбиз, кадимки Сүйүнбайдын чөбүрөсү, ал кезде 26 жаштагы Эрмек Жуматаев деген казактын жаш акыны ошону согуп жатат:

Сүйүнбай атам келгенде,
Кыз берип кыргыз сыйлаган,
Эми, Эрмек уулу келгенде,
Солдатын кыргыз жыйнаган,
Санаамда сырын табалбай,
Сабыркап жаным кыйналам, — деп. Анан калса «байлап» кетчүдөй болуп солдаттарыбыз филармониянын алды-артын отуруп алышыптыр. Дегеле ошол айтышта казак акындары «камдуу» келишкенби үстөмөндөтө ырдап, биздин Тууганбай, раматылык Ашыраалы Айталиев, Орозбек Кутманалиев өңдүү аттын кашкасындай таанымал акындарыбыздын шаштысын алып турушту. Элена Абдыкалыкова деген болугунан келип болукшуп турган казактын «сууруп салма» кызына биздин төкмөлөрүбүздүн кез-келгени эле жүрөктөрүн «сууруп» чаап жатып калышты эле делбиреген Элена секин гана:

Ашыкем аялдыкка алам деди,
Орозбек калгын мында багам деди,
Конокту жөнү менен сыйлай албас,
Кыргыздар санаа-салтың жаманбы эди, — деген бир ооз ыры менен анда олтурган жалпыбызды жайлап түшкөн. Ал кезде жаңы чыгып келаткан Абдылда Нуралиев да «өппөй кантип калайын» деп өрөпкүп баратканда:

Казак кызын өпкөндү не кыласың,

Кыргыздар ээ болгула кыздарыңа, — деп демибизди сууткан болчу. Биздин Ашыкебиз «казактан аял алчумун» деп маселени кабыргасынан койгондо Эсенгул Жакыпбеков деген казак акынын катыра берген жообуна кийин далайларыбыз күлүп да, күйүп да жүрбөдүкпү:

Ашыке,
Карышкырдай тишиңди кайрадыңыз,
Казакты катын бер деп сайрадыңыз,
Казак сага каадалуу катын бербейт,
Калган кезде түгөнүп айраныңыз.

Алтымыштын ар жагы курагыңыз,
Аркы өйүздөн көрүнөт кулагыңыз,
Жыргаткан казак сага катын бербейт,
Жыгылып жаткан кезде жыланыңыз. Казактын ушул Эсенгул акынына чоңколуктан Тууганбай түттү окшойт ошол айтышта.

Тууганбай чындап асылса,
Тура албай калба катарга,
Түбүң деги казакпы,
Түшүнбөй турам мен дагы,
Түспөлүң окшош татарга…деди эле. Эсенгул акын чыны менен эжигейдей сары неме экен, баарыбыз дуу күлгөнбүз. Биздин Орозбек Кутманалиевдин төкмөлүк өнөрүн ошондо көрүп «оозум ачылган» жайы бар. Кайран киши киного тартылып, артисттик жагына алаксып кетпегенде төкмөлүк өнөрдүн төрүндө болмок экен. Ошол айтыш тууралуу ал кездеги «Бишкек шамы» газетасына жазган макаламда Орозбек төкмөбүзгө арнап төмөнкүдөй жазганым бар эле.

Акын экен Орозбек,
Айтышта даана көрүндү,
Ак жаандай ыр менен,
Ачып койду көңүлдү,

Казактан келген балдарды,
Катары менен сынады,
Камчыдай тийген сөздөргө,
Калыңдыгынан чыдады.

Орозбек кайда жүргөн деп,
Ошондо түштүк арманга,
Осмонкул болмок экенсиң,
Орозкул болбой калганда.

Айтыш жүрүп жатканда кадимки Эстекебиз филорманияны көркүнө чыгарып «бакжайып» басып жүрдү. Эмнегедир айтышка түшкөн жок. Көпчүлүгүбүздүн качан чыгат деген үмүтүбүз акталбай арманда калганбыз. Курч учур окшойт. Ошол макаламда ал кишини да «шилтей» кетиптирмин.

Акындыгың билчүбүз,
Атпай кыргыз сүйчүбүз,
Айтышка түшсө Эстеке,
Алдырбайт деп жүрчүбүз.

Капырай
Калк алдында айтыштан,
Качтыңызбы Эстеке,
Каргадай казак балдардан
Шаштыңызбы Эстеке?!

Эми,
«Чоңдору» келсе казактын,
Эстекем, чоочубай жолун тособу,
Же, айлына кире качабы?
Айта албай турам ошону.

Азыр ойлосом кыргыз-казактын «бас» акыны эмесминби дегенсип баа-баркын карманса керек кайран киши. Ошол айтыштын көркү жогоруда айтканымдай Эрмек Жуматаев болду окшойт.

Эгейден келген Эрмегим,
Элимден сендей көрбөдүм.
Эң түшүнгөн кишиге,
Эч кимге байге бербедиң.

Табылдыны талкалап,
Тууганбайды тушадың.
Оң келгенди оңдурбас,
Оозуңда экен бычагың.

Эттей туурап жеймин деп,
Орозбек кылды кусурду.
Тууралып өзү калаарда,
Тура качып кутулду.

Эрмек сага дабаа жок,
Элесең сөзүн куюндай.
Эки элге кайра келгенби,
Эртеги өткөн Сүйүнбай… деп турдум эле ичим элжиреп. Ал айтышта баш байге «Ак боз» атты Тууганбай ырчыбыз татыктуу алып, бир жеринде меңи жок жаныбарды филармониянын сахнасында жетелей басып сыймыгыбызды арттырган эле. Эрмек эмне алганы эсимде калбаптыр. Ал эми Манастан «Түктүү таман Түкүбай менен Эр Агыштын күрөшкөнүн» айтып жатып Баянгалы Алимжанов деген казак акыны төө алды. Манас айткан казакты биринчи көрүшүм. Өлөңүн баштаарда өкүрүп алмай адатын байкап адегенде таң калып, айрымдары күлүп отурган көпчүлүк, Баянгалый түшкүрүң баягы «кара жинин» Манаска салып, кып-кыргызча күпүлдөтө соккондо кыйкырып сүрөп, филармониянын ичин үч көтөрүп кетишпеспи…Айтышка келишкен казактын жаш акындарын, Элена өңдүү кыздарын көрүп:

Өркөнүң өскүр Элена,
Өлөңүң  угуп эридим,
Өзүңдөй бизде кыздар жок,
Өрттөнүп өзөк кейидим…деп өкүттө калдым эле ошондо. Кудайга шүгүр, кийинки кездерде Саргашка, Элмирбек, Жеңишбек, Шекербек, Аалы, Азамат өңдүү «казакка каш кайтараар» жаштарыбыз өсүп чыгып, калп айткан менен болобу башкаңарды билбейм, айтыштын күйөрманы катары жеке өзүмдүн  санаам тынч. Ал эми ар тараптуу төкмө Майра келинибиз таптап жүргөн кыздардан эртели кеч Эленадай бирөө чыгып калышы ажеп эмес…Айчүрөк, Наркүл, Бурулча чыккан элибиздин көрөңгөсү кур эместир.

Темирбек Алымбеков

Соц тармактар:

Добавить комментарий