«БЕТМЕ-БЕТТЕГИ» ЫСМАЙЫЛ АБАКТА 24 ЖЫЛ ОТУРГАН

Чыңгыз Айтматовдун «Бетме-бет» повести Кара-Буура районуна караштуу Көк-Сай айылынын тургуну, согуш качкыны Ысмайылдын жашоосунун бир үзүмү. Чыгарма жаралган соң Ысмайыл Айтматовго «сен мени бүт дүйнөгө тааныттың. Менин улуу балам аскер кызматын өтөп жүрөт, кийинки балам дагы агасынын жолун жолдойт. Мен качкын болгонум менен балдарым андай эмес» деп кат жазат. Мына ушулар жана повесттин негизинде тартылган «Куш өмүр» тасмасы жөнүндө кеп кылабыз.

Фильм — Айтматовдун «Бетме-бет» повестинин негизинде тартылган ­(1990-жыл)
Режиссёру — Бакыт Карагулов
Сценарийин жазгандар — Чыңгыз Айтматов, Марат Сарулу, Бакыт Карагулов
Оператору — Марс Умаров
Композитор — Муратбек Бегалиев
Ролдордо:
Ысмайыл
— Бузурман Одуракаев
Сейде — Шайыргүл Касымалиева
Тотой — Гүлназид Омарова
Ысмайылдын энеси — Сабира Күмүшалиева

Эмне үчүн «Куш өмүр?»

Повесть «Бетме-бет» делгени менен анын негизинде тартылган тасма «Куш өмүр» деп аталат. Фильмдин «Куш өмүр» деп аталышына эки нерсе себеп болгон. Биринчиси, «адам өмүрү куш сымал тез учуп кетет» деген философиялык салыштыруу. Экинчиси, Айтматовдун «Куш өмүр» аңгемеси менен «Бетме-бет» повести мазмуну жагынан бири-бирин толуктап турган.

Тасманын мазмунун эсиңизге салабыз

Мекенибизде «бардыгы жеңиш үчүн!» деген ураан өкүм сүргөн 1941-45-жылдар аралыгы. Мылтык кармаганга жарамдуу жигиттердин баары согушка кетип, айылда кемпир-чал, кыз-келиндер калышкан. Согушка чакырылган Ысмайыл майданга жетип, бирок аман калышынан күмөн санап айылына качып келет. Жолдошун үйүндөгү ороого жашырып баккан Сейде жаш баласы, карыган кайненеси менен көп кыйынчылык тартат. «Эл шекшип калабы» деген коркунучтан улам Ысмайыл айылдан алыс жайгашкан үңкүрдү түнөк кылып, күн кечирет. Жаш баласы менен Сейде күнүгө үңкүрдө жаткан Ысмайылга тамак ташыйт. Ансыз да ачкачылык каптап кыйынчылыкка дуушар болуп турганда, Ысмайылдын кошунасы Тотой аттуу аялдын ую уурдалат. Чиедей балдарын эптеп сүт менен багып жаткан Тотойго бул окуя тоо урагандай болду. Бул уурулук Ысмайылдын колунан келген эле. Ооруп жаткан энеси о дүйнө салып, эл аны жерге жашырып жатканда да Ысмайыл качкындыгынан бир кочуш топурак сала албайт. Үңкүргө бара жаткан Сейденин артынан элдик комиссариаттын кызматкерлери аңдып барып, Ысмайылга ок атышат. Ошентип, фильм Ысмайылдын өлүмү менен аяктайт.

Ысмайыл — Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты, КРнын Эмгек сиңирген артисти Бузурман Одуракаев.
— Бул фильм Советтер Союзу ураардын алдында 1989-жылы тартылып калды. Режиссёр Бакыт Карагулов Академиялык драма театрынан уруксат сурап, съёмкага бир ай калганда мени «ат мингенди эсиңе салып, үңкүрдү кайтарып тур» деп Таласка жиберди. Ал учурда театрдын артисттери «киного тартылабыз» дешсе, эч кимисин жиберишчү эмес. Эмнеге экенин да так билбейм, спектаклге шылтоолоп эле жибербей коюшчу. Ошондон улам канчалаган таланттуу, күчтүү актёрлор киного тартылбай, алардын ордуна казактын, өзбектин актёрлору тартылып калчу.

Үңкүрдүн сырты Таластан, ичи Кеминден тартылган. Анткени Таластагы үңкүрдүн ичи тар экен. Ал эми үйдүн ичи Ташкенттеги өзбек фильмдин имараттарынын бири. Айыл тууралуу айта турган болсом, Таласта согуш мезгилиндеги айылдарга окшош Ак-Бейит деген айыл бар экен. Болгону, ал жерде көп жылдардан бери эл жашабай калыптыр. Фильмге тартылуу үчүн кошуна айыл тургундарын алып келип, атайын гонорар төлөп берип тартышкан.

— Экрандан аткарган ролуңду үстүр­төн ойносоң байкалып калат эмеспи. Сейдени чындап сү­йүп, апаңызды жоктой алды­ңызбы?
— Тасмада Сейде экөөбүздүн укмуш сүйүшкөн жерибиз деле жок. Ошентсе да үңкүрдө жатып алып кызгалдактар арасында кол кармашып айланган жаш кезибизди элестетем. Ошол жерин тартарда айланма чыгырыктын үстүнө дагара коюп, Шайыр экөөбүз анын ичине түшүп, ылдый жактан тегеретип турушкан.

Апамды эл көмүп кеткенден ки­йин айлуу түндө топурак кучактап ыйлаган жерин чоң таятамдын кө­рүстөнүнө барып, 4-5 жолу репетиция кылгам. Анда баары ойдогудай болгону менен, съёмка башталганда көзүмөн бир тамчы жаш чыкпай койсо болобу?! Ички сезимимде «Кү­мү­ша­лиеваны чын эле өлүп калды» деп ыйлайын десем да болбойт. Анткени ал киши бизден бир топ жаш улуу болгонуна карабай, биз менен тең жарышып чуркачу эле.

— Фильмде сизди аткан адам Абдымалик Шерматов дешет го…
— Ооба, мени аткан элдик комиссариаттын аскерлеринин бирин Абдымалик Шерматов ойногон. Режиссёр бул ролду «Шайырды кызганып жеткире ойносун» деп атайын Абдымаликке берген окшойт. Аскерлер мени төшкө атышты. Төш жагымда көйнөктүн ичинде жука резинкага сыр куюлган болчу. Мылтык атылганда колумдагы кнопканы бассам, резинка жарылып, кан жайыла берет.

— Кийин турмуштагы чыныгы Ысмайыл менен жолуккан турбайсыздарбы…
— Мен анда Таласта элем. Киного тартылган топ Ысмайылга жолугуу үчүн үйүнө бардык. Биз барганда 82 жаштагы ал киши аттан жыгылып, буту сынып жаткан экен. Узун бойлуу, чапжаак, сүйлөгөн сөзүнө караганда айтканынан кайтпаган адам көрүндү. Ысмайылдын айтуусу боюнча, согушка барганда эч кандай даярдыгы жок эле колдоруна мылтык карматып немистердин алдына тизишиптир. «Немистердин замбиректерин көргөндө эле качтык» дейт. Казак-кыргызы аралаш 5-6 адам чогуу качышкан. Качып баратып өлүп жаткан немистердин тамак-ашын, кыскасы, өздөрүнө керектүүлөрдү ала кетишкен. Кайык, поезд менен эптеп Кыргызстанга келип, өзүнүн айылынын четиндеги бир үңкүргө жашынган экен. Кинодо көргөзүлгөндөй, Ысмайыл чын эле бул жашоодо аты чыккан ууру болуптур. Ал бир да жолу бирден уй же бирден кой уурдаган эмес. Кошуна айылдардан үйүр-үйүрү, короо-короосу менен кой, жылкы айдап келип бир-экөөсүн өзү жесе, калганын элге таратып берчү экен. Согуштан качкандыгы, согушка чейинки уурулугу үчүн соттолуп түрмөгө отуруп келген. Бирок акыркы жасаган уруулугу үчүн көп жылга кетиптир. Ысмайыл аны төмөндөгүчө эскерди: «Жаныма жаш баланы алып туура эмес кылыпмын. Үңкүргө кеткенимде милициялар мени менен барган жаш баланы сабап, баарын айттырып алышыптыр. Ошондо түрмөдөн-түрмөгө которулуп отуруп, Карагандадан «пахан» болуп кайттым». Кыскасы, ал киши баш-аягы 24 жыл түрмөдө отуруптур.

24 жыл түрмөдө отуруп, биз барганда 82ге келип калганы менен өтө кайраттуу, чымыр адам көрүндү. Шайыр менен Гүлназидге «кетпегиле, азыр кой соём» деп колдон кармап тийишип жатпайбы.

— Ысмайыл ага канча баланын атасы экен?
— Бир баласы аскерде, бир баласы үйүндө экен. 90го чыгып барып өлдү. Чыңгыз агага: «Мени бүт дүйнө жүзүнө тааныттың. Мен аркылуу сен таанылдың. Менин бир балам аскер деңиз флотунда кызмат өтөйт. Буюрса, кичүүсү да анын жолун жолдойт. Азыр баары өз жолу менен кетип баратат» деп кат жазган экен. Бул кат тууралуу бизге Чыңгыз ага өзү айтып берген.

Сейде — Эл аралык Айтматов сыйлыгынын лауреаты, КРнын Эмгек сиңирген артисти Шайыргүл Касымалиева.
— Кастингге катышканыбызда Айтматов «Сейдеге ушул кыз ылайыктуу» деп мени өзү жактырган. Ал гана эмес, «Жамийланы» да ушул кыз ойносо болмок» деп өкүнгөн экен. Сейдени эстегенде дароо Таластын нанын элестетем. Таластын наны ушунчалык даамдуу экен дейсиң. Эртеден-кечке жей берип, кино бүткүчө толуп кеткем. «Бул роль менин актрисалык өмүрүмдүн алгачкы кадамы болгону менен баарын жеткире ойнодум» деп эсептейм. Бороон-чапкында үңкүргө тамак алып бара жатканымды тартыш үчүн атайын үйлөгүч машина менен шамал жасашкан. Ошондо бетиме тоңуп калган эски кар учуп келип тие берип, кадимкидей ызаланып ыйлагым келген.

Кино жөнүндө кызыктуу маалыматтар…

  • Айтматов «Бетме-бетти» эки жолу жазган. Биринчисинде, Ысмайыл патриоттук сезимге жарды качкын катары каралса, экинчисинде, сүйүүсүн, үйбүлөсүн ойлогон, чет жерде өлгүсү келбеген адам катары жазылган.
  • Ысмайылдын баласынын кичи­некей кезин ташкенттик наристе, чо­ңойгондогусун таластык бала ойногон.
  • Сейденин ролун аткарганда Шайыр 21 жашта эле.
  • Шайырдын кийип жүргөн керзо өтүгү чоң болгондуктан, ичине беш-алты каттап чылгоо ороп ки­йген.
  • Ысмайыл менен Сейденин жаш кезде курган үйүн чын эле пайдубал куюшуп, кирпич менен салышкан.
  • Айылдын молдолорунун «көрүс­төндө ыйлаганга болбойт» деген айтуусу менен Ысмайыл жөн гана дөмпөйүп үйүлгөн топуракка келип ыйлаган.

«Супер инфо», 20.03.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий