«Кадровый» жазуучулар эркин калемгерлердин чаңында калабы?

Жазуучу журту жөнүндө өйдө жактагы бийликте отурган жигиттерде дагы эле эски, советтик түшүнүк күчтүү окшойт, жазуучулар кошунуна кайсы бир жерден шарты дурус башпаанек имарат, казынадан ири өлчөмдө акча бөлүнөөрү тууралуу маалымат тарады.

Союз маалында ушундай эмес беле, мамлекет идеология жоокерлерине кам көрөт, алар болсо өз кезегинде муну актаганга аракет кылышат; ал эми бүгүнкү капитализм заманында жазуучулар кайсыл идеологияны тейлемекчи, түшүнүп болбойт. Анан калса ал идеологиянын өзү алиге бизде түптөлө элек; Манастын жети осуяты да, ата-бабадан келаткан руханий дөөлөттөр да бүгүн идеология болуп бергенге жарабай жатыры. Мээ жоорутуп эмне кылабыз, капитализмдин, рынок замандын башкы идеологиясы пайда табуу, акча жасоо экен, кыбыр эткен бүгүнкү турмуштун баары ушуга чырмалып, ушунун тегерегинде гана жүрүп калды. Мында албетте адабият да бар. Китеп жазуу, аны басып чыгаруу иши азыр толук бойдон күтүлгөн пайдага байланыштуу. Жазылган китеп базардан шар кетеби, авторго да, басмачыга да ошол олжо. Ырайымсыз базар сен профессионал жазуучусуңбу же эркин калемгерсиңби, аныңа карабайт, эң негизгиси — жазганың алармандын купулуна толобу, кеп мына ошондо. Башкача айтканда, эркин өлкөнүн адабияты бийликтин кайтарымы жок жазуучуларга бөлүп берген заңгыраган имаратында эмес, мына ушу ачык асман астындагы жайма базарда түптөлүп атыры. Бизде акылы жетик өкмөт болсо шартты «кадровый» жазуучуларга эмес, ушу базарда отургандарга түзмөк, акчаны да ушу жакка жумшамак. А беркилер эмне, казынадан түшкөн каражатка кайсыл китеп жазып жыргатышат?

«Камбар Ата-2» деген эпопея жазган күндө да аны өзүлөрүнөн башка кимдир бирөөлөр окуусу абдан күмөн иш. Кол жоорутуп таап жатпагандан кийин казынанын каражаты бир ууч «май кармагандардын» жыргалчылыгына чачылып кетээри турулуу иш. Китеп жазуу, басып чыгаруу иштери жөнүндө рынок эксперти, китеп басып чыгаруучу Орозбек Бөрүгулов мындай дейт:

— Совет доорунда жазуучулар китепти чыгарып коюп, аны эл окуйбу, жокпу, ал жагы менен эч чатагы жок, гонорарын алышчу. Эми а замандар өткөн. Бирок өткөнү менен эски психология дагы эле жүрөт. Гезитте иштеп жүргөндө эки ыр апкелип «Эптеп чыгарып бер» деп акелеп-жакелеген акындарды, бооруң ооруп чыгарып берип койсоң эртеси гонорар бербейсиңби деп коколоп келгендерин көп көрдүм.

Өкмөт жазуучуларга акча бөлүптүр дегенден кандайдыр бир чоң жаңылык күтүүгө болбойт. Жакшы бир чыгармалар да жаралбайт. Акчага жеткендери көбү эски китептерин жаңылап, кайрадан чыгарганга аракет кылат же башка максаттарга коротуп, иши кылса бат эле «жайлап» коюшат. Бөлүнгөн акча эч кандай маселени чечпейт, негизгиси адабияттын өнүгүшүнө салым кошпойт. Мына, базар реалдуу жер, кыйын жазуучу болсоң жаз да апкелип ташта, мыкты болсо өтөт, эл окуйт, чөнтөгүңө акча түшөт, начарбы, анда өзүңөн көр. Базарга жеталбай атып мындагы китептерге мурун чүйрүгөн айрым жазуучулар ары жакта жатып алып базарды сындагандын ордуна профессионал жазуучу экени чын болсо башкалар менен ушу жерден теңтайлашып көрбөйбү.

Кийинки бир жаман жери — азыркы китептердин автору да, редактору да, корректору да бир киши болгондуктан көбүнесе тексттери начар болуп калат. Мага китебимди чыгарып бер деп көп адамдар кайрылат. Эгер чыгарма жакшы болсо, мага жакса, мен бир тыйынсыз эле басмаканага сүйлөшүп чыгара алам, анткени өзүн-өзү актаарына көзүм жетет. Кийин сатып басмаканадан кутулуп коем. Айрым жазуучулар да келишет, бирок мен алардан качып турам, анткени китебин чыгарсаң эч ким карабайт, сатылбай жата берет. Жалпылап айтканда, базардагы китеп азыр улам сапаты жакшырып, табигый иргелип, оңолуу жолунда. Маселен, мындан он жыл мурдагы гезиттер кандай эле, азыр кандай чыгып жатат. Сапаттык жылыш ачык көрүнүп турат. Көч бара-бара түзөлөт деп ушуну айтсак болот.

Бахтияр Шаматов, «Аалам» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий