«Чыгармачылыктын экинчи сересин баштадым»

Чолпонбек Абыкеев, жазуучу:
«Кызыл көйнөкчөн келин», «Ак чоку. Арча. Ак булут», «Бриллиант жылан» өңдүү бир нече повесть, романдардын автору.

Окурмандарга «Кызыл көйнөкчөн келин» аттуу чыгармаңыз аркылуу таанылсаңыз керек. Учурунда (1994-95-ж.) чоң кызыгууну туудурган повесттин жазылыш тарыхына кайрылып кетсеңиз?
Туура, гезит беттерине бирин-экин аңгеме, новеллаларым жарык көрүп жүргөнү менен алардын аты анчалык чыккан эмес. Дүңгүрөп аты чыккан чыгармам чынында эле «Кызыл көйнөкчөн келин» болду. «Аалам» газетасына жарыялана баштаганда ошол учурда 54 миң нускада чыгып жүргөн гезит, 86 миң нускага жеткен. Кийин өзүнчө 100000 нускада роман- газета кылып чыгарганда да үч ай аралыгында сатылып кеткени-эл ушунча жакшы кабыл алган чыгарма болгону деп түшүнөм.

Жазылыш тарыхы дегенде биринчиси -өзөгү барында болуп калды. Анткени, өзүм тагдырдын буйругу менен үч айга чукул Тоң райондук газетасында иштеп калып, ал жакта жүргөнүмдө ак көйнөкчөн келин жөнүндө уламыштарды уга баштадым. Айдоочулардын көзүнө түн ичинде көрүнүптүр деп эле жүрүштү. Ошондо тээ студент кезимде «Советтик Кыргызстан» газетасына жарыяланган «мүрзөлөрдүн арасынан бир келиндин сөөгү табылды» деген макаланы эстедим. «Балким ошолбу?» деген да ой кетти. Эмнегедир ошол уккандарым жадымда жүрө берди. Кийин Бишкекке келип, иштеп жүргөнүмдө да уктум. Бир күнү өкүл атамдыкында сүйлөшүп олтурсак, ал киши айтып калды: «Менин бир жолдошум бар, өзү илим-билимдүү эле киши, көзүнө ак көйнөкчөн келин көрүнүптүр» деп. Ошондон баштап муну мен жазышым керек деген ой пайда болду. А бирок атын «Кызыл көйнөкчөн келин» деп өзгөрткөнүмдүн себеби: «Кызыл — токто, жаман ишке барба» дегенди түшүндүргөн сөз да. Повестти баштаарда адамдарды адептүүлүккө, адамгерчиликке үндөп, моралдык туруктуулукка тарбиялаган, ушул убакка чейин адабиятта айтыла элек бир жолду тандап жазсам деп ойлогом. Эч ким айта элек жол менен жазылган чыгармам аркылуу адамдарды тарбияласам деген ниетте болдум. Кудай, жаратылыш, жеке адамдык уятыңдын астында эч убакта жоопкерчиликтен кутула албайсың деген принципти чечмелеп бергим келди. Чыгарманы жазып келатып, орто жолдон эки жылдай токтоп калгам. Окурмандар билсе керек. Себеби, «кантип бүтүрөм?» деген нерсе болду. Кыйналдым. Окурмандар да кечке «эмне үчүн жазылбай калды?» деп сурап жатышты. Анан он беш күн эс алуу алдым да, «Жылуу булакка» чыгарманы аягына чыгарыш керек деген максат менен кеттим. Ошондо өзүнөн өзү жол табылып экинчи бөлүмү жазылып бүттү.

Кызык жери, чыгарма жазылып жүргөндө да мага он жети киши келип «биз ал келинди кезиктирдик, көзүбүзгө көрүндү, ак көйнөк, кызыл көйнөкчөн экен» дешкен. Жазып бүткөндөн кийин көрдүм деген бир да адамды кезиктирген жокмун. Өзүмдүн да түшүмө кирбей калды. Болбосо, жазып жүргөнүмдө жанымда эле жүргөндөй сезим боло берчү. Эми диндин тили менен айтканда чыгармамда келинди көмүп жыйынтыктаганым, арбакты ыраазы кылдымбы деп да ойлойм.

«Акыркы жылдар аралыгында мындай көп нускалуу китеп чыгарган жазуучу болбоптур» дегениңизди окудум эле. Сиз муну «Бриллиант жылан» романыңыздын негизинде айтып атасыз да… Башка жазуучулардан өзгөчөлөнүп китебиңиздин көп нускалуу болушунун сырын өзүңүз кандай түшүндүрөөр элеңиз?
Чындыгында эле акыркы жыйырма жылдын ичинде «Бриллиант жыландай» (75 миң нуска менен чыккан) кыргыздын учу кыйырына тараган китеп боло элек. Демек, ошончо окурманым бар. Эл колунан түшүрбөй окуп, кадыр-баркы түшпөй келатат. Айта кетээрим, «Бриллиант жылан» өзүнүн чоңдугу, көлөмү менен атак алып кетти да, ортодо жазган «Качкын» деген повестим анча эстелбей калды. Өзүм болсо «Качкынды»күчтүү жазылган повесть деп эсептейм. Эмнеге дегенде идеалары күчтүү. Адам эле эмес, жаныбар да сүйгөн, жакшы көргөн адамын кыйбай, сатып кете албай ээсинин артынан аккан сууга боюн таштайт. Студент кезимде жазып, жыйырма жолу оңдоп, тажап, жүрөгүмө аябай тийгендиктен карагым, окугум да келбей калган «Көр пенде» деген чыгармам бар эле. Башка чыгармаларымды гезиттерге бериптирмин да эмнегедир «Көр пенде» берилбей калыптыр. Кийин чыгармаларымды китеп кылып чыгарайын деп топтоп атып «Көр пендени» окуп калсам, айтайын деген ою чоң чыгарма болуптур. Колум жооруганча оңдой берип, көргүм келбей калган «Көр пенде» — адамдар башка адамдардын жан дүйнөсү менен эсептешпейбиз дегенди айткысы келген чыгарма. Көп жерде пендечилик кылып коёбуз. Муну менен эмне айтмакмын? «Кызыл көйнөкчөн келин» кыргыз адабиятындагы биринчи «ужас», «Бриллиант жылан» адабиятыбыздагы биринчи курч окуялуу чыгарма-детектив. Буга чейин ал темаларга кайрылып эч ким жазган эмес. Кайсыл чыгармам болбосун адабиятыбызда айтыла элек ойлорду айткым келди. Жөнөкөй сыры ушул болсо керек.

Улуу муундагы жазуучуларыбыз менен маектешип калганда кээ бирлери «Азыркы жазылып жаткан чыгармалар адабияттын тарыхында калабы? Эптеп эле акча үчүн жазып, чыгара калып жатышат» деген пикирлерди билдиришет. Сиз эмне дээр элеңиз?
Эми минтип айтышкандарынын да себеби бар. Бир кезде биз ашыкча идеалдашып кеткенбиз. Биз жашообузду идеалдуу көрсөткүбүз келип, жазганга көнүп калганбыз. Өзүбүзчө мамлекет болгондон кийин эмне үчүн 90-жылдары кыргыз адабияты токтоп калгандай болду? Жазуучуларыбыздын жазгандары чыкпай калды. Жазуучулар кыялкеч келебиз. Бир мисал менен айтсам, жакшы адамды алалы. Ал төрөлгөндө эле жакшы төрөлүп, аны жакшынакай медсестра апакай шейшепке оройт. Мектепте да жакшы окуйт. Бир супсулуу кызды жактырып, үйлөнөт, андан башка эч кимди сүйбөйт. Таза жүрөт, чынчыл, тескери жолго барбайт. Турмушу түптүз эле жол менен жүрүп олтурат, жамандыкка эч качан барбайт, жамандык да учуратпайт. Тескерисинче, жаман адам. Ал төрөлгөндө эле ойдо жок жерден төрөлүп, жүдөгөн, ичкен медсестра эптеп жаман жалаякка ороп… Мектепти да начар окуп, ар ким менен мушташып, ошо менен аягы жаман бүтөт. Мына биздин жазуучулар мурун ушундай жазчубуз. Ал эми чыныгы турмушта андай эмес да. Эң жаман деген адамдын да жакшы сапаттары болот, же тескерисинче. Эч убакта идеалдуу адам болбойт. Мени » кылмышкерлерди жактап жазасың» дегендер да болду. Кылмышкерлер деле адам, жакшы сапаттары бар, а бирок ошол кылмышкер болуп калганы үчүн сөзсүз жазасын алышат. Жана айтып өткөн «Көр пенде» менен мисал келтирсем, ошол кезимде эле адабиятта оң же терс каарман деген болбош керек экенин түшүнүп жазыпмын. Эгерде мен коммунисттик идея менен жазсам, бели мертинип, майып болуп калган күйөөсүн аялы таштап кетмек эмес. «Сен кыйын прораб болсоң, эми минтип майып болуп калсаң деле мен сени таштабайм» деп бөпөлөтүп багып алмак. Мен болсо татынакай, сулуу келин өз бактысын башкадан издеп, ажырашып кете бергенин жазгам. Бул реалдуу турмуш.

Ыраматылык Мелис Макенбаев экөөбүз жашташпыз, чогуу жазып да баштаганбыз. Мен «Бриллиант жыланды» жазып жатканда, ал өзүнүн чыгармаларын жазып жүргөн. Ал өзү түрмөнү көрүп келген да. «Мен чыныгы көрүп келгенимди жазып атам. Сен болсо сыртта жүрүп алып эле…» дей берчү. Атаандашып жазчубуз. Абдан сыйлачумун.

Чыныгы жашоону чагылдырган чыгарманы окурман да жакшы окуйт. Чыныгы турмушту жаза албай жазуучуларыбыз ушу күнгө чейин кыйналып келишкени да ошондон. Мен батыш адабиятын көп окудум. Кайсы чыгармасы орус тилине которулган болсо, баарын окудум десем болот. «Нобель» сыйлыгынын лауреаттарынын сериалы чыкчу эмес беле, калтырбай окудум. Жөн гана окуп койбой, артыкчылыгы, өзгөчөлүгү эмнеде деп салыштырасың, чечмелеп окуйсуң. Мен өзүмдү новелистмин деп коём. Жазган новеллаларым да япон жазуучуларынын стилине окшош жазылган. Эми баары эле жазып жатышат деген менен убакыт өзү таразалап, арасынан иргелип адабияттын тарыхында кала турган чыгармаларды жазган таланттуу жазуучуларыбыз деле көп.

Мамлекеттик кызматтагы адамсыз, чыгармачылыкка убактыңыз болуп, жаңы чыгармаларды жазып жатасызбы?
Жазып, чыгармачылыкка аралашып калган адам жазбай коё албайт экен. Медицинада айтылат, ар бир адамдын мээсинде ырахат алуу точкасы болот. Ар кимдин ырахат алуусу ар кандай. Жазуучулар жазган чыгармасынан ырахат алышат. Азыр мен чыгармаларымдын беш томдугун басмага даярдап койдум. Ушу менен чыгармачылыктагы биринчи этабым жыйынтыкталат. Экинчи этап деп буга чейинки жазгандарымдан башкачараак, өзгөчөрөөк, өйдөрөөк, улуттук кызыкчылыкта жазсамбы деген ой -тилек менен «Намыс» деген романымды баштадым. Жазылып бүткөн дагы эки-үч новеллаларым бар. Окурмандар мен жөнүндө чыгармачылыкта бир тепкичке жогорулаптыр деген ойдо калышса деген аракет менен шашпай жазып жаткан себебим да ошол.

Рахмат, маегиңизге. Дагы да көптөгөн жаңы чыгармаларыңызга күбө болуп жүрөлү. Ишиңизге ийгилик.

«Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий