Майра КЕРИМ кызы: «Дартым «рак» болгону менен өнөрүм «брак» эмес»

Кыргызга төкмөлүк өнөр бөтөн эмес. Баба байлыгын мурастаган, көөдөнүнөн көлкүлдөп ыр куюлган нечен талантты ар бир доор жаратып келген. Бүгүн да уучубуз куру эмес. Төкмөлүк бактысына байырлаган казак кызы, кыргыздын келини, акын Майра Керим кызын кепке тарттык.

— Дартка чалдыгып, турмуштун дагы бир сыноосун башымдан кечирип жатам. Кээде адам өзүнүн дармансыздыгынан, кайдыгерлигинен илдет таап алып жатпайбы. Алышкан оору колдон тартып, тилди байлап алса арга канча. Бирок, жашоого болгон ишеним, өмүрдү сүйгөн жүрөк алдында ал баары бир алсыз. Дартты жеңем, өмүрдүн калган бөлүгүндө түмөндөгөн ийгиликтерди багынтам деген улуу сезим менен күн кечирип жатам.

Алгач «рак» деген бүтүмдү укканда чочуп кеттим. Адам диагноздон эмес, Кудайдан коркушу керек да. Менден мурда балдарыма, жакындарыма, дос -таанышыма катуу тийди. Операция үстүндө ак халатчандар кейип турушту. Профессор Мамбет Мамакеев агабыз реанимацияда жаткан абалымды көрүп, «неге мынча кеч келдиң?»-деп дубалды эки-үч ирет коюп-коюп жиберип, өкүнүп жатты.

Дабасы жок дарт болбойт эмеспи, аракетиңиз кандай?
Дарт абаданбы, тамактанбы, ой-сезимденби, айтор, кандайдыр бир жол менен денеге кирип, өз өкүмүн жүргүзүп баштайт тура. Боорум, уйку безим жабыркаптыр. Бир аз кечигип түшүптүрмүн. Азыр мен жөнүндө маданият жетекчилиги канчалык деңгээлде кабардар экенин билбейм. Бирок көзөмөлдөгөн дабагерлер менен элдик дарыгерлердин аракети жакшы жыйынтык берип жатат. Оорудум деп эле моюнга отургум келбейт. Азыр ким тагдыр сыноосуна тушуккан жок, ким оорубай атат? Бүтүндөй кыргыз сынак элегинен өтүп жатат. Өткөн жылы канча залкарлардан айрылдык. Азыр улут жетим калган сыяктуу. Ашыкем, Эстекем, Тукам, Чыңгыз, Асанкан аталарыбыз, Дооронбек агабыз кандай адамдар эле? Кенчтерибиз келбеске кетип кейип турабыз. Эми Жараткандын колу улуулуктарга шилтенбесе экен. Өзүм химиялык терапиядан алты ирет өттүм. Майра эжеңдин дартынын аты «рак» болгону менен өнөрү «брак» эмес, сиңдим. Жакшы болуп калганымда келип отурасың.

Улуттук консерваториянын жатаканасына кандайча келип калдыңыз? Көлдө эмес белеңиз?
Бул жатакана онкологиялык ооруканага жакын эмеспи. Ушул жайды Муратбек Бегалиев агайдан суроо үчүн канча кыйналдым. Кийин чечкиндүүлүк кылып, алдынан өтүп, муктаждыгымды айтсам «Сизге көрсөтпөгөн жардамды кимге көрсөтмөк элем»-деп он мүнөткө жетпей маселемди чечип койду. Мен болсо тартынып, батынбай жүргөм да. Алгач борборго келгенде Төлөгөн Касымбековдун жардамы менен «Сары-Челек» мейманканасында, үй-бүлө, келин-уул, неберелерим менен кең-кесири жашап турдук. Сокулукта чакан жер тилкебиз бар. Азыр балдар окуп жатат, жашап турабыз го.

Атактуулардын арзуусу аңызга айланат, жубайыңыз менен кандайча табыштыңыз эле?
Сахнага да, санатка да белектүү өнөр менен келбедимби. Бирок, турмуш түйшүгүн бир кишидей эле көрдүм. Он эки бир тууганмын. Ата-энемдин кашында эмес, атамдын карындашынын колунан эс тартып, кийин эжемдин жетегине өттүм. Интернатта окудум. Тагдырымдагы ошол жолдун баары турмуш университетинин факультеттери экен. Жолдошум Канат экөөбүздү да табыштырган -тагдыр. Ал да мендей эле турмуш факультетинен өтүп, жеринен он тогуз жыл сырт жүргөн экен. Күтүүсүздөн ашканадан жолугуп, каректер чагылып, жашоо кайыгыбыз бир болуп калды. Үч баланын ата-энеси болдук. Азыр да мени ар тараптан колдоп, бөпөлөгөн ошол байкеңер. «Жатыны жакшы жаттык кылбайт» дегендей, энем дагы кыргыз кызы эмеспи, өмүрлөшүм дагы кыргыз болду. Бала кезден эле өзүбүз да 50х50 казак, кыргыз болчубуз.

Төкмөчүлүк угут кимден өткөн?
Атамдын дилинде, энемдин тилинде бар экен. Домбраны агамдан үйрөндүм. 6-7-класста окуп жүргөнүмдө куюлуштуруп сүйлөп жиберген, уйкаштырып уруша кеткен жайым байкалып калган.

Чоң сахнага биринчи кайдан чыктыңыз?
Казакстанда үч жолу Канаттын жетеги менен айтышка түшүп калгам. Кыргызстандан биринчи жолу Опера театрында өткөн айтышка чыкпадымбы. Оу, укмуш ажиотаж болгон. Бирөө өөп атат, башкасы колу менен көрсөтүп атат. Элүү тогуз акын мырзалар катышкан айтышта аялзатынан Шайлоо Мукашева апа экөөбүз эле болчубуз. Алты күндүк таймаш ортолоп, жеңишке жетейин деп калганда чебер төкмө Табылды Актановго өнөктөш болбосом экен деп тилеп жаткам. Тагдырды көр, финалда агай менен айтыша турган болдум. Ал кишинин ата-бабасы бүтүндөй акын, манасчы болуп, урпактан-урпакка өтүп келе жаткан улуу тарыхтын уламасы экен. Баба өнөрүн мурастап жүрсө дагы мени алдыга өткөзүп, жеңиштин туусун берип:

«Эңилсем сенден эңилдим,
Жеңилсем сенден жеңилдим.
Деги эле багын ачсынчы, Майратай,
Теңирим сендей келиндин», -деди.

Ата-бабасынын арбагын чакырып туруп, аягында башын мага акырын ийип берип койду. Бул улуулук да. Өзүмчүл акын болсо, колунда кармап калган жеңиш туусун бербей, кайра камчыланат эле. Гран Приге ээ болдум. Чарамдан чыктым ошондо. Адам чачырап, асман-жердин аралыгында учуп-конуп калган сезимге чулганып турдум.

Бут тосуулар болдубу?
«Байтал туруп байге албайт» дегендер болсо керек. Бирок сезген жокмун. Абдылда Нуралиев, Амантай эжекелеп ырдап турушту. Эми «Канат байкеме бир уул төрөп бериңиз» деп бата беришти. Кудай бар да, бата тийет экен. Ошол жыл 1992-жылдын 20-майы болсо, 1993-жылы 20-майда батадан бүткөн уулум Акжолтойду төрөп алдым. Ошол күнү Ысык-Көлдүн губернатору Ж.Сааданбеков үч бөлмөлүү үй берди. Ыраазымын, аялдан чыккан акын деп эл мени кут сыяктуу кабыл алган. Бутум баскан жер алкышка, даңазага, батага бөлөнүп турду. Жүрөгүмдө азыркыга чейин ошол күнгө таазим бар.

Ийгиликке мас болдуңузбу анан…
Жөнөкөй адам анте албайт го. Көкөлөп атып сезбей, билбей калсам айрым өнөктөштөрүм кечирсин. Мисалы, мен ушул отурган кебетем менен базарга чыгып кете берем… Менимче, адам жүрөгүнүн тизгинине, көңүлүнүн кушуна кез-кез алдырып турушу керек. Антпей, чек коё берсе баары жасалма болуп калат го…

Өкүнүчүңүз барбы?
Нота билбегеним — чоң өкүнүчүм. Ушул кемчилигим болбогондо… Кээде көкүрөктү бууп, тумчуктурган нерсе классикага айланат беле?.. «Кайнатанын сыны, кайнененин чыры, кайнилердин ыры мына бул» деп сахна чеберчилигин көзгө сайган эч ким болгон жок. Бирок он окуу жай үйрөтүп чыгара албаган өнөр мага ыроолонгонуна тобо дейм.

Обондуу ырларыңыздын кайрыктарын нотасыз кантип эстейсиз?
Домбрамдын эки кылы, өзүмдүн нотамдын чийиндери. Үч бурчтуу, төрт бурчтуу белгилерим бар. Кээсине гүл коюп коём. Эгер суроо белгиси турса, демек суроолуу кайрыктарым, үч бурчтук көтөрүңкү үн. Эгер толкун тартсам -бул вальс обондорум.

Шакирттериңизге да ушинтип үйрөтөсүзбү?
Иероглифтеримди шакирттерим билбейт. Өздөрүнө дагы суроо- талап түшө элек. Бул менин табылгам эмес, жараткан обондорумду сактап калуу үчүн болгон аракетим. Шакирттерим Жыпара менен Айгүл такшалып келе жатат. Аял кишиге айтыш өнөрүнүн конгону опурталдуу да. Бир жерден сынып калса, кайра кайтып келбей коёт. Кыздарымды азыр элге салбай көлөкөгө көбүрөөк катам.

Сөзгө сынып калган учуруңуз болду беле?
Кээде өнөктөш тарабынан катуу эле сөздөр айтылат. Моюн сунбай, дипломатия менен өтүп кетем. Төркүндөрүм менен да, кайын — журтум менен да айтышып сөзгө сындырайын дебейм. Таскактап туруу шарт эмес. Мага тоо башынын кыраандары да, чөл талаанын чыгаандары да бирдей. Жан дүйнөмө саткындык кылгым келбейт.

Кээде жаш акындар «жеңекелеп» калышат…
Жеңишбек менен Элмирбектин деңгээлинде болсо кечирем.

«Арзыматтыкка» алдырып көргөнсүзбү?
«Арзымат» болгон жерлерим келин болгонум үчүн билинбесе керек. Бирок, «кара ооз кан чакырса» да карапайым калк жакка тартам.

Тойлорго көп чакырышабы?
Ден соолугум артка тартып койбосо, чакырган жерден калбайм. Жылына бир болгон айтышта тил деле катат да. Сүннөт тойго барсак ата-эненин тилегинен ыр жаратам, келин тойдо ак жоолукка ыр түшөт. Тойдон эргүүгө толуп кайтам. Азыр элүүдөн ашык жаңы обондуу ырлар, термелер бар.

Төркүндөрүңүз кайын — журтуңузга ырдаганыңыз үчүн таарынышпайбы?
1996-жылдары «келишим түзөлү, айына эки ирет келип ырдап кет»-деп чакырып жүрүштү. Айлыгым 527 сом эле, алардын 16000 теңгесин алсам жаман болмок эмес. Сөзгө сынып калбайын деп, намыс үчүн макул болгон жокмун. Казактан Бек Осмонов, Сейтек Бапанов же кечээки эле Сара кыз билип калып, «капчыгыңызды төркүнүңүздөн толтурат экенсиз го»-десе эмне дейм? Бул бир гана мен үчүн сокку эмес да…

— Балдарыңыздан айтыш өнөрүнө кызыккандары чыкчудайбы?
Акжолтоюм Садык Шернияз түптөп берген «Айтыш фондуна» барып жүрөт. Чыкса ушул уулумдан чыгат.

Бош боло калганыңызда эрмегиңиз эмне?
Домбрам. Кээде эргүү түшкөндө түн бир оокумда чертем. Жетекчим, устатым ушул ыйык аспап.

Тегин эместейсиз. Кандайдыр жышаананы сезип каласызбы?
Нур түшкөнсүйт. Моюндаганча, же арбашып, таанып калганча көз ирмемде жок болот. Түшүнө албаган бир касиетти сезем. Ошол учур өтүп кеткенде алаканымда ысык тап пайда болуп, дилимден уйкаш саптар куюлат.

Казан-аяк кагышканда да «төгөсүзбү»?
Уйкаштырып сөгөм. Канат эч качан ачуулуу учурума теңелген эмес, тизгинимди да кенен коё берген эмес.

Айландым топурагыңдан Тоңдун жери,
Тоң мүнөз, тобокелчил тоңдун эли.
Турмуштун буркан-шаркан дайрасынан,
Өзүңө токтоо келин болдум эми,-деп жазгам. Бирок дале токтоло элекмин.

Бала кыялыңыз бар экен , эже…
Көңүлүмдүн күүсүнө багынбай коё албайм.

Майра эже төгүлүп көпкө ырдап берди. Мукам үн, жагымдуу абаз, гүл кайрыктар сезимге бүлүк салып…
Адамды онтоткон оору кучагына албаса эмне ээ?
Күүгүмдө күкүк ойлор жан дүйнөмө уялап учуп-конуп… кетип бараттым.

Жаңыл АЛИЕВА, «Обон» («Кыргыз гезиттер айылы»), 14.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий