Сыйкырдуу лумбо

(Филиппин жомогу)

Байыркы замандарда Таш өлкө болгон экен. Бир жылы бул өлкөгө кургакчылык келет — кудуктарда суу жоголуп, булактар кургап, дарыялар какшып суусуз калат. Адамдар сууну эми кайдан алабыз деп кайгырат. Суунун жоктугунан Таш өлкөнүн эли кырыла баштайт.

Бул өлкөдө бир аял жашаган экен. Анын жалгыз уулу болуптур. Алсырап, төшөктөн тура албай жаткан апасын, кыйналып жаткан кошуналарын көрүп бала кайдан болсо да суу таап келгенге өзүнө ант берет.


Бала кокос жаңгагынан жасалган идишти — лумбону колуна алып, алыска жол тартат. Көп жол жүрөт, бирок кайда барбасын бардык жерде баягы эле кайгы-капа, суусуз кыйналып жаткан эл.

Бала токтобой кете берет. Жол болсо уламдан улам жогорулап жүрүп отурат. Бир маалда бала токтоп айланасын караса, ал булуттардан да жогору көтөрүлүп калыптыр. «Мен асманга чыгып кеткен жокмунбу? — Асмандын ээси апама жок дегенде жарым ууртам суу берсе…»

Ушинтип айтаары менен анын бут алдында булак пайда болот. Бала лумбосун тосо калып, аны чекесине чейин суу менен толтуруп, «рахмат» дейт (а кимге рахмат айтканын өзү да билбейт). Безилдеген бойдон артка кайтат.

Бирок анын алдынан араң басып келе жаткан, карылыктан чачы куудай болгон чал пайда болот.

— Балам, мага суу берчи, катуу суусап турам… — деп суранат ал.

Бала эмне кыларын билбей туруп калат. Апасына суу жетпей калсачы? Бирок, ары ойлонуп, бери ойлонуп, чалга суу берет. Калган сууну көтөрүп алып үйүнө шашкан бойдон жөнөйт.

Бирок ал катуу чуркап баратып, жолдон чалынып кетип, лумбосу колунан учуп түшөт. Лумбо ташка тийип, талкаланып, суусу төгүлүп калат. Кургакчылыктан какшыган жер сууну заматта сиңирип алат. Атаны арман ай-э! Бала төшөктө жаткан апасын эстеп ызасынан ыйлап жиберет…

Айла барбы, кайрадан баягы булуттардан жогору жерге көтөрүлүш керек. Бала артка бурулат. Ушул маалда бут алдындагы жер жарылып, суу атылып чыгат. Суу ушунчалык көп атылып аккандыктан көп өтпөй көл пайда болот. Бала таңгалып карап туруп калат. Жардам үчүн чын жүрөктөн рахмат айткысы келет, а бирок кимге айтаарын билбейт — айланасында бир да жан жок, көл гана чайпалып жатат жанында.

Лумбо болсо ошол замат жок болуп, анын сыныктары жылдызчаларга айланып асманда жана баштайт. Мына сага, укмуш окуя.

Бала катуу кыйкырып элди чакыра баштайт:

— Калайык журт, суу алгыла, колдонгула!

Заматта ар кайсы жактан адамдар келе калып, моокуму канганча суудан ичишип, көтөрүп кете алгандай суу алып ташып кетишет. Бала дагы суудан алып үйүнө шашып жөнөйт.

Үйүндө өлөйүн деп жаткан апасы баласы алып келген суудан бир аз ууртаары менен тирилип, денесине күч-кубат кайрылып келет.

— Рахмат, балам, — дейт ал. — Адамдарга дайым жакшылык жасап жүр.

Ошондон кийин апасы менен баласы кез-кезде түнкү асманды тиктеп, лумбодон жаралган жылдызчаларды издеп калышкан экен.

Которгон Марат Токоев

Соц тармактар:

Добавить комментарий