Фатима Керимбаева: «Мен Амангелдинин Фатюлюгу боюнча калдым»

Кыргыз Республикасынын Маданиятына эмгек сиңирген ишмер, маркум Амангелди Керимбаев быйыл тирүү болгондо 70 жашка толмок. Ташкендеги Мухтар Ашрави атындагы консервоториянын дирижерлук бөлүмүн бүтүргөн менен бу адам чыбык көп кармаган эмес. Бир аз убакыт Өзбек радиотелевидениесинин хорунун башкы дирижерунун орун басары болуп иштеп жүргөнүндө анын жөндөмдүүлүгү, уюштургуч деңгээли Кыргызстанга да угулуп, а кездеги Маданият министри Күлүйпа Кондучалова чакыртып алат да дароо эле Күреңкеев атындагы музыкалык окуу жайга завуч кызматына койот. Андан соң ошол эле окуу жайга директор болуп иштейт. Ошону менен Амангелди мырзанын карьерасы бийиктеп уюштургуч деңгээли жогору болгондуктан жалаң жетекчилик кызматта иштеп келген. Анын Маданият министрлигинде коллегия мүчөсү болуу менен бирге Искусство башкармасын жетектеген учурун эске албаганда Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрына эки ирет, Токтогул Сатылганов атындагы мамлекеттик филарманияга эки ирет директор болуп, Кыргыз академиялык опера жана балет театрын 10 жыл жетектеген.

Кыргызстандын көрүнүктүү театрларын бир эмес экиден жолу жетектеткендиктеринин себеби, кайсы театрдын абалы начарлап, коллективдин ыркы бузулуп, иш жүрбөй баштаганда эле Амангелди мырзаны ошол жакка жетекчи кылып дайындап, абалды жөнгө салып турушчу»- деп театр ишмерлери азыр да айтып жүрүшөт. «Театр өнөрү бирде төмөн түшүп, бирде көтөрүлүп толкун сымал өзгөрүлгөн жандуу организм. Маселен, бир эле учурда улуу драматург, мыкты режиссер жана труппа пайда болуп, алар мыкты уюштургуч жетекчинин колуна тийгенде гана баягы дымып жаткан толкун сыяктуу театр кайрадан жогору көтөрүлүп, дүйнөнү дүңгүрөтөт» деген К. Станиславскийдин сөзү Амангелди Исаевичтин дарегине айтылгандай. Тирүүсүндө «Театр реформатору» атыккан мыкты жетекчи Амангелди Керимбаевде артисттик да талант бар эле. «Кыргызфильм» тарабынан режиссер Жали Сооданбек тарткан «Процесс» тасмасында прокурордун, Молдова фильм тарткан «Жизнь и бессмертие Сергей Лазо» тасмасында япон генералы Оойдун ролун аткарган. Улуу инсандын 70 жылдыгын утурлап жубайы Фатима Керимбаева менен маек курдук. Эже менен болгон маекти жазаардан мурда Амангелди агайдын тирүү кезинде жубайы жөнүндө «Кыргыз Туусу» гезитине берген интервьюсун кыстарып кетким келди.

«Отуз жылдан бери маданият чордонунда иштеп келем. Айрыкча, мурун жумалап, а кээде айлап командировкаларга кетчүмүн. Кеткенде да искусствонун каймактары менен кетчүмүн. Башка аял болсо, жөндөн жөн эле, эч кандай эбеп-себепсиз эле ажылдап, мээңди чагып атып, директорлук эмес, бригадирликке да жарабай калмаксың. Кудай мага биягынан да берип, менин Фатимам мындай жеңил баалыкка барбады. Ошон үчүн мен аны үйүмдүн куту, балдарымдын мээримдүү, күйүмдүү энеси катары сезем. Анын мына ушул сапаты үчүн үйдөгү жетекчиликти бүт ага бергем».

Фатима эже, жолдошуңуз Амангелди агайдын кесиби дирижер болсо дагы бирде кырдрам театрында, бирде опера жана балетте, бирде филармонияда директор болуп кызмат өтөп келиптир. Бул сиздин оюңузча тагдырбы, талантпы, же…
Адистиги дирижер болчу. Өз кесиби менен иштесе дагы жаман дирижер болбойт эле деп ойлойм, бирок бешенеге жазылган ушул болсо керек, сиз айткандай тагдыр. Анын уюштургуч, алдыны көрө билген жетекчи катары баалап ушундай кызтатка отургузушкан. Өмүр бою жетекчилик кызматта иштеди. Бирок өзүнүн адистигин ар кандай кече, тойлордо пайдаланып ыр созуп, сонун ырдачу. Эң жакшы көргөн ырлары «Эсимде» менен «Жамгыр төктү» эле.

Шаардын шаңын ачкан филармония да агай иштеп турганда салынган дейт го?
Ошондой. Ал кезде филармониянын өзүнчө, жакшылыктуу имараты жок эле. Бүткүл чыгармачыл топ Панфилов паркындагы жайкы театрда жайгашкан болчу. Өкмөт учурунда эң жакшы, тарыхый иш кылган. Искусство тармагын, таланттардын аброюн көтөрүү керек деп жаңы филармония куруу маселеси БКнын бюросунда каралып, бул ишти Турдакун Усубалиевич өзү жетекчиликке алып, өзү прораб болуп чуркап жүрүп бүтүрткөн. Амангелди имараттын ачылыш аземинде сүйүнүп сөз сүйлөп… Андан соң эки жылча башкарып туруп, кайра кырдрамга кетип бир аз убакыт өткөн соң кайра филармонияга келген.

Жолдошуңузду актрисалардан кызганчу эмес белеңиз?
Жалил Садыков деген драматург бар эмеспи. Ал «Мен көп директор менен иштештим. Өзгөчө биздин кырдрамда кыргызчылык көп өкүм сүрөөр эле. Ар кандай кырдаалдар көп болуп, директорлордун аялдары келип чатак салган күндөрү көп болгон. Мен Фатиманы спектаклдин премьераларынан эле көрбөсөм, мындай келгенин көрмөк турсун уккан жокмун. Ушул сен Амангелдини үйдөн тарбиялап жиберет окшойсуң » деп айтып калаар эле. Анысыгарындай ар кандай кырдаалдарда «мындай нерсенин кереги жок» деп гана койчумун.

Ал кезде эркектер жүрсө дагы билгизбей жүрүшчү, азыркыдай 3-4 аял алып кантип болсун. Менин жолдошум деле убагында ары-бери баскандыр бирок, мага билгизген эмес.

Бирге иштешкендер тартипке өтө катуу киши эле деп да эскеришти…
— Жумушунда кандай экенин мен жакшы айта албайм, бирок үйдөн эркелегенди жана эркелеткенди жакшы көрчү. Уул-кызыбыз өздөрү чоңоюп, балалуу болгон куракта болсо дагы атасынын көзү өткөндө көпкө чейин куса болуп жүрүштү. Мени да эч качан атымдан айтпай дайыма Фатюлюк деп кайрылчу. Азыркыга чейин интеллегенция чөйрөсү, тааныштар, теңтуштарыбыз аны туурап «Фатюлюк, Амангелдинин Фатюлюгу» деп айтышат. Өзү дагы жалгыз уул болгондуктан эрке өсүп чоңоюп, ошол эркелиги калган эмес. Үйдөн эркелеп эч нерсе кылчу эмес. Кара жумушка таптакыр жок болчу. Бүт акылын, күч-кубатын, ден-соолугун жумушуна берди. Биринчи кезеке жумушун коер эле.

Өз кезегинде мамлекетке жакшы эле кызмат кылып бериптир а мамлекет агайга кандай кызмат кыла алды?
Убагында эмгегин баалап Эмгек сиңирген ишмер наамын беришкен. Бирок пенсияга чыккандан кийин орусча айтканда «невостребованный» болуп калганына өзүнчө капа болуп жүрдү. Жаңыдан пенсияга чыккандан кийин 2-3 жыл «бир жумушка чакырып калышаар» деп күтүп жүрдү. Чындыгында бир курдай опера-балет театрына директордун орун басары болуп иштеп берүүгө чакырышыптыр. Бирок, пендебиз да, ар кимдин ар кандай көз-карашы бар дегендей, «Керимбаев деги мансапка качан тоет» деп айткандарын угуп калып барбай койду. Ошондон кийин капа болуп, ден-соолугу ылдыйлап, чүнчүп, өзүн таштап койду. Өмүр бою кызматта иштеген адамга үйгө отурган болбойт экен. Балким алаксып иштеп турганда…

Өмүр бою артисттер менен иштешти, а артисттер менен иштөө өтө татаал процесс. Алардын мүнөзү да элден башкача келет. Алардын мүнөзүнө чыдап жүргөн жаны пенсияга чыккандан кийин кант-диабети деген ооруну илээштирип алды. Анан бизди да өзүн да кыйнабай кокусунан кете берди. Анда деле мамлекеттик деңгээлде коелган жок. Анүчүн мамлекетке «тийиштүү деңгээлде узаткыла» деп кайрылыш керек экен. А менде андай «жутунган» сапат жок экен, кайрылган жокмун. Сөөгүн үйдөн эле узаттык. 2007-жылы 28-февралда кете берди. Бир жыл өткөн соң ашын бергенге, эстелигин тургузганга өзүмчө камданып жүрсөм Күлүйпа Кондучалова эже «Сен созолонуп отура бербей, маданият министрине эстелигин тургузганга кат аркылуу кайрылып жардам сурабайсыңбы» дегенинен, таң атканча кат жазып Бексултан абаны (Жакиев) ээрчитип алып Султан Раевге киргем. «Албетте, жардам беребиз»деген боюнча эч кандай жардам деле көрсөткөн жок. Айткан сөзү ошол жерде эле калды. Филармония 20 миң, кырдрам 10 миң акча чогултуп аз-маз көмөк көрсөтүштү. А эстелигин баш-аягы 300 миң сомго тургуздук.

Уул-кызыңыз кайда иштешет?
Кызым Шубин атындагы музыкалык мектепте окуган. Бирок билимин кийин улантпай койду. Бул үчүн биринчиден талант керек болсо, экинчиден каалоо керек экен. Уулум да, кызым да атасынын жолун улап искусство чөйрөсүнө кетишкен жок. Кызым мени менен чогууу косметологиялык салондо иштейт. Уулум юридикалык факультетти бүтүргөн. Азыр заман талабына ылайык өз кесиби менен эмес, бизнес менен алектенет.

Керимбаева деп жолдошуңуздун фамилиясын каршы болбой эле алдыңыз беле?
Менин өзүмдүн фамилиям Шарафудинова. Турмушка чыкканда деле өзүмдүн фамилиям менен жүргөм. Мени кайненем Батке дечү. Бир күнү «Ие айланайын Батке, сенин атың да Фатима, фамиляң Шарафудинова болуп, элдер «келиниңдин улуту ким?» деп сурап жатышат. Керимбаева эле болуп алчы» дегенинен кайненемдин сөзүн эки кылбай Керимбаева болуп алгам.

Эң жакын достору ким эле, алар менен кандай эс алчу элеңиздер?
-Жетекчилик кызматка иштеп калгандыктан улуу кишилер менен сырдаш болуп калды. Эң жакын достору Калый Молдобасанов, Насыр Давлесов эле. Көзү өткөнчө чогуу жүрүштү. Азыр Насыр аба «Сүйлөшө турган киши калбай калды» деп куса болуп жүрөт. Калый Молдобасанов ооруп жатканда ооруканага күнүгө барат. Же экөө сүйлөшө албайт. Өзү сүйлөйт, тиги киши сүйлөй албай калды да. Күнүгө барып, күнүгө капа болуп келгенин көрүп «Жок дегенде эки күндө бир барсаң боло» дегениме көнчү эмес. Биз чогулганда абдан көңүлдүү отураар элек. Аяштарыбыз азыркыга чейин «Амангелди менен вальс бийлегенде» деп тамшанып эстеп калышат. Амангелди экөөбүз 40 жыл бирге жашадык. Отпускага чыкканда курорт, пансионаттарга дайыма чогуу бараар элек. Анда Союз маалы, жакшы мезгил дегендей, путевканы чет өлкөгө эс алганы алчубуз. Анда да теңтуштарыбыз «Экөөңөр жылы бою чогуу жүрүп, эми эс алганга да чогуу кетесиңерби. Бири-бириңерден кантип тажабайсыңар» деп тамашалап калышаар эле.

Эльмира Мадиева, «Асман пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий