6-сабак: Эркек — падыша, аял — акылман кеңешчи болгондо…

Кандай үй-бүлө ынтымактуу делет: эркек аялга мээримдүүлүк, ак дил менен караса; энеге балдарды тапкан улуу адам катары мамиле кылса, атаны болсо бүт үй-бүлө үйдү тиреп турган түркүк катары, баарын тартып бараткан улуу күч катары эсептесе; аял менен эркек бирисиз бири чоң нерселерди чечпей, кеңешип иш кылса, бирин бири жоготуп алуудан коркушса; бири экинчисин акылчысы катары эсептесе; аял өз ишин, эркек өз ишин билип, ошол тармактарын жакшы бүткөрсө; балдарды тарбиялоодо ар кимиси өз ордун сезе алса; балдары урмат менен карашса; үй-бүлөдөгү карыларды, кайын ата-кайын энени, кайын журтту кадырлап тосуп алып, аларга кыздарындай, уулдарындай мамиле кылса; кайын эне, кайын ата келинин кызым деп, күйөө баласын уулум деп эсептесе; ошол үй-бүлөнүн илгертеден келе жаткан салттарын сактай билишсе; майда нерселерден чоң уруш-талаш чыгарбаса; бири-бирин урматтап, ошол кийсин, ошол ичсин деп турса; ушак аралабаса жана ар кандай ушак сөздөргө ишенбесе; үй тиричилигин баары бирдей тартышса, ушундай үй-бүлө бекем болот жана ошол бекемдик ал үй-бүлөдөн бөлүнүп чыккан кийинки жаңы үй-бүлөлөргө жугуп, аларга оошуп турат да, жалпы коом таза болот.

Турмушка чыккан аялдар жакшы, жарашыктуу кийинип, сулууланып, күзгүгө бой-келбетин карап жүрмөгү абзел, муну ал башка эркектерди суктандыруу, аларды артынан ээрчитүү үчүн жасабайт, өзүнүн күйөөсүнө жакшы көрүнүү үчүн жасайт.

Айрым аялдар бар көчөгө чыкканда түрлөнүп кийинип, атыр-упа менен пардазданып, чачын, тырмактарын жасалгалап калат да, үйүндө качан көрсөң колтугу сөгүлгөн халатын кийип же таманы түшкөн галошун сүйрөп алат. Мындай аял — жолдошу алдында жасанбаган аял — жакшы аял эмес. Эркек өзүнүн аялы көчөдөгү аялдардан сулуу, адептүү экенин көрүп турбаса, анын көңүлү бузулушу, башка аялдарга кызыгышы ыктымал. Балким «Энеңди сулуулабай атаңа көрсөтпө» деген кеп ошондон чыккан сыяктанат. «Жакшы аялдын тою үйүндө», «Жакшы аял үй ээси, жаман аял жол ээси», «Жакшы зайып тартарды таап, бөдөнөнү бөлө кылат», «Жакшы катын жаман эрди зор кылат, жаман катын жакшы эрди кор кылат», «Жакшы катын — капкалуу шаар, жаман катын ичи толтура — заар», «Жакшы катын — катын, жаман катын — отун» ж.б. кыргыз макалдары үй-бүлөдөгү аялдын ордун белгилөөдөн улам чыккан.

Атактуу колбашчы Эмир Темир бир жолку аскердик жүрүшүндө жети жылдай жүрүп калат. Ошондо анын жеңишинин жана келишинин урматына сүйүктүү жары Бүбүханым эстелик катары кылымдарга калуучу сарай салмак болот. Дүйнөнүн түрлүү жеринен колунан көөрү төгүлгөн усталарды алып келет. Эмир Темирдин келер күнү жакындап, бирок сарай имаратынын бүтүшү кечеңдей берет. Мунун себебин издештирсе, башкы уста Бүбүханымды ашыкча жакшы көрүп калыптыр да акыры анысын канышанын эриндеринен бир өөп коюу менен тамам кылмак экен. Мунусун Бүбүханымга эптеп билдирет. Акылдуу, чырайлуу, бардык жагынан келишкен аял, жети жыл күйөөсүн көрбөгөн аял кырк жумуртканы ар түрдүү ыраңдарга боёп, падноско салып, башкы устага жиберет. Уста аны алып, бул аялдын тазалыгын түшүнөт, «жумурткалар — аялдар, алардын сырты ар түрдүү боёктор, ар кыл болгону менен ичи, даамы баарыныкы эле бирдей» деген маанини туят. Анан сүйгөн аялдын алдында өзүн эсепсиз күнөөлүү сезип, өзүнө канат жасап, мунаранын башынан учуп, алысыраак барып өлгөн дешет.

Эгерде эркек таза кийинип, пакиза жүрсө, анын аялы жакшы экен дейсиз, анткени ал канчалык өзүн бапестесе да аялы үйүнөн жакшынакай кылып чыгарып турбаса, бардык мээнет текке кетмек. Күйөөсүнүн бүт тышкы кебете-кешпири, тамак ичүүсү, тың жүрүүсү аялы менен байланыштуу, ал жолдошун эртең менен жумушуна жиберип, кечинде даамдуу тамагы менен тосуп алат. Мындай мамиледеги эркектер көчөдө көрүнгөн жубандар менен азил сүйлөп жүрбөйт. Жарына таза болот. Жары да күйөөсүнө ак жүрөт.

Эркек — падыша, аял — акылман кеңешчи болгондо гана үй-бүлөнүн түркүгү бекем курулат.

Абдыкерим Муратов, «Zaman-Кыргызстан», 17.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий