Бишкектеги джаз фестивалы бир сахнада 11 өлкөнүн музыканттарын чогултат

24-26-апрель күндөрү Бишкекте IV эл аралык «Джаз-Бишкек-Жаз» фестивалы өтөт. Ага 11 өлкөнүн — Россиянын, Германия, Франция, Швейцария, Австрия, АКШ, Тажикистан, Өзбекстан, Казакстан, Туркмения жана Кыргызстандын музыканттары катышат. Бул тууралуу фестивалдын директору Каныкей Мухтарова билдирди.

«Фестиваль салттуу түрдө Бишкекте өтүп, бул багыттагы күйөрмандарды башка мамлекеттерден да күтүп алат. Фестиваль биз үчүн чоН майрам», — деди Кыргызстандагы Швейцариялык бюронун туруктуу өкүлү Ханс Питер Мааг.

Бул ирет фестивалда этно-джаз музыкасына басым жасалып, катышуучулар өз өлкөсүнүн элдик обонун кошуп музыкалык композиция жаратуулары керек.

Мындан тышкары фестивалга катышкан музыканттар Бишкектеги Кыргыз Улуттук консерваториясында билим алып жаткан студенттерге мастер-класстарды уюштурушат.
Ал эми фестивалдын катышуучулары 27-апрель күнү Ош шаарында атайын концерт беришмекчи.

М.Момуналиева, «Кабар» МА, 18.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий