Контракт тамам… Жашасын аттестациябы?

Окурмандардын эсинде болсо керек, мындан эки ай мурда Маданият жана маалымат министрлиги артисттерди контрактка өткөрө салчубуз деп театр чөйрөсүн дүрбөтүп, акыры ал Жогорку Кеңештен өтпөй калган. Эми министрлик театрды аттестациялоо өнөктүгүн өткөрүүгө киришти. Театрды аттестациялоонун жүгү келип эле баягы шордуу артисттердин мойнуна түштү. Ушул тапта сахнада аткарган ар бир ролу менен көрүүчүлөргө гана эмес, дегеле кыргыз элине аттын кашкасындай таанылган эл артисттерден тартып, жашынан карысына чейин бечара абитуриенттерден бетер монолог жаттап, «Станиславскийдин системасын сурайт экен, Чудиновдун ким экенин сурайт экен» дешип күйпөлөктөп жүргөнүн көрүп, чиновниктер менен театр жетекчилеринин мындай аттестациялоо принцибин мен да шылдыңдай сезип жатам. Мындай формалдуулук менен артисттердин теңинен көбүн театрдан айдап чыкса болот.

Аттестациябы же артисттерди кемсинтүүбү?

Аттестацияны ушинтип өткөрүү, биринчи кезекте аны ойлоп табышкан чиновниктер менен жетекчилердин таланттын табиятын терең түшүнбөөчүлүгүнүн, алардын тарыхый-маданий ой жүгүртүүлөрүнүн тардыгынын далили экенин бышыктап турат. Артисттик кесип, дегеле көркөм чыгармачылык билим менен да, эрудиция менен да өлчөнбөйт. Талант бир гана жараткандан берилет. Бир эмес миң билим алсаң дагы, энциклопедия же вундеркинд болуп кетсең дагы кудай сага шык-жөндөм бербесе, эч качан сүрөткер боло албайсың! Эч качан Бакен Кыдыкеева, Муратбек Рыскулов, Даркүл Күйүкова, Сүймөнкул Чокморов боло албайсың. Бул аксиома. Кыргыздын театры менен киносунун атагын чыгарган ХХ кылымдын улуу таланттары Муратбек Рыскуловдун төрт класс, Бакен Кыдыкеева менен Даркүл Күйүкованын жети класс билими бар. А Голливуд суктанган Сүймөнкүл Чокморовдо дегеле артисттик билим жок. Ал болгону сүрөтчү. Станиславскийдин системасы түгүл анын атын-жытын жакшы билбеген ушул улуу таланттардан (эгер алар тирүү болгондо), кандай аттестация алууга болот эле? Же аларды Станиславскийдин системасын билбейт экенсиңер, республикалык жетекчилердин да иштеген кызматтарын жөндөп айта албай койдуңар, атайын билимиңер да жок деп театр менен кинодон айдап чыгат белек? Азыркы аттестация өткөрүү логикасына салганда дал ушундай болмок. Талантка карата мындай формалдуу мамиле кылмыш менен барабар.

Ошол ХХ кылымдагы театрдын улуу реформатору К.С.Станиславскийдин да атайы артисттик билими болгон эмес. Ал атасы фабрикант Алексеевдин үй театрында (домашний театр) бала кезинен тартып роль ойноп, оюн коюп чоңойгон. Ал эми музыканын генийи Вольфганг Амадей Моцарт тырнактайынан тартып укмуштуудай жөндөмдүүлүгүн айгинелегенин эң сонун билесиңер. Анын жанында академиялык билими бар Сальери Моцарттын генийинин табиятына түшүнө албай, бул билимсиз плебей ушундай татаал искусствону дискредитация кылып атат деп, бир чети көралбастыктан аны уулантып өлтүрдү деген версияны гениалдуу орус сүрөткери А.С.Пушкин жазып кеткен эмеспи. Аткана тазалап жүрүп артист, драматург болгон Шекспир генийби, же анын замандашы, төрт жүздөн ашуун пьеса жазып, жалгыз гана «Вольпонасы» тарыхта калган билими ашып-ташыган академик Бен Джонсон генийби?

Тарыхтан эң сонун билебиз, кыргыз сыймыктанган улуу жазуучубуз Чыңгыз Айтматовду биздин жазуучу-сальерилерибиз «зоотехник, журналист бала» деп сыртынан теңсинбей, тымызын кемсинтип, жадагалса «Жамийласын» «бузулган аялдын образы» деп жамандашып, куугунтукка алууга аракет кылышканын, дегеле анын жазуучу экенине шек келтиришкенин.

Болгону эки жылдык ремеслолук окуу жайын гана бүтүргөн орустун гениалдуу жазуучусу, жыйырма эки жашынан тартып «Тынч Донду» жаза баштаган Михаил Шолоховдон кандай аттестация алууга болот?! Же «Шолохов адабият институтун бүтүргөн эмес, саясый билими да жетишсиз, эмне үчүн Вешенскиге кетип калат, таптык күрөш курчуп атканда» деп туруп анын жазуучу экенинен отказ берилмекпи? Бул абсурд да!

Ооба, билим керек. Ар бир адам үчүн маалыматтуу болуу зарылдыгы бар. Бирок билим дагы, маалыматтуулук дагы эч качан табият берген талантты алмаштыра албайт. Алар болгону анын ачылышына, калыптанышына гана өбөлгө түзө турган инструменттер. Теориялык көрөңгөңдү байытуучу практикалык ролу, ой-таанымды кеңейтүүчү гана мааниси бар. Бирок булардын бири дагы талантты алмаштыра турган абсолюттуу ролго дегеле ээ боло албайт.

Кыргыз аттестациясынын тарыхынан бир айкын мисал. Дүйнөлүк көркөм классикадагы эң татааал образдардын бири болгон Ф.Достоевскийдин «Кылмыш жана жаза» романынын башкы каарманы Раскольниковдун ролун ХХ кылымдын 80-жылдарынын капортосунда кыргыз театрында дүңгүрөтө ойногон нарындык артист Калыбек Назаралиевди 70-жылдардын аягында Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрынан аттестациядан комиссия атайын билимиң жок деп өткөрбөй койгон. Ошол «атайын билими жок» артистти таланттуу режиссер Алмаз Сарлыкбеков Нарынга алып кетип, Раскольниковдун ролун ойнотуп, Москвага чейин алпарып, орус көрүүчүлөрүнүн алдында кыргыз театрынын сыймыгын арттырган.

Айтайын дегеним ушул. Артисттин таланты, шык-жөндөмү формалдуу экзаменден эмес, анын сахнада ойногон ролунан, жараткан образынан көрүнөт. Андан көрө, министрлик театрдын ишин айлап-жылдап жөндүү уюштура албай аткан жетекчилерге, жылдап оюн койбой жүргөн режиссерлорго баа берсе болмок.

Жаныш КУЛМАМБЕТОВ, драматург, сынчы,
«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий