Татьяна ЧЕРНЫШЕВА: «Балетке өмүр бою ашыкмын»

Саратан жайда балалыктын изин Кара деңиз жээгинде калтыруу бакыт. Чолпонбек Базарбаев атындагы Бишкектеги хореографиялык окуу жайынын 8 студенти жайында Кара деңиз жээгинде ири фестивалдын сахнасында бийлемей болушту. Орус балетинин легендасы Галина Уланованын 100 жылдыгына арналган эларалык фестивалга ааламдын ар тарабынан меймандар чакырылды. 17-июлдан 7-августка чейин хореографиянын устаттары менен шакирттери Туапсе шаарында баарлашмакчы.

Кыргызстандын атынан катышуучуларды даярдап бара турган педагог Татьяна Чернышева театрда 25 жыл эмгектенген. Эми сахнадагы тажрыйбасын жаңы муунга берүүнү көздөп, хореографиялык мектепте 1992-жылдан бери шакирттерин даярдап келет. Айтымында, фестиваль конкурстарга катышкан окуучулар искусствого чындап байыр алышат.

Чоң сапардын түйшүгү да чоң болсо керек?
— Албетте, конкурстарга бир-эки эле эмес, бир нече жылдаган эмгек менен даярдык керек. Ага чыдамдуулук, кайраттуулук зарыл, бирок көптү үмүттөндүргөн таланттуу балдарыбыз көп. Эң кыйыны, каражат маселеси. Башка өлкөгө жол кире, жашаганың, башка төлөмдөр болот. Ата-энелерден башка эч ким бизге бир да жолу жардам берген жок.

— Балким чындап жардам берчү жактарды билбей жатпаңыз?
— Болгон уюмдарга, ишканаларга кайрылдык. Баары эмки жолу дегендей кылышат. Албетте, кичине балдарга жумшалган каражаттын жемиши бир топ жылдан кийин болот. Ал эми демөөрчүлөргө заматта пайда, аброй, кадыр-барк алып келген долбоор катары чет элдик жылдыздарды биякка чакыруу көп учурда ыңгайлуу.

— Бүтүрүүчүлөрдүн келечеги кандай?
— Жылына бүтүрүүчүлөрдүн мыктылары өз чыйырларын Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында эмес, чет өлкөлүк сахнадан таап кетишүүдө. Таланттуу, жаш адамдардын жакшы жашоого умтулуусун тыюуга эч кимдин акысы жок. Бирок аларга татыктуу шарт түзүүгө салым кошуу көптөрдүн колунан келе турган иш. Азыр чет элдик контракттар көп. Алгачкы Пермдеги конкурска алпарган окуучум Александра Куликова азыр Москвада ийгиликтүү иштеп жатат. Дүйнө жүзүн кыдырып чыкты. Чет өлкөдө жакшы карьера жасап аткандардан Максат Сыдыков, Анастасия Пивоварова, Вера Шкорупо бар. Үч жыл мурда бүтүндөй курс Москвага иштеп кетти. Бул жерден аларга канчалаган эмгек, каражат коротобуз, тарбиялап-өстүрөбүз, аягында чет жердин сахнасынын көркүн ачып жүрүшкөнүнө ичим ачышат.

— Балдарын хореографияга окутууну каалагандар көппү?
— Азыр балдар тез жетилет эмеспи, мурункудай 10 жаштан эмес, 6дан баштап шыгы болсо алабыз. Кээде шыгы жок болсо да тарбиялык жагына карап окуткусу келген ата-энелер көп. Бирок мен бала кезде окугандай Ысык-Көл, Ош, Жалал-Абаддан келгендер жок. Ал кезде мамлекет атайын региондорго таланттуу балдарды тандап келгенге командировка уюштурчу. Биздин заманда андайга каражат бөлүнбөй, же ата-энелер балдарын көрсөткөнү алып келбей нечен таланттар ачылбай калууда. Окуштун өзү да кыйын да. Эрки күчтүү адамдар гана ийгиликке жете алышат. Өзгөчө тамактануу, узак машыгуулар, буттун канагыча жоорушуна ар бир эле бала чыдай албайт. Кызыгуусун арттыруу үчүн педагог катары түркүн ыкмаларды ойлоном, бирок эң жакшысы, балдарды чет өлкөдөгү конкурс, фестивалдарга алып чыгуу экенине ынандым. Мисалы жайында бара турган Галина Уланованын 100 жылдыгына карата өтүүчү фестивалда Николай Цискаридзе, Надежда Грачева, Любовь Кунакова, Нина Семизорова сыяктуу балеттин дүйнөлүк жылдыздары мастер-класстарды өткөрүшөт. Алардан таалим алуу менен бирге алардын хореография, балетке кылган мамилесин көргөн окуучулар сөзсүз алардын жылдыздуу жолун жолдогусу келет.

— Балдарды окутуудан башка акчалуу ишке өтүүнү каалабайсызбы?
— Бала кездеги жаңы жылдык оюндан балетти биринчи көрүп, ошондон бери ашыкмын. Башка жол тандоо оюма да келген эмес. Ишимден бактымды таптым деп айталам. Албетте, айлыгыбыз бардык Кыргызстандагы мугалимдердикиндей эле. Бирок, ал ишти таштап салып басып кетүүгө себеп эмес. Хореграфияда болсо ишине чындап берилгендер Мелис Асылбашев, Рейна Чокоева сыяктуу адамдар калышты. Казакстанда жылына «Классика» конкурсу өткөрүлөт. 2006-жылы 2-орунга, 2008-жылы 1-орунга ээ болдук. Кызыктуу иш чаралар көп, алардын уюштуруучулары менен байланышып турам. Бирок бизди каржы маселеси тушайт. Мисалы, Москвадагы конкурска 1 окуучуну алып барууга 4000 АКШ доллары сарп кылынат. Менин айлыгым болсо 4000 сомдун тегереги, өзүңөр түшүнөсүңөр да.Театрыбыз да гастролдобойт, качан чет өлкөдөн бирөө келет деп күтөбүз. Андан башка балдар үчүн көргөзмө куралыбыз да жок. Кандай гана кыйынчылыктар болбосун, биз Кыргыз маданияты үчүн өз ишибизди уланта беребиз. Келечекте Кыргызстандан «Бенуа де ля данс» премиясынын лауреаты сөзсүз чыгат деп ишенем.

Нуржан АЛЫМКАНОВА, «Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий