Майрамкул Мусабай уулу: «Чоң бир агым келатат»

mairamkulКыргыздын байыркы төрөн тамга, эн тамга, тотем белгилерин чогултуп, улуу кыргыз элинин рух дөөлөтүн, эс тутумун, касиетин сүрөт өнөрүндө чагылдырып келаткан Майрамкул Мусабай уулунун адистиги — промграфик-дизайнер. Көркөм сүрөт академиясын артыкчылык менен бүтүргөндөн кийин адистигине байланыштуу кыргыздын байыркы тарыхын, дүйнө таанымын, тамга белгилерин иликтеп-изилдеп жүргөн билги адамдар менен байланышып, өзүнө керектүү маалыматтарды толуктап, аларды сүрөт өнөрүндө алып чыкты. Каарманыбыздын чыгармачылыгына КР маданиятына эмгек сиңирген ишмер Юристанбек Шыгаевдин сөзү менен гана баа берүү туура жана дал келет деп ойлойм: «Асаналиевдин «Аян» графикасында ата-бабаларыбыздын философиясы жатат. Анда он сегиз миң ааламдын сырдуу каалгасын ачып турган сыйкырдуу күч сезилип, жашоонун табышмагын жандырууга умтулган даанышмандыктын, ойдун, жүрөктүн жарыгы чачылган бейпил тынчтык өкүм сүрүп турат».

«Манас» — рух гүлазыгы» китеби 2008-жылы жарык көргөн.

— Эн тамгалар менен болгон алгачкы таанышууңуз тууралуу айтып берсеңиз?

— Көркөм сүрөт академиясын бүткөндөн кийин ушул эн тамгаларды эң биринчи Абрамзондун китептеринен көрүп, абдан таң калдым, андан кийин Бартольттун китептеринен, казактардын китептеринен алдым, интернеттен да издедим. Анан ушул жөнүндө жазып, иликтеп жүргөн Олжобай Каратаев менен жолуктум. Андан да толук маалымат алдым. Бул эн тамгаларын дагыле сактап жүргөн кишилерди ар кайсы айылдарды кыдырып жүрүп көрдүм. Бул эн тамгалардын ар биринин өзүнчө бир чоң мааниси бар. Алардын түбүндө биздин бүтүндөй цивилизация жатат, мисалы шрифтердин, алфавиттин келип чыгышынын түпкү атасы балким ушул эн тамгалары болсо керек. Муну эми окумуштуулар чечмелейт да. Мен азырынча ушинтип божомолдоп атам. Бирок, чет-учугу чыгып атат. Азыр иликтеген кишилер да чет-учугун айтып жатышат. Чоюн Өмүралиев кытай иероглифтеринин баарын иликтеп-изилдегенде, биздин эн тамгалар келип чыккан. Керек болсо муну ошол Кытай окумуштууларына далилдеп берген. Азыр жаштар да буга кызыгып атат, мунун баары түбүндө чыгат эми. Буларды жоготуп ийбеш үчүн, элдин эс-тутумун козгош үчүн Кудайдын буйругу менен ушундай чакан композиция жаратып, сүрөткө салып, китепке чыгарып отурам.

— Сиз Бишкек гербинин авторусуз, ушул герб боюнча окурмандарга чечмелөө берсеңиз?

— Кабылан — байыркы кыргыз элинин ыйык тотеми. Себеби, кабылан шер мүнөз, эң бир артыкчылыгы — сырттан. Мисалы, арстанды да, жолборсту да сырттан дебейбиз. Кабыландын мүнөзү биздин элге шайкеш. Алар, башкача айтканда ак илбирстер Ала-Тоонун бийик чокусунда жалгыздап жүрүшөт, эркиндикти сүйүшөт, таза болушат. Булар башкарганды да жаман көрөт. Циркте арстандарды оттон секиртип, оюн салдырып башкарып, камап атышпайбы, бул андайга баш ийбейт. Ошон үчүн шер мүнөзүн биздин элге сыпатташкан. Гербдеги төртбурчтук — төгөрөктүн төрт бурчун, ошол эле мезгилде кыргыздар мамлекет курган, ордо күткөн эл экенин, чеп — чептей бузулбаган көрөңгөлүү эл экенин билгизет. Кыргыздар жолу улук адамды дайыма сыйлап, жол бошотушкан, гербдеги жол сызыгында ушул нерсе айтылган. Ал эми тоо биз үчүн ыйык экени түшүнүктүү. Өңү — көк. Биздин эл көктү, көк Теңирди, Көк Асабаны ыйык туткан эл эмеспи. Ар бир тотемде кыргыздын бир мүнөзү, уюткусу жатат, биз символ жараткан элбиз. А мындай нерсе, даанышмандыктын, ойчулдуктун белгиси.

— Ушунун баарын таанып-билүү боюнча кыргыздар азыркы учурда кандай деңгээлде турат деп ойлойсуз?

— Эми биз мындан абдан алыстап, унутка калтырып кеткенбиз. Каада-салтыбыз да унутулуп, тилибизге да көңүл бурулбай калбадыбы. Азыр тилибиздин көп нерселери чечмеленип жатат. Тарыхыбыз да абдан бай. Мен ошолордун баарын сүрөтчү катары өзүмдүн эмгектеримде чагылдырып, көргөзөйүн, угузайын деп аракет кылып келатам. Буйруса, мурунку мезгилге салыштырмалуу көпчүлүктүн кызыгып, кайрылып жатканы жакшылыктын жышаанасы. Өзгөчө мага жаштар көп кайрылып, көптү билгилери келет, ушул жагы кубандырууда. Өзүмдүн билгенимди, тамгаларды, сүрөт өнөрүндө чечмелеп айтып берип жүрөм. Болбосо, тайган багып ар кайсы жерде жүрүп калгам. Биз ушу убакка чейин өзүбүздү өзүбүз «кыргызбыз да», «кыргызбайский вариант да» деп шылдыңдап, басмырлап келдик. Бул акмакчылык да. Азыр түпкүлүгүбүзгө кайрылып, кийинкилерге жол салып беришибиз керек. Жакында эле бир америкалык окумуштуу адам менен сүйлөшсөм, ал менин жүрөгүмдөгү нерсени айтты: «Силер эми дин аркылуу эмес, башкалардын руху аркылуу эмес, өзүңөрдүн жолуңар, өзүңөрдүн рухуңар менен өз Теңириңерди таанысаңар, анан ошондо силерге жакшылык келет» деп.

— Кыргыз — кыргыз баалуулугунан ажыраганына коммунисттик системанын күнөөсү барбы?

— Алар да ушул биздин тарыхыбызды, ыйык идеяларыбызды, маңыз камтыган тушкийиздеги, шырдактардагы оюларды улутчулук деп тескери саясат жүргүзүшкөн. Балким, атайын жасашкан. Мен акыркы аксакалдарыбыз Түгөлбай Сыдыкбековдун, Кусейин Карасаевдин оозунан көп нерсени угуп, алардын батасын алып калдым. Азыркы аксакалдарыбыздан да көп уктум. Улуттук көп баалуулуктарыбыздан, көп жакшы нерселерибизден ажырап калыптырбыз. Карап көрсөңөр, биздин оюларда да терең маани бар. Түстөрүнүн чечмелениши да өзүнчө төп келет. Ушул оюлардан улам, символ, тотем, белги, тамгаларыбыздан улам, аң-сезим, адамгерчилик, ыйманды бийик туткан эл болгонубузду туясың. Мындай бүтүм чыгарууга ушулар анык далил жана күбө.

— Түгөлбай Сыдыкбековдун «Көк аксабасын» окугандан кийин ал кишини көрүүнү абдан эңсептирсиз. Кандайча жолугуштуңуз?

— Буйрук экен, а кишинин 80 жылдыгына барып калдым. Босого жакта олтурсам, кол жаңсап чакырып, жанына отургузду. Мен андан укмуштай бир энергияны сездим. Сүйлөгөнү, отурганы да өзүнчө бир керемет. Аурасы да бир башкача. Кыргыздын мындай аксакалдары кайталангыс адамдар. Ал эми Мухтар Ауэзов Саякбайды казактарга ээрчитип барып манас айттырганда: «Ай, казактар, силер ушул кишинин өзүн көргөнүңөр үчүн бактылуусуңар» дептир. Ал — нур чачкан адам болчу дешет. «Көрөңгөдөн кымыран дүрмөт алат» дегендей, мына азыр Улан, Дөөлөт, Рыспай жана башка күчтүү манасчыларыбыз чыгып жатат. Бирок, колдой албай турабыз. Кыргызды кыргыз кылган Манас да. Биз эми улуу касиеттерибизди акырындап жолго койбосок, башка жол жок.

— 40 жылдан бери дүйнө кезип жүргөн будда монахы, 58 жаштагы Дзюнсей Тэрасава акыркы жолу Бишкекке мындан сегиз ай мурун келип, кыргыздардын көрөгөчтүгү, табигый өзгөчөлүгү, маалымат таратуучулугу болгонун, «айтылбай келген сырды ачуунун учуру келди, Кыргызстан аалам элдеринин зыярат кылуучу жери болуп калышы ыктымал, кийин бул жакка дүйнөнүн төрт бурчунан эл агылып келиши мүмкүн» дептир…

— Ушул боюнча азыр көп сөздөр айтылып жатат. Бүтүндөй дүйнө элдерин кыргыздар жакшылыкка жетелейт дешүүдө. Чынында эле бизден үйрөнө турган көп нерселер бар. Жөнөкөй эле мисал келтирели, кыргыздардын меймандостугун алалы. Мен өзүм көрүп калдым, жайлоодогу аксакал кишилер тээтиги жакта жүргөн жолоочуну чакырып алчу. Ал уурубу, желмогузбу, ким экенин ойлобойт, арамдык жок. Аны кудай коноктоп меймандайт, козусун соет, атына чөп салат, күлазыгын берип, анан узатып жиберет. Бизден башка бир да эл минтпейт. Бирок, кыргыздын улуулугун жомок катары кабылдашып, аша чаап айтып жаткандай түшүнүшүүдө.

— Байкасак, ар тармактын адамдары, адабиятчыларбы, манасчыларбы, сүрөтчүлөрбү, музыканттарбы, кол өнөрчүлөрбү — өз-өзүнчө уюшуп, кыргыздын руханий дүйнөсүнө ыкташып, жарыла албай тургандай. Коомубузда аларды бириктире турган эч нерсе жоктой… Элде айтылып жүргөн руханий төңкөрүштү сезген жоксузбу?

— Мен ушуну быйыл катуу сезе баштадым. Көзү өтүп кеткен аксакалдар бир кезде айтты эле: «Ай, Майрамкул, мобулардын баарын китеп кылып чыгар, бул жаштарга керек. Азыр маани бербейт атышат. Бирок учуру келет» деп. Быйыл менин тегерегиме абдан көп адамдар топтолуп атат. Сен гезиттин логотиби боюнча кайрылган маалда эле дароо беш заказ түшкөн. Акыркы учурда туш-туштан биринин артынан бири чакырып, үйгө келишип, телефон чалышып, алар да сен айтып аткан сөздөрдү козгошууда. Өзүмдү чоң бир агымга түшүп калгандай сезип жатам. Эл да козголуп калды. Өзгөчө Жумгал, Кочкор эли бул жагынан баш көтөрүп атышат. Талас, Көлгө жайылып атканын байкадым. Бара-бара баардык асыл наркыбыз ордуна келет деп ойлойм.

— Наркыбыз бийликтегилердин жүрөгүнө да жетиш керек го…

— Эми, акырын жүрүп отуруп жетет го… Буйруса, жакшы болот деп турам. Себеби, Ленинграддагы бир чоң жыйынга ар бир мамлекеттин жүзүн көрсөтө турган картина алыныш керек деп, Жогорку Кеңештен менин Манас боюнча тарткан картинамды тандап алышыптыр. Бул да жакшылыктын бир жышаанасы деп сүйүнүп, төлгө тартып турам.

Маектешкен Салтанат КЫДЫРМАЕВА

«Ажо» тотеми

manasАжонун башы — бүркүт. Ал — асманды билдирет. Денеси — кабылан. Жерди билдирет. Куйругу — жылан. Сууну билдирет. Демек, бул үчөө — үч дүйнөнүн биримдиги. Оң колундагы чыны — жакшылык. Сол колундагы канжар — жамандык. Оң жана сол — ичкилик.

Чыгармачылыгынан жаралган бул белгилер — алган маалыматтарынын негизинде пайда болгон. Ар биринде өзүнчө идея катылган. Мисалы, катардагы эң биринчи белги ак өргөдөгү түбөлүктүү жашоону билдирет.

«Көк асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий