Сагын Акматбекованын эсселери

Ошол киши
…Ошол киши жалаң көйнөкчөн. Жылаңбаш. Ошол киши отуздан небак оогон. Башкалар жамгырдан качып жүгүрүп баратышат, там түбүнө, тал түбүнө корголой калып атышат. Ошол киши эч шашпайт. Өтүп баратат. Ошол боюнча өтүп баратат. Талдын жанынан өттү, мончонун жанынан өттү, машинанын жанынан өттү. Өтүп кетти. Ошол киши өтүп кеткен талдуу, теректүү, там-таштуу, жамгырлуу көчө таптакыр ээн, таптакыр кызыксыз калды. Ошондо үшүп кеткенимди сездим. Ошондо мен да ошол кишидей жалгыз экенимди сездим. Бирок ошол кишинин бараткан жагы бар. Ал баратат. Кайда баратса да баратат. Бараткан киши үшүбөйт. Мен үшүп кеттим…
Март, 1994

Тоодо жашасам
…Тоодо жашасам. Бир кичинекей үйүм болсо. Жанында булак агып жатса. Токойлор болсо. Ошолор менен сүйлөшсөм. Тумандарды кечсем. Бир чайтулгам, бир чайдоосум болсо. Булактан суу апкелсем, бетимди жуусам. Шамалды тыңшасам. Шаңшыган бүркүттү уксам. Көрсөм, айланып учканын аскалардын башында. Чырагданымдын майы түгөнсө, айды жарык кылсам. Ай жок болсо, жылдыздардан алсам жарыкты. Алар да жок болсо, көзүмдү жарык кылсам. Эч кимди күтпөсөм, жол карабасам. Жол да болбосо ал жакка бара турган. Эч ким билбесе кайда экеними. Туман менен булуттардай жок болуп кетсем, жок болор күн жеткенде. Тарап кетсем туман менен булуттардай, эч кимди түйшүккө салбай, эч кимге кайгы-муң, санаа болбой…
1997

Унчукпаган бирөөгө
…Мен сага айтып жатам. Ким экениңи билбейм. Доссуңбу, же жатсыңбы? Ким экениңи билбей сага айтып жатам. Мындан кийин телефон чалба. Түн дебей, күн дебей телефон тыңшаган күндөр небак өткөн. Сагынган, саргайган, күткөн, сүйгөн күндөр алыста. Чарчап, терезеден тийген айды карап жатам. Бузба ушул тынчтыгымды. Сындырба жымжырт дүйнөмдү.
1997

Чопо чоор
Үкү сымалданып жасалган кымындай чопо чоор бир нече жылдардан бери кооздук катары үйдө турчу. Бир сүрөтчүнүн белеги эле. Ошол чоорго кичинекей небере уулум жан киргизди. Ойноп кармап отуруп, кокусунан эле оозуна кармап бир керемет кайрыкты созду. Бир илеп бир дем менен чыгып, бир заматта токтогон бул кайрык жай согуп турган жүрөгүмдү бир булкуп алды. Капырай, тырмактай баланын ичинде ушунча куса, күйүт болобу! Жок, балада кайдагы күйүт дейсиң! Сөз менен айтып жеткире албаган бул куса, бул муң балким, ошол чопо чоордун өзүндө чыгар. Чопону ийлеп атып, балким сүрөтчү ошол учурда өзүн кыйнаган куса менен күйүттү кошо ийлегендир, ким билет…
1997

«Учур» («Кыргыз гезиттер айылы»), 16.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий