Санаага салган салттуу музыка

Улутту сактап келген өнөр
komuzkirgizskiinarodniiinstrumentКылымдардын кыйырын басып, не деген замандарды башынан өткөрүп, сак, усун, гун, карлук, карахани, монгол хандыктарын түзүүгө өмүрүн арнаган, жада калса жунгар хандыгынын аёосуз эзүүсүнө туруштук берип, тарыхтын бетинен таасын орун алган Азиянын аймагындагы алгачкы этностордун бири — кыргыздар эмеспи. Дал ушул кыргызга дем берип, кайратына кайрат кошуп, «дил азык» болгон руханий мурасы — кыргыз салттуу музыкасы мезгилдердин элегинен өтүп, ХХI кылымдын астанасын аттады. Бирок, тарыхый бурулуш доордун өктөм талабы улуттук аң-сезимибиздин бурулушуна, ааламдашуу процессинин принциптерин моюндоого, заман талабына ылайык келүүгө мажбур кылат экен…

ХХ кылымда баш баккан Батыштын жеңил-желпи маданияты сүңгүп кирип «төрдөн» орун алган чак. Не дейбиз. Заман ушундай дейбиз. Массалык маалымат каржаттарын карасаңыз, кимди туу тутушубуз керек экендигин, кимге карап ( кайсы жылдызга) кандай кийим кийүүбүздү, жада калса кандай азык-түлүк менен азыктанаарыбызды айтып, кеңеш берген акылгөйлөрдү көрүп, «майда», «олутсуз» күнүмдүк тиричиликтин салмагы жеңип, баягы ата салтын улаган «карынын сөзүн капка сал» деген улуу накыл сөздүн орду жок болуп бара жатканына, улуттук аң-сезимди ойготуунун жолун таба албай, издеп жатканыбызга таң каласың. Элде жок өнөрүбүз бар дейбиз, дүйнөдө теңдеши жок «Манасыбыз» бар дейбиз. Бирок, кылымдар бою оозеки салттагы маданиятыбызды сактап келген ата-бабалардын казынасы кандай абалда? Ошол биз мактанган өнөрүбүздү келечек ээлерине кандай акыбалда өткөрүп беребиз? Дүйнөлүк маданиятта кыргыз этносунун жүзү болгон кыргыз салттуу музыкасын рыноктун шартында кантип сактап калабыз? Азыркы доор угармандардын каалаган музыкасын угууга шарт түзөт, мейли европалык академиялык маданият болсун, мейли оозеки салттагы этностордун маданияты болсун, мейли агым музыкасынын түрлөрү джаз, рок-н-ролл, рэп ж. б. дегендей, угуучунун өз эрки. Демек, ааламдашуунун алкагында, эгер биз кыргыздар дүйнөдөгү этностордун катарында руханий дөөлөттөрүбүздү (тилибизди, дилибизди) сактап калабыз десек, биз да өз угуучуларыбыз үчүн шарт түзүшүбүз керек.

Жеңил-желпи ырлардын жетегинде калдыкпы?
«Концерт» десе эле элдин көңүл ачышын биринчи орунга коюп, күү чертип, дастан айткан өнөрпоздорго караганда, эстрадалык программалардын кескин орун алышы көрүүчүлөрдүн бир беткейлигине алып келди (жалаң жаштар же жеңил музыканы сүйүүчүлөр…). Бир улуу мугалимимдин «эгер жакшы чыгарма болбосо, жаман чыгарманы угуп эс аласың» — деп айтканы али эсимде. Эстетикалык тарбиялык мааниси бар «музыканын» жаманы болбойт деңизчи, бирок деңгээли төмөн, чоркок, кунарсыз сөзгө жазылган чыгармалардан, жасалма электрондук үндөрдөн (нагыз аспаптын үнү эмес) кантип эс аласыз дагы, кайдагы тарбия? Бүгүнкү күндөгү шоу-концерттердеги көрүүчү-жаштарды көрүп, коштогон сөздөрүн угуп жаның
кейийт. Баягы, сөзгө кулак төшөп, күүнүн кайрыгына термелип, алкап отурган угуучулар көз алдыңа келет экен. Эки ырды ырдап жылдыз болгон ырчылардын арасында учурашмак түгүл, өздөрүн кандай алып жүрүштү билбеген инсандарды көрүп, мындан 15-20 жыл мурунку учурга салыштырып, келечекте дагы кандай көрүнүштөр болоор экен деп чочулайсың… «Саламыңа жараша алик аласың» дегендей, келечектеги жаштардан азыркы муун кандай мамиле күтөөр экен. Ылайым эле улууга урмат, кичүүгө ызаат болсун дейличи… «Айткандын оозу жаман» болбой, жакшы аттуу болуп унчукпай жүрө берейин десең, «ооруну жашырсаң, өлүм ашкере кылат» болуп улуу устаттарыбыздын катары күндөн күнгө суюлууда. Бүгүн айтпасак качан айтабыз?!

Абалдан чыгуунун жолдору
Мындан 5-жыл мурун (24-25-апрель, 2004-жылы) жергебизде биринчи жолу өткөн «Салттуу музыка: тарыхы, сактоо жана өнүктүрүү маселелери» аттуу илимий-практикалык семинарга оозеки салттагы адистик музыканы изилдеген илимпоздор искусство таануу илимдеринин докторлору Ф.Кароматов (Өзбекстан), К.Дүйшалиев (Кыргызстан), искусство таануу илимдеринин кандидаттары А.Мухамбетова, С.Елеманова (Казакстан), Ф.Ульмасов, Н.Хакимов (Тажикстан), Б.Алагушов, С.Субаналиев ж.б. Азербайжандан, Түркиядан, республикабыздын ар тарабынан келген өнөрпоздор катышкан. Семинардын катышуучулары тарабынан 25-апрель салттуу музыка күнү болсун деген сунуш менен кайрылган «Кыргыз салттуу музыка» фондунун мүчөлөрүнүн кайрылуусун колдоп министр С.Раев башында турган маданият жана маалымат министрлигинин буйругу жарыяланды (2008-ж). Кыргызстандын элинин салттуу маданиятын сактоо, жаш муундарды руханий башатка сый мамиле жасоого үйрөтүү, профессионалдык музыкалык маданиятты өнүктүрүү максатында багытталып уюштурулуп жаткан Кыргыз салттуу музыкасынын «жумалыгынын» өтүшү эгемендүү кыргыз элинин маданиятындагы өзгөчө окуя катары (биринчи жолу өткөрүлүүдө) кабыл алуудабыз.

Кылымдар көкүрөгүнө сактаган Ырамандын ырчы уулу баштаган улуу ысымдардын катарында, алдынан кыя өтпөй, айткан сөздөрүн тумар катары туткан улуу устаттарыбыз Болуш Мадазимовдун, Асек Жумабаевдин, Эстебес Турсуналиевдин, Ашыраалы Айталиевдин, Тууганбай Абдиевдин рухтарынын алдында айтаар сөзүбүз: «Кыргыз салттуу музыка» күнүнө карата биринчи жолу өткөрүлүп жаткан жумалык Сиздердин өнөр казынаңыздардын бөксөрбөшүнө, эртеңки өнөр көчүнүн уланышына, Сиздер сактаган улуу мурасты сактоого белсенген олуттуу кадам болот деген ишеничтебиз… Бишкек шаарында өтүп жаткан Кыргыз салттуу музыка «жумалыгынын» алкагында 25-апрелде «ХХI кылымдагы кыргыз салттуу музыкасынын абалына жана өнүктүрүү маселелерине» арналган илимий-практикалык конференция башталышы саат 10.00дө Улуттук филармониянын кичи залында, ушул күнү кечинде (саат 18.30) кыргыз салттуу музыка чеберлеринин концерти коштогон « жумалыктын» расмий ачылышы улуттук тарых музейибиздин алдында өтмөкчү. 26-апрель күнү «Дастан күнүндө» «манасчылардын, дастанчылардын, төкмө-акындардын концертин көрсөк, 27-апрель «Күү күнү» «Камбаркан» улуттук этнографиялык ансамбли баш болуп, чоорчу, кыякчылардын, комузчулардын концерти болсо, ал эми 28-апрелде «Ыр күнүндө» комузунун ыргагына үнү төп келген, кыл кыяктын мукам үнү коштогон ырчылардын концертинин көрөрманы болуңуздар. Концерттик формасы өзгөчөлөнгөн, (акысыз, ачык асман алдында, уздардын колунан жасалган улуттук колдонмо буюмдардын көргөзмөсү болоору күтүлүүдө), кыргыз искусствосунун бир бутагы болгон, кыргыз салттуу музыкасына арналган концерттерге кыргыз этносунун маданиятын сыйлаган көрүүчүлөр келерине ишенебиз.

Роза АМАНОВА, искусство таануу илимдеринин кандидаты,
Кыргыз салттуу музыкасы фондунун жетекчиси

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий