Федор Тютчев

(1803-1873)

КҮН ЖЕЛЕСИ

Жамгыр токтоп… Күн желеси капыстан
Жарк-журк этип көк бетине жабышкан.
Алкак болуп жашыл-кызыл абада,
Алтын жаадай ал көрүнөт алыстан.

Бир жак учу көк токойго сайылып,
Бир жак учу сур булутка малынып,
Асман теңин бөлүп турган алтын жаа,
Араң турат калдыркандай кайыгып.

Кайталангыс кубулушта мына бул,
Кандай гана көз кубантар бакыт бар!
Карма бачым, Күндүн сулуу кулагын,
Көз ирмемдик көрүнүшкө канып кал!

(Эрнис Турсуновдун котормосунда)

 

СОҢКУ МАХАББАТ

Улгайганда сүйүштүк бейм
Ысыгыраак, тазараак!
…Кечтин соңку жарыгы, сен
Шоола чаччы жаңылап!

Көктүн жармы көлөкөдө
Тээ батышта жарык бар-
Шашпа, жарык, өчө көрбө,
Өчпө, өчпө жанкумар!

Дилде жигер солгундабай
Соолуп каны тамырдын…
Кайран соңку махаббат-ай
Жыргалсың да армансың!…
(1851ж. ортосунан 1854-ж. акырына чейинки мезгил)

(Кыргызчалаган Шаамерчем)

Соц тармактар:

Федор Тютчев: 1 комментарий

Добавить комментарий