Кыргыз таланттары

Бүгүн биз кыргыз таланттарынын быйылкы мааракелерин окурмандарга тааныштырып кетүү менен бирге, алардын ар бири гезит бетинде сый-урмат, улуу сөз менен белгиленүүгө татыктуу экенин айткыбыз келет. Ылайым кыргыз казынасы бөксөрбөсүн!

Саякбай Каралаев
(1894-1971)
d181d0bad0b0d180d0b0d0bbd0b0d0b5d0b2«Манас» эпосун, дегеле элдик дастандарды айткандарды мурда жомокчу, улуу жомокчу деп ардактап күтүп, талантына жараша сый-урмат көрсөтүлгөн. Манасты Теңирге тете туткан кыргыз баласы Айкөлдүн ысымын айтуудан да тартынып, ыйбаа сезимдеги мамилени туу тутуп келген. С.Каралаев мына ушундай чөйрөдө чоңойгон жана ошол кездеги чоң жомокчу-манасчылардан таалим-тарбия алып тапталган. Анын айтуусунда 500 миңден ашык сап ыр кагазга, нечен миңдеген метр магнитофон тасмага жазылып алынганы кыргыз рухунун зор маданий казынасынын уюткусу болуп калды.

С.Каралаев «Манасты» Фин-ляндияда, Москвада кыргыз элинин оозеки тагдырын отузга жакын ыргак, кыраат үндө аткаруу менен «жалгыз актердун театры» деген дүйнөлүк түшүнүктү даана тастыктаган. Манасчынын өнөрүнө маашырланган чет өлкөлүк кайсы бир жазуучу Ч.Айтматовго: «Бул адам мени таңдантты. Кыргыздардын оозеки китепканасы бар экендигине ынандым» дегени эбак аңыз кепке айланган.

Алиман Жангорозова
(1914-1993)
Кино менен театрга бирдей эмгек сиңирген Кыргыз эл артисткасы Көл калаасында төрөлгөн. Жыйырма жашынан театр сахнасында ойноп, Өзгөндөгү колхоз-совхоз театрында 1934-37-жылдары иштесе, андан кийин Ысык-Көл, Нарын облустук жана Кыргыз мамлекеттик драма театрларында эмгектенип, жүздөн ашык ар кыл ролдорду ойногон.
Ал эми «Кыргызфильм» киностудиясында жыйырмадан ашык тасмаларда тартылуу менен көрүүчүлөр эсинде калышына «Бакайдын жайытындагы» Үрүм, «Ысык-Көлдүн кызгалдактарында» Айымжан, «Таштагы элестерде» Алымкан, «Кызыл алмадагы» кемпир жана «Ак илбирстин тукумундагы» Сайкал эненин нукура улуттук угуттагы образдарды жаратканынан улам жетишкени ырас. Бул актриса да кыргыз талантынын табигый мүнөздө экенин далилдеген улуу залкарлардын сыймыктуу катарында.

Муратбек Рыскулов
(1909-1974)
d0bcd180d18bd181d0bad183d0bbd0bed0b2Бүт өмүрүн кыргыз сахнасына арнаганы, алгачкы актерлор сыяктуу эле атайын билими жоктугуна карабай Лондондо ойногондо бардык нерсеге такыба мамиле жасаган англиялыктар алакандары ысыганча кол чапканы, В.Шекспирдин дагы бир улуу казынасы «Отелло» трагедиясын А.Осмонов атайын М.Рыскулов үчүн которгону өзүнчө бир сабак.

Ошол оюнду көргөн Кыргыз эл акыны Эрнис Турсуновдун минтип жазганы бар: «Котормонун күчү ай! Кыргыз тилинин бай казынасы калпып алынып, шумдуктай алп сөздөр, балбан ыр саптары менен которулган экен. Жандуу образдарды жаратуучулар да ошончолук күчтүү дем менен ойногону көз алдымда. Отелло өзүнүн капкара өңүн суудан көрүп: «Каралыгым ай!» деп сууну чапчып алганда зал жаңырып, рамалар титиреп кетчү. Ошондогу Рыскуловдун каардуу үнү азыр да кулагыбызда. Эмоциялуу көрүүчүлөр чыккынчылыкка чыдабай Жаманов-Ягону таш менен уруп сахнадан качырганычы. Ошондон кийин «Отелло» коюлган сайын театрга калбай бараар элек. Мына, сөздүн күчү, аткаруучулуктун устаттыгы кандай!»

СССР эл артисти, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Муратбек Рыскулов «Кыргызфильм» ж.б студияларда ондогон кинообраздарды да ийгиликтүү аткарган. «Бакайдын жайытындагы» Бакай, «Уркуяда» Ажынын ролдору кино тарыхынан татыктуу орун алганы талашсыз.

Амантур Акматалиев
(1934-2002)
«Бизге элдик уят-сыйыттуулук, сылыктык керек. Ошондо ата-бабалардын кандык жолуна түшөбүз. Кыргыз журтчулугунун намысын коргоп калабыз. Меймандостугу да, жоомарттыгы да, байыркылыгы да, эр жүрөктүүлүгү да жогору чекке жеткен Ала-Тоолуктардын тоодой арын, көлдөй ырысын сактап калабыз!» — деп тынбай эмгектенген элдик этнограф эле. Мугалим, журналист жана өзгөчө элдик кол өнөрчүлүктүн изилдөөчүсү, кеңири жайылтуучусу катары Кыргызстанга кыйла мээнет үзүрүн көргөзгөн. «Ай, Амантур, кыз-келиндер жасай турган иштерди да калтырбайсың го…» — деп бир чети тамашалай, а башкысы таланттуу, эрикпес-зерикпес замандашынын залкар эмгектерине баа берген жазуучу-манасчы Ашым Жакыпбековдун айтканында калет жок.
Ал ондогон китептерди жазуу менен кыргыз кол өнөрчүлүгүн өргө тартууда, эл арасына жайылтууга зор күч жумшаган. Алардын туу чокусу — «Кыргыздын уз-усталары» антологиясы.

Сүймөнкул Чокморов
(1939-1992)
«Кыргыз керемети» деп ХХ кылымдын 60-жылдарынан баштап союздук жана дүйнөлүк киного тааныла баштап, кыргыз киносунун ийгиликтеринин жаралышына жаны тынбай, ден соолугуна карабай кайраттуулук менен эмгек сиңирген. Кыргыз талантынын Көк Асабасы 5 жолу Бүткүлсоюздук кинофестивалда көтөрүлүп, «Эркектин ролун эң мыкты аткарганы үчүн» башбайгесин алышы азыркы күнгө чейин өзгөчө тарых, үлгү бойдон калды. Анткени, мындай ийгиликке советтик жана орус актерлорунун бири да жетишкен эмес.

С.Чокморовдун жаркын талантына япон режиссеру Акира Куросава «Чыңгызандын кинообразын түзүүгө азиялык актер, атап айтканда Сүймөнкул гана жарамак. Бирок анын ден соолугу улуу ролду аткарууга мүмкүндүк бербөөдө. Ошондуктан мен да бул тасманы тартуудан баш тарттым» деп баа бергени бекер эместир.

Актердун агасы Намырбек аксакалдын айтканы боюнча инисинин үч тилеги ишке ашпай калганы улуттук өнөрдүн өксүгү. Манас, Чыңгызхан, Темирландын экрандык бейнелерин түзсөм деген купуя үмүтү саламаттыгына байланыштуу мезгилсиз өчтү… СССР эл артисти, Кыргыз эл художниги Сүймөнкул Чокморов 53 жашында каза болгон.

60 жылдык
1. Сагын Акматбекова — акын
2. Асан Жакшылыков — акын
3. Касым Кушубеков — жазуучу
4. Токтобай Мүлкүбатов — жазуучу
5. Мурат Жыргалбаев — кинорежиссер
6. Светлана Суслова — акын
7. Таалай Курманов — художник
8. Роза Мукашева — акын

70 жылдык
1. Курманбек Абдыкеримов — жазуучу, котормочу
2. Турсунбай Адашбаев — акын, котормочу
3. Канболот Бердикеев — жазуучу
4. Дүйшөбүбү Жамансартова — акын
5. Нурпаис Жаркынбаев — акын
6. Кадырбай Мамбетакунов — драматург, жазуучу
7. Асылбек Медетбеков — жазуучу
8. Элүүбай Отунчиев — жазуучу
9. Анатолий Сорокин — жазуучу, котормочу
10. Дооронбек Садырбаев — кинорежиссер, жазуучу
11. Жамал Сейдакматова — киноактриса, «Тунгуч» театрынын негиздөөчүсү
12. Сүймөнкул Чокморов — актер, художник
13. Толтой Мураталиев — кылкыякчы

75 жылдык
1. Амантур Акматалиев — элдик этнограф, өнөр изилдөөчү
2. Жеңилдик Аралбаева — уз, саймачы
3. Муса Абдиев — кинохудожник
4. Жанболот Абдраимов — жазуучу
5. Качкынбай Артыкбаев — адабиятчы, окумуштуу
6. Өскөн Даникеев — жазуучу
7. Дядюченко Леонид Борисович — киносценарист
8. Эсенкул Ибраев —
9. Уркаш Мамбеталиев — манасчы
10. Тургуналы Молдобаев — акын
11. Рамис Рыскулов — Кыргыз эл акыны
12. Качкынбай Сыдыгалиев — жазуучу
13. Совет Урманбетов — акын
14. Сагынбек Ишенов — кинорежиссер, художник
15. Медербек Назаралиев — театр режиссеру
16. Геннадий Петрухин — жазуучу

80 жылдык
1. Аман Саспаев — жазуучу
2. Михаил Рудов — окумуштуу, педагог
3. Акматбек Солтобаев — жазуучу
4. Дүйшөн Сулайманов — балдар жазуучусу, фольклор топтоочу
5. Акбар Токтакунов — акын, сатирик
6. Жумакан Тынымсеитова — акын
7. Асан Кайбылдаев — күү баянын изилдөөчү
8. Качкынбай Осмоналиев — жазуучу

85 жылдык
1. Зуура Сооронбаева — акын, жазуучу
2. Фатима Мамыралиева — аялдардан чыккан биринчи кинорежиссер

90 жылдык
1. Сатин Абдыкеримова — акын
2. Кубаныч Акаев — акын
3. Абдрасул Кылычев — акын
4. Исраил Сулайманов — жазуучу
5. Даркүл Күйүкова — театр актеру
6. Насыр Кытаев — театр актеру
95 жылдык
1. Алиман Жангорозова — театр жана кино актеру

100 жылдык
1. Узакбай Абдукаимов — жазуучу
2. Ташым Байжиев — педагог, агартуучу, манас таануучу
3. Сүйүнтбек Бектурсунов — котормочу
4. Муратбек Рыскулов — театр актеру
5. Өмүркул Жакишев — жазуучу
6. Тазабек Саманчин — адабиятчы, котормочу

105 жылдык
1. Касымалы Жантөшев — жазуучу
2. Аалы Токомбаев — жазуучу

115 жылдык
1. Саякбай Каралаев — манасчы
2. Алымкул Үсөнов — төкмө

120 жылдык
1. Чалагыз Иманкулов — төкмө, дастанчы
2. Барпы Алыкулов — акын

145 жылдык
1. Токтогул — акын

«Көк асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 21.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий