Сергей Есенин

(1896-1925)


Фарс кайрыктарынан

* * *

Сээлдеди эски дарттын сүлдөрү,
Сергилеңмин мастык эзбей жүрөктү.
Соолуктуруп Тегерандын гүлдөрү,
Соо олтурам чайханада күнөстүү.

Орустарга мактап барсын дегендей,
Олбурлуу жан чайханага чарк урат.
Күчтүү демдеп кызылынан белендей,
Күчтүү арак, вино ордуна чай сунат.

Сыйла, бирок алаксытпа анчалык,
Сыйдан артык роза гүлдүү багың бар.
Бекеринен көз кыспады каш кагып,
Бет чүмбөтүн ача койгон ашык жар.

Орустарда жаз жытындай асыл жар,
Окчун үйдө ит сыяктуу байланбайт.
Сомсуз эле өбүшүүгө акың бар,
Согушпайсың, канжар мизи кайралбайт.

А бул жердин келбетине таң болуп,
Алоо таңга окшоштурам иреңин.
Белек кылып Хороссандан шаль жоолук,
Берер элем даңктуу Шираз килемин.

Кызыл чайдан ачуурак куй, кожоюн,
Кылым бою чындан калпка жаналбайм.
Билсең азыр өзүм менен өз оюм,
Бирок сенин милдетиңди алалбайм.

Эшигиңди кайтарсаң да канчалык,
Ээн жактан кире турган багың бар.
Бекеринен көз кыспады каш кагып,
Бет чүмбөтүн ача койгон ашык жар.
(Которгон Э.Турсунов)

 

* * *

Жан кыйнабай менин сыркоом мурдагы –
Мастын дарты жүрөгүмдөн айыгат:
Тегеранда көгүш түстүү нурлары
Чайканада аны олтурам дарылап.

Дуңгул мүчө чайканачы обдула
Бул оруска жаксын дейби чайканам –
Ачуу арак, кызгылт шарап ордуна
Кызыл чайдан баса куят кайтадан.

Сыйла, бирок, сыйлай бербе өтө эле.
Кызыл гүл көп өзүң бакта гүлдөткөн.
Көз кыспады сулуу бекер өзү эле,
Ача коюп жүзүн кара чүмбөттөн.

Россияда жалдыратып ызатсыз
Биз кыздарды байлабайбыз ит өңдүү.
Акчасыз да, мушташсыз да, бычаксыз
Үйрөнөбүз өпкөндү биз киши өңдүү.

Бул сулуунун сымбаты үчүн боюнун,
Көрүш үчүн аткан таңдай иреңин
Берер элем Хорассандын жоолугун,
Берер элем кымбат Шираз килемин.

Коюу чайдан куй, кожоюн, кел өзүң,
Жалган айтып кай себептен сени алдайм?
Жооп берем өзүм үчүн мен өзүм,
Мен сен үчүн, бирок, жооп бералбайм.

Каалгаңа карай бербе өтө эле,
Башка эшик бар багыңда өзүң гүлдөткөн…
Көз кыспады сулуу бекер өзү эле
Ача коюп жүзүн кара чүмбөттөн.
(Которгон С. Жусуев)

 

* * *

Шаганэм, менин Шаганэм!
Түндүктөн мында мен келгем
Ай тийген буудай термелген
Талааны айтам сага мен
Шаганэм, менин Шаганэм.

Түндүктөн мында мен келгем
Жүз эсе эң чоң ай чыккан.
Рязанга көңүл балкыткан
Канткенде Шираз тең келген –
Түндүктөн мында мен келгем.

Ай тийип, желге термелген
Буудайдан бүткөн чачтарым,
Сөөмөйгө ороп тарт, жаным.
Ар дайым мага дем берген
Ай тийиген буудай термелген.

Айтам мен айлуу талааны
Буудайы тармал чачымдай.
Ойноп-күл, шаттан басынбай,
Тарттырба мага санааны
Эстетип айлуу талааны.

Шаганэм, менин Шаганэм!
Түндүктө да бар бир кызым,
Сага окшоп жаркын жылдызым,
Эстелдим бекен ага мен…
Шаганэм, менин Шаганэм.
(Которгон С. Жусуев)

 

* * *

Шаганем — ай,  менин Шаганем!
Түндүк жактан болгонум үчүн белем,
Кара буудай талаасын айтып берем,
Ай нурунда шамалга эркелеген.
Шаганем — ай, менин Шаганем.

Түндүк жактан болгонум үчүн белем
Жүз эсе чоң айдыңы андагы Айдын,
Канча көркөм болсо да бу Ширазың
Рязандын мейкинине боло албайт тең.
Түндүк жактан болгонум үчүн белем?

Кара буудай талаасын айтып берем,
Ушу тармал чач ээси — ошол буудай,
оймок кылып ойной бер каалагандай-
тарткылай бер, оорусун такыр сезбейм.
Кара буудай талаасын айтып берем.

Ай нурунда шамалга эркелеген
Тармал чачтан талаамды билип алгын,
Жылмай, дагы эркеле, бирок жаным
Кара буудай талаасын эстетпе сен
Ай нурунда шамалга эркелеген.

Шаганем — ай, менин Шаганем!
Тээ түндүктү жердеген дагы бир кыз,
Эркелиги өзүңдөн айрып алгыс,
Ойлоп мени санааркап жүрөт го дейм…
Шаганем — ай, менин Шаганем!
(ыргызчалаган Шаамерчем)

 

* * *

Саади төштөн өпчү деп,
Сөзүң уктум сүйлөгөн.
Бир аз сабыр эт чүрөк,
Ага мен да үйрөнөм.

Ырдайсың кээ күндөрү:
«Кыздан бетер көрктүү – деп
Ефраттын гүлдөрү».
Антпейт менде көкүрөк.

Минтип ойлоп жатканым,
Ал гүлдөрдү мен үстүм.
Шаганэмдей таппадым,
Арытсам да жер үстүн.

А-бу деген жөрөлгөң
Жакпайт, аны кат ары.
Акын болуп төрөлгөм,
Өбөм акын катары.
(Которгон С. Эралиев)

 

* * *

Мен эч качан көргөнүм жок Босфорду,
Бирок бир аз карай калсам токтолуп,
Сенин көзүң кудум деңиз окшоду
Күйүп турган көгүш түстүү от болуп.

Мен Багдадга кербен менен барбадым,
Буюм-тайым алпарбадым сатууга.
Бирок ичке белиң ийип ардагым,
Уруксат эт тизеңде уктап жатууга.

Мен канчалык сурансам да, сыягы
Эч бир элес албайт окшойт акылың:
Билбей койдуң алыскы Россияны,
Жана дагы анын даңктуу акынын.

Жүрөгүмдө жалаң орус гармону,
Үргөн ити жаңырыктайт ыр өңдүү.
Персиянка эч болбосо бир жолу
Көрсөң боло биздин жашыл өрөөңдү.

Мен келбегем зериккенден бу жакка,
Сен алдыртан азгырганга окшодуң.
Мени акырын кысты жылуу кучакка
Эки бирдей канат өңдүү кош колуң.

Өткөн өттү, эскергенде аны эмне,
Жаным жалаң тынчтык тилейт кээ күндө.
Эч болбосо анча-мынча аңгеме
Айтсаң боло а сен өлкөң жөнүндө.

Гармонь тартчы, бул авалым түшүнүп,
Бачымыраак эрит көңүл муздарын.
Куса болуп башты жерге түшүрүп,
Сагынбайын мен түндүктүн кыздарын.

Мен эч качан көргөнүм жок Босфорду,
Ойго ылайык мен өзүмчө ойлогон:
Сенин көзүң кудум деңиз окшоду
Көгүш-жашыл толкундарда ойногон.
(Которгон С. Эралиев)

 

* * *

Ава таза, тунук көгүш түспөлдө,
Гүлдөрү көп жерге келем кеч убак.
Сен жолоочу ушул жолго түшкөндө
Чөл талаага жеталбайсың эч убак.
Ава таза, тунук көгүш түспөлдө.

Көк тулаңдан өтсөң бактан өткөндөй
Бакта болсо гүл шыкалат жапайы.
Жыты бурк деп мурун жарып кеткендей,
Жата калып сен искейсиң атайы.
Көк тулаңдан өтсөң бактан өткөндөй.

Жаңырыкпы же шырп эткен давышпы,
Назигиндей кудум Саади ырынын.
Сакталгансыйт көз ирмемде дал ушу,
Жарашыгы айдын саргыч нурунун.
Назигиндей кудум Саади ырынын.

Перилердин добуштары жаңырат
Сывызгыдай Гассанда жай тартылган.
Жанды кайра койгон окшойт жаңылап
Кучак гана кымча белге артылган.
Сывызгыдай Гассанда жай тартылган.

Өмүрүндө максат кылып ал муну,
Сен сапарда азап чегип куураган.
А мен болсом жыргатар жел аргыны
Жутам тынбай тамак менен кургаган.
А мен жутам жыргатар жел аргыны.
(Которгон С. Эралиев)

 

* * *

Өсүмдүктөр өзгөртпөгөн өз көгүн,
Дайым жыттуу, дайыма түнт кара бак.
Назик дагы, жашыл дагы өлкөнүн
Жүрсөң сонун бейкуттугун аралап.

Багдад болсо алыс-алыс арыда,
Шахразада анда жашап, ырдаган.
Куурап калган бак-дарактын бары да
Ал кезекте гүлдөп шагын ыргаган.

Жерде тирүү жашагандар мурдагы
Жатат бүгүн мүрзөлөрдө чөп баскан.
Сен жолоочу ага көңүл бурбагын,
Кайрылбай өт моло ташка сөз жазган.

Андан көрө айланаңды карагын:
Гүлгө жаның, гүлгө жаның тартылат.
Жоого деген кегиң ичке кармагын
Анда сенин мархабатың артылат.

Сүйгөндөй сүй, жашагандай жашагын,
Ай алдында өбүш жүрүп сейилде.
Өлгөндөргө мейлиң урмат жасагын,
Тирүүлөрдү таарынтпаган пейилде.

Шахразада ырдап өткөн муну өзү –
Жалбырактар шыбырашат кайталап.
Өлгөн үчүн эч кимдин жок күнөсү,
Бул дүйнөнү тирүүлөргө кайтарат.
(Которгон С. Эралиев)

 

* * *

Хороссанда бар мындай бир дарбаза,
Босогосу гүлдөр менен тосулган.
Ачамын деп кылгам далай далбаса,
Анда турат бир перизат созулган.
Хороссанда бар бир бекем дарбаза.

Колумда бар жаш кубатым жалындуу,
Алтын да бар, жез дагы бар чачымда.
Пери доошу: жумшак, назик жагымдуу,
Бирок алсыз колум эшик ачууга.
Колумда бар жаш кубатым жалындуу.

Сүйүүдөгү эрдик бекер, ойлонсом,
Кимге керек, ырдайм жана ким үчүн?
Кысканганын Шага такыр койгон соң,
Ал эшикке жетпей койсо же күчүм?
Сүйүүдөгү эрдик бекер, ойлонсом.

Кайра кайткым келет орус жерине,
А Персия сени таштап кетемби?
Кол беремби кош болгун деп периме,
Жандай көргөн үчүн тууган мекенди?
Кайра кайткым келет орус жерине.

Кош бол пери, кош аман бол көргүчө,
Эшигиңди ачпай калдым арманда.
Кумар бердиң кайра кайткыс өлгүчө,
Ырдайм сени тууган жерге барганда.
Кош бол пери, кош аман бол көргүчө.
(Которгон С. Эралиев)

 

* * *

Жашыл өлкө Фирдоуси турагы,
Өзүң мени чыгарбассың эсиңден,
Ойлоп сылык орус уулу тууралуу,
Жаш элесин кээде өткөрүп көзүңдөн,
Жашыл өлкө Фирдоуси турагы.

Сен Персия, сонун жерсиң, билемин
Шам мисалдуу күйүп турат гүлдөрүн.
Өз өлкөмдү эңсеп оюм-тилегим,
Ошо менен өтүп жатат күндөрүм.
Сен Персия, сонун жерсиң, билемин.

Мен бу жолу акыркы ирет жутамын,
Өрөөнүңдүн жыпар жытын аңкыган.
Шага сенин добушуңдун мукамын,
Кош айтышып жөнөп жатып калкыңан
Акыркы ирет жүрөк зырп деп угамын.

Айтчы кантип өзүм сени унутам,
Жер кыдырган тагдыр жүгүн көтөрдүм.
Бирок такыр сенсиз өтпөй минутам,
Сен жөнүндө какшап жүрүп өтөрмүн.
Анан айтчы сени кантип унутам?

Бактысыз деп сенден качмак эле ким?
Арнап сенин кейип калчу кезиңе,
Орус ырын таштайм сага – белегим,
Ырдап жатып алсаң мени эсиңе,
Ал ыр менен мен кайрылып келемин.
(Которгон С. Эралиев)

 

* * *

Ашыктын эки колу – аккуу канат,
Чөмүлөт чачтарымда алтын сары.
Ар кимге сүйүү ырын ырдоо адат,
Мейли алар кайталанса андан ары.

Ырдагам бир убакта мен алыста,
Азар да ырдап жүрөм өзүм аны.
Айрыкча жеңил экен дем алышка,
Айтканда болуп турса сөздүн даамы.

Сүйүүгө төксөң бардык сырларыңды,
Жүрөктү алтын кылып келер аның.
А бирок сенин ошол ырларыңды
Жылытпайт тийген күнү Тегерандын.

Шага деп зарлап жүрүп бүтсөм бекен,
Жеңдирип кумарыма түтөп турган?
Же ырдын жаңырышын күтсөм бекен,
Же кезби өмүр ансыз бүтө турган?

Жөнү бар бардыгынын, ыгы да бар,
Көз көрсө, кулак бербейт ырастыгын.
Персилер, боло туруп шыгыңар бар
Ырдабай койсоң жалган Шираздыгың.

Эмесе ырды, мени жашырбачы,
Түшүнтүп кишилерге да бир жагын:
Ар дайым назик жана жакшы ырдачу,
Түбүнө аккуу жетти дегин анын.
(Которгон С. Эралиев)

 

* * *

Аптыгып жүрөк какчыбы,
Алдандың, жетер мурдагың.
Кайырчы тилейт бактыны,
Урбаган жүрөк урбагын.
Алдандың, жетер мурдагың.

Ай турат саргыч нурларын
Акырын чачып талаага.
Чүмбөтчөн көрүп турганын
Умтулат жаным Лалага.
Акылсыз журөк урбагын.

Биз окшоп дайым балага
Ыйлай да күлө билебиз.
Келиптир биздин таалайга
Кубаныч, кайгы – бир эгиз.
Издебе жүрөк жан айла!

Көп көрдүм өзүм өлкөнү,
Бактыны издеп таппадым.
Азгырбайт эми көп мени,
Үмүттүн даамын татканым.
Акылсыз жүрөк какпагын.

Бул турмуш алдап бүтө элек,
Күч-кубат сенде күчөсүн.
Жүрөк сен укта эртерээк
Жазданып жардын мүчөсүн,
Бул турмуш алдап бүтө элек.

Бизди да балким эскерер
Тагдырлар оттой жагылып.
Сүйүү да анда сөз берер
Булбул ыр болуп жагынып.
Сокпо сен жүрөк жаңылып!
(Которгон С. Эралиев)

Соц тармактар:

Добавить комментарий