Ырчы Кундуз Таштаналиева: «Сайракан элем бир кезде»

d0bad183d0bdd0b4d183d0b7Өнөр угуту көкүрөктө көлкүлдөп кайнап турса муундан-муунга кан аркылуу ээ-жаа бербей тороп, анан урпактардын кай-бирөөсүнүн дилинен обон болуп төгүлүп, күү болуп куюлуп, ыр болуп сабалып уламадай уланып кете берет тура. Бүгүнкү мейманыбыз Кундуздун чоң атасы Жакып Таштаналиев зор талант көтөргөн инсан болуптур.

Жалал-Абаддагы филармонияда иштеп, обондору элге сиңип, чапкан комуздары илгиртпей ээсин тапчу тура. Залкар төкмө акындар Т.Абдиев, А.Айталиев, обончу К.Тагаев менен бирге жүрүп, туз даамдашып дегендей…

Булак
Балалыгым Таластын Манас районундагы Чоң-Капка айылында, өзүм теңдүү көпчүлүк балдардай эле жетиштүү турмушта өттү. Ата-энем жумушчу адамдар. Беш бир тууганбыз. Бабадан калган белекпи, үй-бүлөдө баарыбыз эле ырга ышкыбозбуз. Көчөт курагымда ичимдеги ойду сыртка чыгара албаган уялчаак, тартынчаак кыз экенмин. Дилимдеги эңсөөмдү сезгендей ата-энем ырдатып, комуз черттирип сүрөй берчү. Өзгөчө конок келгенде атам комуз чертип, мен аны коштоп ырдап жагымдуу маанай жаратчубуз. Жабык булактын көзүн ачкансып, мени эл алдына чыгарган — атам. «Күлүк менен ырчыга сүрөөн керек»-деген чын экен. Тар чөйрөнүн «бали» деген алкоосу менен тарткан батасы, көптөгөн кароо-сынактын эшигин кактырды. Жыйынтыгында өнөрпоздор өрчүгөн өрөөнгө кароо сынактан чогулган толтура диплом, мактоо баракчаларымды көтөрүп келип кошулгам.

Экинчи атамды таап…

Улуттук концерваториядан электен өтүп, эл ырчысы Эстебес Турсуналиевдин классында окуй турган болдум. Ал кишиге чакырыктар көп түшүп бирде Казакстанда болсо, башка күнү Өзбекстанга кетип, келгенинде филармониядан чыга албай колу бошочу эмес. Көптү үйрөнүп калсам болмок… Кийин өз каалоом менен Улукмырза Полотовдун классына келип, салттык музыкада, элдик ыкма менен ырдоо боюнча билим алдым. Бул адам көптөгөн таланттарды такшалтып, багыт берип, даңгыр жолго салбадыбы. Азыр шакирттери «Полотовдун окуучуларыбыз» деп сыймык менен айтабыз. Чыгармачылыктагы «атам» ушул киши. Жаштын тилегин Кудай берет дейбиз го, агайыма узун өмүр тилей берем.

«Камбаркандын» кадыры

Экинчи курста экенимде филармониянын алдындагы «Камбаркан» фольклордук-этнографиялык ансамбли кастинг жарыялап, жаш солист кыздарды издеп жатканын уктук. Сабаттуулукка, сапаттуулукка ык коюп, чыгармачылыктын ырахатын, түйшүгүн бирдей сезип калгам. Өзүмдү сынап көргүм келди. Көп ырчылар барып ырдадык.

Эртеси сабакка келсем Улукмырза агайым «сен өтүптүрсүң, барып иште» деп жакшы кабар айтты. Ишенип, ишенбей филармонияга келсем, айтылуу «Камбаркан» тобу чыны менен солисттике мени тандап алыптыр. Улуттун жүзү фольклордук музыканын төрөсү катары бааланган, бүтүндөй дүйнө жүзүн кыдырган, жалаң адис музыканттар эмгектенген топтун ырчысы болуу менин чоң жеңишип болду.

Муун муза

Эл ырчысы Эстебес атабыз дүйнө салганда ичим эңшерилип, жан дүйнөм боштукка толуп ээнсирей түшкөм. Ага удаа Ашыраалы, Тууганбай аталарыбыз өтүп кетишпедиби. Кайрандар… Чыгармачылыктагы таянар тооң урагансып, жетимсиреп калат экенсиң. Азыр Саламат эжени, Улукмырза агайымды, Нурак атаны өнөр жаймактарын караан тутам. Мезгил өтүп, кийинки муун балким бизге көз токтотуп, карманаар.

Ушул нерсе азыр, мойнумдагы парзымдай.

Азыркы студенттер Атай, Мусаны билишпейт

Улуттук концерваторияны аяктагандан кийин деле бул чөлкөмдөн кете албай койдум. Чыгармачылыктын башкы ордосу дилиме дилдеш, жүрөгүмө жүрөктөш болуп калыптыр. М.Бегалиев мырзага арыз менен кайрылып, мугалим болуу максатымды айтсам, жаш кадрлар керек экенин айтып кубаттап, «элди да, өзүңдү да уят кылба» деп жоопкерчилик да жүктөп ишеним артты. Студент экенимде эле устатым «У.Полотовго «жолуңузду жолдоп, мугалим болом» деп айта берчүмүн. Пенденин оозунда болсо, периштенин кулагында» дейбиз го. Ошентип эки кесипти аркалап ырчы да, ыр өнөрүн сүйгөндөргө устат да болуп эмгектенип жатам. Ырчылыктын түйшүгү өзүнчө сөз, мугалимдиктин түйшүгү ченемсиз экен.

Азыр студенттердин көбү кийинки муундун ырчылары менен чектелип, залкарлар Атай, Муса, Мыскалды дээрлик билишпейт. Аларсыз улуттук фольклор тузу кем тамак өңдүү. Биз кайрадан ошол улуулуктардын салган жолун көрсөтүп, улуттун өнөрлүү каймагы ушулар деп көзгө сайып окутабыз. Тез кабыл алганы, моюн толгоп көнбөгөнү бар…

Он мүнөткө жетпеген обон

Менден башка жүргөнү эле болбосо, комузумду денемдин аяр бир мүчөсүндөй эле сезем. Кубанганым же көңүлүм чөккөндө сырдашым, муңдашым ушул аспап. Кээде сезимимди сапырып, дилиме кыска кайрыктар түшө калат. Андайда атайын отуруп, алган билимим менен аялуу ыргактарды жуурулуштуруп, изденип толук кандуу чыгармага айлантканга аракет кылам. Кээ бир обондор он мүнөткө жетпеген убакытта эле даяр болуп жарыкка келет. Өздүк обондорумдан бир-экөөсүн «Камбарканга» салып элге сунсамбы деп ойлоп жүрөм.

Ушакка баш оорутпайм

Атам кичинеңде «маңыз» болчусуң деп күлүп калат. Ал тургай «Сайракан» деген каймана атка да ээ болгон экенмин. Азыр негедир көп сүйлөбөйм. Дос, жоро күтүп өтө шаңданып кетпейм. Ушак сүйлөп, сөз ташып, бут тосуу, куулук, шумдук жөнүндө айтып баш ооруткум келбейт. Кээде чарчаганда жаратылышка ыктайым, болбосо тынч уйку, же классикалык музыкалар менен кайрадан калыпка келтирет. Өнөр адамдары жакшылыктын жарчысы. Эл бизди тойго, майрамга чакырат. Урматына ызаат менен жооп кылып, сураган ырын ырдап берүү биздин милдет. Талант, үн, тембр болсо «жакшы ат камчы салдырбайт» дегендей ырдоо шарт да.

Кээде теле, радиолордон кунарсыз сөздөргө сабатсыз коштолгон обондорду угуп сүйлөнүп калмайым бар. Бирок сөз менен эмес, иш менен көргөзүү керек го. Эстрададабы же фольклордобу элдин табитин бузбай ырдоо чоң максатым. Аялзатына ырчылык өнөрдүн конушу опурталдуу. Жеке өзүм ырчылыктан көп нерсе таптым. Элден алган бата эле канча?…

Ыр дилиңди тазартат экен. Бала кездегидей жеңил-желпи нерселерге таң кала берген учурлар калып, салмак күттүм окшойт. Өнөр көтөргөн адамга сын аба менен суудай эле керек экен. «Кундуз, бир аз сузсуң» деп айтып калышат.

Эл айткан ар бир сөздө чындык бар.

Аял эри менен аял

Иштейм, ырдайм дегенибиз менен, аялзатынын негизги бактысы үй-бүлө куруу, перзент күтүү да. Жыл жаңыраар алдында Таласка келин болдум. Кайын журтум түшүнүктүү адамдар экен. Апам (кайын эне) акыл насаатын айтып, «сени менен сыймыктанам»-деди. Жолдошумдун аты Аязбек. Чыгармачыл чөйрөдөн эмес. Мени толук колдоп, ырда, өз теңдүүлөрүңдөн калба деп турат.

Лира Азат, «Жаңырык Апта» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий