Бектуруш Салгамани

2005-жылдын 6-декабры

Жыл айланды, кайрадан
кантем сени таппасам?!
Көрүстөндө толдуң-ов
19га, жан балам!

Өчүп калган чырагым,
өңүн көрбөс ыраагым,
өз жанымды берсем дейм, —
өх, кантем, жок ылаажым!?.

… Калсаң кокус чыр кылып,
койгом уруп, кыйкырып.
Колумду азыр салгым бар,
кырча-кырча сындырып.

Кээде билбей, билипби,
келтирчүсүң жинимди…
Салгым келет чайнап жеп,
сага тийген тилимди.

Аңсап күлгүн чагыңды
алууда муң алымды.
Азыр ичип өлгүм бар,
аккан ачуу жашымды…

… Бир жыл өттү кайрадан,
Боздойм сен деп ар качан.
Толдуң бүгүн мүрзөдө
19га, жан балам!..

Таяк

— Жыл бою не келбедим? — деп кадалып,
карайм көздөн жаш, жүрөктөн кан агып.
Былтыр эле өзү басчу шартылдап
калган экен апам таяк таянып.

Көзү — нурсуз, карай берчү жолума,
бели ийилип, чөгө түшкөн бою да.
Басса-турса — таяк өбөк жөлөгү, —
минтерлиги келбептир эч оюма.

— Мени тарап, жууп чоңойткон адамга
ушул жарым кулач келген таякча
өбөк, жөлөк болалбаймбы?! — деп сыздап,
өзүмдү өзүм турам сөгүп, аяп да…

Соц тармактар:

Добавить комментарий