Каныкей Раймалиева, Филармониянын алдындагы «Миң кыял» оркестринин ырчысы: «Чоң атамды өрттөшкөн эмес»

d0bad0b0d0bdd18bd0bad0b5d0b9Айтылуу Раймалы ырчынын кандайча небереси болосуз?
— Көп учурда элдер кызыгып сурап калышат. «Силер небере-чөбөрөлөрүнөн болосуңарбы» -деп. Өзүмдүн эле атамдын атасы болот. Кинодо бай-манаптын заманында Бегимай экөөнү өрттөп жиберет эмеспи. Чынында, чоң атам 1921-жылы төрөлүп, 1990-жылы 70 жаш курагында каза болгон. Ал киши кинодогу каармандагыдай эле өнөр адамы эле. Жаш кезинде айтыштарга чыгып, эл алдында ырдап, өзү ыр жазып, обон чыгарчу экен. Бирок, анын чыгармачылыгы радио-теледен берилбегендиктен телевидениенин алтын казынасына жазылбай калган. Өнөрү эл оозунда гана аңыз кеп болуп айтылып кала берген.

Раймалы чоң атамдан эки эркек төрөлүп, кичүү уулу Анаркандан жети бир тууганбыз. Чоң атабыздын канынанбы айтор, баарыбыз үй-бүлөбүз менен музыкага өтө жакынбыз. Бир туугандарымдан үчөөбүз Консерваторияны бүтүрүп учурда иштеп жатабыз. Менден кийинки сиңдим «Камбаркан» ансамблинде комузчу.

Сиздин чоң атаңыз кандайча жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын башкы карманы болуп калган?
— Ал киши мал догдур болчу. Чыңгыз Айтматов Жамбылдан Айыл-чарба техникумун бүтүп келгенде чоң атамдын колуна практикага барган экен. Кийин, чоң атамдын өз оозунан уккан окуяны «Кылым карытар бир күн» чыгармасына колдонуп, сүйүүнү даңазалаш үчүн чыгармасынын аягын көркөмдөп, Бегимай экөөнү өрттөтүп бүтүрүп койгон экен. Эл ичинде аңыз кеп болуп айтылып, киного чейин тартылып калганына караганда жок жерден болгон эмес чыгаар. Илгери эл чогулуп көңүл ачкан кечелерди «жоро»- деп коюшчу эмес беле. Ошондой жородо чоң атам, Бегимай менен сүйүү ырын катыра ырдаган экен. Көргөн-билгендердин айтымында сүйүү отуна да чалдыккан имиш. Бирок, өрттөп өлтүрүшкөн эмес.

Сиздин репертуарыңыз фольклордук ырлар менен гана чектелип калбаса керек?
— Замандын талабына жараша эстраданы да алып жүрүүгө туура келет. Ал эми улуу муундагы адамдарга фольклордук ансамблдин, комуздун, оркестрдин коштоосунда ырдаган ырлар жагат эмеспи. Ошондуктан оркестр менен ырдап жүрөм.

Чыгармачылыкка баш-отуңуз менен аралашкан соң, анын түйшүгүнөн тажап, кесибиңизге нааразы болгон учурларыңыз болду беле?
— Албетте, чыгармачылыктын түйшүгү абдан оор, андыктан сүйгөн кесибиңде чыдап иштесең гана жемишин көрөсүң. Концерттерге чыгып ырдаганда күйөрмандарыбыз кол чаап, жакшы тилектерин айтып кубаттап койсо, бизге кадимкидей дем- күч болуп эртеңки күндүн ийгилигине үмүт арттырат. Ошентип, илгери үмүт менен иштеп келебиз.

Башка ырчылардай эле сиз дагы той-топурга ырдап каласызбы?
— Филармониядан тышкары ар кандай кечелерге чакыруулар болуп калат. Андай учурда, өзүмдүн бааларымды айтып бара берем.

Алгачкы тушоо кесүү концертиңизге даярдыктар кандай?
— Күйөрмандарымды, көрүүчүлөрүмдү кайдыгер калтырбайын деп болгон аракетимди жумшап алгачкы концертиме даярданып чуркап жүргөн кезим. Концерт берген тамаша эмес экен. Анын да өзүнчө түмөн түйшүгү бар тура. Буйруса, билеттеримдин көпчүлүгү сатылып калды. Ошентсе да, жакындаган сайын бирде толкунданып, бирде коркуп турам.

Репертуарыңда кандай ырлар бар?
— Көбүнчө элдик ырларды, Андан тышкары обончу Эсенбек Мааданбековдун «Табар белем таң чолпонум», Камчыбек Букалаев «Алча гүлү»- деген ырга жаңы обон жазган, Качкын Абдыкадыровдун «Энелер»- деген ыры бар. Темир Алымкуловдун «Ата-эне»-деген ырына менин мурда жазып койгон обонум туура келип калды. Ошол ырды да ата-энеме арнап концертимде ырдап коеюн деп жатам.

Эмне себептен жаз айын тандадыңыз?
— Чынын айтсам, мезгилге деле караган эмесмин. Филармонияда эмгектенгениме 10 жылдын жүзү болоюн деп калды. Көптөн бери концерт коем деп ниеттенип жүргөм. Көрсө, буйруган мезгилде убакыт-сааты чыгат турбайбы. Буйруса, 28-апрелде филармониянын чоң залында алгачкы жеке концертим өткөнү турат.

Өзүңүздү бул дүйнөдө кандай аялдардын катарына кошосуз?
— Мен өзүмдү бактылуумун деп айта алам. Себеби, кичинемден дегдеп жүргөн ырчылык кесипке ээ болдум. Алпештеп өстүргөн ата-энем, бир туугандарым аман-эсен маңдайымда.

Маектешкен Гүлниза Молдокулова,
«Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий