Түгөлбай Казаков: «Кыргызстанда канча улут жашаса, ошолордун эң жаман жашаганы кыргыздар»

d182d183d0b3d0bed0bbd0b1d0b0d0b9«Улуттук маданиятты көп ойлойм»
Биз кыргыз маданиятынын ичинен салтуу маданиятка өзгөчө көңүл бөлүшүбүз керек. Буга комузчулар, манасчылар, дастан айткандар, обончулар, элдик ырларды аткаргандар кирет. Улуттук маданияттын дагы бир чоң өкүлү — төкмө акындар. Төкмө акындыктын жеткен жери манасчылык деп айтып коюшат. Бирок, бул төкмөлүк өзү абдан уникалдуу өнөр. Мисалы, дүйнөдө канча миллиард эл бар? Ошончо элдин ичинен төкмөлүктү, манасчылыкты, күү чыгарган өнөрдү кыргыз элине берип койгонун карабайсызбы. Мына ушу үч өнөр эмне үчүн башка элге берилген жок? Башкалар аспаптык чыгарманы, симфонияны жазып жатышат. Бирок, бул үч өнөр таптакыр башка. Пушкинди бүт дүйнөгө дүңгүрөтүп айтып жатышат, бирок Пушкин Осмонкулдай төгө алган эмес да. Алар ойлонуп олтуруп жазган акындар. Күндөп — түндөп, улам чиймелеп олтуруп, жакшы ыр жазса болот. Ал эми турган жеринен төгүп, жакшы ырдаш деген бир гана кыргыздардын колунан келген өнөр. Болгондо да бир кезде кыргызга өтө таланттуу адамдардын бир турнадай болгон тобун берген экен. Мансчылардан Сагынбай, Саякбай, Молдобасандар ага чейинки Келдибек, Тыныбек, Балыкооз, булардын баары керемет Манасчылар болгон. Аларга катар Токтогул, Жеңижок, Эшмамбет, Калык, Осмонкул, Алымкул акындар булар бир укмуш адамдар болушкан да. Ал эми комузчулар Ниязалы, Мураталыдан баштап, Карамолдо, Ыбрай. Бул адамдарга чейин кыргыздын күүлөрү аз эле болгон . Алар жараткандай залкар күүлөр мурда болгон эмес. Ал эми ырчы, обончулар Атай, Муса, Эгинчиев, Боогачы, Калмурат, Сыртбай, Абдыкалый Темировдор — булар укмуш бир мектеп ачышты. Болгондо да бири бирине окшобогон, нукура кыргыздын колорити уюп турган обондорду чыгарышты. Куудулдардан Куйручук, Шаршендер эмне деген таланттар. Шаршен өзү сахнада деле эмес, турмушунда да куудул адам болгон экен. Дегеле кудай кыргыздарга укмуш адамдарды берген. Мисалы, Кожомкул балбан сексен жыл кийин жаралса, азыр ал дүйнөлүк спорттун көбүн жапмак. Штангасын да көтөрмөк, күрөшүн да талкаламак. Эрежесиз урушта дагы далайынын буту-колун жулмак. Айтор ал киши дүйнөнү дүңгүрөтмөк, эрте кетип калды. Ырчылардан Мыскал Өмүрканованын үнү эмне деген керемет үн. Азыр бизде андай керемет үн жок да. Бул адамдардын баарын бир учурда берген экен. Кээде: «бул таланттарды кыргыздарга эмне үчүн берген»- деп ойлоном. «Кыргыздарды дүйнөгө дүңгүрөтсүн»- деп бердиби? Дегеле кыргыздар мындай алп таланттарды «баалай алабы, көтөрө алабы»- деп бердиби деп да ойлоном. Биз ошолордун баркына жеттикпи, жетпедикпи бул өзүнчө чоң суроо. Казактарда да төкмөлүк өнөр бар деп эсептелет. Бирок алардын акындары, биздин акындардай төгө албайт. Алар жамактап гана ырдашат.

Эми азыр мындай таланттардын деңгээли акырындап төмөндөп бара жатат. Төкмөлүк өнөр дагы жамакчылык деңгээлге түшүп келатат. Манасчылар дагы Саякбайдын деңгээлиндей эмес, булар дагы төмөн түшүп баратат. Обончулар дагы уламдан улам майдаланып калышты. Ал эми күүчүлөр дээрлик жок болуп эле калбадыбы. Кыргызга канча түрлүү өнөр берген, анын кандай залкар өкүлдөрүн берген. Бирок, ал өнөрлөрдүн бүгүнкү күндө ошол деңгээлдей көтөрүп кете ала турган өкүлдөрүн берген эмес. Мен ушуга таң калам. Эмне үчүн азыркы таланттар алардын деңгээлиндей болбой, майдаланып кетишти. Илгерки кыргыздар деле көпчүлүгү көр оокаты ойлоп жашашкан. Бирок, алардын көкүрөгүндө көчмөндөрдүн улуу духу, кыргыздын эң бийик дөөлөтү- Манас жашаган. Биз бала кезде, чоң кишилер Мансты окуп берип, көкүрөгүбүзгө уютчу. Азыркы балдарга Манасты окуп берсең угабы? Азыр балдарыбыз Гарри Потерди көрөт, эстрадалык ырларды угат. Азыркылардын көргөн-билгени ушул болду. Ушундан улам маданиятыбыз каякка баратат деген суроо жаралат.

«Биз руханий дөөлөттү сакташыбыз керек»
Азыркы таланттарыбыздын батыш элдеринин маданиятына ооп баратканынын эки себеби бар. Биринчиси, Америкадагы ЦРУнун жетекчиси Даллес деген адам 1946-жылы эле минтип жазган: «СССРди кулатыш үчүн, ал империянын (курамында жашаган улуттардын баардыгынын) руханий дөөлөттөрүн алмаштырышыбыз керек. Аны алмаштырмайын, ал улуттар эч кимге багынбайт.» Руханий дөөлөтөрдү алмаштыруу деген эмне? Өзүңдүн тарыхыңды жок кылышың керек. Адамды улуттук маданиятынан алыстатып, анын ордуна массалык маданиятты киргизиш керек. Массалык маданиятка башы айланган кишинин, тарых менен да, улут менен да иши болбойт. Ал адам ким келип акча төлөсө, ошонун кулу болуп жүрө берет. Дүйнөдөгү алсыз улуттарды, күчтүү улуттар өздөрүнө акырындык менен кул кылыш үчүн, биринчи кезекте массалык маданиятты киргизүү планы иштелип чыккан. Экинчи себеби, кайсы эл болбосун дүйнөдө жаңы пайда болгон нерсени сөзсүз туурайт. Мисалы, бизге эстрада 50-жылдардын аягында келген. Биздин эл муну көпкө чейин кабыл алышкан эмес. Себеби, мурда элибиздин көрөңгөлүк наркы, руху күчтүү болчу да. Анан муундан-муун алмашып олтуруп, бул жанр өз калыбына түштү. Бул жанр киргенден кийин, жогоруда айткан Даллестин программасы ишке ашып кетти. Бирок, бүгүнкү күндө Мусанын «Сагынамын», же Эгинчиевдин «Гүлгүн жашын» ырдап чыгышкан Ома, Ислам аттуу жигиттерибиз элдин бир кездеги сүйгөн атактуу чыгармаларына кайрылып жатышат. Эгер мындан ары да, жаш ырчыларыбыз салттуу маданиятка кайрылып, аларды кайрадан көтөрүшсө, бул жакшы көрүнүш, жакшы бурулуш болот эле. Биз азыр ошондой максатта, «Эсимде» деген бир конкурс уюштуралы дегенбиз. Бирок, бул максатыбыз каражат маселесине байланыштуу иш жүзүнө ашпай турат. Бул кадамыбыз ишке ашса, чоң бурулуш болот эле. Жаш ырчыларыбыздын ар биринин аткаруусуунда, 10,15 тен элдик ырлар орун алса, анда ал ырчынын көкүрөгү башкача болуп калат. Уккан кишилер да бурула баштайт. Мисалы, «Ялла» эмне үчүн ушу күнгө чейин өлбөй жашап келет? Себеби, алар Өзбек улутунун накта улуттук колоритин жоготкон жок. Ошон үчүн улуттук көрөңгө болмоюнча, кайсы маданияттын тармагы болбосун, ал алыс кете албайт. Улуу жазуучубуз Ч. Айтматовдун «Өз элиңдин маданиятын көтөрүш үчүн, дүйнөлүк маданият менен таанышышың керек»- деп айтканы эң туура. Улут маданиятынан алыстап, руханий дөөлөтүн жоготкон адамга миллиард сом берсең да, андан эч нерсе чыкпайт. Ал ошол тескери багытын каржылап баштайт. Эң өкүнүчтүүсү, бул маданият тармагы эч качан приоритетүү тармак болгон эмес да. Башка «керектүү» тармактардан акча артып калса, берип, артпай калса, бербей койгон тармак ушул бойдон келатат. Финансистердин түшүнүгү да ошол бойдон. Ушу себептүү бул тармактын шыр бутуна туруп, чоң бурулуш жасап кетиши кыйын.

«Мурунку ырчылар периште болуп көрүнүп калат»
Коомдо дайыма мыйзам ченемдүү бир көрүнүш бар. Биз обон чыгарып жатканда, улуу муундар «силер Муса, Атайлардын жолун жолдобой, орусташтырып, чыгышташтырып, кыргыз обонун бузуп жатасыңар, кыргызча обон жаратпайсыңарбы»- деп айтышкан. Бизден кийинкилер обон чыгарышканда, аларды да урушуп жүрүштү. Чубактар обон чыгара баштаганда, аларды дагы «буларың таза эле бузуп жатышат» — деп урушушкан. Андан кийинкилер чыкканда Чубактар «периште» болуп көрүнүп калбадыбы. Дайыма кийинки муун улуу муундун баркын көтөрөт. Бек менен Сыймык жаңыдан чыкканда, аларды дагы «буларың таза эле тескери ырдап жатышат «- деп айтышкан. Мен ошондо айткам: «булардан кийинки ырчылар чыкканда, булар көзүңөргө периште болуп көрүнүп калат»- деп. Азыр күлүп жүрүшпөйбү ошону эстешип.

«Мен жазуучу болом деп ойлогом»
Ар бир чыгармачыл адам, өзүнүн чыгармачылык деңгээлине сын көз караш менен караш керек. Жараткан чыгармаң жакшы болушу керек, жакшы болбосо токтотуш керек. Мен өзүм эптеп-септеп бирдемени жаза бергенди жактырбайм. Чыгармада ийгилик жаратуу деле, спортто ийгилик жаратууга окшош. Мисалы, спортто бир кезде эки метрден ашык секирсең, кийин бир жарым метр секирип калганда да, болбой эле кайра секире берсең эл деле айтат да «бу кетпейби»-деп. Мурдакыдан ашык секирип жатсаң, анда секире берсең болот. Спортто бир жакшы эреже бар, «Бир мүнөт кеч кеткенче, бир жыл эрте кетиш керек»-деген. Ошондо көрүүчүлөрдүн да табитин бузбай, сага болгон сый мамилесин сактап кала аласың. Башка муун келет. Аларга дагы орун бергенди билиш керек. Мен 1989-жылы сахнага чыгып ырдаганды токтотком. Ал эми чыгармачылыкты 1991-жылы «Акыркы ыр» деген чыгарманы жазгандан кийин токтоттум. Андан кийин обон деле жараткан жокмун. Азыр эми бир аз эскерүүлөрдү жазып жүрөм. Негизи мен эмгек жолумду ырчылык эмес, журналистика да баштагам. Жазуучу болом деп ойлогом. Анан тагдыр алып келип музыкант кылып салбадыбы. Анан ошо кичинекейимде «уктап» кеткен «итим» азыр кайра ойгонуп жатпайбы. Ушул жаатта эмгектенип көрөйүн деп жүрөм. Ал эми музыка негизи жаштыкты жактырган нерсе. Таза жан дүйнөң, таза сезимдерден жакшы кайрыктар чыгат. Жаш өткөндөн кийин, адамдын ички сезимдери, дүйнөнү кабылдоосу анча жарабай калат. Ички дүйнө назик болуш керек. Адам баласы 40 -50гө чыкканча көп эле кирдейт да. Жан дүйнөсү кирдейт, көңүлү кирдейт. Ошонун баары эле адамдын музыкага болгон өтө назик, өтө үлбүрөгөн сезимдерин өлтүрүп жүрүп олтурат экен. Ал эми жазуучулук такыр башка. Жазуучуга жаш өткөн сайын акыл кошулат, сөз байлыгы көбөйөт дегендей.
Бир өкүнүчүм бар. Мен бир кезде кайсы темага обон жазам десем, жазып турганган учурум болду да. Ошондо мен жалкоолук кылып, иштеген жокмун. Ошо кезде «башым менен жер казып» пайдаланып калганымда, бир топ чыгарма жаратмак экенмин. Мага илхом келип, мени кыйнамайынча жазбай жүрө берет элем. Көп изденген жокмун. Негизи менин чыгарма жаратмагым да тозок болчу. Бир кайрык, эки кайрык болуп бышып жетилгенче, далайга чейин ичимде «жанчылып» жүрө берчү. Ошондой кыйналуулардан кийин «тууттан кийинки койдой» шалдырап, жазгым келбей калбадыбы. Айтор, меники кыйын эле болчу.

«Бизде улуттук саясат такыр жок»
Бизде азыр канча секта жүрөт. Бул секталардын көбү башка мамлекеттерден куулуп чыккан. Бизге келип, оңой эле каттоодон өтүп алышты дагы, биздин элдин башын айлантып жүрүшөт. Буларды ээрчиген кыргыздар жерге коюлганда, чатак башталат. Башка диндегилер бир жайга жатышпайт. Өкмөт мындай секталардын бардыгын кайра каттоодон өткөрүшү керек. Керек болсо андайларды биздин өлкөгө киргизиш керек эмес. Себеби, алар жөн жеринен куулуп чыгышкан эмес да, алардын азабынан далай адамдырдын өмүрү талкаланды. Батыштын чоң программасынын бир бөлүгү ушулар. Бир жагынан массалык маданият менен, экинчи жагы ушу диний ишеним менен адамдын акыл-эсин «союп» жатышат. Ал эми кыргызды эки, үч эле багытта алсаң болду. Калганы өзү эле олтуруп берет. Биз ушуну көрүп, түшүнүп туруп, жол берип карап турабыз. Буга чара колдонбосок болбойт. Деги эле бизде улуттук саясат деген такыр жок да. Улуттук саясат сөзсүз болушу керек. Мисалы, бир жакшы орун бошосо, бир кытай келип эки миң доллар берсе кыргыз жетекчи ошону коюп коёт. Анын пропискасын да сурабайт. «Жок ушунун ордуна бир тыйыны жок болсо да кыргызды алайын, иштеп бутуна турсун»- дебейт да. Ошол эле учурда эр болсоң, Пекинде эки миң доллар берип жумушка орношуп көрчү. Бул максатың ишке ашпайт. Себеби, аларда улуттук саясат иштейт. Улуттук саясатты жүргүзүүдөн коркпош керек. «Улутчул» болуп жатышат деген болбогон кеп. Биз азыр канча айткан менен улутчул боло албайбыз. Болсок шовинист болобуз. Кыргызстанда канча улут жашаса, ошонун эң жаман жашаганы кыргыздар. Өзбекстанда начар жашагандар өзбектерби? Андай эмес. Казакстанда эң жаман жашагандар казактарбы? Андай эмес да. Кыргызстанда эле жакыр, томаяктар көп. Себеби, биз ушу күнгө чейин улут болуп уюуй элекпиз. Ошон үчүн улуттук саясатыбыз жок. Окубай калган, талаалап калган балдар, эртеңки кыргыз улутунун өкүлдөрү да. Чет жерден келип, ишкана ачып, соода кылгандарга жардам берип жүрүп, жашоосу бүтөт да. Ушинтип жүрсө, эмнеси кыргыз болот? Ошентип кул болуп бүткөн элдин эмнеси Кыргызстан болот? А, биздеги бир, эки пайыз байлар кыргыз улутун кармап калат бекен? Алар кармамак турсун, жанына күч келсе, башка өлкөлөргө көчүп кетет. Азыр, кыз-келиндерибиз кытайларга көп турмушка чыгып жатышат. Кытайдан төрөлгөн бала кыргыз болмок беле? Эч качан кыргыз болбойт. Еврейлер айтып жүрүшпөйбү: «еврей аялдан төрөлгөндөр еврей болушат, атасы ким экени маанилүү эмес» — деп. Ошол еврей аял дагы кытайдан еврей төрөй албайт. Муну кытайга кетип жаткан кыргыз кыздарыбыз ойлонушу керек. Кытайдан төрөлгөн бала бир пайыз дагы кыргыз болуп чыкпайт. Бул нечен кылымдардан бери аныкталып келаткан аксиома. Биздин эл башка элдердин түшүнүгүндө, өзүн өзүн коргой албаган, алсыз улут катары бааланып калды. Чынында эле ошондой болуп жатат да. Ошон үчүн кыргыздар өзүн өзүн көтөрбөсө, ким көтөрөт? Азыр бизге аянттагы төңкөрүштөн мурун, жан дүйнөдөгү төңкөрүш керек.

Айбек Шамшыкеев, «Ачык саясат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий