Живопись сүрөтчүсү Сүйүтбек ТӨРӨБЕКОВ: «Кризис сүрөтчүнү да кекиртектен алды»

Сүйүтбек ТӨРӨБЕКОВ портрет жанры унутта калып баратканына кейип, улуу залкарлардын портретин живопис жанрында калтырууну максат кылат. Германия, Франция, Швейцария, Москва, Түркия, Италияда көргөзмөлөрүн уюштурган. «Көңүл келгенде пейзаж, натюрморт жанрына кайрылам» деп таланттуу сүрөтчү биз менен сыр бөлүштү.

— Сиз кайрылган тема…
— Негизги сүйүп иштегеним, акыркы кезде унутта калган портрет жанры. Көпчүлүгү коммерциялык жагдай менен сатыкка ылайыкталган сүрөттөр. Ошондуктан бизде чыныгы көргөзмөдө калчу сүрөттөр жок калышы мүмкүн. Залкар адамдарыбыздын элесин живопистик жанрда калтырууну максат кылам. Азыр колдон келишинче улуу залкарлардын портретин тартуунун аракетиндемин.

— Чыгармачылыгыңызга төрт мезгилдин тийгизген таасири кандай?
— Ар бир мезгилдин өз убактысы менен илхам келет. Төрт мезгил тең бирдей, бири-биринен бөлүп карабайм. Жаздын өзүнчө, күздүн өзүнчө өзгөчөлүгү бар. Сүрөтчүлүк көз-карашта ар бир мезгилдин кереметин туура пайдалануу абзел. Бирок, ойлонсом кыш мезгилинде сүрөттөрүм аз болот. Кышкысын суук болгондуктанбы, чеберканамдан чыкпай отура берем. Жайында материал топтоп ар тарапка кетебиз.

— Сүрөтчүлөр апталап-айлап жоголушат эмеспи, сиз канча убакыт материал топтойсуз?
— Кырдаалга жараша. Кээде бир жума, он күнгө созулат. Эң узагы, бир-эки айда бүтүрчү материалдар болуп калат. Кесиптештерим менен кыргыз жергесин кыдырганыбызда, сүрөтчүлүктүн кереметин сезгенбиз. Кийин Бишкекке келип көргөзмө ачтык.

— Кыл калемдик кесипти аркалаганыңыз кимдин таасиринен? Мүмкүн тукум-куучулуктур…
— Өзүмдүн талантым, аракетимен болсо керек. Мектепте окуп жүргөндө Андрей Запарович аттуу мугалимимдин таасири чоң. «Өнөрүн сүйө билген, өзүнө түйшүк үйө билет» деп, мектептеги курагымда эле түйшүктөнүп сүрөт тартканымды агайым байкаса керек. Ошол агай «сенден чоң сүрөтчү чыгат» деп, көп жардам берген. Сүрөтчүлүккө кадам койгонум ошол кишинин таасири деп эсептейм.

— Сүрөт академиясында сабак бересиз, колго карманаарлык жаштар барбы?
— Таланттуулар бар, буюрса кол уучубуз куру эмес. Окуучулардын барысы сүрөтчү дебейм. Бирок, көпчүлүгүндө чыныгы таланттарды кездештиребиз. Эмгектенип, жалкоолонбой иштесе, таланттуу сүрөтчүлөр чыгат. Азыркы жаштар сүрөтчүлүк талантын туура пайдаланбаса, сүрөткө болгон идеялары, ой жүгүртүүлөрү жоголуп кетиши мүмкүн.

— Сүрөттөрүңүздү атайын сактоочу жайыңыз барбы?
— Сүрөттөрүмдүн негизгилери чеберканада. Көпчүлүгүн көргөзмөдө чет өлкө жарандары, музейлер сатып алган учурлар болот. Тилекке каршы, азыр мамлекеттик музейди өкмөт каржылап, материалдык каражат бөлүнбөгөндүктөн көп сатып албай калышты. Биздин сүрөттөрдүн көпчүлүгүн чет элдиктер алышат.

— Кризистин кедергеси сиздерге кандай тийүүдө?
— Быйыл чет мамлекеттен киши келбей, кризистин таасири абдан тийди, негизги алуучулар чет элдиктер эле. Биздикилер сатып алып, чет элдиктерге белекке беришет, же бизден сатып алып кайра чет өлкөгө сатышат. Мамлекеттүүлүктү алгандан кийин биздин искусствону бир топ эл таанып, бир аз жакшыра баштаганбыз. Азыр кайрадан активтүүлүк жоголуп, сүрөткө көңүл бурбай калышты.

Венера НАРКЕЕВА, «Айат» («Кыргыз гезиттер айылы»), 23.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий