Чыңгыздын Раймаалысы Бегимайдан улуу эмес, кичүү болгонбу?

Чыңгыз Айтматовдун кадимки казак кызы — Бегимайга ашык болгон Раймаалысы 1921-жылы Талас облусунун Кара-Буура районуна караштуу Суулуу-Маймак айылында жарык дүйнөгө келип, жалгандан жакынкы эле 1990-жылы кеткен. А бирок ал арзыган казак кызынын чыныгы аты Бегимай эмес — Шолпан (Чолпон) болгон көрүнөт.

Раймаалы атанын кара чечекей, болгондо да ата өнөрүн аркалап, комузда кол ойнотуп ырдап, өзү да жагымдуу обон-күүлөрдү жаратып жүргөн небереси — Каныкей Раймалиевадан Раймаалы ата менен казак кызынын ырын эшитип отуруп, мен: «Раймаалы Бегимайдан улуу болгон» деген түшүнүккө карама-каршы: «Тескерисинче Бегимай Раймаалыдан улуу болгон окшойт,» — деген ойго келдим. Анткени, Раймаалы казак жаштарынын арасында ырдап отурса жанына кайын сиңди ээрчиткен жубан келип, айылдыктардын салты боюнча ырчыга ыр менен учурашып, анын ата-тегин, жерин сурап:

«Жашыбыз он жаш экен өйдө-төмөн,
Болбосо алар элем өзүм сүйүп…» — деп ырдап жатпайбы.

Раймаалы болсо:

«Менин жашым мына келди он сегизге,
Болсо дейм ушул ойлор дайым сизде…» — деп, анан:

«Он жаштын улуу-кичүү арасы не,
Барууга Ала-Тоого барбы көңүлүң?» — дейт. Эгерде Раймаалы ошондо он сегизде болсо, он жаш кичүү кыз бар болгону сегиз жашта болмок. Бул курактагы кыздын ашыктык отуна күйүп ырдаганын элестетүү мүмкүн да эмес.

Эмесе, кеп кезеги менен болсун.

Атам өлсө да, атамды көргөн өлбөсүн» дегендей, эл ичинде аңыз болуп айтылып калган айтылуу адамдарыбыздын көзү өтсө да, артында минтип атагын өчүрбөй алып жүрөр, айтып жүрөр уул-кыздарынын болгону кандай жакшы.

Каныкей Раймалиева өзү жети бир тууган. Бардыгы көркөм өнөрдүн ээлери. Чоң атасы Раймаалы алыскы аренага чыкпаганы менен өз айылында, ага канатташ аймактарда аттын кашкасындай таанымал комузчу, төкмө акын болгон экен. «90-жылы 70 жаш курагында өмүрдөн өттү, ошого чейин эле атам колунан комузун таштаган жок. Биз болсок аны муюп отуруп угат элек. Комузду да ошол чоң атабыздан үйрөнгөнбүз. Өз атабыз Анаркан менен апабыз Базаркүл да жакшы ырдайт. Азыр кыздардан үчөөбүз филармонияда иштеп жүрөбүз,» — деген Каныкей Раймалиева мектептин 8-классынан тартып эле чыгармачылык менен алектенип, изденип келет. Башкача айтканда борборго келип, адегенде музыкалык колледжден окуп, андан кийин консерваториядан билим алып, фольклордук ырларды ырдоо боюнча Улукмырза Полотовдон окуган. Учурда Кыргыз улуттук филармониясында жана Бишкек шаардык мэриясына караштуу маданий башкармалыгынын «Доор» фольклордук ансамблинде солистка, «Ак марал» бий оркестринде комузчу болуп иштеп, көкүрөгүндө көрөңгөлөгөн көркөм өнөрү менен көрүүчүлөрдүн көңүлүнө көктөмдөй жагымдуулук жаратып, ошого удаа эле изденүүнүн үстүндө.

Азыркы ырчылар бир эле ыр менен чыгып, «отчёттук» концертин тартуулап жатышпайбы. А сен ушунча жылдардан бери окуп да, иштеп да жүрүп, бир да жолу жеке концерт бере элексиңби? — деген сурообузга атанын кызы:

— Мен өзүмө талапты өтө катуу койгонумдан ошондой го… — деди. — Качан гана өзүм-өзүмө жагып, өзүмө-өзүм ишенгенден кийин гана концертимди берем деп ойлойм.

А өзүңө-өзүң качан, кандай учурда жагышың мүмкүн?

— Муну күйөрмандарым чечет. Мен жеке концерт бербесем да ишим ошол болгон соң, эл алдына чыгып, ырдап жүрбөймүнбү. Андыктан, өзүмө бааны элдин кабыл алуусу, элдин баасы аркылуу берем.

Анан?

— (Күлүп) Азыр Кудайга шүгүр, жеке ырдап берүүмдү сурап аш-тойго сурангандар, концертке чакыргандар көп… Илгери элдик ырчыларды ошол элдик сахналарда сынашчу эмес беле.

Айтылуу Раймаалы ата деле элдик сахна аркылуу ары жагы казакка, бери жагы кыргызга айтылып, ак жамгырдай төгүлгөн ыры, арзуусу менен айтылып калганын эле айталы

— Аныңыз ырас.

Деги эле чоң атаң менен Бегимайдын арзуусу жашоодо болгонбу? Чындыгында эле Раймаалы чоң атаң — Чыңгыз агайдын Раймаалысыбы?

— Чоң атамдын өз кесиби — ветеринар-фельдшер болгон. Атам колхоздо иштеп жүргөн кезинде Чыңгыз Айтматов да зоотехник катары айылга барып калчу дейт. Чоң атам өмүрү өткөнчө эле комузда кол ойнотуп, ырдап жүрчү. Өзүнүн башынан өткөргөн аруу махабатын ырдачу. Шолпан кыздын (Бегимайдын) керемет сулуулугун, добушунун домбуранын кылындай назик, уккулуктуулугун айтып, экөөнүн таң атыра айтышып ырдаганын айта да, ырдай да берет эле… Атам үчүн ал учур опол тоодой бакыт да, айтып бүткүс арман сыяктанчу.

Атамдын бул баянын Чыңгыз агай да бир эмес, бир нече жолу укса керек. «Эч үндөбөй, муюп отуруп укчу эле, көрсө көкүрөк-көңүлүнө жазып жүргөн тура,» — дечү чоң атам. Кийин деле Чыңгыз агай айылга бара калган кездерде атам экөө жолугушуп турчу.

Раймаалы ата Бегимайга качан, кайдан кезикти экен?

— Атам негизи 40-жылдары катуу чыккан экен. Чукугандай сөз таап ырдаганы, уккулуктуу добушу менен эл оозуна алынып, казак менен кыргыздын аш-тоюна чакырылып Сары-Көбөн, Чымкент, Күркүрөө ж.б. жерлеринде төкмө ырчы катары кадыр-баркка ээ болуп жүргөн кез эле дейт. Чолпонго (Шолпан — Бегимайга) да ошол жылдары кезиксе керек. Ошондуктан ойлойм, экөөнүн аралыгы анчалык деле чоң эместир деп. Ал эми кинодо Раймаалы бир топ жашка барып калган адам катары сүрөттөлөт. Бул — чыгарманын көркөмдүүлүгүн арттыруу үчүн автордун берген көркөм боёгу эмеспи.

Ошентип, күндөрдүн бир күндөрүндө казак айылына турмушка чыккан эжесине учурашканы, чоң атам Капал деген айылга барыптыр. Ошол кезде айылда той болуп жатса керек. Атам тойго барып калат да, бирөөдөн домбура ала коюп:

Ак Зыйнат,
Ак чыбык кестим кырчындан,
Аңдып бир жүрдүм сыртыңдан.
Аңдып жүрүп кур калдым,
Ак-Сайдан көчкөн журтуңдан…

Ак Зыйнат,
Көк чыбык кестим кырчындан,
Көрүп бир жүрдүм сыртыңдан.
Көрүп бир жүрүп кур калдым,
Көк-Сайдан көчкөн журтуңдан… — деп өз жеринде ырдап жүргөн «Ак Зыйнатын» созуп ырдаса, анда отурган жаштар кайруулары мукам, назик, коңур добушка арбалып, жыргап отурат эле дейт. Атам ан- сайын жазылып, чачылып, маңдай терин улам аарчып коюп, төрт аягы тыбыраган күлүктөй төгүп… Аңгыча, ары жактан жанына жаш, сулуу кыз ээрчиткен, көйнөгүнүн этегин шуудурата басып, ачык-айрым келин басып келип:

— Обонуң да, ырың да адеми экен, чырагым, көп жаша! Эми казакта «айылдын алты оозу» деген болот. Биз да сизге жооп кылып коёлу, — деген экен. Сыягы, баятан бери кыргыз жигиттин авазын тыңдап, сыртынан назар төшөп отурушуп, акыры атамдын жанына жакын келүүнү эп көрүшкөн окшобойбу.

Жеңеси менен кызыкенин дегенин колдоп, жаштар «дуу» эле дей түшөт.

Ошондо жеңеси менен кызы элдик «Ай, Дарига ай» деген ырдын обонуна салып, минтип ырдап жаткан кези дейт (Ушул жерден көңүл бурсаңыз, кайсыл сапты ким айтканы айтылбайт экен. Өлөң бир ыргак менен айтылып бир гана адам, болгондо да «карагым» дегенине караганда кагылып-согулуп калган эле аялзаты ырдап жаткандай):

Мандалин, домбураны тарткан жигит,
Айлыма туш болдуңуз кайдан жүрүп.
Өлөңүң, обонуң да таза экен,
Өнөрдү үйрөнгөнсүң, кайдан жүрүп?

Өлөңүң табир чыгат кайгы аралаш,
Отурсуң ушул жерде кимди сүйүп?
Домбураң, мандалиниң сайрап жатыр,
Жүрөгүм кагып жатыр жанып-күйүп.

Кандайча күндө жүрсүң ой, карагым,
Турмуштун туманына башыңды ийип.
Жашыбыз он жаш экен өйдө-төмөн,
Болбосо алар элем өзүм сүйүп.

Ырларың, кыялың бар жанга жаккан,
Апкелген бул турмушка кандай күйүт?
Кууланып жүрсүңбү же эл аралап,
Мусаапыр кие турган кийим кийип?

Көч барат коңгуроолуу асем менен,
Күлүктүн көкүлүнө маржан түйүп,
Кезекти берели биз жигитке эми,
Угалы өлөңдөрүн көңүл буруп.

Айылдын алты оозун айтып турбуз,
Алдыңда аманбы деп колду сунуп.
Созулсун тамашабыз таң атканча,
Кара өзөк Капал эли бүтүн угуп?..

Бул өлөң Раймаалынын ыр деп соккон жүрөгүн ого бетер делөөрүтүп, жандүйнөсүн кытыгылайт. Алар ырдап жатканда домбуранын кылын күүлөп, «Ай Даригайдын» обонун кайрып отурат да, кайра ошол обон менен ырдап коё берет:

Кошулуп өлөң айттың абал сурап,
Айткандай бул айылдан элим ыраак.
Турсуңдар өлөң менен чымчып өтүп,
Жаштарың карап турат мени сынап.

Берейин жообумду сиздерге арнап,
Турайын алдыңарда кантип чыдап.
Адамдын жылуу сөзү, ой, мүнөзү,
Келишсе өлөң, ырлар ынак кылат.

Абалым жашырбайын өзүңүздөн,
Карасаң бул абалда кезигишкен.
Мен болсо жетим бала таалай издейм,
Жаш шамдар жанып турат көзүңүздөн.

Апабыз үч жыл болду өлүп калган,
Иним бар, жашы алтыда, калбайт жандан.
Атамды эл душманы болгонсуң деп,
Душманы жалаа жаап камап салган.

Ушундай күнгө келип такалганда,
Турган кез амал жоктон күчөп арман.
Кайгыны, азаптарды аркалаган,
Байкасаңыз бул дүйнөдө адам балбан.

Агабыз Жээналы ырдап, комуз черткен,
Өзүмө бул өнөрүм андан калган.
Эжем бар казактарга турмуш курган,
Жакында учурашып анда баргам.

Карыя аксакалы, балдары бар,
Мен бүгүн учурашып мында келдим,
Тамаша, оюн-күлкү аралашып,
Булбулдай сайрап турган сизди көрдүм.

Көч келсе коңгуроонун алдын тоссоң,
Ал көч менен Ала-Тоодон жалгыз келдим.
Он жаштын улуу, кичүү арасы эмне,
Барууга Ала-Тоого барбы көңүлүң?

Болбосо мен да жайнап, жайдар элем,
Өзүңдөй булбул болуп сайрар элем.
Айылда экинчи апам, үкөм күтөт,

Амал жок, айлыңызда калар элем.
Турмушум, мен түшүнттүм, өзүң билдиң,
Боор ооруп мага турдуң, аны билдим.
Бир түндө ойноп-күлүп таң атырдык,
Жетимди жергеңизде эстей жүргүн.

…Мен дагы эстей жүрөм шартыбызды,
Таанышып, айтпаптырбыз атыбызды.
Ата-энем койгон аты — Раймаалы,
Сиз дагы айтып коюң атыңызды.

Менин бул жашым келди он сегизге,
Болсо дейм ушул ойлор дайым сизде.
Биринчи издөө болор мен тараптан,
Адрес таштап кетем, кат жаз бизге.

Бул күндөр өтүп кетээр эл оңолуп,
Болсун дейм көрүшкөнчө эсен-соолук.
Айлыңдан бир кызды ала качсам,
Каларсыз ал убакта жеңе болуп,
— деп Раймаалы аягын тамашага чаптырып, жылмайып койду (Алдында ырдап турган асылкеч айымдын жашы эле улуу болбостон, албетте, алган жары да бар чыгаар. Ошону ойлоп, аргасыз: «Айлыңдан кыз алсам, жеңе болуп каларсыз», — деп турганыдыр жигиттин — Ж.И.).

Жеңеси кайра жооп берди дейт:

Атыңыз Раймаалы, тааныш жигит,
Ыргоолоп атыңызды элим билип.
Биринчи атыңызды сурап билбей,
Алиге жанып туру ичим күйүп.

Атыңды азан айтып атаң койгон,
Атыңыз чыккан экен асыл ойдон.
Домбура, мандалинде кол ойноттуң,
Комуздун күүсүн уксак ушул колдон.

Комузуң сайраар беле торгой болуп,
Колдоруң капкагында учуп-конуп.
Отурсуң обонуңду күүгө салып,
Оп тарткан жаштыгым ов, ойдо болуп.

(Шолпандын ушул саптары да жигиттен жашынын улуу экенин айтып турбайбы. Андан ары өзү да анан: «Айылыбызда өсүп жаткан нечен кыз бар, чалмаңды кимисине таштайсың» — деп, бирок кандайдыр купуя кызганыч менен сурап жаткансыйт — Ж.И.):

Айылда өсүп жаткан нечен кыз бар,
Аралаш жеңе болгон мына биз бар.
Чалмаңды кай жагына ыргытасың,
Шашпастан тосуп көрсүн, биздин кыздар.

Атымды мен айтпадым, аным эсте,
Атымды атам койгон — Шолпан, эсте!
Макал бар «бир көргөнгө миң салам» деп,
Алып жүр өзүңүз да бизди эске.

Отурдук биз таанышып, көңүл тынып,
Коштошолу эмесе, колду сунуп.
Анакей таң агарып чолпон чыкты,
Карагыла баарыңар көңүл буруп.

Рахмат, бали сизге, болдуң эрмек,
Айылыңа бара албайбыз, сизден —
келмек!
Элесиң, ырың калды биздин элде,
Суранам күүлөрүңдөн чертип бер деп… — деген келин жылмая күлүп, кош этек көйнөгүнүн этегин булактатып, Раймаалыга жакын келип, колун сунду дейт:

— Ал энди, чырагым, кеч болуп калды, үйгө тарайлы…

 

* * *

Каныкей, андай болсо, алардын андан аркы, чыныгы тагдыры кандай болгон? Кинодо болсо өрттөп жиберишет эмеспи? Раймаалы атадан укккан чыгарсың?

— Албетте, атамдын ичинде айтылбай кеткен дагы бирин-экин сыры болсо болгондур. Бирок бир укканымда, ошол алым сабак элге ушунчалык жагып, дүркүрөтө кол чаап отуруп таң атырышкан экен. Бирок эл тарагандан кийин атамды казак жигиттер жалгыздап уруп кетишкени да айтылат. Кийин чоң апабыз өтүп кеткенде (эртерээк кетти): «Шолпанды издеп, барып келелиби?» — деп атама тамаша-чындап сөз ыргытып да жүрүштү. Ал эми экөөнү өрттөп жибергени — ал кино, искусство да. Бирок кинодогу Раймаалы — Тууганбай Абдиев атама абдан окшош. Кинону көрүп отуруп, чыны менен эле атабызга окшотуп, кызыгып көрөбүз.

* * *

Биздин маектешибиз, атанын кызы — Каныкей учурда телерадио аркылуу уккулуктуу добушу менен элге таанылып, чет элдерге узак убакытка гастролдоп такшалып калган кези. Репертуарындагы аны Каныкей кылып тааныткан ырларынын бири — М.Бегалиевдин «Тагдырым болчу», Ж.Шералиевдин «Сезимдеги ой» деген ыры. Өзү да соңку убактарда обон жазып, кыялында термеп жүргөн убагы. «Аккан арыктан суу агат» деген ушул эмеспи. Эмесе, атанын кызына ак жол каалайбыз!

Жыпар ИСАБАЕВА, «Кыргыз туусу» («Кыргыз гезитер айылы»), 28.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий