Көөдөндө калган ырлар

«Ыр менен дың жерге барабыз»

Мен бала кезде ушул ырды көп ырдашчу эле. Деги социализм учурунда турмуш шаңдуу болгон. Айылда бригадир элди жыйнап, кээ бирөөлөрү машинеге түшүп, калгандары аскердей болуп тизилип алып жумушка жөнөп кетишчү.

Ошол учурду эстегенби, акын Эсенгул Ибраев «Күлгүн жаш» деген ырында жазган:

Ишке тойбой бий менен күн батырган
Жалын жаш ай, жалын жаш, кайда калды.

Совет бийлигинин бардык мезгилинде жаратман эмгекке чакырган ырлар көп болду:

Эки колу тең иштейт,
Автомат дейт Акбилек.
Күндө эки норманы,
Аткарат дейт Акбилек — деген ырды укканда акын кызга ашык болгонбу, же анын иштегенине ыраазы болгонбу деп ойлойсуң. Биздин акындар, обончулар деле ошол мезгилде
Первым делом, первым делом самолеты,
Ну а девушки, а девушки потом — деген мааниде ыр жазышкан экен. Элдин демилгеси күч болуп, космоско ракета учуруп жатканда ушундай ырлар үстөмдүк кылган.

 

Рыспай жана гитара

Рыспайдын ырларын абдан көп ырдадык. Азыр кыргыз музыкасына чоң жаңылык киргизген, өзүнчө багыттын баштоочусу деп мактап атышат. Ал убакта Рыспайдын ырларын биринчи укканда дароо эле ушундай пикир болгон эмес.

— Ой, бул ким өзү калтырап-титиреп ырдаган, — деген сөздү да уккам.

— «Чойт, эркечим!» деп да ырдайбы, башка ыр табылбай калгансып, — деди экинчи бирөө.

Өзгөчө мени таң калтырган менин классташым болду. Борбор шаарга барып келип, ал жактан багалеги кенен шым кийип алып, чыйт түкүрүп, бизди карап мындай деди:
— Азыр гитара менен ырдашат экен. Рыспайдын ырларын гитара турганда эч ким угуп да койбойт.

Рыспай үчүн ичим күйүп, классташымдын модалуу кийимине таасирленип, ал убакта аны менен катуу талаша алган жокмун. Көрсө, «Битлздин» даңкы алыскы тоо арасындагы элетке ошентип жетиптир.

 

Булуттар жана жамгыр

Бул окуяны Түкөм (Түгөлбай Казаков) өзү айтып берген. Бир жолу алыскы тоо арасындагы элге концерт коюп барышат. Концерт ачык жерде болот. Асанкалый Керимбаев «Булуттар» деген ырын созолонтуп ырдаганда асманга булуттар чогула баштайт. Кезек Түкөмө келет. Ал «жамгыр төктү эч басылбай» деп ырдай баштаганда чындап эле нөшөрлөп жамгыр төгүп, агып жаткан суу кызыл ашыктан өйдө болуп, зонтик менен аккордеонду калкалап, Түкөм көл-шал болуп…

Булут менен жамгырды имерилткен, булуттай бийик көкөлөгөн, жамгырдай жан дүйнөнү жашарткан музыканын кереметин карачы.

 

«Турам тыңшап селейип, үн катпастан»

Түкөмдүн ырлары мага дайым кубат берип жүрдү. 70-80-жылдары анын ырларын радиодон күн сайын жок дегенде бир жолу берээр эле. Эгерде капысынан укпай калсам, жан дүйнөмдүн тең салмагын жоготуп, маанайым пас болуп жүрөөр элем.

Бир нерсеге капа болуп кыйналганда «мен эми кайда кетип, кайда барам, багытым калды сынып, карып сапар» деп өзүмчө күңгүрөнүп ырдап, өзүмдү өзүм сооротуп, дайыма Жеңиш күнүндө «биз турмушка аталардан кеч келип» деген ырын эстеп, жамгыр катуу жааганда «күн күркүрөп, жамгыр төктү, ошол күндөр кайда кетти» деп ырдап, дайыма Түкөмдүн кереметтүү музыкасы мени коштоп жүрөр эле.

Түкөм менен 1992-жылы жолугушуп калдым.

— Мен биринчи жолу жүз көрүшүп атам, мурда радио, телевизор аркылуу гана билип жүрчү элем, — дедим саламдашып жатып.

— Эми минтип жолугушуп жатканыңа кубанычтуусуң го, — деп нары жактан бирөө үн катты.

— Жок! — дедим мен. — Асмандагы жылдыз сыяктуу адамды жерден көрүп саламдашканда чоң сезимдер жоголуп атпайбы.

Түкөм менин бул оюма кошулду.

 

Граммофон жана халат

«Ой, булбул, сен граммофон үндөнүп» деген ыр саптарын ойлоп, ошол учурдагы техникага суктанган элибиздин аң-сезимин чагылдырган окуя деп баа беремин.

Ал эми халатты ырга биринчи киргизген Жумамүдүн Шералиев болду. Калыйбек Тагаевдин «Долон» аттуу обонуна ыр жазып, «көк жибек кийген халатчан» кызды эстеген. Андан соң Алымбек Корообаев ак чардакка халат кийгизген.

 

«Сенин көзүң соо көз эмес»

Ушундай сонун ырды азыр ырдабай калышты. Бул ыр кыргыз музыкасындагы жаңылык эле. Менин билишимче, «ла-ла-ла-ла» деген кайрык биринчи жолу ушул обон аркылуу кирген. Кемчилиги — кыздын көзүн соо көз эмес деп ырдаганы.

Ушул ырдын артынан дайыма радиодон экинчи керемет ырды беришчү. «Айтчы секет» деген дуэт менен ырдалган ырлардын алдыңкысы эле.

 

«Оо, чиркин, биздин күндөр кандай шаттуу»

Бул ырдын автору Алыкул Осмонов, обонун Абидин Темиров чыгарган. Каныкей Эралиеванын аткаруусунда угуп алып, абдан толкундандым. Евгений Доганын «Мой нежный, ласковый зверь» кинофильмине чыгарган музыкасынан, Георгий Свиридовдун «Бороон» деген музыкалык чыгармасынан кем калышпайт.

 

З. жана З. Иманалиевдер

Замирбек Иманалиев менен мен политехте жолугушуп, сүйлөшүп калдым. Ал убакта ал ТОЭден, же термехтен сабак берчү. Мен да политехте сабак берчүмүн.

Институтта сабак берип жүрүп «агай» деген сөздөн тажаганбы, айтор «оо, кыздар, агай деш ордуна атыман чакырып койгула» деп ыр жазган экен. Бул ыр Ала-Тоо журналына чыккан. Аны таап алып белгилүү обончу Зайнидин Иманалиев обон чыгарып, анысы элге кеңири тарап кеткен.

Обон үчүн гонорар алып жатып Зайнидин Иманалиев «ырын да өзүм жазгам» деп ага да гонорар алып кетет. Экөөнүн тең аттары бирдей тамга менен башталып жатса, кассир ишенип акчаны кармата берет.

Кийин Зайнидин Иманалиев Замирбек Иманалиевге жолугуп, биргелешип иштешели деп сунуш кылган экен.

— Жок, — деп Замирбек кесе айтат.

— Эмне үчүн? — деп сурайт Зайнидин. — Менин эмнем жакпай турат?

— Фамилияң жакпай турат, — дептир ыр үчүн гонорарын алып кеткенине жини келген Замирбек.

 

Музыка таануучу Салижан Жигитов

Коомдун аң-сезимине таасир берүү жагынан Салижан Жигитов далайлардан алдыда болду. Бир таанышым айтат, ал нигилист болчу деп. Албетте, кээ бир сөздү туура эмес айткан, бирок анын гипербола, гротеск аркылуу болгон көз карашы биздин аң-сезимибизге катализатор катары таасирин тийгизгенин эч ким тана албайт.

Мен эмгиче кыргыз музыка таануучуларына алымсынбай келем. Бир гана жолу мектепте окуп жүргөндө радиодон «Паризат» деген ырды Салима Бекмуратованын жана башка ырчылардын аткаруусунда берип, талкуулап, талдап, элге музыкадагы профессионализм эмне экенин жеткирген Салижан Жигитов болду. Андан башка жогорку деңгээлдеги музыкалык радиоберүүлөрдү мен уга элекмин, көрө элекмин.

Токтогул Жумадилов, «Көк асаба» («Кыргыз гезитер айылы»), 28.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий