Кыргыздын кымбат кыягы

Кыргыз элинин керемет күү аспаптарынын бири болгон кыл кыякты билгендер бар, бирок билбегендер да арбын. Кыргыз элинин Кыргыз Атасынан ажыраган зарын угузуп, кыргыз элине арка-жөлөк болуп, ыйын ыйлап, шаңын көтөргөн, ырыстуу кыргыз элинин бактысына түбөлүк жан дос шериги кыл кыяк биринчи жаралып, жасалып күүгө келген. Күү аттуу дүйнөдө (музыка дүйнөсүндө) жаңы түрдөгү кайрыгына, добушуна, үнүнө укмуш кайрууларды жараткан, кыргыз жан дүйнөсүнүн кайталангыс мухит жанарын бийик жандырып, кыргыздын жөн эл эмес экендигин кыяк күүлөрү кенендиги, тереңдиги менен кайра-кайра даңазалаган.

Кыргыз кыягына «Кербездер» баштаган «Кер-Өзөндөр» улаган, обондуу дейин десең бүкүлү же бүтүм чалкар кайруулар жаңырган күү түркүмдөрү миңдеп жаралып, кыяк кылдарында ойнолуп, тартылып келди. Кыяк күүлөрү кошоктордун, арман-жоктоолордун, ботомдордун сансыз кайрыктарын өз боюна батырып, кылымдар бою өнүп-өрчүп келди. Колдо бар алтындын баркы жок эмеспи, анын сыңары, 80-жылдары Индия жергесинин дүйнөгө таанымал атактуу күүчүлөрү кыргыз жергесинде өз өнөрлөрүн тартуулашып, Рави Шанкар баштаган жоон топтон турган кыякчы, чоорчу, ситарада ойногондор кыргыз филармониясынын залында концерт коюп, ошол жерде иштеген кыякчы Толтой Мураталиев аларга кыргыз кыягынын үнүн угузуп, өз ара пикир алмашышып, индус өнөрпоздору кыргыз кыягынын доошуна таасирлене суктанышып, аттын куйругунан ушундай кооз үн чыгабы, биз дагы эчен аракет кылып мындай үн чыгара албадык дешип таңданышкан. Кыргыз кыягындагы кооз, кубаттуу, терең, чоор сымал, сурнай үндүү доошту чынында дүйнөнү түрө кыдыра издеп таппайсың.

Кыргыз кыягынын нукура залкары, чыныгы чебери болгон Муратаалы Күрөңкө уулу кыска убакыттуу күүлөрдү тартканы менен, бул күүлөрдүн укмуш кайрууларга молдугу жана күүдөгү окуянын чыңалуусу угармандарга өзгөчө асер тартуулап, кайталап угууга куштар кылып келет. Муратаалы кыякчынын «Кер-Өзөн» күүсү кыргыз залкар күүлөрүнүн тазасы, тунугу деп айтсак жарашат. «Кер-Өзөн» дегенде угумдуулуктун, салабаттулуктун бийик чегине аша түшөсүң. Кайран кыргыз дүйнөсү, өлбө деп канаат алып, терең үшкүрүнөсүң. Кер-Өзөн жердин атыбы, суунун атыбы, жылдын атыбы, доордун атыбы деп сан түйшөлөсүң. Кыргыз күүчүлүгүнүн керемети же сырдуулугу — күү аспаптардагы түрдүү күүлөр бири-бирин кайталабаган өзгөчөлүгү, кыргыз күү дүйнөсүнүн кенендигинен, чексиздигинен, кайталангыс чоң дүйнө экенинен кабар берет.

Комуз күүлөрүндө түрдүүчө чертилип, эчен сырдуу кайруулардын ээси «Кербез» күүлөрү болот. Кыл кыяктагы Муратаалынын тарткан «Кербези» уюган чулу алтындын ширөөсүндөй сезим оюн алда кайда алып учуп, түгөнбөс дүйнөнүн түпкүрүнөн башка дүйнө, жаңы дүйнө таптырат. Кыяк күүсүнүн дагы бир айтып бүткүс өзгөчөлүгү үн, кайруу, доош дүйнөсүнөн сөз, тил дүйнөсүнө кирип келгени. Улуу күү дүйнөсүнүн залкар берметтеринин бири болгон айтылуу, өзөктүү, кайталангыс күүлөрдүн бири — «Ат кетти» күүсү. Бул күү жөн күү эмес, кайруулары жөн кайруу эмес. Өткөн жоокердик замандарда элине таяныч болгон көзгө басар тың чыкма баатырлардын канаты — ишенген аты болгон. Мындай тулпарларды атайы саяпкерлер жашырып багып, суутуп, таптап, тоонун, жайлоонун алыс жерлеринде асырашкан. Бул күүнүн жаралышына себепкер болгон окуя ушундай тулпардан улам чыккан. Илгертен күлүк жорго, сулуу кыз, алгыр куш элдин менчиги болгон. Андан ажырап калуу бир уруу элдин башына түшкөн кайгылуу иш эле. Ошондо күлүгүн уурдаткан жылкычы, саяпкерлер кыйкырып үн салбасын дешип, уурулар тилин кесип коюшкан экен. Айылдагы адамдар таң узабай алыстан созолонгон чоордун үнүн кандай болду деп кулак төшөй угушуп, анын муңдуу башталышынан бир жамандыкты сезишип, анан күү оргуштап күчөп, түрдүү кайруулар жаңырып, аягында «Ат кетти, ат кетти» деп даана, түшүнүктүү кыяктын үнүндөгү сөздөрдү эшитишип, жапырт аттанышып, каракчылардын артынан убагында түшүшүп, аргымагын, жылкыларын кайра аман-эсен кайтарып алышканы эл оозунда санжыра болуп айтылып калды. Ал эми улуу кыякчы, залкар күүчү Муратаалы Күрөңкө уулунун күүлөрү кыргыз радиосунун Алтын фондусунан өз ордун таап, бүгүнкү күнгө, кийинки келечектеги кыргыз муунуна мурас болуп кылымдарга кала берди.

Кенжебек Алдаяр, комузчу
«Көк асаба», 28.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий