«Менин Айтматов ааламым»

(Башы өткөн сандарда)

Маектешибиз жазуучу, журналист Кушубак Өмүралиев Чыңгыз Айтматов менен Мухтар Шахановдун «Аскада калган аңчынын ыйы» сырдашуу китебин казак тилинен кыргызчага которгондугу көпчүлүккө белгилүү. Азыркы суроолорубуз «Айтматов ааламына» анын кантип аралашканы тууралуу.

«Чыкем сүрөт да тартчу экен»

— Мындан жыйырма жыл мурун Чыкемдин басаар жолун утурлап, сары изине чөп салып жүрүп алган, кыргыз журналисттеринин арасындагы ошол алгачкы интервьюда сурап калдым: «-Журналисттик кесип менен, эл, жер аралап жүрүп, ар кандай адамдарга жолугабыз. Алардын арасында сиз менен мектепте чогуу окугандар жана согуштун каардуу жылдарында айылдык Советте бирге иштешкендер бар. Андай адамдардын бири- Жээнбек Акматбеков мындайча эскерет: «Айылдык Совет ал кезде жалпак тамда эле. Тамдын ортосундагы устундун жылмакай бетине өспүрүм Чыңгыз карыя кишинин, жылкынын сүрөттөрүн тартып салчу…»

Бул суроого Чыкем минтип жооп берди:

«- Сүрөт тартканды жанымдай жакшы көрчүмүн. Кандай гана сүрөттөрдү тартпадым. Көңүлгө жаккандардын баарын кагаз бетине чиймелээр элем. Мындай кызыгуум жазган чыгармаларыма да изин калтырган көрүнөт».

 

«Айтматовдун 60 жылдыгында»

…Таласта. Эшикте Айтматовду күткөн эл батпайт. Айтматовду коштоп барган айтылуу акын- жазуучулардын баары ар кай жерде калды. Айтматовду көрүш, Айтматовго кол бериш үчүн келген калктын аягы көрүнбөйт. Чыкемдин өзүнө сөз берилди:- Көрүнүктүү бир топ акын- жазуучулар менен келаттым эле, алардын кайда калганын билбей калдым,- деди. Эл күлүп калды.

Шекердеги Күркүрөө маданият үйүндө салтанат өтө турган болду. Элүү жылдыгында ушул Маданият үйүнүн ачылышына катышкан экен. Чыкем сүйлөдү: «Чыгарманы баштаарда ак баракты алып, Бисмилла деп «Ага тууган, жерим күч- кубат бер» деп баштайм…

Чогулуштан кийин Дүйшөндүн мектебине чогулгандардын баары бардык. Эртеси эл менен жолугушуу ачык жерде өттү. Андан соң «Маймакка барабыз» деп калды. Чыкем Маймак станциясын сагынган окшойт. Мектептин окуучулары колундагы китептерине кол койдуруп алып жатышты.

Күркүрөө суусу айылдын ары, батыш тарабында, ал жолу убакыт аз болгондуктан Күркүрөөгө бара алышпады.

Андан кийин Грозный деген жерде «Россия» колхозунун башкармасы Токтогул Бабановдун үйүнө барышты, ал башкарма Өмүрбек Бабановдун атасы. Токтогул Бабанов Чынгыз Айтматовго чепкен жапты.
Ошондо дагы бир таңданганым бар: Медеткан Шеримкулов Айтматовду эл- журту менен жүздөштүрүп коюп, өзү андан ары эл кыдырып, Кировкага иштегени кетти.

Якуттун бир сүрөтчүсү мольбертин улам бир жерге жайып алып Айтматовдун эл менен жолугушуусун тартып жүрдү.

 

«Айтматовдун элди күлдүргөнү»

Сүйүнбай Эралиевдин 75 жылдык тоюн башынан аягына чейин алпарып, күлдүрүп олтурду. Бир эле сөзү -«Атаганат, мен ыр жазсам азыр бир ыр окуп калмак экемин» дегенде эл күлүп калды.

Жазуучулар союзунун бир жыйынына Давид Кугультинов келмек экен. Анда Айтматов» — Кугультинов учуп чыгыптыр. «Коно» турган- жери бул- деп президиумду көрсөттү.

 

«Соңку кездешүү»

Түрктөрдүн «Да!» деген фирмасында жолугушуу болду. Кыштын күнү жыйын өткөн жер абдан жылуу экен. Сүйлөдү: -«Бир жолугушууда залдан суроо берип калышты. Сизди казактарга эки нерсе үчүн карыздар дешет. Биринчиси Мухтар Ауэзов сизди биринчи колдогон, экинчиси маңкурт темасын сизди казактардан алган деп айтышат. Жооп бердим дейт, казактар ушинтип эле калышты, ооба, Мухтар Ауэзов мени көтөргөнү, Луи Арагонго Мухтар Ауэзов тааныш болгону ырас, бирок Луи Арагондун аялы орус болгон экен, «Жамийланы» аялы окуп, жактырыптыр» деп айтты Чынгыз Айтматов.

Эми карасаңыз, Айгүл, бу жерден менин айтайын дегеним: Луи Арагон ошондо 55-57 деги жазуучу экен да, убактым жок окуганга деп отурбай, окуп, окуп гана тим болбостон аны французчага которуп, которгону аз келгенсип, «Махабат тууралуу дүйнөдөгү эң сонун баян» деп баш сөз жазганын.

Экинчи суроого Айтматов жооп бериптир. Маңкурт темасы «Манаста» эле айтылган:

«Баланы кармап алалы
Башына шили салалы».

Дагы бир жолугушууда казак журналисти сурап калды:- Мен кечээ сиздердин тарых музейиңиздерде болдум. Ал жерде сиздин сүрөтүңүз жок экен… Анда Айтматов:- Менин сүрөтүм ал жерде жок болсо, эми кимисине айтайын, сүрөтүмдү койгула деп. Өздөрү билет да, — деп жооп берди.

…Айтматовго менин акыркы кездешүүм былтыр апрель айынын аягында Бишкектеги №5 мектеп-гимназиядагы жолугушууда болду. Бул мектепте не бир айтылуу инсандар билим алган да. Салижан Жигитов, Төлөмүш Океев, Ишенбай Абдуразаков…

Жолугушууга канча деген эл келди. Залдан бир окуучу сурап калды:-Сиздей болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?

Анда Айтматов айтты:- Кандай жооп берем? Мен эми чыгарма, китеп жазган эле жазуучумун да. Балким, эмгектүү, таланты болушу керек го…

Маектешкен Айгүл Бакеева
«
Аалам» («Кыргыз гезитер айылы»), 28.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий