«Теңири Манас»

Белес-белден бороондоп,
Беш удургуп өткөн Сөз.
Баласына атасы
Мурас кылып кеткен Сөз.
Эли сактап жүрөккө
Биздин күнгө жеткен Сөз.

Кадырман окурман! Бүгүнкү саныбыздан баштап кашкөй талант Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» романын бере баштоону туура көрдүк. Бул чыгармага алгы сөз жазган улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов мындай саптарды келтирген: «Ашым Жакыпбеков өзүнүн арыбаган эмгеги, чыгармачыл дарамети менен жазган ушул китеби аркылуу улуу манасчылардын катарынан орун алды. Алар «Манасты» төгүлтүп, буркан-шаркан түшө ыр менен айтышса, А.Жакыпбеков кара сөздүн жорго сымал керемети аркылуу баян этет.

Демек, бул жарыкчылыкта кыргыз аты сакталып турганда «Манас» эпосунун кара сөз түрүнүн биринчи автору катары Ашым Жакыпбеков дайыма аталары табигый иш.

Эмесе окурман журт! Рухий дүйнөңүзгө ушул китеп жаңы ой-таанымдын учкунун чагылтып, өйдөдө өбөк, ылдыйда жөлөк болсун. Бардыгыбызды Көк Теңир колдоп, Манас атанын арбагы жолдосун!»

Ал эми төмөндө Ашым Жакыпбековдун «Теңири Манас» китебиндеги окурманга болгон кайрылуусунан үзүндү келтирели.

«1985-жылдын аягында Жазуучулар Союзунда кеңеш болуп, маараке даярдыгына байланыштуу көп маселелердин ичинде эпостун кара сөз түрүндө жазылышы да талкууланган. Талкууну жүргүзгөн-дөр кыргыз адабиятынын аттуу-баштуу инсандары: Ч.Айтматов, Т.Сыдыкбеков, С.Эралиев, Т.Аскаров өңдүү бир тобу чогулуп, академиянын манасчы окумуштуулары да катышкан.

Эпостун ыр түрүндөгү варианттары орус тилине которулуп жатканы, бирок илимий сөзмө сөз котормосу болобу, көркөм котормосу болобу ыр түрүндө башка элдерге кеңири таркашы кыйынга турары эске алынган. «Манас» изилдөөчү С.Мусаевдин эпостун кара сөз түрүндө жазып чыкканы илимий кара көчүрмө катары бааланган. Көркөм кара сөздө жазып чыгуу жагы Ашым Жакыпбеков — мага жана Кеңеш Жусуповго тапшырылган. Биз ошол кеңеште эпостун кара сөз түрү роман тибинде жазыларын айтканбыз. Кандай роман болору анда эч кимге белгисиз болчу.

Кеңеш Жусупов экөөбүз башка иштерибизди жыйыштырып коюп, бул ишке баш-отубуз менен кирдик. Эпостун варианттарын мурда үстүртөн билсек эми кайрадан изилдеп окуп чыгуу, эпоско тиешелүү ар кандай илимий китептерди теңшерип чыгуу бир топ убакытты алды. Андан соң экөөбүз оболу жалпысынан оозеки сүйлөшүп алып, өз-өзүбүзчө жазууга кириштик. Кадыресе убакыт өткөндөн кийин бири-бирибиздин жазгандарыбызды карап чыксак, экөө таптакыр эки башка чыгарма болуп бара жатыптыр. Экөөнү жуурулуштуруп бириктирүү болчудай эмес. Эмне кылмакпыз. Эки башка жазуучу биригип бир чыгарма жаза албастыгына көзүбүз жетти.

Кийинчерээк бир чыккан үзүндүгө Кеңеш Жусупов баш сөз жазып, жогорку жагдайды окурмандарга түшүндүрдү. Биргелешип жазуу болбостугун айтып, айкөлдүк менен мага ак жол каалады.

Эпос нугундагы бул роман негизинен Сагымбай-дын, Саякбайдын, Жусуп Мамайдын варианттарына таянып жазылды. Эмне үчүн романды көздөп калдым? Биринчиден, материалдын чачкындыгы, эбегейсиз көлөмдүүлүгү. Бир эле «Манасты» канчалаган зор китеп кылса болчудай. Бирок аны ким окуйт? Азыркы кымгуут заманда, информация адам башына жамгырдай жаап жаткан шартта илгерки жайкерчиликтегидей болуп киши айлап-түндөп китеп окубайт. Экинчиден, роман варианты окуялардын тизмектелишине, сюжеттин тыкан курулушуна ыңгайлуу. Анан калса, «Манаста» канчалык апыртмалуулук, миф, жомок арбын болбосун табиятында абдан реалисттик чыгарма.

Эпостун бу кара сөз түрүндөгү роман вариантын жазгандагы дагы бир принциптүү авторлук көз карашты окурманга айта кетүү ылайык. Эпос кылымдан кылым кыркып, улам кийинки окуяларды боюна сиңирип келе бергенинен улам кийинки жети-сегиз кылымдан тарай баштаган исламдын таасири да аябай күчтүү. Ар бир вариантта, айрыкча Сагымбайда исламчылык түпкү байыркылык менен тизгин талашып турат. Түпкүлүгүнө барсак байыркы кыргыздын Теңирге, Көккө, Күнгө, Отко сыйынганын, ошондон улам чыккан салт-санаа, ырым-жырым, нарк-каадалардын жыт-иле-би гана эмес, түптүү салты сакталып калганын көрөбүз. Анын жанында кийин кирген ислам дининин таасири жаңы кошулмадай болуп турат. Араб, иран сөздөрү аралашып жүргөнү табигый көрүнүш. Исламдан мурун миң жылдап кербен тарткан Жибек жолунун таасирин кантип унуталы. Мен эпосту роман тибинде жазышым керек деп кашайып калгандан тартып ушул ажырымды так сактагым, эпостун байыркылыгын өнтөлөгүм келди. Байыркы «Манас» насилинде исламдан эки-үч эсе улуу, көөнө эстелик. Мен өзүм да алхамду-лилллахи мусулманмын. Бирок элдик эпостун байыркылыгы айдан ачык болуп турган соң акыйкатчылыкты карманганыбыз оң.

Манас — «Манас» болмогу элден. Эл чыгарган, эл сактап келген. Көп миңдеген жыл мурда көзү ачылган булак болуп башталса, бүгүн ал чалкыган деңиз сымал. Бул узак тарыхында кыргыз башынан эмнелерди кечирбеди, «белес-белден беш удургуп», бирде кызыл бороон болуп албууттанса, бирде кумга сиңген суудай дайынсыз өчүп турду. Ал ортодо «тоо бузулуп сай болуп… эчен кылым эл өттү». Эгер кыргыз бүгүнкү күнгө жетпей жоголуп кеткен болсо улуу эпосу кошо жоголмок. Антпеди, анте алмак эмес, «Манас» башка элге барып жуга алмак эмес — ал нукура кыргыздыкы, кыргыз рухунун түбөлүктүү кенчи болуп сакталып кала бермек. «Манасты» кыргыз жараткан, кыргызды «Манас» сактаган.

Ашым Жакыпбек, Май. 1994-ж. Бишкек»

«Көк асаба» («Кыргыз гезитер айылы»), 28.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий