«Жымжырттык…»

Бишкек шаарынын бир бурчунда «Аль-Хаят» аттуу галерея бар. Ал ачылгандан бери отуздан ашуун кыргыз сүрөтчүлөрүнүн жеке көргөзмөлөрү болуп өттү.

«Аль Хаяттын» ээлери Акманов Дамир менен жубайы Татьяна колдон келген мүмкүнчүлүктөрүнө жараша кыл чеберлердин көргөзмөлөрүн кызыктуу кылып уюштурууга аракет кылышууда. Жаз айларынын биринде дагы бир кыргыз сүрөт өнөрүнүн өкүлүнүн көргөзмөсү көрүүчүлөрдүн сынына коюлду. Кыргыз сүрөт өнөрүнүн күйөрмандарынын көбүнүн ышкысына арзыган кыл чебер Талант Өгөбаевдин чыгармачылыгы учурда өз ышкыбоздорун күтүп жаткан кез. Көргөзмө залына отузга жакын автордун натюрморттору менен шаар пейзаждары коюлган.

Терезе. Мольберт. Сүрөтчү. Сыртта көнөктөп жааган жаан. Баары өз ордунда. Кыл чебер көр тирлиги менен алек. Утур-тетир сыгыла тамчылаган май боектор. Жаңы гана боекко сугарылган кисти. Жымжырттык менен жалгыздык — автордун асырап баккан темасынын өзөгү. Терезеден сыртта күү-шаа эткен шаар турмушу. Ичте бейпилдикке бөлөнгөн кыл чебердин жашоо дүйнөсү. Өнөрканадагы жымжырттыкта жаралган күнүмдүк жумуш өзгөчө маанай жаратып, кээде терезеден өткөн нур өнөркананы ачык күн жарыгына бөлөсө, кээде бүркөлүп турган учурду седеп сымал куюлуштуруп жиберет. Өнөрканадагы баш аламандык буюмдардын «жымжырт турмушунун» өзгөчө кырдаалын жаратат. Бул маанай сүрөтчү иштеген ар бир жерде, чыгармачылыктын энергиясы күү-шаа түшүп өнөр уңгусун улап жаткан жердин баарында коштоп жүрөт. Өнөркана дагы жандуу организм сыяктуу. Ал жерди баш паанек кылган чыгармачыл инсан иштеп турса жашай берет. Эгер сүрөтчү иштегенин токтотсо ал өнөркананын томсоруп боз дубалдары гана калат. Анда анын мүрзөдөн айырмасы не? Бул жерде биздин кептин удулу башка жакта…

Көргөзмөдө өнөрканадагы жымжырттыкты баяндаган көп иштер бар. Алар чаңга бөлөнгөн терезе аркылуу өткөн кечки күн нуру аркылуу бөтөнчө бир ажардуулукту тартуулайт.

Көргөзмө залында шаар турмушун баян эткен бир нече картина бар. Ар бири өзүнчө дүйнө. Эч кимге жолтоо болбой, өз жашоосу өзүндө. Бар болгону шаарды ким кандай көрөт? Шаардыктардыкы бир башка, кыл чебердики бир башка. Айырмасы асман менен жердей. Кадыресе көпчүлүк байкабаган нерсени кыл чебер аңдап-туят. Т.Өгөбаевдин бир өзгөчөлүгү мейли шаар пейзажын алалыбы, же натюрмортторуна сереп салалыбы, баарында тең дасыккан кыл чебердин почерки сезилет. Натюрморт. Бир караган кишиге жөн гана предметтердин жайгашышы. Тереңирээк үңүлсөк ар бир предмет, алардын түсү, жалпы маанай, боектордун кынапталышы баары бир гана нерсеге синтезделип, бүтүн бир композиция куралышына алып келет.

Шаар пейзажы. Кайсынысын албайлы, жапжашыл гүлзарга оронгон Дзержин бульварыбы же жаш таланттуу балдарды музыканын бай дүйнөсүнө багыт берген П.Шубин атындагы музыкалык мектептин көрүнүшүбү же ширеңкенин кутусундай болгон шаардын көп кабаттуу тамдарынын бириби, баардыгы тең көрүүчүнү кайдыгер калтырбай Таланттын талантына таазим эттирет. Таланттын көргөзмөдөн биз байкаган бир өзгөчөлүгү, көбүнчө натюрмортторунда чеберчилик менен кескин шилтенген боек сүртүмдөрү көзгө дароо байкалат. Мында анын көп жылдык дасыккан живописчилик өнөрү өз жемишин берген окшойт.

Биз мында Таланттын ар бир чыгармасына иликтөө жүргүзгөндөн четтеп, картиналарын караган ар бир көрүүчү өз дараметине жараша кыл чебердин дүйнөсүнө саякат жасаарына ишеним арттык.

Сапалкан Арипов, «Аалам» («Кыргыз гезитер айылы»), 28.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий