Атбашы (Уламыш негизиндеги поэма)

(Санжырачы Эшмамбет Каңдыбаевдин элесине арнайм)
Бабам көргөн байыркы бир доор экен,
баяндасак, ал өткөн доор — оор экен.

Ал заманда эч бир унаа жок эле,
адам көөнү — жылкы, төөгө ток эле.

Бир бечара Андижанга мал айдап,
кайра кайтат, ат арытып карайлап.

Жол азабы — көр азабы эмеспи,
басат далай аска зоону, белести.

Жоргосунун жону бүтүн жооруду,
өзүнүн да чычаң эти ооруду.

«Минген атым жол арбытпайт кыбырап,
Көктеңирим, кубат бер!» — деп сыйынат.

Узак жолдон төрт аягы талыган
баспай калат бир убакта жаныбар.

Зарлап турган тилегине жараша —
жайлоо экен, айланасын караса.

Ээн талаада эмне келсин колунан,
ээрди сыйра салат аттын жонунан.

«Көк шиберге алгычакты тоюнуп,
өзүм тартып алайын — дейт, — коңурук.»

Канча тартты коңуругун ким билет,
бир убакта шамал күчөп дилдиреп…

Баш көтөрсө, далай убак болуптур,
баспай калган ат да чөпкө тоюптур.

Жаткан аты ооналактап шиберде
жакындаса, оюн салып жиберди.

Көрөр замат ээси катаар жүгөндү,
артын салып, дыр коюптур түгөнгүр.

Салпалаңдап ээси кууп артынан:
«Боор оорусам, жетпедиң — дейт, — баркыма!»

Алдында жок баягыдай мингени
ай-талаада жалгыз жаны жиндеди:

«Эгер кудай туяр болсо зарымды,
шашпагының, анда кардың жарылды!
Жетем сага, жөө кубалап артыңан
тоюнсун — дейт, — карга, кузгун тарпыңа.»

Кошой коргон турган жерге келгенде,
көз калкылдап, бутун сүйрөп сенделди.

Артта калат о, далай жол, далай суу,
ажал кимге келер экен жан алчуу?..

Азоо аттын жан кашайтып шылдыңы,
абайласа, сүйрөп жүргөн чылбыры,

урчук ташка турган болот илинип,
куугунчусу калган кезде жинигип.

«Колго акыры тийдиңби!» деп сүйүнүп,
далай жолдон жөө келген күйүгүп…

Ат турганда аргасы жок качууга
алдырат да кайран берен ачууга:

«Мал эмес!» — деп, жайып туруп кучакты
малып алат кокосуна бычакты.

Кан шырылдап кара ташка жайылды
азапка баш анык эми малынды.

Ансыз дагы жөө келаткан бечара
унаасы жок кылат эми не чара?!

Жаны кейип, шолоктотуп көз жашын,
жаалы кайнап, койгулады өз башын.

«Канатыман айрылдым!» деп өкүнүп,
жин тийгендей жер муштады өкүрүп.

Жадагалса колундагы камчыны
жанындагы кара ташка жанчыды.

Керексиз деп жасалгалуу жүгөндү
ыргытканча шашканычы түгөнгүр.

Жылкы көзүн карай албай сестенди,
эриндерин кырча тиштээр кез келди:

«Байыртадан ата-бабам сыйлаган
не иш кылдым, акыл-эске сыйбаган?

Мен акмак!» — деп, жаш баладай бышактап,
өлөр аттын башын турду кучактап.
Жылкынын да карегинде жаш турду
суулап жашы сайда жаткан таш, кумду.

Адам менен жаны бирге курбудай,
акыркы ирет жалдырады кургур-ай…

Жер шарындай карегинен бөлүнүп,
көчмөндөрдүн көчү турду көрүнүп.

Токтогондой туягынын дүбүрдү,
бара жатты батып жарык күңүртү.

Ат тез эле сай боюна сулады,
а тигил шер аны карап турабы…

Канча күнү арып-азган неменин
алыс жолдо азык эле кереги.

Аргасы жок терин сыйрып, жиликтеп
бышырды да, жал этинен тилип жеп…

Куу союл таап, «кош, жаныбар, кетем!» — деп,
аттын башын сайды ошого бекемдеп.

Алышынча этин жонго артынды,
аттын башын жар кырына калтырды.

Сапар улап, кызыл жарга туш келди
жар түбүнөн тырпыраган куш көрдү.

Барбы десе таңаар дарты, жараты,
ал куш экен сынып калган канаты.

Куш жатканын көрүп жерде тырпырап,
канат эмне, сезди жүрөк зыркырап.

Адам үчүн канат жылкы экенин
алеңгириң туйду азыр, кеч эми…

«Тырпыраган ушул куштай талаада
каламбы?» — деп түштү жаны санаага.

Узак жолдо араң тирүү жан үчүн
улайын деп, аргасы жок арышын.

Жүрө-жүрө жол арбыта бериптир,
жөө жалаңдап чоң шар сууга келиптир.

Жалгыз жаны нарын тартып эт кылды
жакын келген жолоочуга кеп кылды:
«Ээ, жолоочум, чоо жайымды сураган,
минген атым өзү тапты кур ажал.

Угаар болсоң, ат башындай арманым,
узак жолдон келдим бүтүп дарманым.

Сапар тартып тээ Андижан жеринен
келаткамын өтүп Аксай чегинен.

Атым чарчап, кең жайлоонун өрүнөн,
коё бердим, оттосун деп чөбүнөн.

Чөбү чөппү, же арпабы, балээби,
чөптүн ошол күчтүү экен данеги.

Тоюнган соң, жөө калтырып даң салды,
Чечдөбөгө жеткичекти чаң салды.

Зор күч кетип, тартпай калып такымым,
зоруксам да кууп жеттим акыры.

Кармаган соң макулукту жан илкип,
бычак менен бышып алдым маминтип…

Сени менен олтурганым бир жайда,
аттын башы калды ошентип бир сайда.

Мынабул эт сен экөөбүз чайнаган
ошол аттын эти — деди, — кайнаган.

Ушул анда, менин болгон баяным,
ат өз башын өзү жутту аягы…»

Экөө кетип анан эки тарапка,
айланыптыр бул окуя санатка.

Сайдын аты Атбашыга айланат,
санжыра кеп ат башына байланат.

Аймактарды ат башына чапташат,
Аксай бери Арпа дешип такташат.

Теңир-Тоого Нарын атын беришет,
жер аттарын уламалап келишет.

Эл оозунан бул окуя көп тарап,
«Ат башындай арман» деген кеп калат.
Октябрь, 2008-жыл
Олжобай ШАКИР

Соц тармактар:

Добавить комментарий