Кордоду жаңы «киргиздер»

Эмнегедир акыркы убактарда өз мекенимде жашап туруп, эне тилде эркин сүйлөй албай, бөтөн элде, бөтөн жерде жүргөнсүп, өзүнчө эле кысыла баштадым. Азыр эне тилде сүйлөсөң, илгерки союз учурунда орустар кыргыздарды «баран» деп кемсинткендей, жаңы «киргиздер» өздөрүн ак сөөк сезишип, кыргызча сүйлөгөндөн намыстанышып, эне тилде кайрылсаң көздөрүнүн төбөсү менен карашып «колхоздон келген адамсыңбы» деген таисте мамиле жазаганда, айлаң жок алар менен орус тилинде сүйлөшкөнгө мажбур болууга туура келет.

Эки кыргыз, өз мекенинде орусча сүйлөшүп, эне тилден өздөрүн оолак тутуп калганынан күбө болуп, айлаң жок күнөөсүз жерге түкүрүп, ичиңден сызып, арданасың.

Кээде туруп «Россиянын бир жеринде өзүңдү жашап аткандай сезип,ойго келбеген, эне тилди унуткан маңкурт болуп баратабызбы» деген дагы ойду ойлогонго туура келет экен.

Тээ илгери карыялар айтып калчу эле «Жаман кыргыз калкында орусча сүйлөйт» — деп. Бул айтылган сөздүн тереңине баам салсак, «Мен орус тилинде сүйлөгөндү билем, элден өзгөчөмүн, жогорку деңгээлдеги адаммын» — деп, өзүнүн артыкчылыгын көргөзүүнүн амалы экенин, ириде айтылган сөз менен тастыкталганына көңүл бурсак болот.

Ооба, чынында жеке эле орус тилин эмес, дагы башка элдердин тилин үйрөнүп алганга эмне жетсин. Айтылган сөз бар эмеспи «керек болсо душманыңдын тилин үйрөн» деген. Ансыңары, тил үйрөнгөн, адам баласына таандык жетимиш өнөрдүн бири эмеспи. Ар ким мактанып, өзүн көрсөтүш үчүн эмес, кызыкчылык үчүн тил үйрөнсө, анда эне тилди өгөйсүнтүү болбойт эле.

Ал эми биздин жаңы киргиздер мактанып, өздөрүн көрсөтүш үчүн тил үйрөнгөндөй туюлат. Кайсы бир куудул айткандай, кээ бир акылы тайкы «киргиздер» үчүн кыргызча сүйлөгөн уят сыяктуу болуп калды. Өткөндө бир нарындык бала мага орус тилинде кайрылганда «эмне кыргызча сүйлөбөйсүң, өзүң айылдан эле чоңоюптурсуң» десем. Ал бала орус тилинде эркин сүйлөйм дегенсип:

— Байке, эгер мен кыргызча сүйлөсөм, сүйлөшкөн кызым «колхозсуң» деп чанып кетпейби — дегенде, оозуман сөзүм түшүп, жалдырап эле туруп калыптырмын.

Бул сөз менен эмне деп айтсак болот. Бир кыз үчүн, кыргыз уулу эне тилди, улуттун улуулугун сатып жатканын жашырганда эмне. Ал эми кыргыз элитасынын чөйрөсүнө кайрылсак, эне тилибиздин абалы мышык ыйлачуудай абалда. Аларды кыргыз деп атаганга ооз барбайт, кантип биз аларды кыргыз дейбиз, эгер кыргыз тилинде сүйлөй алышпаса.

Эл бийлеген бийлик секисиндегилер теледен орус тилинде сүйлөгөндө журналисттер тилмеч катары алардын сөзүн которгону көп эле кездешет. Бул жөнүндө далай жолу сөз козголду, бирок күчү жок бийлик салкын көз караш менен кароодо.

Алгач өзүңдү сыйла, анан өзгөнү сыйла демекчи. Качанкыга чейин өзгөнү сыйлап, орус элин жогору тутуп, алардын жетегинде жүрөбүз. Деги качан биздин элдин намысы ойгонот. Атабыз, энебиз сүйлөгөн кыргыз тилинин кайсы жеринде кемчилиги бар? Өткөндө кыргыз экен деп, бир уйгур бала орус тилинде кайрылганынан «мен кыргызмын кыргызча сүйлө» десем. Ал бала жөн эле «сен эмне улутчулсуңбу?» деп опурулат, экөөбүз кыжыңдаша кетсек, бир жаңы кыргыз келип, мага эмес ага болушуп, мени колхоздон келгенсиң го деп, күйбөгөн жерди күйгүзбөдүбү.

Мына бул окуя дагы эне тилибизге жасаган мамилебиздин деңгээлин, өлкөбүздү өзүбүз эмес, коногубуз бийлегендин белгисин билгизди. Коңшу жашаган өзбек менен казак элинин улутка же тилге жасаган мамилеси, бизден алда канча жогору экенин танып болбойт. Өзүбүздү жогору көрсөтүү үчүн орус тилинде сүйлөшүп калганыбыз ата-журтту, улутубузду саткандын белгиси экенин басым менен белгилей кетсек аша чаппайбыз.

Союз тараганы, орус калкы кетип, кытайлар чабыр өлкөбүздү басып алды, эми көпчүлүк жаштар кытай тилин үйрөнгөнгө басым жасап калышты. Айтмакчы, 10-15 жыл аралыгында калкыбыздын көпчүлүк бөлүгү, өздөрүн мындан дагы жогору тутуп, ооздорун чоюп, кытайча сүйлөп калышы толук мүмкүн. Анткени, тил маселесине өлкөбүздүн билермандары салкын мамиле жасап, чөнтөктүн камында жүргөндө, карапайым калк эмне кыла алат. Жада калса көчөдөгү жарнамалар орус тилинде туура жазылып, кыргыз тилинде сабатсыз жазылганы эле учу жок сөздүн башын козгойт. «Багы жок өлкө баатырга муктаж» деп, айтылгандай, азыр чабыр өлкөбүз өзгөчө тилден кыйналып, жаңы киргиздерге кор болуп бүттү. Дегеним, эне тилди булгап сүйлөгөндөр кээ бир сөздөрдү буруп сүйлөп, сөз бузулуп орусча эмес же кыргыз тилинде эмес орто жолдо калды.

Ал эми искусство жагына, өзгөчө жаштар ырдаган ырларга токтолсок сөз учу түгөнбөй, түбү жок үшкүрүктү пайда кылат. Кышы кыналган кыргыз улутунун уңгусун уламак турсун кээ бир атка минерлер мансап менен байлыктын кулу болуп, кыргыз улуту жер жүзүнөн жексен болушуна кайыл. Алар үчүн улуттун келечеги эмес, өз кызыкчылыктары жогору экенине турмуш күбө. Дүйнөгө түркүк болгон ким болуптур. Баардык нерсенин башталган жана бүтөөр убагы келет. Канчалык байып, бийликтин туу чокусуна чыгып орус тилин улуу тутуп, эне тилди сатып салган күндө дагы кыргыз, кыргыз бойдон калаарына эч шек жок. Өлбөй калган ким болуптур. Өкүм башка келгенде кыргыз тилин чанып, өздөрүн ак сөөк сезгендер дагы кыргыздын салты менен жерге берилет. Аларды орус тилин так сүйлөчү эле деп, орустардай чокунуп жерге берген салтта болгон эмес. Ооба, орусту улуу туттук эле, кечээ жакында кыргыздын чыгаан уулдарын, тактап айтканда каймактарын атып салганын кантип танабыз. Аны эске албаганда дагы Силаевди, Танаевди бийликтин бийик секисине чыгарып, эки чылбыр, бир тизгинди колдоруна карматып койдук эле. Алар кыргыз эли үчүн эмне кылды. Улутуна тартып, байлыкты басты дагы өз элине кире качты. «Бөрү баласы ит болбойт» демекчи. Качан деги бөтөн элге алдатканыбызды токтотобуз. Орус тилин улуу туткан күндө да эне тилди эстен чыгарбаш керек эле го. Акыры карылык башка келип, турмуштун оюунунан четке кагылып калганда, улуттун улуулугуна баа бересиң. Бирок, анда баары кеч болуп калышы толук мүмкүн. Андыктан, эне тилди кордогон киргиздер, бүгүнкүнү эмес, улуттун келечегин ойлонгонго мезгил жетти. «Кыргыз эне кыргыз кылып төрөгөн соң, кыргыз бойдон бул дүйнөдөн өткөн жакшы» демекчи. Кыргыз бойдон калганга эмне жетсин.

Б.Бийназаров

«Ачык саясат», («Кыргыз гезиттер айылы»), 1.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий