Каржы каатчылыгы кино тармагын да кыйгап өттүбү?

pazylovУчурда кино тармагы өнүгүүнүн жолунда десек болчудай. Эл аралык фестивалдарда кыргыз киносу да өз жүзүн көрсөтүп, каармандары менен тааныштырып жүрөт. Республика ичинде аз да болсо жаштарга дем берип, алардын өсүүсүнө шарт түзгөн фестивалдар уюштурулуп келет. Быйыл өлкөбүздө биринчи жолу улуттук кинофестиваль уюштурулуп жатат. Мына ошол май айларында өтүүчү «Үмүт» кинофестивалы жана кино тармагындагы жаңылыктар жана анын көйгөйлөрү, кино театрлар, келечектеги иш пландары тууралуу «Кыргызкино» департаментинин жетекчиси Абибилла Пазылов менен маектешкен элек.

— Улуттук «Үмүт» кинофестивалы өтөт деп маалымдаган элеңиздер, кайсыл күнгө пландап жатасыздар жана кандай программа менен өтөт?
— Кинофестиваль буюрса май айларында болот деп боолгоп турабыз. Мындай фестиваль бизде биринчи жолу өтүп жаткандыктан кээ бир маселелерди чечүү үчүн бир аз кармалуудабыз. Мында бизге тиешелүү да, тиешеси жок да маселелер бар. Биринчиден, департамент жаңыдан уюшулуп жаткандыктан фестивалга бөлүнгөн акчаларды алалбай жатабыз. Мындан сырткары демөөрчүлөр менен иштешүүбүз керек, алар да каржы каатчылыгына байланыштуу бир аз создуктурууну айтып жатышат. Ага карабай биздин жумуштар жүрүп жатат. Келген кинолордун биринчи этабын кароо комиссиясы карап чыгып 15ке жакын кино тандалып алынды. Мына ошол фильмдердин каталогун түзүп, журнал түрүндө чыгарсак деп жатабыз.

— Фестивалдын өзгөчөлүгү эмнеде?
— Жергебизде улуттук деп атайын жаш киночуларга арналган фестиваль алгачкы жолу өтүп жатат. Ага 20 жаштан 40 жашка чейинки режиссёрлор кыска метраждуу бардык жанрдагы тасмалары менен катыша алышат. Бирок көбүнчө кыска метраждуу жана даректүү тасмалар түшүп жатат. Айта кетчү дагы жагдай биз үчүн чоң кубаныч балдарыбыздын эл аралык фестивалга катыша ала тургандай деңгээлде болгондугу.

— Тажрыйбалуу киночулардын жаш режиссёрлорго мастер класс сыңары окуулары кандай болууда?
— Белгилүү кино тармагынын адистери Сапар Койчуманов, Болот Шамшиев, Бексултан Жакиев, Кадыр Өмүркуловдун сабактары фестиваль өтүп жаткан күндөрү болот. Ал эми казактын белгилүү кинорежиссёру Акылбек Мураталиев жакында эле мына ошол жаш киночуларыбызга үч күн мастер класс өтүп кетти.

— Фестивалга тандалган тасмалар жаңы кинолорбу?
— Акыркы 3 жыл ичинде тартылгандар. Болбосо аз эле сандагы тасмалар болуп калмак, билесиңер кино тартуу оңой иш эмес, ал эмгекти, убакытты талап кылат.

— Дегеле кино тармагында кандай жаңылыктар болуп жатат?
— Жаңы кинолордун жентеги май айларында Эрнест Абдыжапаровдун «Уурунун махабаты», Бакыт Карагуловдун «Бешик» тасмасынын ачылышы болот. Ал эми жакында эле режиссёр Жаныш Кулмамбетов тарткан «Чыңгыз менен Бүбүсаранын сүйүүсү» аттуу киносу элге тартууланды. Ошондой эле, «Бүкүрдү кантип үйлөнттүк» деген комедия жанрындагы тасмасы былтыры тартылып баштаган, алдыда ошону бүтүрүү турат. Менден былтыры башталган кино эмне үчүн бүтпөйт деп сурап калышат. Кино бир жылда тартылып бүтө калчу иш эмес, ал 3-4 жылдап деле тартыла бериши мүмкүн. Себеби кино тартуунун сценарийге жараша өзүнүн сезону бар. Гүл гүлдөгөн маал, кар жааган мезгилди тарта турган учурлар болуп калса ошол мезгилди күтүүгө мажбур болосуң.

— Кино тармагын өнүктүрүү боюнча кандай пландар бар?
— Кыргыз киносун өнүктүрүү боюнча 2015-жылга чейин департаменттин концепциясы иштелип чыккан. Президенттин жарлыгы менен атайын мамлекеттик программа түзүлгөн. Бул жерде департамент гана эмес, жалпы кинематографтар киришебиз. Буга атайын жумушчу тобу түзүлгөн. Жакында ЖКнын профилдик комитетинде болдук. Анда кино прокат маселесин карап, аны кайсыл жерлерде жүргүзөбүз, мамлекеттик кинотеатрларды канткенде иштете алабыз, канткенде баары «Ала-Тоодой», «Октябрдай» иштейт, ижарага бериш керекпи, же кээ бирлерин сатыш керекпи, же болбосо ага мамлекеттен акча бөлдүрүш керекпи деген сыңары суроолор каралды. Буюрса, май айынын орто чендеринде министрлик менен бирге профилдик комитетке кинотеатрларды иштетүү боюнча өзүбүздүн иш планды берип жатабыз. Кинотеатрлар 2-3 адамды эле багып тура береби же, чын эле эл үчүн иштейби, ал жерде кинолор көрсөтүлүп, талкуулар болобу, билеттер сатылабы деген маселени көтөрүп чыгалы деп жатабыз.

— «Россия» кинотеатрын кимдер иштеткени жатат?
— Ал кинотеатр жоопкерчилиги чектелген «Кино мир» коомуна былтыр 10 жыл ижарага берилген. Азыр ремонту болуп жатат. Ага 2 млн. АКШ долларына барабар болгон каражат сарпталып, анда ал жерде кино, видео, телевизору бар, жаш балдардын ойной турган жери, кафе, эс алуучу жайы бар шарттары менен мультиплекс курулат. Киного байланыштуу шоу өтө турган, телевизорго программа даярдай турган залдары менен азыркы талапка жооп берерлик деңгээлде курулганы жатат. Себеби жалаң эле кино көрсөтүлсө ал жерге адамдар келбейт. Кинонун айланасындагы шоу жана тамак-ашы менен кыскасы комплекстүү кинотеатр болот. «Ала-Тоо» бир аз ушундай типке окшошот, бирок «Россия» мындан да жакшы болот.

— «Манас» кино театры учурда кимге карайт?
— Негизинен кинотеатр биздин карамагыбызда болчу, бирок Жаштар иштери боюнча агенттиги менен талашып турабыз. Мурда жаштарга өтсүн деп айтылып калган экен азыр чечилбей жатат. Май айынын 14-15теринде Жогорку Кеңешке барып калсак бул маселе да ошондо бир жаңсыл болот деп ойлойбуз.

— Кинотеатрлардын абалы башка облустарда кандай?
— Башка облустарда абал анча жакшы эмес. Былтыр Оштогу «Семетей» кинотеатрын оңдоого аракет кылдык, бирок каражат жетпей калды. Ошол себептүү жаз, жай айларында гана иштеп жылытуу системасы болбогондуктан кыш мезгилинде токтоп калат. Ошол эле Кара-Суудагы «Ала-Тоо», Ноокаттагы, Кадамжайдагы кинотеатрларды оңдодук. Азыр ал жерде кинолор коюлуп иштеп жатат. Чүй өрөөнүндө болсо Сокулук районунан башка жерлерлерде иштейт. Ысык-Көлдө эки жерде, Караколдо анан Чолпон-Атада кинотеатрлар бар. Алар айрыкча жайкысын жакшы иштейт. Жалал-Абаддын кинотеатрлары да иштөөдө, албетте, бардык эле райондордо деп айта албайбыз, мына Баткенде тилекке каршы, кинотеатрлар иштебей турат. Нарындагы «Тянь-Шань» кинотеатры иштесе, Ат-Башыдагысы токтоп турат. Кырдаал бир өңчөй эмес, иштеп жатканы да, иштебегени да бар. Алардын баарын иштеткенге аракет жасообуз керек, себеби анын балдарды тарбиялоодогу мааниси зор. Эгер кинотеатрлар жок болсо балдардын көчөгө чыгып кетиши, жаштардын ар түрдүү башка нерселерге берилип кетиши, маданияттын өспөй калышына түрткү болот. Болбосо азыр балдарыбыз эки-үчтөн болуп алып өздөрү каалаган түрдүү кинону көрүп жатышат. Ал эми театралдык болсо башка, ал чоң театр, сахна, экран.

— Ал эми билеттердин баасы дубандарда кандай?
— Мисалы билеттин баасы Бишкекте орточо 150 сом болсо, айыл жерлеринде 5-20 сом. Ошко барып көрүп келдим. Себеби эл ошону гана көтөрөт, чоң кинолор гана келип калып 50 сомго чыкпаса демейде жогорудагыдай.

— Бишкекте көрсөтүлүп жаткан кинолор Ошто экранга чыкса арзан болобу?
— Бишкектеги «Ала-Тоо» менен «Октябрь» кинотеатрларындагы кинолордун деңгээли башка. Буларды биз Ошто көрсөтө албайбыз. Алар синематика болгондуктан Москва менен сүйлөшүп иш жасашат. Азыр атаандаштык жүрүп жатат десек болот. Синематика өзүнүн кинолорун, биз өзүбүздүн тасмаларды чыгарышыбыз керек. Эгер биз өзүбүздүн кинолорду ал кинотеатрларга алып барсак алардын техникасы биздин тасманы окуй албайт. Бизде Кино үйүндө плёнка менен көрсөтүүгө мүмкүнчүлүгүбүз бар, видео менен да көрсөтөбүз. Азыр көпчүлүк видео кассеталарга өтүп кеткендиктен арга жок видео проекторлорду алууга туура келүүдө. Плёнка менен көрсөтүү эскирип калгандыктан аны четке кагууга туура келип жатат. Ал эми «Ала-Тоо», «Октябрь» кинотеатрында плёнка менен да көрсөтүүгө мүмкүнчүлүктөрү бар. Эми булар башка дүйнө, калган кинотеатрлар бөлөк болуп жатышат. Бизде келечекте бир эле жерде туруп алып бардык кинотеатрларда, телевидение сыңары экранда бир кинону көрсөтүү оюбуз бар, буга мүмкүнчүлүк бар. Теориялык жактан караганда буларды билебиз, техниканын өсүүсү менен бара-бара ушундай системага өтөт деп ойлойм.

— Кыргыз кинолорунун жумалыгын тез-тез өткөрүп турасыздарбы?
— Жакында эле тарыхый-патриоттук темадагы кинолор, андан мурда Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган тасмаларды, ШОС кинофестивалынын эң мыкты кинолорун көрсөттүк. Ал эми май айында согушка арналган фильмдеринин жумалыгын өткөрөбүз. Мындай жумалыктар болуп эле турат, бирок маалымат жакшы тарабагандыктан айрымдар билбей калышат. Анын үстүнө 170 орундуу Кино үйүнө көп деле көрөрман бата бербейт. Мындай иш-чараны башка облустарда да жасоого аракет кылып жатабыз. Быйыл июнь айында «Эгемендүү Кыргызстандын 10 мыкты фильми» деген кинофестиваль өткөрөбүз. Анда Кыргызстан эгемендүүлүккө жетишкенден бери тартылган эң эле мыкты делген тасмалар тандалат.

— Кино котормолор жагы кандай болууда?
— Бул биздин негизги милдеттердин бири. Быйыл «Кыргызфильмде» дубляж бөлүмүн ачып жатабыз. Чет эл тасмалары үзүл-кесил болуп которулуп жүрөт, бирок өндүрүштүк негизде, пландаштырып ушул жылдан тарта киришебиз.

— Бул жылы «Ысык-Көл» кинофестивалы болобу?
— Кинофестиваль каржы каатчылыгына байланыштуу болбой калышы мүмкүн. А бирок акча маселеси чечилип калса быйыл да өтөт. Анын үстүнө былтыркы келген коноктор 2 жылда бир өткөрсөк, фильмдерди сагынып көрсөк дешкен эле. Жылда эле тасма тартылып, жакшы фильмдер боло бербейт. Киночуларыбыз быйыл да өткөрөлү деген ниеттери болгону менен департамент кийинчерээк өткөрсөк деп турат.

— Кыргыз кино жумалыгы башка өлкөлөрдө да болуп турабы?
— Эң акыркы жолу 2008-жылы Түркияда Айтматовдун чыгармаларынын негизинде тартылган фильмдер көрсөтүлдү. Быйыл болсо Белоруссия, Латвия, Польшада кыргыз кино күндөрү болмок, ошого даярданып жатканбыз. Бирок азыр аларга да каржы каатчылыгы келди сыңары, учурда бул иш токтоп калды. Жыл сайын бир нече өлкөлөрдө кыргыз кино жумалыгы өтүп турат, бирок биздин азыркы учурда колго алалбай жатканыбыз, моюнга алыш керек, маалыматтын жетишсиздиги. Департаментте да, кино студияда да басма сөз кызматы менен иштеген кызматкерлер жок. Биз бара-бара өзүбүздүн журналыбызды чыгарып, сайтыбызды ачуубуз зарыл.

ЭЛИЗА ИРАНОВА, «Zaman-Кыргызстан», 01.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий