Киши соодасы

kitepРедакциядан: Абдыкерим Муратовдун «Акыркы адамжапайынын арзуусу» деген аңгемелер жыйнагы жарык көрдү. Анда биздин окурмандарга мурдатан тааныш «Чабалакейлер, кайра кайткыла», «Эл тарапта», «Акыркы адамжапайынын арзуусу», «Күн эжей», «Үркүнбай… Үч талак… Үч бала» деген аңгемелери менен катар жаңы чыгармалары да киргизилген.

Биз ошол китепке кирген бир аңгеме менен окурмандарды тааныштырабыз. — Чоң эне, энем сизди кеч алтыда биздикине келсин, балаңыз звантетет экен деди. -Абысынынын эш болор небереси ушинтип эле чыгып кеткенде, ойноок баланын колуна кант-сант бере коюшту да унутуп Орунбү шалдырап отуруп калды. Пиялада бир ууртам чайы да ичилбей сууду.

Анан Маматалиси менен сүйлөшө турган күн болсо, уулунун үнүн уга тургандын пайити келип калса, чай кайдан өтсүн. Маматалиси болсо төрт жыл мурда үйдөн чыгып кеткен, биринчи Орунбордомун, базарда иштейм деген, анан эле Сургут жактамын, газда иштейм деген, бир жыл болду Новосибирге кеткен, чоңдордун үйүн салып атабыз деген. Алты-жети айда бир тилийпон кылып коёт.

Орунбү чайын да ичпей, дасторконун да текчеге койбой, бутуна паттайы калишин салып, бекиткен курутунан, сары майынан кичинеден алып, абысыны Тургундукуна жөнөдү.

— Алтыга дагы алты саат бар го,-деп абысыны Тургун күлүмүш болуп, бирок баары бир азыр эле келет болуш керек деп күтүп атканбы, булоолонгон буудай нанын, катта пиялаларга бардыкындай куюлган сары май, каймактарын, канттарын жайнатты. Орунбүгө булардын бири өтсөчү. Алты саат ой басып, нес болгонсуп отура берди.

Алтыга аз калганда Тургун кол тилийпонун алып келип, Орунбүнүн алдына таштады.

— Чыңырганда мына бул көгүн басып, сүйлөй бересиз,-деди да, андан кийин дагы кошуп койду, — этият кылыңыз, колуңуздан түшүп-пүшүп кетпесин, бул бир уйдун пулуна келген.

Күйгөндө да ушул Тургундан күйдү, жаңы келин болуп келгенде үстүнө үйү тургай илип алар чапаны жок эле, кайниси экөөн ыраматылык чалы менен Орунбү жетимсиретпей багып, иш таап, там салып берип, эл катарына кошкон. Кийин эле балдары тың чыгып, Орусияга кетип, күндө-күн алыс сүйлөшүп турушат, айына бир күндө — ар айдын үчүндө айлык салат, аны алган күнү Тургун Ноокаттын почтасына, базарына батпай бажактап келет. Жанагы соткени да ошол балдары берип ийген, күндө сүйлөшүп туралы деп.

Орунбүнүн Маматалиси болсо сотке салмак түгүл, өзүн өзү эптей албай, ушул төрт жылда бир жолубу, эки жолубу пул салымыш эткен. Жалгыздыкы кыйын, же уруша албайт, же келе бер бери дей албайт. Анан калса баласы турбай жүрүп турган, аркасы бар, айтканын бербейт.

Мына саат алты болду, алты жарым болду, Орунбүнүн чый-пыйы чыкты. Кайра-кайра Тургунду беймаза кылып «Маматали чалбайт го», «Мунуң иштеген немеби», «Ал жактын сааты менен айтпады беле» дегендей суроолорду бере берди эле Тургун да бир-эки жолу жаман көзү менен карап, акыры «атасы экөөңдү тартып нымтырап жүргөндүр да, балаңыз бала эмес эле сексен кило гөш да» деп койду. Орунбү жаман болуп кетти. Жүрөгү мыжыкты. Дагы бир нерсе десе, «балаңа сотке алдырып албайсыңбы» же «жанагыл беш коюңу сатып сотке алып албайт белең менин балдарымдыкын талашпай» дегени турат. Эмне десе да эп да, сотке ошонуку, сагынган уулунун үнүн ушул алакандай нерседен укканы турбайбы…

Аңгыча жерде турган сотке жаны чыга чырылдап калды. Орунбүнүн жүрөгү элеп-желеп болуп калтыраган колуна тигил чырылдаган нерсе илишпей турду. Колун узаткансыды, бир нерсени баскандай болду, «Маматали, Маматали, айланайын» дегендей болду. Угулбады. Эч нерсе эшитилбеди. Тургун да, анын ойноок небереси да эшиктен кирип келди. Ошондо гана ал эсин жыйды.

— Чоң эне сиз башканы басып коюпсуз. — Ойноок бала Орунбүнүн жүрөгүнө от сепкендей кылды. «Эми сүйлөшпөй каламбы», «Маматалимдин үнүн укпай каламбы», «Апам сүйлөшкүсү келбей атат экен деп Маматалим кетип калабы» дегендей ойлор биринен сала бири башын тумандатып атканда, сотке кайра чыралдады. Орунбү баланы карады. Бала соткенин бир топчусун басып, Орунбү энесине карматты. Үн чыкты. Маматалинин үнүбү, башкабы, Орунбү жакшы ажырата албады, колундагы эбелектей нерсе ыргып кетпесин деп коркуп, маккам мыжыгып алды. Үн угулбай калды. Чамасы сүйлөшүп бүтүштү. Эмнени түшүндү? Эч нерсени, болгону орозонун башында барып калам, тууган-уруктарга ооз ачырам, бир-эки семиз кой… Ушуларды гана түшүнгөндөй болду. Ушуларды укканга да ыраазы эле. Акыры эртең арапа, бүрсүгүн рамазан айы башталат, бир жума, ашып кетсе эки жумада уулу келип калат. Ошонун келишин төрт жылдан бери күтүп атпайбы…

Орунбү үйүнө баратып, жанагы сүйлөшкөнү чын эле Маматалиби, же башкабы, чын эле ал келем дедиби деп аябай ойлонду. Бул ойдун баш-аягы жок, түнү да кыйнай берди, уктабады. Таң атып ата элек туруп, сааркы намазын окуп, кудайга жалынып караңгыда ойлогондорун ишке ашырыш үчүн бир коюн салып, Оштун маршруткасына биринчи болуп келип отурду, мындайда же убакыт өтсө кана, же жанагы тарпы чыккан машинага адам толсо кана…

Ошко жетпей Жапалакка келип түшүп калды. Бул жерде бөлөсүнүкү бар. Жылда, жыл алыс келип турат. Ошол бөлөсүнүн бойго жеткен кызы болуш керек эле. Кичине чагында айылга келип жүрчү, Маматали ойнотуп калат эле, экөө ынтымак ойношчу. Анан Маматалини да ушулар Ошко соттун окуусуна киргизген, кирип эле кой, пулун салып тур, тизмең жүрө берет дешкен, тааныштары көп экен. Төрт жылдан бери Маматалинин окуусу жүрүп атабы, жокпу, аны менен Орунбүнүн иши да болбоду, Имар коңушусу айткандай азыркы окуу да окуубу, азыр адам окубай, пул окуйт. Орунбү үчүн анан калса баласынын сот болушу дале анча керек эмес, баласы адам болсо, аман болсо болду.

Зиягүл бөлөсү экөө сабиз баскан жерде да, очок башында да палоо кылганча гап созушту. Улам эле Орунбү бөлөсүнүн сөзүн буруп кызыккан кызы Гүлжанды сурай берди. Ишин сураса Зиягүл анысын жактырбагандай «Ошто иштейт, үймө үй кыдырып атыр-упа сатат» деп койду. Орунбү ушундай да кесип болобу деп таң кала карады эле «сулуулардын жарышына катышат элем» деп миңге, жок, миңи сом эмес, башкасын айтты, чамасы амирканын пулун айтты, көйнөк алып бир гөрүнө барам деп оолугуп жүрөт деди. Ушуну угары менен Орунбү болбойт экен деди. Кечинде баягы Гүлжан, азыркы Гуля келди, таежесин тааныбадыбы, тааныбашка салдыбы, кайдыгер гана карап коюп кирип баратты эле, апасы урушса, тоготпой, ооз учунан учурашымыш болду. Ошондо Орунбү ал кыздын көчөгө кийген кийиминен киндиги көрүнүп турарын, киндигине кулаксөйкөгө окшош бир нерсе тагып алганын баамдады. «Болбойт» деди. «Киндиги көрүнгөн моданы атайын кыргыздар туубас болуп көбөйбөсүн деп башка элдер ойлоп тапкан» деген маалим кайнисинин кеби кулагына шак келе калды. Ошон үчүн «болбойтун» айтты. Анан бул үй-бүлөгө таарынгандай унчукпай жатып алып, таң эртеңден туруп, дагы туугандарына айылчылап Гүлбаарга кетти. Тагасынын Апиза деген бир кызы ошол Гүлбаарга түшкөн. Алар менен кемкаттоо эле. Апиза жаркылдап тосуп алып, айыл-апанын баарын сурап кобурашып оңуп калды. Кыз бала ушул да. Өзү чамалагандай эле Апизанын бойго жеткен кызы бар экен. Сураштырды. Бирөөгө болуп койгонбуз, кулаксөйкө салып кеткен, майрам сайын белек-бечкегин берип турушат, баласы Түркияда молдолукта окуйт, бүтүп келери менен кол менен алабыз деп атышат деди. Ушуну укту да, аерде түнөбөдү. Төө-Моюнга өтө берди. Ыраматылык күйөөсүнүн бир ашинасы бар эле, Тогузбай деген, аны издеп суй жыгылды, акыры сүрүштүрүп жүрүп тапты. Таппай талаада калсын, бере турган бир эмес эки небереси бар экен. Болбойт деди, түз эле силерге ылайык келбейт деди, булар чөлдүн кыздары, силер тоолуксуңар деди. Тогузбай аяшынын ачуусу чукул болуп кетиптир, куучунашы кармап турат. Ырабдайы айнып, кеч кирип калса да, эптеп таксиге жетип кете берди.

Бир күн дем алып эртеси тоолук болсок, тоолук издеймин деп Папанга келди. Илгерки төркүн журту. Сүрүштүрүп атып ылайыгын жолуктурбады. Бирөөсүнүн сүйлөшкөнү бар болсо, бирөөсүнүн окуусу көп экен, биринин атасы ичсе, биринин апасы жөнсүз. Ошентип Папандан да куру кайтты.

Анан Көк-Бел, Жар-Коргон, Кожоке, Алике, Байыш деп отуруп Маматалисине келин тандоодон жолу болбоду. Жакшысын, ылайыктуусун издеш керек да, акыры бул киши соодасы эмеспи деди өзүнө өзү. Баарынан да жакшы бир санаалашы, канча малың бар деп сурады эле, Маматалиге атап жүргөн беш коюм бар деп айтканда, мурдун чүйрүп, сен бул жакынкы он жылда келин ала албайсың деп тескери карап кетти. Дагы бир жерде кызыбыз жаш десе, бир жерде дагы келерсиз деп иттен чыгарып кутулду. Өзүнүн айлында болсо кыздар куруп кеткенсип, жарымы Казакстанга тамекиде иштегени кетсе, жарымы Бишкекте швея деген бабирикасына кирип алышыптыр, олор турмушка чыкпайт имиш.

Акыркы үмүт деп, киши соодасы деп ичкиликтерге кеткен кыздарга барып көрөйүн деп айылдан кеткен кыздарды сүрүштүрүп Беш-Буркандан түшүп, Жалы менен Көк-Жарын, Кара-Тейити менен Бел-Өрүгүн кошо кыдырды. Бир жерде калыңга жүз миң сурап качырды. Дагы бир жерде кыздын себи даяр, төрт килем кылып койгонбуз, балаң менен сүйлөшсө эле, бири-бирин жактырышса, биз кайда кетет элек, келин кылып тууруңа кондуруп ал дешти. Ал кыз жакпады, бою пакана, түсү инди кара неме экен. Маматалиге пар эмес, акыры киши соодасы да.

Канткен менен Орунбү үч-төрт жерди чоттоп да койду, ошолордун бирине токтолсо да болгудай, бир гана аларды Маматалиси келгенден кийин масилаатташса ылайыктай…

Дал ушул кезде Маматали Новосибирск — Бишкек поездинде эле. Жанындагы көгүлтүр көз Ольгага улам-улам суктана карап, апасы жоолук салганда кыска чачтарын кантип катар экен деп, тынбай үйрөткөн «ырахмат, мен сизге келин» деген сөздү кыргызча кантип айтар экен деп, айылдын чаң жолунда шиш такасы менен кантип басар экен деп, ар кыл нерселерди кыялданып, кыялында ойлогон нерселерге ичтен жылмайып келе жатты…

«Zaman-Кыргызстан», 01.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Киши соодасы: 1 комментарий

Добавить комментарий