Бурул КАЛЧАБАЕВА

СЕЗИМ НЕГЕ, СЕРПИЛДИҢ СЕН?

Канча жыл жалгыз экем,
Негедир ойлонбопмун.
Сырдашым жалгыз калем,
жалгыз барак…
Жалгыз төшөк жана балам,
ал да жалгыз…
Көңүлдүн оту өчкөнбү,
Кайра жангыс?!

* * *
Кирпиктин учундагы,
Каректин нурундагы,
Көрүнбөгөн бир жипти ортодогу
суук көздөр көрбөсө дейм!
Кирдүү кол кармабаса…
Бир гана өзүм билип
аяр күтүп…

* * *
Экөөбүз эки жээкте
өтүүгө көпүрө жок.
Ортодо — күрпүлдөйт турмуш дайра.
Өтүүгө кечүү кайда?
Тап бир айла!
Далайга тил табыша албай,
Жүгүрдүк көпүрө издеп
өйдө-төмөн…
Көңүлдө бир ыңгайсыздык,
зарылбы ушул мага?
Көзүңө тик карай албайм,
сүйлөй да албайм,
калгансып сөз түгөнүп…
Ортодо турмуш дайра,
мелмилдеп турат тынып.
Дегдеген көңүл кайда?
Чөйчөктөй мелт-калт болгон
эңсөө кайда?
Тоодон кулап, ташка урунуп,
Бир нукка баш ийип,
баш ие албай…
тамчысы каректей чачыраган
өзөн сымал…
Сырымды ичке алып,
Түбү жок көз кудуктай
турам тунуп…

* * *
Мен сени жакшы көрөм,
Жакшы көрөм өзүмдү сенден дагы…
Атымды, абийиримди аттай албай,
Өмүрдүн көп барагы актай калды!

* * *
Көзүм неге?
Көрдүң неге?
Көрбөй турган кишини…
Жүрөк неге?
Сүйдүң неге?
Сүйбөй турган кишини…
Сезим неге,
Серпилдиң сен?
Уйгу-туйгу ойго салып ичими…

Көңүл неге?
Ойноктойсуң?
Желедеги кулундай!
Кыял бекер
алып учпа…
сапырылып куюндай!
Сүйүү ыры, калсын менде
жаңырыгы жан адамга угулбай!

Аруу сезим!
Кан дүргүтүп,
албууттанба бекерге!
Сынадыңбы?
Арзуу ырын,
Тартууладың кетерде…
Тамшанаармын,
бир угаармын…
Өмүр менден кайып учуп өтөөрдө!

* * *
Турам азып…
Уйкум качып…
Сен мени —
менден башка тирүү жан жок,
ээн жерге алып барып,
таштап салчы…
Артыңа бир кылчайбай
кетип калчы…
Көөдөндө көнөктөгөн ак жамгырды
төгөйүн суу боюна…
Көрбөсүн жан!
Көңүлдү зилдей баскан кусалыкты,
көмөйүн тоо койнуна…
Көрбөсүн жан!
Сен да көрбө…
Жазылбас сагынычты —
мыжыккан жүрөгүмдү алсыратып,
салкын желге сапырайын…
Кайгыны —
көлөкөдөй ээрчип алган,
Жүзүмдү күнгө тосуп,
жолотпой качырайын…

* * *
Мен сени түштөн көрөм, көрөм иштен,
Айта албай ойлорумду сызам ичтен.
Көңүлдү уялаган бир сезимдин,
Көп түйүн жандырмагын сенден күткөм.
Сагынсам саамайыңдан сылай албай.
Бүркөлсөң көңүлүңдү улай албай.
Тиштенип жашап келем ичтен сызып,
Бой таштап кучагыңа кулай албай!..

Кыйылтып далай жанды умсунтканмын,
Бир көргөн жалган түштөй унутканмын.
Жылыбай жүргөн көңүл не жылыдың?
Өзүңдү кыйын болду унутмагым…

Мен сени түштөн көрөм, иштен көрөм,
Айта албай ойлорумду сызам ичтен.
Байчечектей бажырайган бир
сезимдин,
Баштаган поэмасын жазып бүткөм…

* * *
Аялың чалды мага,
сурады абалымды,
билдирди кабарыңды,
Кайсы бир алыс шаарга
сапар тартып кеткениңди…
Үнүнөн каргылданган,
Көңүлдүн түпкүрүнөн,
Канчалык сыр бергиси келбесе да,
сыйрылып турган сызылып,
тамгалардын ар жагынан,
сөздөрдүн арасынан,
окудум башка сөздү
көңүлгө бүлүк салган:
«А балким, ал шаарда эмес,
сенин эле маңдайыңда
олтурат чыгар» деген…
Кандай оор?!
Түпөйүл ушул жашоо,
чок кармап алаканга,
кызганыч көөдөндү тээп…
Уйку бербей күдүк ойлор,
убайымдын үрөнүн сээп!
Эң кымбат асылыңды,
бөлүшүп бирөө менен…
Мен ага —
көп нерсе айткым келди…

Ал сага үйлөнөөрдө —
кыз кездеги —
кыялыңдын бири калбай,
Жаз күнүндөй мүнөзүң
өзгөрмөлүү,
Айланып көнүмүшкө,
карга айланып борошолоп,
жаап турарын билген эмес…
Ал сага үйлөнөрдө —
кесирлүү, кербездене
кабак чытып, тергеп-тескеп,
Ачуу тилиң —
камчы болуп чаап турарын
билген эмес…
Алмага багындагы,
эртелеп курт түшөөрүн,
жаздагы жаңы көчөт, жалбырагы бүрүшөөрүн,
сезими эмнеликтен
эрте үшүүрүн,
Тез эле — махабаттын масы тарап,
соолугарын билген эмес…

Ал сага жолукканда —
чөлдө эмес, көл боюнда
кетирекей кара тору,
бир кыз барын билген эмес!
Ордолуу отуз жашы артта калып,
Кырчын курак —
кыркты өрдөп калган кезде,
Бөтөн эл, бөтөн жерде
ал экөө жолугаарын билген эмес!
Сыпайы — сылык мамиле,
экөөнө кишен салып,
Аруу сезим уялап көңүлдөрдө,
ак баракка —
табышмактуу ырлар жазып,
бейтааныш бир аялга,
көңүлү оолугарын билген эмес! —
дегим келди…
Айта албадым…
Ансыз да —
көмүлүп ой-санаага,
көңүл кушун качырып
турган жанды,
Жана да —
куштун кош канатындай,
буюрган бир адамга
эки аялды,
Аны да, өзүмдү да
аяп турдум…
Атаганат!
Жазданып бир жаздыкты,
жаныңда жаткан жардын
кадырына жеткен жакшы!
Болбосо — байланып көр оокатка,
ортодо ишеним жок,
тырышып этегинен бекем
кармап,
тепсетип намысыңды,
төшөгүңдү,
кор кылып алтын башты
жашаганча,
Болсо да —
бул ааламдын түркүгү ошол,
кол шилтеп —
кош айтышып кеткен жакшы!
Чынында —
алган жардын кадырына
жеткен жакшы!

«Көк Асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2009-ж.

Буюккан сезимдеги “Жетим ырлар”

Менин өмүрүм, жашоом экиге бөлүнөт. Балам бар кез жана балам каза болгондон кийинки кез. Өмүрүмдүн ушу эки учурунда калемимден ыр жаралыптыр. Атайылап деле жазган жок элем. Акын эмесмин. Мен жазгандарымды ыр катары деле кабыл албайм. Булар менин ак баракка айткан ички монологум… Балам бар кезде жазгандарым иш дептеримдин ар кайсы бетине, ар кайсы жылдары жазылыптыр. Ал ырлар комуздун кайталангыс бир кайрыгындай жагымдуу, купуя жылуу сезимди туюндуруп, ал сезимди алаканым менен өчүргөнүмдү баяндайт. Ал эми экинчи учурда жазылгандары баламдан айрылгандан кийин кагаз бетине түшкөндөрү. Адам баласынын, айрыкча кыргыз баласынын сүйүүсүн да, күйүтүн да поэзиядай эч бир жанр айтып бере албайт. Поэзиянын күчү мына ушунда.

Ал эми “Жетим ырлар” деп атаганым, лирикалык саптардын кимге арналганын, качан жазылганын өзүмдөн башка эч ким билбейт. Адегенде мен тараптан маани берилбей 20-25 жылдан бери жарык көрбөй “еженедельниктин” этегинде жүрсө, маани берип чыгарып коеюн десем каражат табылбаса, жетим болот да!

Жетим эле бул ырлар,
жетим эле.
Жаратым айыга элек
жаралуу кезим эле…
Күнөөсүз бул саптарда,
зергерлер асыл ташты
алтынга чөгөргөндөй,
бул ырларга чөгөрүлгөн
туптунук көз жашындай,
таңдагы шүүдүрүмдөй,
айтылбас жан адамга,
аялуу сезим эле!
Окуучум…
Өз колуңа тие электе,
бул ырлар жетим эле…
Буулуккан бул саптарда,
буюккан сезим эле!

***
Жолуктуң да
Жан дүйнөмдү экиге бөлүп салдың…
Бири мендик, бири сендик…
Бири сезим, бири акыл…
Кимиси жакын мага?
Кимисин тандап алам?
Катат башым…

***
Күн дагы чыгаар, батаар,
биз жок деле…
Жыл өтөөр, кылым өтөөр,
алмашып жазы-жайга, күзү – кышка
биз жок деле…
Ысык-Көл турар толкуп,
термелип аккуу калкып,
Ала-Тоо жатар чалкып,
айланып бүркүт шаңшып,
биз жок деле…
Чоңоер балдар дагы
биз жок деле…

***
Кирдүү колго карматпастан,
кастарлаган кайран дене,
көмүлүп каласың ээ?!
Бир күнү кара жерге… жуурулуп топуракка,
той түшүрөөр курт-кумурска!
Келесоо…
Кимди күтүп кылчактайсың?
???
Денең сызга тие электе,
ным топурак сүйө электе,
Бой ташта-
жактырган адамыңдын кучагына.
Ийлесин, уйпаласын,
демине куйкаласын!
Бул өмүргө —
бир ирет келгениңди
туйбаган кандай жансың?!

***
Сен мени-
Бир жыл күттүң,
От ыргытып сөзүң менен
аңдап-баалап…
Мен да сени —
бир жыл күттүм,
ойго толгон ырларды арнап…
Умтулдук —
бирибизге-бирибиз жете албадык,
ойлорду ооздуктадык,
сезимди кишендедик…
Уят деген —
Улуу журтту аттай албай!
Кыязы тагдыр бизге
жолугууну буюрбаган,
Күндөр өттү келегей,
айрандай уюбаган…
Ортодо жетим калды
сезим мөл-мөл,
Экөөбүз эки жээкте,
эсеп нөл-нөл…

***
Өмүр аз, өмүр кыска
мезгил учкул,
Пендебиз да —
мезгилди келет уткуң!
Бу жалганда —
көр оокат, түйшүк бүтпөс,
баарына жетишүүгө өмүр түтпөс!
Ардагым!
Жаныма жакын келчи,
сезейин жылуулугуң…
Тиземе койчу башың,
сылайын ак чалган саамайыңдан,
Жыттайын —
бырыш баскан маңдайыңдан!
Бу жалганда-
тирүүлүктүн мыйзамына башымды ийип…

***
Кол телефон өчүрүлгөн…
Досторунун саламынан,
жубайынын күтүүсүз
кадамынан, —
Жана да —
сергилең бир сезимден
чарчагандай…
баарынан тажагандай,
Коомдогу көрүнүшкө
кайнап каны,
Түшүнбөс түркөйлүктөн
ооруп жаны,
Жазыла элек ырларга
жолукканы,
Ал кетти —
тоо тарапка тазарганы…

***
Мырзалар!
Жөн эле ойноп, күлүш үчүн,
же эстеп айтып жүрүш үчүн,
асылзатка барбагыла…
Отундай албарстынын түндө күйгөн,
чегирткенин канатындай
жанбагыла…
Арзууга кучак жайган асыл жандын
көңүлүн кирдетип албагыла!
Жакшы аял жаралган сүйүү үчүн,
ысыгыңа-суугуңа күйүү үчүн,
багыңа бак кошууга,
жолуң карап таң тосууга,
турууга бириңди эки кылып,
элжиреп-эзилип ичи жылып
сүйүүгө, сүйүү менен ууздай тунук…
Мырзалар!
Жакшы аялга жөн эле барбоо керек,
Жакшы аялды жар кылып тандоо керек!
Жашоодо кенемтеңди толтуруучу,
Жакшы аял – Жараткандан келген белек!

***
Аңгырайт аалам,
аңгырайт үйүм шамал ойноп,
күлкү жок, жылуулук жок…
Боштукка ушул сыйбай турам.
Муңумду жашыра албайм,
карекке батыра албайм,
дүнүйөм түгөл эмес,
тегиз эмес телегейим.
Артымда “апакелеп”
ыйлаарым жок…
Жашоонун баштагыдай
ыргагы жок…
күч барбы кубат алар?!
Жан барбы жубата алар?!

***
Мен сенден-
айрылганым укканымда,
Түйүлдүм түйүнчөктөй,
чыңырдым чымылдыктай,
атылдым асманга жебе болуп…
Бирок —
көккө жете албадым!
Чагылдым чагылгандай,
төгүлдүм нөшөр болуп,
Бирок —
жерди тешип өтө албадым!
Көз жашым акты селдей,
өксүдүм, өзөлөндүм, эстен тандым…
кала бердим…
Же тирилтүү —
же кошо өлүү колдон келбей!
Табылбас —
эми бала мага сендей!
Өзүң жок —
дүйнө көрдөй, жашоо эндей!

***
Кудурети күчтүү кудай!
Көр пендеңбиз сен жараткан,
жер үстүндө эсеп жеткис,
жан-жаныбар, бак-дарак,
курт-кумурска —
жайнаган гүл, жашыл чөп…
баардыгы сенин балаң!
Бир айырмам!
Меники көзгө басар бирөө эле…
Жалгызга жалынганым,
караанына кагылганым,
күнөө беле?
Сага керек ал бала,
сенден да —
мага абдан керек эле…
Сагынсам жыттарыма,
караан тутуп уктаарыма,
жашоомо-жазганыма,
өзүмдү тирүү сезип,
энемин деп —
баш көтөрүп басканыма
керек эле!
Сооротушту —
жакшыны алат дешти,
жамандар калат дешти…
Андай болсо —
неге сен калыс болбой,
Мен жаманга —
кыз бердиң көз мончоктой?!
Жибектей созулган бала бердиң!
Биринин аркасынан —
экинчисин ала бердиң…
Капшыты качан чыгат
кара жердин?!
Кара жер —
топук кылып тойсо болмок,
Миң күнкү бейиште эмес,
бир күнкү тирүүлүктө,
Өзүмдөй —
жаман эле бала берип,
Жараткан —
жаныма жөн койсо болмок!

***
Көөдөндө түтөп,
Кусалык күчөп,
Күйүттүн оту өчпөдү.
Эч нерсе жакпай,
Эч айла таппай,
Эт жүрөк далай өксөдү.
Толтурат эмне,
Көңүлдө боштук, бөксөнү?!
Соо калбай күндө,
Солуктайм түндө,
Сооротот кандай күч мени?!

«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 10.04.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий