Салтанаттуу сурнайлар

Казактар Чүйдү талашканда
Кыргыздын улуу дөөлөтүнүн бир белгиси болгон, күү аспаптарынан айырмаланган, салтанаттуу шаан-шөкөттөргө, кумурскадай болгон адамдардын опур-топуруна топ жарып, үн салган жезнай, сурнай, добулбас, шаңгырак, чымылдак, керней аттуу түрдүү күү аспаптарыбыз болгон. Азыркы күндө бул аспаптардын көбүнүн аты бар, заты жок болуп бара жатканы бизди терең ойлондуруш керек. Эл ичи өнөр кенчи болуп, уюткулуу кыргыз калкында бабалардын бизге калтырган ыйык мурастарыбыз болгон салтанат-шаан аспаптарды жандандырган, Кудай шык, талант берген өнөр адамдары чыгып келер.

Тарых адамды жасайбы же адам тарыхты жасайбы дегендей, ар бир нерсенин учуру, убактысы болот экен. Кыргыздын тентип-тербиген, чабылып-чачылган ар кандай учурлары болду, эми деле оокат деп, турмуш деп кыргыз буту баспаган дүйнө шаарларынын көчөсү калбады го. Убакыт келип, Ата сөзү байырлаган, Эне тили жашаган, мекенибиз, Ата Журтубуз — кыргыз жергесине, кыргыз туусунун алдына жезнай үнү бапылдап, сурнай үнү такылдап, алыскы- жакынкы боордошторду бириктирген, чакырган күн келди. Кыргыз кан-жанына сиңген аскердик, уруш өнөрлөрүнө кызмат кылган сурнай, добулбас, чыңылдактар күнү бүгүн эл оозунда, тарыхыбызда айтылып, жазылып келди.

Өткөн кылымдын башында болгон, тагы айыга элек казак-кыргыз урушунда Ормон хан менен казактын төрөлөрү Кененсары, Норузбай чабышында кыргыз керемет аспабынын үнү канча казактын жүрөгүнүн үшүн алып, урушка жараксыз кылып алсыздандырган.

Казактын Норузбай, Кененсары-лары кыргыз башчыларына «Сары-Өзөн-Чүйдү бошотуп бергиле, бизге ылайык жер экен» деген дооматынан окуя башталган. Кененсары менен Норузбай 20 миңге жакын аскери менен келип Чүйдү этектеп түшкөн кезде кыргыздардын арасында казак менен урушайын деген ниет жок, ар кимиси өз көмөчүнө күл тартып, ыркы кетип турган болчу. Көлдүн баатыры атанган Балбай табасы канып, Ормон ханды көзүнүн кыйыгы менен карап, Алай, Ош жергесиндеги кыргыздар кабар албай же кабар жетпей калышкан. Ошондо Кудай чоң сактап, кыргыз Ормон ханы айлакерликти, уруш өнөрүн, ата-бабадан келген сырларын ойнотуп, казактардын ондон бирине да жетпеген кичинекей колу менен, бир жарым миңдин тегерегиндеги жигиттери менен казактардын ойронун чыгарган эле.

Кайран сурнайчы Орозбакты
Ошол уруштагы сурнайчы, кадимки залкар Сагымбайдын атасы Орозбакты болгон. Кыргыз сурнайын өнөрпоздун өнөрпозу тартып, сурнай тартуу эбегейсиз кара күчтү, өзгөчө жөндөмдү талап кылган. Сурнай тартып жаткан адам болгон тулку бою менен үйлөп ойноп, эки көзү чекчейип кызарып, эки жаагы топтой тоголок болуп көөп турган. Сурнайдын үнү өзгөчө кубаттуу чыгып алыска тарап, беш-алты чакырым алыстыкка жанында тургандай даана угулган. Себеби, казактардын аскери кыргыз жерин каптап келип өргүп жатканда, аларды акмалаган Ормон хан бир чоң дөңсөө жерге келип, ошол дөңсөөнүн ары жагынан жигиттеринин аттарынын артына чычырканак байлатып, чаңдатып айландыра берген. Бул — көп аскер чаңдап келип жатат деген ыкма болгон. Кечке жуук дагы чоң чаң чыгып, анан бир доолбас үнүнүн арасынан укмуш кооз, өзгөчө шаңдуу кайруулар аба жарып, чаң жарып угула баштаган. Бул жердеги бир өзгөчөлүк — кадимки залкардын атасы, залкар сурнайчы Орозбакты кыл кыякта, комузда угулуп жүргөн сурнай күүлөрдүн залкар кайрууларын как өзүндөй катыра келтирип, катыра какшатып, кыргыз жергесинин көркөмүн, ажайып сулуулугун, асман тиреген тоолорун сүрөттөй тартып, ушул жерди түнөк кылып мекендеген, кылымдап жашап, жердеп келе жаткан айкөл Манастын элин күү кайрыктарына салып, кайран Орозбакты сурнайын күүгө келтирген.

Түнү менен сурнай үнү тоо жарып шаңшып, Ормон хандын бир жигити он жерге от жагып, кыргыз колу түшкөн дөбө жайыктын боору толо жылтылдаган от болуп, казактардын кулагына угулган жүрөгүнө от болуп кирип, сурнайдын залкар, улуу кайруулары алардын жан дүйнөсүн чачылтып, эт-жүрөгүн опкоолжутуп сары суусун алган, эркин сындырып, ойлоо сезиминен ажыраткан. Кыргыз күүсүнүн тереңдиги, бийиктиги алардын эркин мокотуп, биротоло ажыратып, музыка терапиясы эмес, күү психотропу ишке киришип, казактардын кара жанын ала качууга дуушарлантты. Ал кезде кыргыз күүсүндөгү, кыргыз кайрууларындагы адамдын акылы жетпес улуу күчтү, улуу сырды кишилердин көбү түшүнө билген эмес.
Ошо кыргыз күүсү эмне күч экенин билбеген энөөлүгүбүздөн, акмакчылыгыбыздан убактылуу болсо дагы жезнай, сурнай, керней баштаган, добулбас коштогон аспаптарыбыздан кол жууп, анан издеп жүрбөйлү. Ошондуктан канча алааматтардан сактаган жезнай, керней, сурнай үндөрү жашаса деп Кудайдан сурап, баркын билип, баасына баш ийели.

Кенжебек Алдаяр, комузчу,
«Көк Асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 13.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий