«Окурманданалдыда жүрбөй, анын артында калган жазуучунун эч кимге кереги жок»

1056698892Жазуучу, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты Казат АКМАТОВ менен маек

— Көркөм ой жүгүртүү жөнүндө кеп козгодуң. Бул дагы жаткан бир чоң маселе. Совет убагында көркөм ой жүгүртүүнүн эң сонун куралдарынан ажыратып, тыюу салып койгон болчу. Маселен: диний уламыштар, мистика, астралдык, оккульттук, фантасмогориялык ж.б. абстракттуу, көркөм ойду тереңдетип, байыта турган куралдардын бардыгын: булар социалисттик реализмге жат, кыялый келжиректер деп туруп адабияттан сүрүп таштаган. Ошону менен биз негизинен койчу-уйчу, саанчы, шахтёрлордун гана коммунисттик образдарын түзүп отуруп калганбыз. Лекин башка бир буруу-терүү бир нерсе жазчу болсоң, советтик-партиялык сынчылар туш-тушуңдан сабап жиберчү. Ошентип менин «Мезгил» романым — «антирусский», «Ажырашуу түнү» аттуу пьесам — «антипартиный», «Күндү айланган жылдар» романым — «антисоветский» деген мокочо күнөөлөр менен айыпталып, Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктан («Мезгил») зордук менен ажыратылып, акыры кызматымдан айдалып көчөдө калган күндөр болгон.

Азыр эми сөз өнөрүн кыйыр-чеги жок эркин чабыштата турган замандабыз. Тема тандоодо да эч кандай тоскоол жок. Бирок, дал ушундай убакта проза жанры ташыркап баса албай калганы моюнга ала турган иш. Мунун себептери бир нече. Эң оболу ошол капыстан башыбызга келген сөз эркиндиги жөнүндө айтайын. Биринчиден, эркиндик өзүнөн-өзү эле чыгарма жарата турган айдың эмес экен, тескерисинче, чексиз эркиндик деген жазуучудан тоскоолдуктарды жиреп өтүү кумарын, анын кол жетпей жаткан серелерди көздөй умтулуусун алып таштап, көкүрөгүндө максатсыз боштукту пайда кылып, аң-сезимдин өчөгүштөн улам күйүп-жанган энергиясын азайтат шекилдүү.

Спортсмендин алдында бийиктикке секирүүнүн план-касы турбаса, ал эмне үчүн жөндөн-жөн эле секире бермек эле. Ошол сыңары азыр проза жазгандар анча «секирбей» жатат. Ал эми акындарыбыздын бир даары, эл акындары баш болуп бийликтегилерге кошомат ырларды, капчыгы калыңдарга шыйпактаган арноолорду жазып адабияттын, демек жазуучунун коомдогу аброюн өзгөчө түшүрүп жиберишти. Муну айрым журналисттер бетке чаап айтып, баарыбызды жер каратууда. Бизди «арзыматтар» деп аташууда. Демек, адабияттын эзелтен келаткан баа-баркын башкалар эмес, өзүбүз төмөндөтүп жаткандайбыз.

Эми дагы бир өтө орчундуу себеп: ХХ кылымдын аягынан баштап дүркүрөп катуу өнүгө баштаган нанотехнология б.а. телевидение, кино, ауди-видео аппараттардын көп түрлөрү, акырында компьютер (интернет) жана мобилдик телефондордун баары биригип келип китепке атаандаш болуп чыгышты. Эң коркунучтуусу, ушунун баардыгын улуттук дөөлөттөрүбүздү бүтүндөй талкалап жаткан глобалисттер өздөрүнө курал кылып алышты. Азыр балдарыбыздын, жаштарыбыздын аң-сезимин бүтүндөй ушулар туткундап алган. Буларсыз жаштарыбыз бир мүнөт жашай албай калды. Түнүчүндө да «соткасын» койнуна ала жатып укташат. А соткалар болсо «массалык маданият» деген ат менен глобалисттер күн сайын порно, секс, вестерн жана кишинин каны суудай аккан, атасы баласын, баласы атасын мууздап жаткан «ужастиктерди» киргизип (закачивать этип) турушат.

Китеп эмес, биз тирүү турган ата-энелер менен мугалимдер балдарга ээ боло албай баратабыз. Он-он беш жылдан кийин көргүлүктү даана көрчүдөйбүз. Жалгыз отуруп ойлоном: көрсө, акыр заман деген ар бир адамдын ички дүйнөсүнүн ирип-чиришинен башталат турбайбы деп. Глобалисттер дал ушул бутага уруп жатканы, ага дүйнөдө эч ким жолтоо боло албай жатканы мени өзгөчө күйгүзөт. Буга дагы бир күбө — Европанын айрым өлкөлөрүндө наркобарларды ачык түрдө мыйзам менен колдогону, гомосексуализм менен лесбиянкалардын никесин мыйзамдаштырганы, зоофильство дегенге (адамдардын айбанга: эшекке, чочкого, итке үйлөнүшүн) мыйзам жолу менен уруксаат берген фактылар кирет.

Ошол өлкөлөрдүн эксперттери Кыргызстанды демократиялык өлкөнүн тизмесинен чийип салыш керек деп дүйнөгө жар салууда. Себеби, биз «гомиктер» менен «лесбиктердин» никесин мыйзамдаштырбай жаткан экенбиз. Ошол эле өлкөлөр: «Биз адамзатты бардык моралдык чектөөлөрдөн куткарып, эркиндикке чыгарышыбыз керек!» — деп ураан чакырууда. «Моралдык чектөөлөр» дегени көрсө диндердеги, мыйзамдардагы, ар кандай кодекстердеги «киши өлтүрбө, уурулук кылба, ушак сүйлөбө, ыплас иштерге барба, бирөөнүн акысын жебе» ж.б. сыяктуу адептик нормалар экен. Алардын баардыгынан кутулуп, толук эркиндикке чыксак, ошондо биз толук кандуу, чоң тамга менен жазылган «Адам» атына жетет имишпиз — (аялдарыбыз же күйөөлөрүбүз) чочко менен эшек экендигине карабай).

Эмдиги суроо мындай. Дегеле мына ушул бүткүл дүйнөнү текши каптап, улут-мулут, маданият, мамлекет дегендердин бардыгын тыйпыл кылып Жер шарын бир эл, бир мамлекет, бир маданиятка айландырам деген глобалистиканын автору деги ким? Ушул суроону мен «Архат» романымда чечүүгө жана ага жооп берүүгө аракет кылгам. Айтайын десем ал чоң сөз бул кыскача дилмаекке батпайт…

— Коом кескин өзгөрүүлөргө, трагедиялуу көрүнүштөргө туш болгондо, мурда адатта алар көркөм адабиятта адекваттуу чагылдырылып келген. Маселен, «Тынч Дон», «Муравия өлкөсү», «Адамдын тагдыры», «Орус токою», «Ажар», «Кандуу жылдар» роман-повесттеринде, Т.Үмөталиевдин согуш мезгилиндеги поэзиясында элдин башынан өткөргөн эң оор убакыттар кеңири масштабда, терең чагылдырылган. Көз карандысыздыкка ээ болгондон кийин кризистик гана эмес, трагедиялуу да, трагикомедиялуу да көп учурларды башыбыздан өткөрдүк, өткөрүүдөбүз. Бирок, сүрөткерлерибиздин арасынан ал процесстерди агынан жаргандай ачып бергенге, чагылдырганга жараган эч ким чыккан жок. Андай маселелерди чагылдыруунун ордуна сүрөткерлердин көпчүлүгү тарыхыбызды мифологиялаштырганга кирип кетишти…
— Биз көркөм адабияттын бүгүнкү ахвалы жөнүндө сөз жүгүртүп жаттык эле да. Ошого кайра кайрылалы.

«Кыргыз туусу» («Кыргыз гезиттер айылы»), 15.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий