«Манас Алманбетти кыргыздын салт-санаасы менен жашаткан»

d0bcd0b0d0bad0b5d0bbd0b5d0baКытайдагы кыргыздардын ичинен өсүп чыккан чыгаан илимпоз, филология илимдеринин доктору, окумуштуу Макелек Өмүрбай агайыбыз Кыргызстанга келип калыптыр. Ушул келишинде дидар насип кылып, Макелек агай менен таанышып, бир топ пикирлешип калдык. Билимдүү деп мына ушундай адамды айтсаң эп келчүдөй. Кыргыздын кайсы таанымынан сөз баштаба ойлору так. Кулагыңдын моокуму канган жоопторду угуп, ыраазы болосуң. Агайдын сөздөрүн угуп отуруп, окурмандар үчүн бир эки суроо салайын десем макул болду. Шак эле жүрөктү өйүткөн соболдорду жая салдым.

Макелек ага, эгемендик алган кыргыздын карапайымы жан багыштын айынан чачылып-тозуп, бийликтегиси магдырап байып, интелегенциясы орус идеологиясынан чыгалбай, жаштары батышты же арабты тууроо менен алек болуп, кыргыз кыргыз экендигин тааный албай келет. Мунун себеби эмнеде деп ойлойсуз?
…Чыңгыз Айтматов эмне үчүн дүйнөгө таанылды дегенден баштайлы. Муну ар ким түрдүү айтып келди. Ч.Айтматов Батыштын идеясын жана формасын кабылдаганы үчүн дүйнөгө таанылды дегендер болду, мен аларга каршымын. Айтматов кыргыздын илгертеден келаткан оюн, атап айтканда Манастын оюн улаган киши. Баарыбыз эле чыгармаларын окуп чыкканбыз. Чыгармалардын суусу, абасы, топурагы баары кыргыздыкы. Кыргыздын салт-санаасы, табият жана дүйнө таануусу, жашоого болгон көз карашынын нак өзүн алып чыккан. Ошон үчүн нарктуу болуп жатат. Мисалы Жамийланын сүйүүсү эмнеси менен даңазалуу болду. Батышта чемоданын көтөрүп, башка бирөө менен кете берсе болот. Анын эрөөн-терөөнү жок. Бул салт-санаасы бийик кыргыздын ичинен чыгып жаткандыктан ошондой даңазалуу. Кулмурза менен Аксаткындын сүйүүсүн кара, атасына каяша берген учур бар. Ошолорду кыргыздар жаап-жашырбай, кайра барктуу кылган. Сүйүүнү даңазалоо мотиви кыргыз адабиятында илгертеден келе жатат. Бизди дүйнөгө таанытып, дүйнө элин кыргыз деп тамшандырып жаткан эки нерсебиз бар. Бирөөсү — Манас, экинчиси Айтматовдун чыгармалары. Экөөсү тең кыргыздын рухунан жаралган. Кыргыздын ой жүгүртүүсү ушунчалык бийитикке жеткендиктен бийик эпостор жаралган. Ошондуктан, биз кайсы жумушту аркалабайлы, өз нугубузда илгерки кыргыздын акылын баарыбыз так кармап иштей турган болсок чоң ийгиликтерге оңой эле жетебиз.

Четтен келген маданият баарын тебелеп, тепсеп жатпайбы, муну кандай кылабыз?
Албетте, кийинки маданиятты кабылдабаган улут жок. Кайсы гана өнүккөн мамлекетти карабайлы башка бир мамлекеттин маданиятын кабылдоо менен өскөн. Бирок, аны кантип кабылдоо керек деген маселе турат. Аны кайра эле Манастан тапсак болот. Манас маданиятты кантип кабылдаганын Алманбетти кошушу, Каныкейди алышы, Кырк чорону кураш маселесинде так жазылып турат. Маселен, Алманбет 72 өнөр билген, акылы жетик адам болгон. Ал кээ бирөөлөр айткандай кытайдын чыккынчысы эмес, акыйкатты издеген адам. Алманбет акыйкатты өз жериндеги атасынан, Коңурбайдан, казак досу Көкчөдөн таппай келип, Манастан жолуктурду. Ал эми Манас Алманбетти жөн эле кабыл алган эмес. Кайра өз ою менен, кыргыздын салт-санаасы менен жашатты. Азыр Алманбеттин урпактарын таап чыгууга болобу, таба албайсың. Четтен келген нерсени кабыл кылуу илгертен мына ушундай болгон. Аны кабыл кылып, кызыкчылыгын кыргыз үчүн жуурулуштуруп жиберген. Каныкей дагы мына ушуга окшош. Улуту башка болсо да, кыргыздын салтын өөрчүтүп, өнүктүргөн. Ушул эки нерсени кабылдоо ошол доордогу кыргыздын эң алдыңкы идеялары болгонунан кабар берет. Кыргыздын качан болсун кабылдоосу даяр экендигин билдирет. Маданият кабыл алуу өзүңө апкелип, өздөштүрүп алуу. Азыр болсо кабыл алдым деп ошолорго кирип кетип, өзүбүздөгүдөн кол жууп жатабыз.

Тил маселесичи..?
Тил дагы ушуга окшош нерсе. Мисалы, башка тилден өздөштүрүлгөн сөздөрдү ошондой жазабыз дейт. Биздин тыбыштык курпатыбыз, көмөкөйүбүз өз мыйзамы менен келсе дагы башкача айтканга мажбурлайбыз. Бир нерсени алгандан кийин сеники болуп, сага кызмат кылышы керек. Мисалы, кровать дебей — керебет, стол дебей — үстөл эле деп жатпайбызбы. Азыр кыргыздын бир кемпиринен керебет деген кимдин сөзү десең кыргыздыкы дейт. Дал ушундай өздөштүрүү учурдун талабы. Эгер сенин тилиңди, маданиятыңды байытыш үчүн керек болсо кабылда. Эртең сенин маданиятың, сенин тилиң чоочун болуп чыкпай тургандай кылып кабылда.

Кыскасын айтканда, биздин эмне кылып, кантип жашаарыбыз Манаста жазылып турат, биз ошону үйрөнө албай эле жүрөбүз. Бир туруп эле Манас тигини, муну кабылдаган деп айтып калабыз. Ал эмне үчүн кабылдаганы менен ишибиз жок. Манас Ислам динин дагы керек болгон үчүн кабыл алган. Бирок, Манас Ислам динин кабыл алдым деп эле селде оронуп, мечитте отуруп алган эмес. Өз ишин уланта берген. Албетте, жүрөгүндө бир нерсеге ишенген. Кыргыздын жашоо, турмуш, кабыл алуу ж.б. тарыхынын баарын «Манас» эпосунан билип, ошого карай эле алдыга карай кадам койсок болоор эле…

Азыр кыргыз кандай абалда турабыз, кантип элестетесиз?
Азыр биз жогоруда айтылгандай нарк-туу нерселерибизди баалай албай турабыз. Жаман кой козусун жээригендей болуп тарыхыбызды, маданиятыбызды, жерибизди, тилибизди жээрип жатабыз. Ушундай кете берсек «бизде эч нерсе жок турбайбы» деген бүтүм менен жаштар бизден түңүлөт. Кыргызды караманча чануу башталат. Кыргызча сүйлөбөдү деп эле кыйкыра беребиз. Кыргызча сүйлөтүш үчүн ошол тилчилер, чыгармачыл адамдар кандай эмгек кылып жатат? Кыргыз тилин окубай калгандыгы үчүн жеке адамды күнөөлөгөнүбүз туура эмес да. Шартка жараша көп кишилер орус, кытай ж.б. тилдерде окуп калган. Биз аларды сүйлөбөйсүң деп жемелеп эле келе жатабыз. Аларды доор ошондойго апарганын билсек да, билмексен болобуз. Эми аны туйгандан кийин бир чара көрүшүбүз керек да. Ар кайсы кесиптеги адамдарга дароо кесиптик сөздүктөрүн камдап, чөнтөгүнө салып берүү тилчилердин парзы.

Ч.Айтматов дүйнө элине «маңкурт» деген түшүнүктү таап берди. Адам колдуу болгон маңкурттук оору бар экендигин баарыбыз билип жатабыз. Илдеттин диагнозун Чыңгыз койду. Эми биз маңкуртсуң деп кол кезей бербей, аларды айыктыруу, дарылоо жолун табышыбыз керек. Такыр өтүшүп кеткендерге арга жок. Калгандарын Манас менен, Чыңгыз менен, кыргыздын тили, маданияты, тарыхы менен айыктырып алуунун аргасы бар. Маңкурттардан түңүлбөй аны дарылоочу дарыгерлерден болуу биздин милдет.

Суроо салган Зулпукаар САПАНОВ, «Айгай» («Кыргыз гезиттер айылы»)

Соц тармактар:

Добавить комментарий