Бактыгул Чокморов: «Атамдын тасмаларын көргөндө «жандүйнөм аңгырайт»

d187d0bed0bad0bcd0bed180d0bed0b21Үстүбүздөгү жылдын күз айларында залкар талант, сүйүктүү актер, жаркын жүздүү Сүймөнкул Чокморовдун 70 жылдык мааракеси белгиленгени турат. Биз ушул саныбыздан баштап ал тууралуу макала-интервьюларды, анын кыл калеминен жаралган эмгектерин, замандаштарынын эскерүүлөрүн, тасмаларынын тарыхын жарыялап турмакчыбыз. Бүгүн, анын уулу Бактыгул Чокморовдун атасы тууралуу эскерүүсүн берип жатабыз.

Кыргыз маданиятына өзүнүн зор салымын кошкон, КРнын эмгек сиңирген артисти Тургун Бердалиев да кайткыс сапарга жол алды. Ал киши менен бир канча ирет Сүймөнкул Чокморов туурасында маектешип калган элем. Мындан эки жылдай илгери маркум Тургун агайыбыз менен жакын курбусу Сүймөнкул Чокморов жөнүндө аңгемелешип олтургандагы кептери алигүнчө оюман кетпейт.

d187d0bed0bad0bcd0bed180d0bed0b2«Сүймөнкул байке экөөбүз ага-инидей мамиледе элек. 1992-жылдын июнь айларында Сүймөнкулга операция жасалды. Абалын сураганы ооруканага барсам, палатада жалгыз жаткан экен. Мени көрүп сүйүнүп кетти. Өткөн-кеткенден кеп кылып отурдук. Катуу кыйналып жатыптыр. Бир маалда мага элейе тиктеп ички муңун айтып жатпайбы:
— Туке, мен өмүрүмдө бардык максатыма жеттим. Кинодо болобу, сүрөтчүлүк кесиптеби, айтор, жалаң ийгиликтердин үстүндө жүрдүм. Атак-даңк, сый-урмат көрдүм. Бирок, аттиң, ден соолук деген баарынан чоң байлыктан кем жаралыптырмын. Эгер мени Жараткан кайра баштан жарата турган болсо, мен өзүмдүн Чоң-Ташымда кетмен чапкан карапайым дыйкан эле болуп, өмүр бою ден соолукта жашап өтмөкмүн. Жогоруда мен айткан атак-даңк, сый-урмат, киноң да ден соолук деген зор байлыктын астында бир тыйынга турат экен, — деп ачуу үшкүрүндү.

Карасам көзүнүн кычыгына жаш тегерене түшүптүр. Муну көрүп-угуп олтуруп, чын дили менен зээни кейиген досумдун сөзүнө каңырыгым түтөдү го, аттиң!» — деп эскерди эле Тургунбек Бердалиев.

Үстүбүздөгү жылдын ноябрь айларында атамдын 70 жылдык мааракеси белгиленгени турат. Ага чейин «Россия» кинотеатрынын алдына мамлекет тарабынан айкелин тургузууга чечим чыккан. Өткөндө Улуттук Банктын төрагасы Марат Алапаев атайы чакыртып, атамдын элеси түшүрүлгөн беш миң сомдук банкнотту тапшырды. Учурунда атамдын жасаган эмгектери бир топ жылдай унутта кала жаздап, эми мамлекет тарабынан кайра камкордукка алынып, эскерүү иш-чараларын колго алып жатышканы кубандырбай койбойт.

Атаман айрылганымдан бери арадан 17 жыл өтүптүр… Анын соңунан андан бери кыргыз искусствосунун атактуу инсандары, эң жакын курбулары Төлөмүш Океев менен Советбек Жумадылов да бул дүйнө менен кош айтышты. Айрыкча, Төлөмүш агай атамдын көзү тирүүсүндө күйүп-бышып, колунан келген жардамын аяган жок. Ошондой эле өз жарыгын чачышкан, камкордугун көрсөткөн жазуучубуз Чыңгыз Айтматов дагы ал кездеги СССРдин саламаттык сактоо министри Чазовго чейин чыгышып, канын тазалата турган «Диалез аппаратын Кыргызстанга алдыртып, ошонун эсебинен атам 10 жыл бою үч күндө бир ооруканага каттап, өмүрүн узартып турду.

Атам барда сүрөтчүлөр Абдрай Осмонов, Макен Сыдыкбаев, драматург Бексултан Жакиев, жазуучу Кадыркул Өмүркулов, искусствовед Сарман Асанбеков, кинорежиссер Болот Шамшиев, актер Тургун Бердалиевдер кол үзбөй катташып, үйүбүз шаңга толчу.

Кокус колу бошой калса эле, мени «Волгасына отургузуп алып, Чоң-Ташка жөнөчүбүз, же тоого чыкчубуз. Тоону жанындай сүйөр эле. Кыргыз жергесинин керемет көрүнүштөрүн сүрөткө тартчу.

Азыр ойлосом, катуу ооруган 10 жыл ичинде атам өжөрлөнө эмгектенип, элге өз сүрөттөрүн калтырууга аракеттенди. Болбосо, өмүрү өткүчө 480 эмгек калтырышка канчалаган күч, эмгек жумшалды дейсиң?! Жалкоолукту ал аябай жек көрчү.

* * *
Азыр фотосүрөттөрүн карап отуруп, жүзүнөн жөнөкөйлүктү, жигиттик чыныгы намыскөйлүктү, адамдык бийик сапатты байкайм. Өз улутуна болгон сүйүүсү, адамдарга жасаган мамилеси канча ирет сый үстүндө жүрүп, катар-катар наамдарга жетсе да бой көтөрбөй, жөнөкөйлүгү менен элддин эсинде калды.
Атам жөнүндө канчалаган макалалар, изилдөөлөр, китептер жазылды, сөздөр айтылды. Дагы да жазыла берет, дагы да жазыла бермекчи.

* * *
Ал өмүрдү сүйчү, жашоону сүйчү. Эли-жерин кадырлачу. Оору менен алпурушту. Ажал менен арбашты. Ошонусу менен өзүнүн чыныгы адамдык улуу касиетин, жигиттик жигерин сактап калды. Жогоруда айтылган атамдын асыл сапаттары, тирүүсүндө жасаган эмгектери кыргыз улуту бар болуп турганда калк арасында аңыз кепте айтыла бермекчи.

* * *
Кичинемде тентектик кылсам, элдин аталары сыяктуу эле урушчу. Бирок, бир да жолу мага колу тийгени эсимде жок. Ар качан кайталап айтчу сөзү бар эле: «Адам бол, балам!»

* * *
Апам экөөнүн ортосунда ыйык сезим жашачу. Айрым үйбүлөлөрдөй болуп, алардын ажылдашып урушканын, ызы-чуу түшкөнүн көргөнүм жок. Болгону, ачуусу келсе, апама: «Ушундай да болобу?!» деп кыйкырып алчу. Анткени, оорукчан адам жаны кыйналып ооруп турса, эч нерсени жактырбай калышы айдан ачык.

* * *
Ошол 1992-жылы атам катуу кыйналды. Союз ыдырап, бир үйбүлөдөй болгон мамлекет чилдей тарап, экономикабыз эңшерилип, жаңыдан Кыргызстан эгемендикке кадам таштап, элибиз кыйын кезеңге туш болгондо, мурда кам көрчү Москва тарап атамдын ден соолугун сураганга алы келбей калды.

Москвалык хирург Олег Белоусовго дагы бир татаал операция үчүн жетпей койдук. Амалыбыз түгөнүп, акыры Бишкектеги республикалык ооруканада июль айында операция болду. Ал атама жасалган 56-операция эле. Ден соолугу оңолмок тургай, күндөн-күнгө алдан тая берди.

* * *
Соңку ирет атамды көргөнүм, сентябрдын 26сы эле. Анда менин үйлөнгөнүмө жыл айлана элек болчу. Келинчегим, апам үчөөбүз ооруканага келсек, атам эс-учун жоготуп, өлүм алдында жаткан экен. Жүрөгүм «шуу» дей түштү. Кашайып, дем алышка туш келгенин карачы, врачтар жок. Мөөнөттө турган врач келгичекти, атам жаткан палатага аттап кирип, үчөөбүз ызы-чуу түшүп калдык. Мен дароо жансыз абалда жаткан атамдын эриндери көгөрө баштаганын көрүп, тез ылдамдык менен жүрөк тушун кармай жасалма дем алдыра баштадым. Аз өтпөй атам көзүн ачты. «Балам, эмне болуп кетти, коркпо» деди. Аңгычакты врач палатага келип, реанимацияга алып жөнөдү. Узап бара жаткан атам мага жалбара: «Балам, апаңды сакта, үйбүлөңдү жакшы кара» деген аманат кебин айтты. Коркуп турган апам, келинчегим үчөөбүз «жакшы болуп кетет» деген илгери үмүткө жетеленип, өзүбүздү сооротуп жаттык. Көпкө турган соң, ал жерде тургандын кажети жок деп, үйгө кайттык. Качан гана таңга жуук, сырттан өзөктү өрттөгөн өкүрүк угулганда, калың эл сүймөнчүк уулу Сүймөнкулдан, биз аскар-зообуз атабыздан айрылганыбызды түшүндүк.

* * *
Кез-кезде атамдын катышуусундагы көркөм тасмаларды телевизордон көрүп калганда жан дүйнөм ушунчалык аңгырайт. Атам о дүйнө узап, артынан үч жыл өтпөй 1995-жылы апам Салимадан айрылдым. Азыр менин турмушум эл катары өтүп жатат. Бирок таянар тоом — Атам, жөлөгүм — Энем жок.

* * *
Атам мени үйлөнтүп-жайлантты. Бирок, небереси Атайды көрбөй калды. Атамдын көзү өткөндөн кийин уулум эки айдан соң жарыкка келди. Азыр Атай 17 жашта.

Данияр Исанов, «Көк асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 20.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий