Спортсмен, мүнүшкөр Мирлан КАЛИЛОВ: «Салбурунду казактарга тарттырбайлы!»

Мирлан Калилов кичинекей кезинен эле спорт менен машыгып келет. Грек-рим күрөшүнүн чебери, бир топ эл аралык мелдештерде башкы орундарга татыган. Учурда Бишкектеги дене тарбия мектебинде машыктыруучу болуп иштейт. Андан сырткары, ит агытып, куш салып, улуттук салбурун оюнун жалпы журтчулукка таратып, үзүрлүү эмгектенип келет. Келечекте мүнүшкөрлөр менен чогуу салбурун федерциясын уюштуруп, Кыргызстанда эл аралык мелдештерди өткөрүп, кыргыз элин дүйнөгө таанытсак дейт.

— Мирлан мырза, алгач өзүңүз тууралуу окурмандарга маалымат берип кетсеңиз?
— Мен төрөлгөндө эле абышка-кемпирдин колунда болуп, айылда чоңойгом. Токмоктогу Кош-Коргон деген жер. Көзү өтүп кеткен чоң атамдын таалим-тарбиясын алдым. А киши Улуу ата мекендик согуштун катышуучусу эле. Өзүмдүн атам болсо бала чагынан чымыр болуп, дене тарбия институтунда окуп, учурда Олимпиада резервинин окуу жайында машыктыруучу болуп иштейт. Мен да грек-рим күрөшү боюнча спорт мектебинен баштагам. Совет доорунда мелдештерге көп чыкчу эмеспиз. Анда-санда гана эң эле алыс барганыбыз Алматы, Ташкент болчу. Ал эми эл аралык мелдештерге, олимпиадаларга Союз аркылуу барчубуз. Көбүнесе чоң машыктыруучулардын көзүнө илинсең, анан ошолор алпарчу. Спорт мектебин бүтүргөндөн кийин дене тарбия институтуна тапшырып, ал жерден спорттун чебери деген наамга жетиштим. Аны 1996-жылы бүткөндөн кийин, квалификациямды жогорулатып, 2,5 жылдык юридикалык билим алдым. Анан 1998-жылы атам иштеген Олимпиада резервинин окуу жайында жаш машыктыруучу болуп 8 жыл иштедим. Анда менин биртууган иним Уран да машыкчу, ал 1998-жылы эл аралык күрөштө чемпион болду. 2000-жылкы олимпиадада 8-орунду ээлеп, ал эми 2004-жылкы Грециядагы олимпиададан да жакшы жетишкендиктерге жетишти. Пекин олимпиадасында окуучуларыбыз Канат Бегалиев менен Руслан Түмөнбаев чоң ийгиликтерди жаратышты. Спортто негизи атак-даңк өтө кыска мөөнөттүү болот. 20дан 30 жашка чейинки 10 жылда курч болуп, алдыга максат койсоң, сөзсүз жетесиң. Чоң спортто атак-даңк да чоң мааниге ээ. Негизи Кыргызстан грек-рим күрөшү боюнча акыркы 10 жылдын ичинде бир топ ийгиликтерге жетишти. Буга чейин мынчалык деңгээлге көтөрүлгөн эмес.

— А мүнүшкөрлүккө кандайча өтүп калдыңыз?
— Түпкү атам Жумабай куш таптап, куш салган адам болгон экен. Илгери, мергенчилик менен бир айылды багып койгон учурлары ооздон оозго өтүп айтылат. Бул өнөр атадан балага өтөт деп айылдагы аталарыбыз айтып калчу эле. Иним экөөбүз тоо-таштын арасында машыгып, мелдештерге даярдык көрчүбүз. Кээде бош боло калганда ууга чыгабыз. Ошондо эле мергенчилер тоодо жакшы баскан адам таамай атат, силер да жакшы атасыңар деп айтышчу. Андан кийин уучулуктан куштарга жакын болуп кызыгып калдык. Үч жыл мурун тоңдук Алмаз Акунов абабыз менен таанышканбыз. Ал Кыргызстанда куш салуу боюнча мелдеш уюштуруп, таптаган ылаачыны менен экинчи орунга татыды. Салбурунда куш салгандын да эрежелери болот, үндөөк деп коет, куш канчалык алыстан ээсин таанып учуп келсе, ошончолук ага жогорку баа берилет. Андан кийин программа боюнча коенго, көгүчкөнгө, өрдөккө салат кушту. Куш алыстанбы же жакын жерденби, иши кылып жаныбарга кол салып кармаса, ага өзүнчө упай ыйгарылат. Ошол упайлардын негизинде 1-2-3-орундарды ээлеген 3 куш, 3 тайган, 3 бүркүт болот. Мына жакында, июндун аягында Англияда куш салуу боюнча эл аралык мелдеш өткөрүлөт, биз ошого жолдомо алдык.

— Салбурун дагы Англияда улуттук оюн катары ойнотулабы?
— Албетте, Англиядагы бай адамдар өз кызыкчылыгы үчүн, керек болсо өз короосунда уюштурат. Алардын жерлери кенен, дүйнөнүн бардык бурчунан чакырышат. Арабдар, түркмөндөр, кыргыздар, казактар барат. Негизи куш салуу Монголия, Венгрия, Япония мамлекеттеринде да бар.

Бизде кыргыздын улуттук оюндары — көк бөрү, ордо, тогуз корголдун федерациялары бар. Алар өкмөттүн алдында расмий түрдө каттоодон өтүп, мыйзам чегинде иш алпарып, өз мелдештерин өткөрүп, аталган оюндарды элге таанытып атат. Биз дагы ушул оюндардын катарына салбурунду кошуп, куш салып, тайган агытып, жаа тартып, бабалардан калган нукура оюндарды камтыган федерация түзүү боюнча тилегибиз бар. Алмаз Акунов абабыздын жетекчилиги менен депутаттарга кайрылып, ушул сунушубузду айтсакпы дегенбиз.

— Жакында эле салбурун боюнча эл аралык мелдеш болуптур. Ал кандай өттү?
— Ал мелдешке казактар 50 куш менен келишти. Атайы кийимдерди кийишип, катуу даярданып келишиптир. Түркмөндөрдү да чакырдык эле, тилекке каршы алар келе алышкан жок. Мелдеште куш, бүркүттөрдү карышкыр-түлкүгө, кийикке салып, алардын кыраандыгын сынадык. Биздин бир бүркүтүбүз карышкыр алды. Ителги куштарды өрдөк-көгүчкөнгө салдык, ошентип, бул салбурундан чет мамлекетке барчу үч кушту тандап алдык. Казактар да 20дай бүркүт менен келишкен. Алар чөлдүү аймакка жакын жашагандыктан, биздин бүркүттөргө салыштырмалуу кичирээк келет экен. Ошондуктан, айланып-учуп конуп эле карышкырга кол салалбай коюшту. Тайган агытууга келгенде Алмаз абанын Көк куш деген тайганы таамай барып эле карышкырды жалдан алып көтөрүп чапты. Дагы 2-3 тайган барып кол салды. Кыргызстандын атынан эми ошолор менен чет өлкөлөргө чыгабыз.

Буюрса, майдын аягында «Дасмияда» съезд болот. Ага тайган агыткан, куш салган мүнүшкөрлөрдү, аттуу-баштуу адамдарды, депутаттарды чакырып, улуттук спорттун түрүнө ушул салбурунду кошуу, федерация түзүү, мыйзамдуу түрдө улуттук оюн катары кошулушун колдоп бергиле дейбиз.

— Биздин жанагы куштар, тайган-бүркүттөр Англияда өтүүчү мелдеште жеңишке жетишерине ишеним барбы?
— Албетте ишеним бар. Биз азыр чоң даярдык көрүп жатабыз. Эртерээк чара көрүп, муну улуттук оюн катары расмий түрдө каттап алышыбыз керек. Казак туугандар да салбурунду өздөрүнө менчиктеп атышат. Ал жакта буга өкмөттүк деңгээлде көңүл бурулган. Биз эртелебесек, дүйнө эли салбурун казакка таандык деп кабылдап калат да, биз экинчи орунда калып калабыз. Улуттук чоң каада-салтыбызды жөн жерден алдырып жиберишибиз мүмкүн. Андыктан, улуттук каада-салтыбызды, кийимдерибизди, тайгандарыбызды бөлөк улутка, бөлөк мамлекетке тарттырбай, ата-бабадан бери келаткан бул жосунду кийинки урпактарга өткөрүп беришибиз керек.

Куш таптаганда биз ал канаттууну баладай карап, ички сырынан бери терең түшүнүүгө аракет кылабыз. Буюрса, өкмөт башындагылар колдоп, федерацияга бекитип берсе, биз да ишеничти актап, медаль-сыйлыктарга ээ болуп, Кыргызстандын атын чыгарууга дилгирбиз. Эң мыкты деген арабдар, түркмөндөр, казактар биздин куштарды, тайгандарды сурап келишет. Биздики баарынан мыкты, тайгандарыбыз таза кандуу. Кошулмасы жок, чыныгы алгыр тайган, куштар бизде болгондуктан, алар бизден чочулап турушат. «Кыйыны кыргыздардан чыгат» деп күтүп турушат. Бир жылдары Арабияда самолеттон 100 ителги кармалып, кайра кыргыз тоолоруна кое берилди. Анда да чоң чатак чыккан. Ошонун баары арабдардын акчасы көптүгүнөн, андан да биздин куштарга өтө кызыкдар экенинен болду. Кыргызда куш, тайган жөнүндө бир топ уламыштар айтылат. Мен жаштарыбызга айтарым, бизде кыйла федерациялар бар, жеке эле күрөш эмес, кыргызга таандык ордо, улак тартыш, тогуз коргоол ж.б. Мына, салбурун да кудай буюрса кирип, жаш муун ушул спорттун түрү менен машыкса, дүйнө жүзүнө тараса, бизде да чоң мелдештер өтсө дейм. Биздин оюндар кереметтүү! Олимпиадада, дүйнөлүк чемпионатта ойнолчу оюндар! Ушуга кыргыз өзү күйүп, салым кошуп, кайдыгер карабашы керек.

— Кыргызстандын башка өлкөлөрдү чакырып, салбурун боюнча мелдеш өткөрүүгө мүмкүнчүлүгү барбы?
— Кыргызстанда мелдеш уюштуруу үчүн биз адегенде өзүбүз куш салуу, ит агытуу боюнча таанылышыбыз керек. Кыргызда «карга баласын кулаалы басат, кулаалыны ителги басат» деген жакшы сөз бар. Ителгини алганда аны балапан кезинен үйрөтөт. Ителгинин эркеги менен ургаачысы бириксе өздөрүнчө аймакка ээ болушат. Ал жерге эч ким барбайт жана алар өздөрү да башка жакка өтпөйт. Бул анын канына сиңип калган. Ителгинин учканын көрсөк, анын уясына барып кабар алып турабыз. Учаарына бир ай, жарым ай калганда алып кетебиз. Ителгинин эркеги кичирээк, ургаачысы чоң, алгыр, кыраан болот. Балапандарын да ургаачысы багат. Эгер эки балапанын алып койсоң, экинчи ал жерге балапан чыгарбай коет. Өзүңө жакшы үйрөтүп алсаң, сен машине менен кетип баратасыңбы, атчансыңбы, жөөсүңбү, ар убак тээ көктө калкып сени айланып учуп жүрөт, чакырсаң учуп келет. Өрдөккө же коенго саларда томого кийгизип, андан соң чечип салсаң, учуп барып баса калат. Ителги куштун айырмасы ушул. Мисалы, бүркүт алган жаныбарын басып алып, каалаган жеринен чокуп жей берет. Ал эми ителги учуп барып тээп, тумшугу менен мууздап салат да, ээсин күтүп отурат. Биз ителгини Кызыл китепке киргизип, асырап сакташыбыз зарыл. Ителги менен тайгандын кыргызга таандык экенин өзүбүз да билип, өзгөгө да билдиришибиз керек.

— Ителгини жакшы карабай койсо, ээсин таштап учуп кетери чынбы?
— Учуп кетет. Учуп кеткен күндө да ал өз жанын өзү багып кетет. Анын канында бар. Бирок таптакыр кол үзбөйт. Кез-кези менен келип турат. Бир жигит куш кармап келип багып жүргөн экен. Армияга кеткенде тууган-туушкандары эми муну кыйнабайлы деп кушту учуруп жиберишет. Ал байма-бай кайрылып, үй башына конуп, кайра кетип жүрчү экен. Эки жыл өтүп, бала армиядан келгенде баягы куш кайра келген.

— Ак шумкар бүркүттөн чыгабы, же ителгиден чыккан кыраанбы?
— Ителги дегендин 48 түрү болот. Эң бийиги, алп кырааны Ак шумкар менен Кара шумкар. Баары тең эле бир тукумдан тараган ителгилер, аттары гана башкача аталып калган. Ителгини ылаачын деп да атаса болот. Ал калган куштардан айырмаланып, алгыр келип, адам колуна бат көнөт. Бирок бардык кишиге эле дароо көнө бербейт, тандап конот. Кээ бир кишилердин колунан өлүп калат, же учуп кетет. Илгери колго конуп турган кушту ханга тартуу кылчу экен. Жигиттерди да куш кондуруп сынаган, элдин аң сезиминде ал эр жүрөк, жүрөгү таза кишиге бат көнөт деген ишеним жашаган. Байкасаңар, сүрөттөрдө да баатырлар кушу менен болот.

Андыктан, ата-бабаларыбыз сактап келген улуттук оюндарды ойноп, куштарланып жүрсөк кандай сонун болор эле. Биз деле өзүбүз менен ала кетмек белек, өнөрүбүздү жаштар алып калса дейбиз. Компьютер, техника заманында жашап атабыз, бирок ага карабастан кыргыз болгондон кийин, каныбызда, дилибизде жашаган нерселерди ойготсок, улут катары бекемделип, түбөлүккө жашайбыз.

— Маегиңизге чоң рахмат!

«Көк асаба» («Кыргыз гезиттер айылы»), 20.05.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий