Зинакан Пасаңова: «Колумда калемим барында өзүмдү кудуреттүү да, бай да сезем»

d0bfd0b0d181d0b0d0bdd0bed0b2d0b0Чейрек кылымдан ашуун колунан калемин түшүрбөй, поэзия жана проза жанрында бирдей мээнеттенип келаткан жазуучу Зинакан Пасаңова жакында китеп окурмандарына «Академик Текенов» аттуу жаңы китебин тартуулады. Автордун бул эмгеги даректүү баян жанрында жазылган алгачкы калем сыноосу болду. Бул эмгектин жаралуу таржымалы, дегеле автордун чыгармачылык айдыңындагы акыркы жаңылыктар тууралуу кепке тарттык. Китепте кыргыз окумуштууларынын алгачкы муунунун өкүлү жана Кыргызстандын Түштүгүндө илимди өнүктүрүүгө зор салым кошкон академик Жапар Текеновдун өмүр таржымалын, илимий жана жетекчилик ишмердүүлүгүн көркөм электен өткөрүү менен чебер сүрөттөп жазган. Жакында Ош облустук Т.Сатылганов атындагы китепканада аталган китептин таанытымы болуп, ага катышкан китеп окурмандары, чыгармачыл чөйрөнүн өкүлдөрү жана илимпоздор автордун чыгармачылыгына жана жаңы эмгегине байланыштуу бир топ жылуу пикирлерин айтышты. Бет ачарга жазуучунун каарманы академик Ж.Текенов да катышып, автор менен каармандын дарегине багытталган кызыктуу ой-пикирлер, окуучулук көз караштар кеченин ажарын ачты.

З.Пасаңова буга чейин «Аял сыры», «Жамгыр тоодон башталат», «Кут түшкөн түндөр», «Беш жыл», «Сыркеч жамгыр» аттуу прозалык жана поэтикалык жыйнактары жарыкка чыккан.

— Зинакан айым, «Академик Текенов» аттуу китебиңиз даректүү баян жанрында жазылган тушоо кесүүңүз экен. Буга чейин проза жана ыр жазып, такшалып калдыңыз эле. Көркөм чыгармага караганда бул жанрдын өзгөчөлүгүн сездиңизби?
— Албетте, ар бир жанрдын өзүнө таандык өзгөчөлүгү, ошого жараша кыйынчылыгы да, сонурката турган жаңылыгы да болот экен. Мен колума калем кармагандан тартып эле ыр менен прозаны бирдей жазып, эки жанрда өз жолумду таап калган элем десем аша чаппасам керек. Ал эми даректүү баян жазуу көркөм чыгармага караганда оңой-олтоңдой сезилген. Даяр маалыматтарды нары-бери шилтей коём да деп ойлогонумду жашыргым келбейт. Ошондуктан Жапар Текеновичтин 75 жылдыгына карата китеп жазуу жөнүндө ал 20 жылга жакын жетектеп келаткан Кыргыз Улуттук илимдер академиясынын Түштүк бөлүмүнүн жамаатынын өтүнүчүнө макул болгонмун. Жаза келгенде гана кыйынчылыгы да, жоопкерчилиги да билинип жүрөт. Анткени каарманым белгилүү физик-окумуштуу, анын үстүнө илим тармагынын бараандуу жетекчилеринин бири болгондуктан, бул илимий чөйрөдөн караманча алыс калемгер — мага кыйла тер төгүүгө туура келди. Окумуштуунун ички дүйнөсүн, илимпоз катары калыптануусун чагылдырууда далай илимий эмгектерди окуп чыгууга туура келди. Анын үстүнө так илимдин адамы ар бир маалыматка так мамиле кылат экен. Кээде, көркөм ой жүгүртүүгө алдырып, кичине көркөмдөйүн десең Жапар Текеновичке аша чаап кеткенимдей сезилет. Бул китепти жазуу үстүндө гана даректүү баян адабияттагы эң оор жанр экенин билдим. Эми бул багытта дагы чыгарма жазууга оңойлук менен бел байлай албасам керек деп ойлойм.

— Сиз бул чыгармаңызда «укканга санат, учканга канат» болгон өрнөктүү өмүр жөнүндө жаздыңыз. Академиктин жашоосу, илимий ишмердүүлүгү жаштарга тарбия боло алат деп ынанасызбы?
— Албетте, агайдын тагдырын жана илимий жолун изилдеп чыккандан кийин азыркы жаштар турмак, андан мурдагы муундун өкүлү болгон мен деле чоң сабак алдым десем болот. Жапар Текенович жана анын инилери Шамшы, Жолболду — үчөө Улуу Ата мекендик согушта гүлгүндөй жигит кезинде курман болгон атасынан бала чагында ажырашып, жетимчиликтин шору менен корун аябай тартышса да адам болуунун жолунан тайышпаган эмгекчил, максатгөй сапаттары менен чоң даражаларга жетишкен. Алардын бактысы — каада-нарктуу, санжыралуу жана ынтымактуу «чоң үйдө» чоңоюшкандыгында. Чоң ата-эне жашаган үй «чоң үй» деп ардакталып аталып, алардын балдары жана урпактары үчүн ыйык жана куттуу борбор болуп келген. «Чоң үйдүн» тарбиясы — адал эмгек, даанышмандык, биримдик — Текеновдордун атадан балага калуучу баа жеткис мурасы болгон. Ал эми илим жолун Жапар Текенович таза жана чыныгы изденүүчүлүк менен басып өткөнү да жаштарга өрнөк болбой койбойт. Агай — кыргыз илимпоздорунун алгачкы мууну. Анын илимий жана педагогикалык ишмердүүлүгү өлкөбүздө илим-билим кантип өнүгө баштаганын күзгүдөй чагылдырып турат. Ж.Текенов илимдин доктору, академик сыяктуу илимий даражаларга, Мамлекеттик сыйлыктарга жана жетекчилик кызматтарга өз карандай эмгеги, жөндөмү жана максатка умтулуучулук менен жетишкендиктен, шакирттерди тарбиялоодо да өмүр бою чынчыл жана таза мамилени туу тутуп келатканын баса белгилегим келет.

— Жакынкы аралыкта окурмандар сизден дагы кандай чыгарма күтөт?
— Окурмандардын ушул күтүүсү мени ар убак камчылап тынчтык бербей, чоң милдет тагып тургансыйт. Учурда мындан үч жыл мурун биринчи бөлүгү жарык көргөн «Жат терезеде өскөн менин гүлдөрүм» аттуу повестимдин экинчи бөлүгүн жарым-жартылай жазып койдум. Аны жазып бүткөндө эки бөлүгүн бириктирип басмадан чыгарсам деген оюм бар. «Повестиңиздин уландысын качан окуйбуз» деген суроо-өтүнүчтөрдөн улам өзүм да аябай шашылып жатам.

— Бул чыгармаңыз өз убагында окурмандар арасында бир топ кызыгуу жаратканы не себептен деп ойлойсуз?
— «Жат терезеде өскөн менин гүлдөрүм» заманбап темада жазылган. Жапайы рынок мамилелери көптөгөн адамдардын, айрыкча карапайым аялдардын жан дүйнөсүн жана сезимдерин кыйратып өткөн кыяндай эле болду. Бул доорлордун тогошуусунда ким кандай өзүн сактап калды, ким туруштук бере албады? Жашоонун оош-кыйыштарында адамдык касиетти сактап калуу бардыгынан оор күрөш. Китептин башкы каарманы болгон жөнөкөй аялдын тагдырын көпчүлүк окурмандар жүрөгүнө жакын кабыл алышканы да ушундан деп ойлойм. Анткени, азыркы учурда бардыгыбыз туңгуюктан жол издеп, өзүбүздү табууга муктажбыз.

— Учурдагы кыргыз адабиятынын абалы оор болуп турган чакта региондогу акын-жазуучулар кантти экен?
— Чыныгы калемгер турмушка шылтабайт, кандай гана кыйынчылык болбосун жазуусун токтотпойт. Ал — жүрөгүн буулуктурган ой-сезимдерин, турмуштук байкоосун башкалар менен бөлүшүү бактысына ээ. Жаза билүү жана өз окурмандарыңды табуу чексиз бакыт. Жазуучунун чыгармасы адамдардын жашоого болгон көз карашына таасир эте алышы менен баалуу. Мен бул жолдон эч кайткым келбейт. Колумда калемим барында өзүмдү кудуреттүү да, бай да сезем. Ал эми облусубуздагы жалпы акын-жазуучулардын чыгармачылык тагдыры жөнүндө бир беткей «жакшы», же «жаман» деп айтуу кыйын. Иштегени иштеп, китептерин чыгарып жатат. Региондук адабияттын бир гана жалпы «минусу» бар, ал — республикалык аренага чыгууга жол жоктугу. Оштогу чыгаан калемгерлерибиздин аттары дале болсо борбор калаабыздын адабият чөйрөсүндө аталбайт. Аларды эч ким таанышпайт деле. Азыркы учурда «Күчтүү регион — күчтүү өлкө» деген мамлекеттик саясат тушунда Кыргызстандын Жазуучулар союзу облустарга кичине көз кырын салып коюшса жакшы болмок. Баарыдан мурда борбор тараптан моралдык колдоого муктаж экенибизди жашыргым келбейт.

Назгүл Бостонбаева, «Zaman-Кыргызстан», 11.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий