Тасма коштогон өмүрлөр же кыргыз режиссёрлору

Фильмге жан киргизген же узак өмүр тартуулаган режиссёрлор эмеспи. «Кыргыз керемети» деп атак алган кыргыз киносун дүйнөгө тааныткан адамдардын эмгеги да ат көтөргүс. Режиссёрлордун көч башында, албетте, Мелис Убукеев турган. Анын атактуу «Акмөөр» фильминен кийин кыргыз киносу өнүгүү жолуна түшкөн. Эмесе, өмүрлөрүн тасма коштогон улуу кыргыз режиссёрлору назарыңыздарда.

d0bed0bad0b5d0b5d0b2Төлөмүш Океев

  • Кинорежиссёр
  • Кызыгы — «Уркуя» фильминде режиссёр өзү бутун күйгүзүп алган
  • Атак алып келген фильми — «Уркуя», «Махабат закымдары»
  • Тарткан фильмдери — «Кызыл алма», «Ак илбирстин тукуму», «Махабат закымдары» ж.б.
  • Учурда — Кыргыз киностудиясы Төлөмүш Океевдин атында

Төлөмүш Океев 25 жашында ийгиликке жеткен биринчи кыргыз режиссёру. Анын эң алгачкы эмгеги — «Бакайдын жайыты». Дипломдук ишин жазганга камынып, «эмне тууралуу тартсам?» деп ойлонуп жатып, өзүнүн балалыгы тууралуу тасма тарткысы келет. Айткандай эле фильмдин биринчи аталышы «Биздин балалыктын асманы» эле. Режиссёрдун эң мыкты фильми «Уркуя» тасмасы болгон. Бул фильмди тартып жатканда өрттөнүп жаткан үйдөн эки бала менен Сабира Күмүшалиева чыга албай калат. Эптеп чыгып кетишкенден кийин өрттөнгөн үйдүн шыбы кулап түшөт. Ошол кымкуутта режиссёрдун бутуна күйүп жаткан от түшүп кетет. Эртеси аман калганына кубанып, Төлөмүш Океев кино тарткан топко той кылган экен.
Режиссёрдун ийгилигиндеги эң биринчи туура кадамы актёрлорду туура тандаганында. Замандаштарынын айтуусунда, бул жаатта Төлөмүш Океев өтө мыкты чебер болгон. Уркуянын ролуна көптөгөн кыз-келиндер келет. Каршы-терши баскан Төлөмүш Океевге бири да жакпайт. «Мен каалаган нерсе жок болуп жатат» деп ойлуу туруп, анан өзүнүн машинасы менен кыргыз драма театрына барып, Таттыбүбү Турсунбаеваны алып келип тартып баштаган экен. 1990-жылдары заманга байланыштуу кино жаатына көңүл бурулбай калат. 1993-жылы Төлөмүш Океев Кыргызстандын Түркия Республикасына Толук ыйгарым укуктуу элчи болуп дайындалат. Ал эми 2001-жылы 18-декабрда айтылуу режиссёр Анкара шаарында көз жумат.

d188d0b0d0bcd188d0b8d0b5d0b2Болот Шамшиев

  • Кинорежиссёр, актёр
  • Сыйлыктары — СССРдин Эл артисти, Кыргыз ССРинин Эл артисти
  • Кызыгы — Режиссёрлукту максат кылса да, биринчи кадамы актёрлуктан башталган
  • Атак алып келген фильми — «Ак кеме»
  • Тарткан фильмдери — «Биринчи мугалим», «Эрте келген турналар», «Караш-Караш окуясы», «Ысык-Көлдүн кызгалдактары»

Болот Шамшиев атактуу режиссёр гана эмес, актёр дагы. Москвада окуп жүр­гөндө Лариса Шепитьконун «Зной» аттуу фильминде Кемел аттуу баланын ролун аткарган.
Кокустуктанбы же окшоштуктанбы, Төлөмүш Океев менен Болот Шамшиевдин экөө тең Чыңгыз Айтматовдун чыгармаларына сценарий жазып, атак-даңкка жетишкен. Болот Шамшиевдин эң мыкты фильми, албетте, «Ак кеме».
Режиссёр Шамшиев Чыңгыз Айтматовдон токойдо таятасы менен жашаган бала тууралуу аңгемени укканда абдан таасирленип калган. Кийин «Ак кеме» повестин журналдан окуп, анын негизинде кино тартуу идеясы оюнан кетпей коёт. Тасма 1976-жылы тартылып бүтөт. Фильм ошол жылы Бүткүл союздук кинофестивалдын баш байгесине, СССР Мамлекеттик сыйлыгына ээ болот. Бул тасмадагы бугунун мүйүзүнө илинген бешиктеги бала Болот Шамшиевдин өзүнүн баласы эле. Бешикке куурчакты илсе, бугу таптакыр сууга кирбей коёт. Ал эми бугунун мүйүзүнө илгенге эч ким даап баласын бербейт. Айласы кеткенде Шамшиев аялы актриса Айтурган Темированы айылга дүкөнгө жиберип коюп, өзүнүн баласын бешикке салып, бугунун мүйүзүнө илет. Бактыга жараша, бугу баланы сууга агызып жибербей аман алып чыккан экен. Бул, албетте, режиссёрдун кесибине болгон сүйүүсү деп айтсак болот.

d0b0d0bad182d0b0d0bdАктан Арым Кубат

  • Кинорежиссёр, сүрөтчү
  • Кызыгы — «Бешкемпир» тасмасын өзүнүн турмушунан алып жазган
  • Сыйлыгы — Кыргызстандын
    Эл артисти
  • Атак алып келген фильми — «Маймыл»
  • Белгилүү фильмдери — «Маймыл», «Бешкемпир», «Сүйүүнүн өз асманы бар»

Өткөөл мезгилде кино искусствосу анчалык маа­ниге алынбай калган кезде Актан Абдыкалыковдун аты Кыргызстанга жаңырды. Ириде анын «Бешкемпир», ага эле удаа чыккан «Маймыл» фильмдери буга себепкер болду. Актан Абдыкалыков кичинесинен эле сүрөт тартканга шыктуу болгон. Азыркы кинорежиссёр бала кезинде «космоско учсам» деп кыялданса, кийинчерээк «сүрөтчү болсом» деп кыялга баткан. Ооба, азыр Актан мыкты сүрөтчү. Жашоонун ар кыл боёгун тасмага кошуп, кыргыз киносун жаңы тепкичке көтөрүп, мурдагыларга окшобогон агым болуп кирип келди.
Анын адамдык тагдыры өзүнчө киного тартканга татыктуу. Ал бакма бала. «Байке, жеңе» деп жүргөн чоочун адамдар өзүнүн ата-энеси экенин билип, көкүрөгүндөгү кичинекей ааламы астын-үстүн болгон. Бакма баланын арманын, ыйын, сүйүүсүн, тилегин «Бешкемпир» киносунда чагылдырды. Ал эми андагы чыт курсак балдардын оюну, кылыктары так эле өзүнүн башынан өткөн. «Маймыл» фильми чыккандан кийин көптөгөн сыйлыктарга ээ болду. Атай кетсек, жакшы режиссура үчүн «Листопад» кинофестивалында сыйлыкка ээ болот. Ошондой эле «Оскар» сыйлыгына сунушталган.

d18dd180d0bdd0b5d181d182Эрнест Абдыжапаров

  • Кинорежиссёр, сценарист
  • Кызыгы — Окубай эле өзүн-өзү режиссёр атап алган
  • Сыйлыгы — «Кыргызстан» жаштар сыйлыгынын лауреаты
  • Сенсация жараткан фильми — «Боз салкын»
  • Эмгектери — «Менин пирим Алмамбет», «Таранчы», «Айыл өкмөтү», «Боз салкын», «Уурунун махабаты»
  • Учурда — Улуттук «Кыргызфильм» киностудиясында эмгектенет, көркөм кеңештин мүчөсү

Абдыжапаров кичине кезинен эле киного кызыккан. 60-жылдары кыргыз киносу өр­күндөп турганда ар бир айылда кинотеатрлар болгон экен. «Ал кезде бир аз акча колубузга тийип калса эле киного барчубуз. Ошол кезде менде да кино тартсам деген кыял пайда болгон. Адатта кичине балдардын кыялы өзгөрүп кетет го. Мен 5-классымдан тартып эле режиссёр болом дечүмүн. Ошол максатым өмүр бою өзгөргөн жок» деп эскерет. Бирок турмуштун оор капшабында ал кыялын оңой эле орундатып коюуга болбоду. Башка кесип менен алектенсе да, көкүрөгүнүн түпкүрүндө катылган кыялы кала берди. Ошентип, 1993-жылы гана кино өнөрүнө аралаша баштайт.
Анын биринчи тасмасы «Таранчы» эл оозуна алынган. Бул тасмасы Эрнестти он жыл бою баккан экен. Ошол тас­мадан түшкөн акчага машина алып, таксист болуп жүрүп, үйбүлөсүн багат. «Боз салкын» тасмасы кийинки жылдары тартылган эң мыкты тасмалардын катарына кирет.

d0bdd183d180d0b1d0b5d0baНурбек Эген

  • Кинорежиссёр
  • Сыйлыктары — Япония кинофес­тивалынын лауреаты, «Бронзовая лягушка» сыйлыгы; Москва — «Святая Анна» кинофестивалынын лауреаты; Эл аралык Балтика жана КМШ өлкөлөрүнүн XIV «Киношок» фестивалынын «Продюсердик дебют» сыйлыгы
  • Кызыгы — Өзү Москвада жашаганы менен, Кыргызстандын бардык жаңылыктарынан кабардар
  • Мыкты фильми — «Аталар керээзи»
  • Тарткан фильмдери — «Виллисы», «Сеть», «Санжыра», «Тайный знак»

Жаш, талант­туу режиссёр Нурбек Эген 8-класста эң биринчи жолу режиссёр деген кесиптин бар экенин билип, бул өнөргө кызыгы арта баштайт. 1994-жылы Москва шаарындагы ВГИКке тапшырып, В.И.Хоти­нен­ко­нун кол алдында 6 жылдык режиссёрлук курсту окуганга укук алган. Окуунун акчасын төлөш үчүн Нурбектин атасы машинасын сатууну чечкен. Бул 1-курстун контракт акысын төлөгөнгө гана жеткен. Андан соң Нурбек өзүнүн жанын өзү багууну чечип, короо шыпыргыч болуп орношот. Күн сайын эртең мененки саат 6дан 8ге чейин короо тазалап, андан соң сабакка, кечкисин кинотеатрга барып спектакль көрчү. Мына ушундай график менен Нурбек эки жарым жыл жашайт. Андан соң режиссёр талантынын арты менен тынбай эмгектенип отуруп, чоң шаарда өз ордун табат. Анын «Аталар керээзи» фильми эң мыкты фильм катары өз баасын алган.
Учурда Нурбек жубайы Ирина, уулу Данияр менен Москва шаарында жашайт.

(Уландысы кийинки санда)

Нуржамал Жийдебаева, «Супер инфо»

Соц тармактар:

Добавить комментарий