Ааламдык алкактагы рухий дүйнө

aytЧыңгыз Айтматовдун өмүрү — анын жазган чыгармалары менен тамырлаш, тагдырлаш. Канткен менен жазуучу символук мааниде атаган «Тоолор кулаганда» чыгармасын окурмандарга тартуу кылган соң, кыргыз эли жана дүйнөдөгү окурмандары менен түбөлүккө коштошуп кете берди. Бирок өзүн Рух ааламында түбөлүктүү кылып калтырды.

«Жазуучу эмнеден башталат, бул суроого бир ооз сөз менен бир маанилүү кесе жооп берүү мүмкүн эмес. Бирок сомолоп айтканда жазуучунун башталышы (албетте, таланттан тышкары) анын жеке тагдыры менен белгиленет. Жеке тагдыры болбогон бир дагы чоң жазуучу болбойт. Жеке тагдыр дегенибиз — бул жөн эле бир адамдын анчейин басып өткөн жолу, өткөргөн окуялары, кадыресе жашаган турмушу эмес. Сөз бул жерде инсандын аң-сезимдүү түрдө өзүнүн өмүр-тагдырын коомдун, элдин жашоо-турмушу менен, өз доорунун, өз мезгилинин эң курч маселелери менен шайкеш, эриш-аркак келтире алышы жөнүндө баратат» (Асаналиев К. Көркөм нарк. — Ф., 1988, 135-б.).

Ушундан улам Айтматовдун тагдыр тууралуу жазганы эске түшөт: «Жашоодо ар бир адамдын өз тагдыры бар. Бирок тагдырдын да тагдыры болот». Айтматовдун дал ошол түбөлүктүүлүк, адамдын руху, тагдыр, жашоо темасындагы ойлорунун жыйынтыгы «Тоолор кулаганда» романында анын калеминен акыркы ирет жазылып калды…

Бул жолу да Ч.Айтматов «адам тагдыры» темасына басым жасады. Адамдын жашоодогу орду, ыйманы, сезими, турмуштагы карама-каршылыктарды сүрөттөдү. Дегеле тагдыр деген эмне? Анын мааниси эмнеде?

Бул тууралуу белгилүү окумуштуу А.Акматалиев: «Тагдыр бир чети адам баласынын бешенесине жазылган, адамдык табияты менен бирге бүткөн жазуу болсо, экинчиден ошол жазылган тагдырын өмүрүңдү ардактап, барктап алуу, ага этият мамиле кылуу жеке адамдын акылынан, үчүнчүдөн, тагдыр аны курчап турган чөйрөгө да тыгыз байланыштуу болот эмеспи. Таксыр Тагдырдын буйругу менен адам жашоонун жакшы-жаманын таанып-билүүгө аргасыз» — дейт (Акматалиев.А Аалам, Адам жана Жаабарс. Б.,2006, 11-б.).

Чыгарманы адеп окуп баштаганда эле тынымсыз турмуш шарындагы Арсендин жашоосу жана ак мөңгүлүү бийик тоолорду мекендеген, жаратылыш койнунда баарынан жогору туруп жашоо өткөрүп, кайратынан тайып бараткан Жаабарстын күнүмдүк ал-абалынан кабар берип башталат. Демек, мында да автор адам менен табиятты, андагы жандууну бирге карайт.

Романда Жаабарс менен Арсен Саманчиндин уламыштан алынган кейипкер Сардал кыз менен Арсендин ашыгы болгон Элестин тагдырлары кош сызыктуу коюлат.

Чыгарманын темасы — жашоо, өмүр, сүйүү

Бул роман жазуучунун башка чыгармаларына эмнеси менен үндөш? Чыгармада табият жана анын койнунда жашаган жаныбарлардын орду чоң. Айтматовдун чыгармаларында жаныбарлардын образы адам образдары менен ар дайым параллел сүрөттөлөт. Ал эми идеясы — ар кандай терс иштерден, анын ичинде согуштардан, кыянатчылыктан, террордук кагылыштардан, жаратылышка аёосуз кол салуудан, табиятты бүлүндүрүүдөн оолак болуу. Жашоодо абийир тазалыгы менен тагдырлаш болуу, адамдардын бирин-бири сүйүү, гуманизм идеялары камтылган.

Айтматовдун чыгармаларына мүнөздүү болгон сюжет түзүүдөгү көркөм ыкма болгон мифтик окуяларды кошуу, жаратылыш менен тыгыз байланыштуу сүрөттөө, жашоо жана тагдыр темасына кайрылуу болуп саналат. «Тоолор кулаганда» романында идея азыркы мезгил талабына ылайык ачылган. Романдагы «Колуктунун үнү» легендасы чыгарманын композициясында негизги мааниге ээ. Уламышта мергенчи жигит коңшу айылдын сулуусун жактырып калып, колуктулукка алуу үчүн баалуу аң терилерин тартуу кылып, эки айылдын эли чоң кубанычка бөлөнгөн той өткөрөт. Ошол учурда махабаттын күчтүү жалыны менен бакытка балкыган эки жаш көрө албастыктын курмандыгы болушат. Душмандык кылууну көздөгөндөр табиятты алай-дүлөй бороонго айлантышып кызды ала качышат. Ал эми мергенчи жигитке «башка бирөө менен качып кетти» деп айтышат. Намысына чыдабаган мерген жигит тоо таянып жок болот. Кыз болсо душмандардан аман калып качып келип, жигиттин жайын угуп, ал дагы тоо аралап зарлап ыйлап кетиптир. Сүйүүнүн армандуу аякташы жана жаш колуктунун ыйы бүгүн да бийик тоолор арасында жаңырып жүрөт деген уламыш берилет. Уламышта сүйүү даңкталат. Сүйүшкөн эки жашка карата адамдардын кыянатчылыгы сүрөттөлөт. Ошентип, уламыштын чыгармага киргизилишинин зарылдыгы эмнеде деген суроо туулат. Сүйүү жана ага жетпей калуу мунун баары романдагы башкы каарман Арсендин турмушунда, легендадагы сүйүшкөндөрдүн тагдыры менен окшоштурулуп, андагы каармандардын образы идеяны тереңден ачып берүүчү мааниге ээ.

Кесиби боюнча журналист, жан-дүйнөсү чыгармачылыкка жакын Арсен коомчулукка жазган макалалары менен белгилүү. Анын жазган саясий курч макалалары газет-журналдарга байма-бай чыгып, жарыяланып турат. Ошол жазгандарынын артынан бийлик адамдары тарабынан ооздуктоого алынып, кысым көрсөтүлүп, жада калса жанынан үмүт этсе саясий макалаларды жазуудан баш тартуу боюнча алгачкы соккуларын да көрүп баштады. Ал ортодо Арсен сүйүү сезимине туш болду. Ал өзүнүн эң таза сезим туйгуларын опера ырчысы Самарага арнады. Чыгармачыл адамдардын ашыктык кезигүүлөрүндө Арсен Самарага сүйүү туралуу «Колуктунун үнү» легендасын айтып берип, аны опера чыгармасына айлантууну жана сахнада Самаранын аткарып чыгуусун самайт. Мына ушундай күндөрдө Арсен бийлик өкүлдөрүнүн коркуткан кысымына алынат. Ошол күндөрдө опера ырчысы, сүйүктүү адамы Самара акчалуу, материалдык жактан бай адамдын колуна өтөт. Мындай абалга кабылган Арсендин жан-дүйнөсү жанчылат, көңүлү чөгөт. Ошол эле учурда мындай күндөр тоо боорундагы Жаабарста да болуп жатты. Адамдар арасындагы мындай окуялардын жүрүшүндө тээ тоодогу карт Жаабарстын жашоосу кошо сүрөттөлөт.

Жаабарс — бул жаратылыш, табийгат жандыгы. Жылдан-жылга саны да, түрү да азайып, жок болуп бараткан барстарды коргоп калуу, жаныбарларга зыян келтирбөө ар бирибиздин аң-сезимдүү акылыбызда болсо кана?! Баалуу барс тукумунун терилери бүгүн бизнестин, байлыктын чеңгелинде калды.

Жаабарс зор денелүү өз тукумунун асылы болчу. Бирок мезгил өтүп, кайраты кетип, күндөн-күнгө алы начарлап, жалгыз калып, эч ким бара алгыс алыс тоолорго кетүүнү самайт. Бирок, күн сайын тайып бараткан ахыбалынан канчалык аракеттенип, чымырканса да тоону ашып кете алган жок. Бул абалга туш болуп, тукум улоо кайратынан калган Жаабарстын ургаачысын башка барс тартып кетти. Мындай алып караганда Арсен менен Жаабарстын абалы окурманга өзүнөн өзү түшүнүктүү. Чыгармадагы бул көрүнүштөр аркылуу жазуучу коомчулукта терс иштердин басымдуулук кылып бараткандыгын айтып, инсанды тазалыкка, болгондо да жан-дүйнөнүн, адамдык «Мендин» тазалыгына чакырат.

«Тоолор кулаганда» романындагы каармандар — бүгүнкү күндүн адамдары

Жазуучунун каармандары жекелик мүнөздө, ошол эле учурда типтүү. Анын каармандары баштан кечирген күндөрдү, окуяларды жалпы адамзат да баштан кечирип жаткандай, масштабдуу. Ушундай күндөрдөн чыга албай жүргөндө Арсенге «Мерген» фирмасындагы тууганынын сунушу түшөт. Ага ылайык Арсенге аңчылык менен иш жүргүзгөн фирманын өкүлдөрү үчүн котормочу болуп берүү милдети жүктөлөт. Аңчылыкка араб бектери келишмек. Алар Үзөңгүлөш ашуусундагы барстарга ууга чыгууга келишим түзүшөт. Бул ишке кирүү менен Арсендин тагдыры оор сыноого туш болот. Айылдагы элдин арасындагы Арсендин Таштанафган баш болгон досторунун турмушунун оордугу алардын араб өлкөсүнөн келген туристтерди барымтага алуу боюнча ойду жаратат. Бул ишти ортодо Арсендин түздөн-түз катышуусу менен ишке ашырууну көздөшөт. Бирок досторунун бул ойлоруна Арсен караманча каршы экендигин билдирет. Ошондо эч нерседен кайра тартбаган достору бул ишти баштоого жардам бербесе Арсендин өзүн өлтүрүүнү ортого салышат. Айылдаштарынын курчоосунда калган Арсендин психологиялык абалы, анын жашоого көз карашы террордук аракеттерди токтотуп, болтурбай коюуга үндөдү. Романда барстарга аңчылык кылуу үчүн чакырылган чет элдиктер Таштанафган сыяктуу зөөкүрлөрдүн барымтага алуу боюнча ойлорун жаратып, ага карата Арсендин каршы күрөшү башталат.

Ал ортодо Арсен сүйүү отуна кабылды. Анын махабат жалыны — Элес деп күйүп турду. Бул жолу да Арсен Элес менен болгон жолугушуусунда «Колуктунун легендасын» айтып берди. Экөө мындан ары түтүн булатып жашоону чечишти. Элес — бүгүнкү күндөгү Россияга товар алып барып жүргөн соодагер кыздын образы. Барстарга болгон аңчылык башталышы менен Арсендин оюн Таштанафгандын планы түйшөлтүп жатты. Мына ушул жерде каармандын айланасындагы психологизм тереңдетилет. Бул аркылуу оң жол табууну автор Арсендин оюна коёт. Жаратылыш жандыктарына кол салбоо, эл аралык каршылыктардан аман сактап калуу Арсенге жүктөлдү. Демек, чыгарманын жеткен чеги — жашоо менен өлүмдүн ортосунда калган Арсендин «Ала-Тоо барстарынан колуңарды тарткыла» деген кыйкырык сөзүнөн жана жогору тарапка ок чыгаруусунан улам чечилди. Ошол кезде Таштанафгандар ок атышууну баштап, натыйжада Арсен менен Жаабарска ок тийди. Бул экөөнүн өлүмү сырттан келген туристтерди барстардан, террордук аракеттерден сактап калды.

Ч.Айтматовдун чыгармаларындагы каармандардын трагедиясы тазалыкка, адилет менен чындыкка болгон күрөш менен шартталат. Чыгарманын соңунда Элестин Арсенге болгон сүйүүсү ыйга айланып, «Колуктунун үнү» болуп жаңырып, Молоташ үңкүрүнөн анын сөөгүн алып кетүү менен аяктайт. Ал эми Арсен менен окшош тагдырга кабылган Жаабарс кайып болуп кетет.

Чыгарма жарыяланган кийин жазуучу массалык маалымат каражаттарынын өкүлдөрүнүн суроолоруна жооп берип жатып, бул романы жөнүндө: «Тоолор кулаганда» — бул менин жаңы эмгегим, жаңы сөзүм. Бул китеп азыркы доордогу ааламдашууну жана учурдагы биздин тагдырыбызды чагылдырат» -дейт.

Чыгармадагы көтөрүлгөн маселе эмне?

Буга жооп берүүдөн мурда жазуучунун өмүр жолу кандай коомдук этаптагы учурларды басып өттү, ушуга кыскача кайрылсак. Эң алгач саясий тоталитардык режимдин каардуу күндөрүнөн башталып, Улуу Ата Мекендик согуш мезгили, андан соң советтик ураалаган доор, эгемендүүлүк жылдар жана жыйырма биринчи кылымдагы өнүгүүнүн космостук деңгээлге чыккан глобалдашуу мезгилдеринен туш келди. Буга ылайык ар бир коомдук учур Айтматовдун чыгармаларында көркөм-философиялык аспектиде чагылдырылып келди. Ал эми ааламдашуу доорунда өкүм сүрүп келе жаткан жетишкендиктер жана көйгөйлөр Айтматовдун көркөм дүйнөсүнүн предметине айланды. Адамзаттын Рух ааламынын жардыланышы, дүйнөдөгү социалдык-экономикалык ири кыйроолор Ч.Айтматовдун көз алдында өтүп, жан-дүйнөсүнө тынчтык бербей жашады. Өзү жашап жаткан мезгилдин кубанычы менен кайгысы, жыргалы менен азабы, жазуучунун жүрөгү аркылуу өттү. Дал ошол кезде Айтматов коомдук илдеттерден адамзатты сактап калуудагы өзүнүн адамдык жана жазуучулук вазийпасын аткарууга киришти. Жазуучу мунун баарын аң-сезимдүү туя билип, «коомдук илдеттерди» чыгармаларында чагылдырып, окурмандарга ар тараптуу ачып берди.

Чындыгында ааламды курчаган түрдүү кырсык ааламаттардын алдын-алууда ошол нерсени өз акылы менен жаратып анын алдында алсыз болуп бараткан адам канткенде кыянаттык иштерден баш тартат да, канткенде баары ойдогудай жашоо кечирет деген суроого аргасыз жетеленесиң…

Замандын социалдык, адеп-ахлактык, адамзаттын психологиялык олуттуу жана актуалдуу көйгөйлөрү «Тоолор кулаганда» романынын негизги проблемасы болуп калды. Ошон үчүн Чынгыз Айтматов кылымдын, доордун, мезгилдин, учурдун классик сүрөткери! Адамдык улуулук менен талант бийиктигинин төп келишкен феномени!..

Айнура Эргешова, БГУнун аспиранты,
«
Zaman-Кыргызстан» гезити, 24.07.2009

Соц тармактар:

Ааламдык алкактагы рухий дүйнө: 1 комментарий

  • 12.10.2015 в 17:03
    Permalink

    мен чынгыз айтматовтун чыгармаларында табият темасын чагылдырылышы дегенди таппай жатам жарадам бергиле сураныч

    Ответ

Добавить комментарий