Атай, Муса, Рыспай ким да, А.Мурзабаев деген ким?

Асан Мурзабаев деген бар экен. Көп жылдан бери мага асылат да жүрөт. Себебин түшүнбөйм. Чогуу окубасак, иштебесек, жолубуз кесилишпесе, же ага жамандык кылбасам, кыйыр да байланышыбыз болбосо, анан эмнеге мынча карайып алган деп акылым айран. Буга чейин да гезит бетинен бир нече жолу мени шыбап өткөн.

«Мунуңар ким эле?» деп аны тааныгандардан сурасам, «балдар үйүндө чоңойгон, жакшылык деле көрбөгөн, ичине кара таруу айланбаган бир неме» дешкенинен, ансыз да тагдыр таарынткан немени капа кылбайынчы деп унчуккан эмесмин.

Жакында «Аалам» гезитине «Анча-мынча чыгармалары анча-мынча тарабынан анча-мынча аткарылган» деген макала бериптир. Обончуларга тап душманындай асылыптыр. Мени болсо жүргөн бир шылуун, калпычы, атак-наам дегенде эт-бетинен кеткен шүмшүк көрсөтүп салыптыр. Жалгыз мени жазса «а, баягынын шакыйы дагы кармаптыр, аман болсун» деп коет элем. Жалпы обончуларды жаманатты кылганы катуу тийди.

Бул жооп Асан Мурзабаев үчүн эмес, анын макаласын окугандар үчүн жазылды. Бу чаржайыт жазылган макалада авторлор (Мурзабаевге Салмагани деген да кошулуп алыптыр) обончуну көчөдө жүргөн бир билимсиз бечарага, композиторду дипломун кучактап үйдө отурган классикке айлантабыз деген максат коюшса керек. Антпесе, «композитор менен обончунун айырмасы кандай», «чегаралары каерден тастыкталат» деп экөөнү эки мамлекетке айланткан дөдөй суроону коюп, анан аны тактай албай тамтаңдашмак эмес. Экөөнүн ким экенин элден сурап этектей макала жазбай эле, «Краткий музыкальный словарь» дегенди ачса, 154-бетинде жазылып турат: «Композитор — (лат.compositor — составитель, сочинитель) — автор, создатель музыкального произведения. В народном творчестве композитор и исполнитель обычно сливаются в одном лице». («Билимдүү» авторлор көчөдө жүргөн билимсиз обончу туура эмес которуптур дешпесин деп атайы орусча бердим).

Бул аныктама боюнча музыкалык чыгарма жазгандын баары композитор. Бул сөздү Асан Мурзабаев менен Бектуруш Салмагани ойлоп таппагандан кийин жөн эле ажыкыздана бербей эларалык түшүнүк катары кабыл алышы керек. Ал эми профессионал композитор деген атайын билим алган адам. Авторлор ушул эки түшүнүктү чаташтырып алган шекилдүү. Бүт дүйнө нечен кылымдан бери кабыл алган эреже Мурзабаев менен Салмаганинин оорулуу логикасына келгенде өзгөрүп кетиптир.

Анысын бекемдейбиз деп минтип калп айтып да жиберишиптир: «Казакстанда үналгы, сыналгылар аркылуу обончулар менен композиторлордун ажырымын тастыктаган уктуруулар, көрсөтүүлөр байма-бай чагылдырылып турат экен».

Биринчиден, казактарда «обончу» деген түшүнүк жок, музыка жазгандын баарын композитор дешет. Ошон үчүн Мурзабаевдикиндей диплому жок, бирок таланты миллион Мурзабаевди чаңында калтырган Шамшы Калдаяковду улуу композитор деп турушат. Экинчиден, ал жактагы кесиптештериме чалып ушундай программаңар барбы десем, аны кайсы келесоо айтты, ошондой да программа болчу беле? — дешип уят кылышты.

Калп айтканда казакты ала жатпай эле коюшса болмок экен. Кыязы, биздин телерадиодо ушундай программалар болсо, анан обончуларды байма-бай тепкилеп турсак деген кыялдан чыгып кетсе керек. Анан калса, азыркы кыргыздар сүйлөсө эле «дүйнөлүк практика», өнүккөн өлкөлөрдө деп конкреттүү мисалы жок эле калпты-чынды урдуруп калышпадыбы.

Макалада «булар обончулар, композитор эмес» деген ой кызыл сызык менен өтүп турат. А мүмкүн Мурзабаевдин катарында композитор болгуча Атай, Муса, Рыспайлардын катарында обончу эле бойдон калганыбыз өйдө дегендер арбын болуп жүрбөсүн?

Анткени, Асан Мурзабаев Малдыбаев, Түлеев, Молдобасанов, Давлесов, Эрматов, Жаныбеков, Бегалиевдерге окшоп көрүнүктүү чыгарма жазалбаса, куру дегенде бир жанрда кеп кыларлык бир чыгармасы болбосо, ага карабай: «Абдыкадыров, Атабаев, Тагаевдин 2-3 эле обону бар, калгандары ошолорду эле айланып, жандап жүргөн «спутникчелер» деп, «спутникче» да колунан келбегени менен иши жок керкайыштанып турса, анан анын катарына кимдин тургусу келет? (Менимче, композиторлор союзуна дипломдон тышкары жакшы чыгарма жазгандарды гана алса, сапаттуу союз болмок).

Андан ары макалада: «Композитор» деген… эки-үч адамдан тартып оркестрде аткаруучу опера, балет деген толгон уюмга, мекемелерге ылайыктап жазышат» деп турат. Бирдеме түшүндүңүзбү? Муну дипломдуубуз, билимдүүбүз дегендер айтып жатат. Эки-үч киши аткарган опера же балетти көрдүңөр беле? Жалаң оркестр аткарган опера, балеттичи? Биз билгенден опера, балет музыкалык-драмалык чыгарма. Аны оркестрдин коштоосунда (!) ырчылар аткарат. Балетте ырчылардын ордунда бийчилер.

Мурзабаев менен Салмаганинин операсын оркестр эле аткарып коет турбайбы. Мындай шумдукту биринчи угушум. Эмне, оркестрдегилердин жарымы ырдап же бийлеп, жарымы ойноп турат бекен?

Ал эми толгон уюмдар менен мекемелерге ылайыктап жазганын кандай түшүнөбүз? Уюмдарга саясый партиялардан тартып саяктардын коомуна чейин кирет. Мекемелерди санасам кагаз түтпөйт. Ошонун баарына ылайыктап (?!) опера же балетти Мырзабаев менен Салмагани эле жазбаса, андай ой башка композиторлордун түшүнө да кирбесе керек.

Авторлор андан ары Асан Керимбаев экөөбүзгө асылат: «…ыраматылык А.Керимбаев көзү бар чагында Т.Казаков экөө ээрчишип, жогорку бийликтегилерге «Бизден өткөн композитор жок! Бизге үй бергиле!» деп барышкан.

Ал үй өкмөт тарабынан атайын КС (композиторлор союзу — Т.К. ) мүчөлөрү үчүн курулуп, анан ушундай аракет жасашкан.

…Таңгалууга болобу, ошо бийликтегилер өздөрү обончу менен композитордун айырмасын билишпей жатышпайбы. Алар бир тобун ээрчитип — опера жана балет театры бизге тиешелүү! — дегенге чейин барышкан».

Биринчиден, ал үй КС үчүн эмес, жалпы маданияттын көрүнүктүү ишмерлери, атактуу адамдар үчүн курулган. Чыгармачыл союздар, маданият министрлиги сунуш кылган тизме не деген гана электен өткөн эмес. Көбү чийилип, көбү кошулган. Бу маселе менен түздөн-түз алектенген А.Эркебаев, Т.Койчуев, Ж.Ибраимов, О.Ибраимов, Д.Назарматов эле.

Экинчиден, Асан экөөбүз кыйкырып кирип барсак эле «Кокуй, композиторлор келиптир, бергиле үйдүн ачкычын!» дей турган макоолор анда да жок болчу, азыр да жок, болушу да мүмкүн эмес. Ал эми Акаев баш болгон жогорудагы кызматкерлер бизди ээрчитип алып опера жана балет театрын талашып жүргөнүн элестетип көрсөңүз… Жөн эле жиндинин түшүндөй, башка сөз жок.

Керимбаев экөөбүздү шылуунга, бийликтегилерди композитор менен обончунун айырмасын билбеген келесоого теңеш үчүн калп айтып жанды жеш — бери болгондо бети жоктук, ары болгондо жандүйнөнүн моралдык-психологиялык жактан деградацияланып бүткөнүнүн белгиси. Андайда адам өз трагедиясы үчүн кимди болсо да күнөөлөп баштайт турбайбы.

Бу макалада Ж.Шералиевден башка обончулар күчтүү талантка эгедер эмес дегендей ой айтылыптыр. Айткандар — өмүрүндө обон жазып көрбөгөндөр. Мейли, бышкан ашка сынчы көп. Мени кейиткени — Атай, Муса баш болгон Бектемир Эгинчиев, Ашыралы Айталиев, Рыспай Абдыкадыров, Калыйбек Тагаев, Сардарбек Жумалиев, Аксуубай Атабаев, Мукан Рыскулбеков, Эсенбек Мааданбеков, Асанкалый Керимбаев сыяктуу кыргызга керемет обондорду тартуулаган таланттуу инсандар Мурзабаев менен Салмаганинин бир сүйлөмүнүн алдында өзүн-өзү кайталаган, макаланын тили менен айтканда анча-мынча обондору анча-мынча тарабынан анча-мынча аткарылган көчөдө жүргөн байкуштар катары көмүлүп калгандыгы. Албетте, аларга асылгандык — асманда кыйкуулап бараткан турналарды ашата сөгүп жерге түшүрөм дегендей эле бекер убара. «Мурзабаев мыкты обон жазыптыр» дегенди уксам айтканымды артка алып, кечирим сурайт элем, атаганат, андай болбойт да.

Авторлор обончуларга эле тийишсе бир жөн. Булардын ою боюнча Калый Молдобасанов менен Насыр Давлесов дирижер болуп калбаганда аларды эч ким билмек эмес экен. Башкача айтканда, «Саманчынын жолу» менен «Аста, секин колукту» баш болгон чыгармаларды Асан Мурзабаевдин чыгарма сөрөйлөрүндөй болуп эч ким билбей жата бермек.

Моцарт, Шостакович, Малдыбаев, Свиридов, Доганын чыгармалары алар пультта турбаса деле аткарылып жатпайбы. Калый, Насыр агалардыкы деле аткарылмак. Себеби алар классикалык чыгармаларды жаратышкан. Ал эми жакшы чыгарма — алтын сыяктуу. Жердин жети кабатында жатса да казып, алып чыгышат.

Эми мен жөнүндө. О.Шакир «Обончу, композитор Т.Казаков» деп жазып койгон экен, биздин эки жазмакер тытынып жатып калышыптыр. Тытынбагыла. Мен бир нече фильмге музыка жазгам. Аларды мага Асан Мурзабаев оркестрлештирип берген эмес. Партитураларын өзүм жазгам. Жаш кинематографисттердин эки жолку конкурсунда композитор катары жеңүүчү болгом. Анан Асан Мурзабаевдин түшүнүгүндө мени титрда «обончу» деп жазыш керек беле? Логика ооруса айла жок турбайбы.

Эми Мурзабаевдин ич күптүсү түшүнүктүү. Ал сыягы «композитор» деген сөзгө кароолчу болуп «орношкон» окшойт. Макалада өтө эле көп кишиге асылып, колунан келишинче басмырлаптыр. Менде суроо туулат. Тирүүсүн да, көрдөгүсүн да тебелеп-тепсегенге Асан Мурзабаевдин чыгармачылык жактан моралдык укугу бар беле? Музыка дүйнөсүндө авторитет катары таанылганбы? Чыгарманы момундай жазыш керек деп өз талантын (бар болсо) тастыктаган учуру болгонбу? Мурзабаев ар кимге асылгандан көрө ушул суроолорго жооп издесе дурус болор эле.

Түгөлбай КАЗАКОВ

P.S. Макаламды «Аалам» гезитине берейин деп, ал чыгып-чыкпай жатат дегиче А.Мурзабаев «Агымдан» мени дагы капталга коюп өтүптүр. Анысына да жооп берип коеюн. Ал: «Башында Т.Казаков туруп, элдик таланттарды бириктирген уюм түзүлгөн болчу тээ 90-жылдардын башында. «Күпүлдөйбүз — дүпүлдөйбүз» деп баштап келип эле үнү чыкпай калышты…» — дептир.

Ооба, андай уюм түзүлгөн. Ал кездеги шарт боюнча курултайын өткөрүп, өкмөттүн токтомунун долбоорун даярдап бергем. (Ансыз уюм түзүлчү эмес анда). Ошол токтомго композиторлор уюмунун жетекчилери караманча каршы чыгышкан. Анткени, нечен жылдар бою обончулар тургай бардык өнөрпоздордун концерттеринен, ресторандарда аткарылган чыгармаларынан түшкөн акчаларынын белгилүү өлчөмү композиторлор уюмунун алдындагы «Музыкалык фонд» дегенге барып түшчү. Ал акчаларга композиторлор эс алуу, чыгармачылык үйлөрүнө путевка, материалдык жардамдарды алып турушчу. Образдуу айтканда, мен кара терге түшүп концерт коюшум керек да, андан түшкөн акчанын убайын Мурзабаев көрүшү керек экен.

Биз жаңы токтомго элдик таланттардын акчасы «Өнөр» фондуна, композиторлордуку «Музфондго» түшсүн деп жаздык. Кыскасы, ар ким өз эмгегинин убайын өзү көрсүн дедик. Негизги акча өнөрпоздордон түшүп жатканын беш колдой билген композиторлор уюму акыры ал токтомдун түбүнө жетишти да, биздин уюм туулбай туна чөктү. Ал ал болду.

Мурзабаев андан ары обон жазуу оңой, музыка жазуу кыйын деген ойду айтат. Анын ою боюнча обон музыкага кирбеген айыл-чарба терминиби? Музыкалык жанрларды композиторлорго биз үйрөтүп баштасак, анда өлгөн экенбиз.

«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий