Эки скульптор, бир эстелик

chokmorovАтагы аалам кезген Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги өз Мекенинде жыл айланып тургузулбай келатканын гезитибиздин №5 санында «Чокморовдун айкелин казактар же орустар тургузганы калдыбы?!» деген макала астында сөз кылганбыз. Бир учурда колго алынган бул ишке жооптуу деген адамдардан жооп алалбай чарчаган Намырбек агайдын түйшүгүн жеңилдетели деген ниетте биз да аралашып, айрым адамдарга байланышка чыктык. Эстеликти жасоо иши тапшырылган скульпторлор Айдар Усукеев жана Алмаз Кожогуловго жолугуп сөздөрүн уктук. Ал эми өлкөбүздүн маданият жана маалымат жагын тейлеген министр мырза Султан Раев шайлоодон бир-эки күн кийин бошорун билдирди…

Жер бөлүнгөн, жылыш жок…
1997-жылы13-февралда Кыргызстандын көрүнүктүү искусство адамдары жана коомдук ишмерлер Бишкек шаарынын чок ортосунда жайгашкан «Ала Тоо» кинотеатрынын жанына Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин тургузуу сунушу менен КРнын Өкмөтүнө кайрылышкан. Демилге оң кабылданып, тагыраак айтканда, эстеликтин долбоорун түзүү жана тургузуу боюнча (1997-жылдын 10-апрелинде № 101-р) токтом кабыл алынып, Борис Силаевге (ошол учурдагы Бишкек шаарынын мамлекеттик администрация башчысы) жана Билим, илим жана маданият министрлигине милдеттенме тагылган. Алардын колдоосунда токтомдун негизинде сынак жарыяланып, эстеликтин долбоору иштелип бүтөт. Эстеликтин долбоору жана конкурстун жыйынтыгы каралып, 1997-жылдын 1-декабрдагы № 613 токтомунда «Сүймөнкул Чокморовдун эстелигин курууга 1998-жылдын 1-сентябрына чейин киришсин» деген чечим кабыл алынып, эстеликти тургузууга жер участогу да бөлүнүп берилет. Бирок, арадан он эки жыл өтүп, ал ортодо беш премьер-министр (А.Жумагулов, Б.Силаев, К.Бакиев, Ф.Кулов, А.Атамбаев) алмашып, эстелик эстен чыкканбы, айтор, жыйынтыктуу бир иш болгон эмес. Азыркы Өкмөт башчысы Игорь Чудинов болсо, тиешелүү документке кол кое элек экен. Намырбек агай айткандай, анын арызы жетпей жатканбы же…

Скульптор Айдар УСУКЕЕВ: «Кеп акчада эмеc…»
Айдар Усукеевич, Аалы Токомбаев менен Ормон хандын эстелигин жасаган белгилүү скульптордун Сүймөнкул Чокморовдун эстелигине келгенде кетенчиктеп калганы кандай?
Өзүм жасаган иш кантип башталганын көрсөтүп, айтып берейин деп сизди атайын ушул жерге («Манас» аэропорту тараптагы Пригородныйда жайгашкан «Феррум» ишканасынын короосуна — авт.) чакырдым. Чокморовдун эстелигинин формасы дал ушул жерден жасалып башталган. Мына муну чоңойтуучу рама, — бийиктиги 6 метр келген эстеликтин формасын айлантып көрсөтүп, — деп коет. Бул башка эстеликтин формасы, мурда бул орунда Сүймөнкул Чокморовдун бийиктиги 5 метр келген эстелигинин формасы турчу. Негизи формага чейин эстеликтин үлгүсү жасалып, анан комиссиядан өтөт. Түзүлгөн комиссия, бир канча депутат, Намырбек аксакал жубайы менен келип көрүп, баары бир добуштан жактырып кетишкен.

Намырбек агай башы кичирээк болуп калганын, асынган баштыгын алып коюну эскерткен турбайбы. Бирок бул оңдолбогон үлгүсү көрүнөт. Агайдын айтканы аткарылды беле?
Ооба, оңдоо киргизилген. Мына көрүңүз, сүрөткө тартып алгам,- деп 5-6 сүрөттү көрсөттү. Чынында эле бүтүп калган экен.

Бүткөн иштин токтоп калышына эмне себеп болду?
Бул иштин башталышы 2005-жылдын 24-мартына туш келип калды. Мен май айына бүтүрүп койсом да, март окуясынан кийин бул маселеге көңүл бурган, сураган бир жан болгон жок. Алты ай дегенде гана, ноябрдын аягында келип көрүштү. Эстелик алгач ылайдан жасалгандыктан, кургап кетпесин деп алты ай суу чачып кармап турдум. Жаңы маданият министри болгон Султан Акимович 27-ноябрда келип көрдү. Эки күндөн кийин мен гипстеп формасын чыгармакмын, бирок аба ырайы кескин бузулганынан эстеликти сыртынан целлофан менен калкалап, суукта ажырап кетпесин деп ичине жарык тарттырып, жылыткыч сайдым. Ага да болбой, ылай түшө баштады. Болгон аракет менен бир ай кармадым, тилекке каршы, формасын чыгарганга мүмкүн болбой калды. Ал ортодо муундарыма суук тийип, ооруканага жатып чыктым. Бир жылдан кийин, эстеликти колдон чыгарып коеюн деп, калган каркасына ылай чаптадым. 85 пайызы бүтүп калганда маданият министрлигинен комиссия келип, «сен жасабайсың, Алмаз жасайт» деп, Көркөм кеңеш дагы жарабайт деген чечим чыгарды. Орусча айтканда, «творческая неудача» болуп калды. Аргасыз макул болуп, Алмазга расписка жазып бергем. Азыр Алмаз эскизин жасап, чогуу иш алып барып жатабыз. Бирок, Алмаздын долбоору боюнча мурдагыдай беш метр эмес, үч метр болот го дейм. Ал кандай десе, айкел ошондой болот.

Негизги документтер боюнча эстеликти Алмаз Кожогулов экөөңүздөр жасамак экенсиздер. Бирок, 2004-жылы Муратбек Бегалиев менен башка келишим түзүлүп, сиз баштап коюпсуз. Ал келишимдин үлгүсү менде бар.
— Ооба, Алмаз экөөбүз жасашыбыз керек болчу. Бирок, ошол учурда ал шаарда жок болуп калды. Башка жакта жүрдү беле, билбейм, убагында таппай калганбыз. Иш баштала берсин деп, маданият министрлигинен 400 миң сом бөлүнгөн.

400 миңди эмнелерге коромжу кылдыңыз?
Керектүү материалдарды алдым. Ширетүү иштерине, жыгач ж.б. материалдарга кетти…

Бир жыл кийин форманы сактап калыштын аракетин көрдүм деп жатасыз. 2006-жылы өткөн марафондон түшкөн 392 миң 210 сомдон бөлүштүргүлө деп маданият министрлигине кайрылган жоксузбу?
Мен ал акчадан баш тарткам. Кеп акчада эмес, башкада. 2005-жылдагы башаламандыктан ушул акыбалга туш болдук.
Сүймөнкул Чокморовдун эстелиги менин төртүнчү эмгегим. Сиз сөз кылгандай, эң биринчим Аалы Токомбаевдин эстелиги эле. Андан кийин Ооган согушуна катышкандардын, анан Ормон хандын эстелигин жасагам. Сиздер сөз кылып жаткан эстеликтин токтоп турганынан мен дагы жаман абалда болуп жатам. Бүтүп, борбордогу бөлүнгөн жерге туруп калса, жүзүбүз жарык болот эле.

Эми быйыл бүтпөй калды да?
Бүтпөй калды. Эстеликтер маселеси боюнча жакында эле мамлекеттик катчы Нур уулу Досболдун кабинетинде жыйын болду. Ал жыйынга вице-премьер-министр Өктөмхан Абдуллаева да катышты. Анда Ч. Айматов, Т. Усубалиев, С.Чокморовдун эстелигин тургузуу каралды. Бирок, Өкмөт казынада акча жок, быйыл эмес, эмки жылы деп билдирди. Негизи эстеликти шашпай жасаш керек. Александр Пушкиндики деле 12 жылда бүтүп, тургузулган… (Бул иштин сүйрөлүп келатканына ушунча убакыт болгону кеп эмес экен да — ред.)

Скульптор Алмаз КОЖОГУЛОВ: «Орто эсеп менен беш млн сом керек…»
Алмаз мырза, С.Чокморовдун эстелигин жасоо сиздин колго өтүптүр. Эмнеге?
Мен өзүм мыйзамды сыйлаган, мыйзам жолу менен жүргөн адаммын. Негизи эстеликти Айдар Усукеевич экөөбүз чогуу жасамакпыз. Алар мыйзамды бузуп, өз алдынча баштап ийишкен. Былтыр министр Султан Акимович чакырып алып, «эстеликти жасагандардын арасында сен дагы бар турбайсыңбы?» деп таң калган. Анан «чогуу жасап бүтүргүлө» деген эле.

А эмнеге былтыр эле айтылса, алигүнчө бүтпөй жатат?
Айдар Усукеевич бүтүп койду деп уккам. Өзүнөн сурасам, «творческая неудача болуп калды» деп койду. Азыр чогуу иш алып барып жатабыз. Бирок, быйыл бүтпөйт. Ага көп акча керек. Каражаттын жоктугунан токтоп турат.

392 миң 210 сом менен 12 жыл мурун тургузса болот беле?
Албетте, болмок. А азыр бул акча жетпейт. Эстеликти сапаттуу жасаш үчүн орто эсеп менен алганда 5 млн сом керек. Бул маселе каралган, смета берилген. Буйруса, Маданият министрлиги, мэриядан акча бөлүнөт. Андан тышкары Россиядан, Казакстандан демөөрчүлөр чыгып жатат…

Назира СААЛИЕВА, «Назар» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий