Жандүйнө «ремонту» качан жанданат?

Эгемендүүлүккө жеттик деп элөөрүгөнүбүз менен, эң негизги байлык — жандүйнөбүз совет доорундагыга салыштырмалуу огеле жардыланганы жамы журтка маалым. Анын тегерегинде көп эле сөз козголуп келе жатат. Барып эле ошонун баары адамдын жандүйнөсүнө, маданий азыгына байланышкан. Дүйнөлүк маданияттан кабарың канча болсо, жандүйнөңдүн деңгээли ошончо. Ал эми жандүйнөнү азыктантуу бала бакчадан баштап жогорку окуу жайын бүткөнчө жүргүзүлөт. Булар негизинен маданий окуу жайларга тиешелүү, ошонун ичинен музыкалык окуу жайларга да түздөн-түз байланышкан.

Акыркы үч жыл ичинде маданий окуу жайларынын ремонттору байма-бай жүргүзүлүп жатат. Мисалы, Б.Бейшеналиева атындагы искусство институту, М.Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайы, М.Абдраев атындагы музыкалык жатак-мектеп, Шубин атындагы музыкалык мектеп, мамлекеттик цирк, театрлар ж.б. Эскирген имараттарды жаңыртып туруу жакшы иш дейли. Ошол эле убакта базар экономикасынын шарапаты менен жардылыкка туштуккан жандүйнөлөрүбүздү ким «ремонттойт»? Жандүйнө «ремонтуна» караганда имарат ремонту курулуш материалдарынын эсебинен «кымтыганга» абдан ыңгайлуу экени белгилүү. Ошондуктан ушул жагына көбүрөк көңүл бурулуп жатса керек деген ой келет аргасыздан.

Музыка — руханий байлык. Ошол байлыктын булактары деп республикабыздагы 90го жакын музыкалык мектептерди айтсак болот. Ал мектептер советтик доордун калтырган баа жеткис мурасы. Бүгүнкү күндөгү алардын абалы абдан начар. Имаратын мындай коюп, окуу китептери менен камсыздандыруу маселесин көтөрсөк эле жетиштүү болот. Эгемендүүлүккө жеткенибизге 20 жылга жакындап баратса дагы, эгемен экендигибизди билдирген окуу китептери жокко эсе. Кошуна Казакстан, Өзбекстан эбак музыкалык сабат, музыкалык адабият, сольфеджиолорун улуттук багытка бурганынан кабарыбыз бар.

Эми ушул улуттук аспаптарыбыздын «көзүрү» комуз боюнча алгачкы окуу китеби жарым кылымдан бери жарыкка чыкпай келе жатканы эмне деген шумдук. 1959-жылы (мындан 50 жыл мурда) Таштанбек Чыналиев аттуу жигит СССР композиторлор союзунун Кыргызстандагы бөлүмүнүн төрагасы, СССРдин эл артисти Абдылас Малдыбаевге келип, комузду нота менен чертүүнү үйрөнүү боюнча жазган окуу китебин алып келип көрсөтөт. Окуу китеп менен таанышып чыккан тунгуч композиторубуз дароо эле басмага сунуштаган кат жазып берет. Ошол кат ушул күнгө чейин сакталып турат. Залкар композитордун батасын алган Таштанбек Чыналиев китебин көтөрүп барбаган басмасы калбайт. Эч жерден колдоо ала албаган комузчу үмүт үзбөй, китебин улам алымча-кошумча менен толуктап жаза берет. 80-жылдары филармониянын К.Орозов атындагы эл аспаптар оркестринин жамаатында талкууланып, 20дан ашуун музыканттардын колу коюлган колдоо каты берилет. Ошондой эле СССРдин эл артисти А.Жумакматов да жылуу пикирин кат түрүндө берген. Ошол каттардын баары белгилүү музыка иликтөөчү Б.Алагушов агайдын колунда сакталып турат. Арадан жылдар өтүп, акыры 90-жылдардын башында кол жазма «Адабият» басмасынын искусство жана драматургия редакциясынын бөлүм башчысы болуп иштеп турган Балбай Алагушовдун колуна келип түшөт. Китеп басмага даяр болот. Бирок белгисиз себептер менен маданият министрлиги каражат которбой коюп, андан көп өтпөй министрлик өзү жоюлуп кетип, китеп басылбай калат. 1998-жылы Таштанбек агабыз көз жумуп, китептин кол жазмасы Б.Алагушовдун колунда кала берет.

2005-жылы мен Маданият министрлигинин алдындагы республикалык окуу-методикалык борборунун директору болуп калдым. Т.Чыналиевдин китеби тууралуу угуп жүргөм. Окуу-методикалык борборунун негизги милдеттеринин бири музыкалык мектептерди окуу куралдары менен камсыздандыруу болгондуктан, ушул китепти чыгарууга аракет кыла баштадым. Б.Алагушовдон китептин кол жазмасын сурап алып, Маданият министри С.Раевге, орунбасарларына, окуу жайлар жана кадрлар бөлүмүнүн башчыларына көрсөтүп, таржымалын айтып берсем, бардыгы бир ооздон бул китеп тез арада жарык көрүшү керектигин белгилешкен. 2007-жылы китеп чыгаруу боюнча маселе караган министрликтин коллегиясына кол жазманы көтөрүп барып, колдоо каттарын кошо көргөздүм. Коллегия мүчөлөрү бир добуштан бул китепти басып чыгарууга макул болушкан.

Ар кандай эларалык фестивалдар менен имарат ремонтторунан колу бошобогон министрлик шыгыраган шыбоо-шылтоолор менен ушул күнгө чейин китепти чыгарууга каражат бөлө албай келет. Маданият тармагына чоң жаңылык катары шаан-шөкөт менен ачылган «Маданият» деген аты бар заты жок басмасы да ушул себептен иштебей турат. Улуттук аспаптарыбыздын улугу болуп эсептелген комуз аспабынын окуу китебин элүү жылдан бери басып чыгара албагандыгы министрликтин алсыздыгын, жоопкерсиздигин, улуттук аспапка болгон кайдыгерлигин туюп, министрликтин карамагындагы республикабыздагы музыкалык окуу жайларга болгон мамилесин да аңдасак болот.

Учурда айылдагы музыкалык мектептерде негизинен комузду гана окутуу менен чектелип, нота тааныбаган, чоң атасынан «Чоң кербезди» үйрөнүп алган чаласабат комузчулар сабак өтөөрү кооптонтот. Консерваториядан, искусство институтунан же музыкалык орто окуу жайынан билим алган комузчуларыбыз негизинен борборубузду айланчыктап, ар кандай фольклордук оркестрлерде, топтордо эмгектенишүүдө. Айылды жеригендердин саны жыл сайын арбыганы айтпаса да белгилүү.

Дүйнөлүк болуп эсептелген скрипка, фортепиано, гитара жана үйлөмө аспаптарды окутуу элет жеринде түгүл борбор калаабызда да жыл сайын кыскарып, айрым аспаптар боюнча окуучусу менен катар окутуучусу да жетишпей жок болуп кетүүсү ойлоно турган олуттуу маселеге айланып калды. Эларалык аренага биз жалаң комуз эмес, дүйнөгө жайылган аспаптар менен таанылаарыбыз таамай чындык. Кудайга шүгүр, бирин-экин эларалык вокалисттердин, пианисттердин, скрипкачылардын ж.б. музыкалык аспаптардын конкурстарына катышып, байгелүү орундарды алып келген таланттардан кур эмеспиз. Кечээ ошондой, бүгүн мындай, а бирок биз музыкалык билим берүүгө жасаган бүгүнкүдөй мамилебиз менен эртеңкиден кол жууп калуу коркунучу көрүнүп турат.

Обон-казына
«Түшүмдө»

Орто-Сай айылында жашайм. Маңдайымдагы тоо боорунда мүрзөлөр жайгашкан. Үйдөн кирип-чыгып ошол тарапты карап бата кылып коюп турам. Жакында үйдү карай такси жалдап келе жатып, үйүмө жакындап калганда айдоочу «менин атамдын сөөгү ушул жерге коюлган» деп үн катты. «Орто-сайлыксызбы?» деген суроомо теги Москва районунун Малтабар айылынан экендигин, тек гана атасы белгилүү ырчы, обончу Абдрашит Бердибаев болгондугун жана сөөгү ушул жерге коюлуп калганын айтып өттү. Ал киши тууралуу кабарым бар болгондуктан кийин мүрзөгө көтөрүлүп барып, куран окуп, анан ушул чакан маалыматты эл алдына тартуулоону чечтим.

1950-60-жылдары Абдрашит Бердибаевдин ысымы элге кеңири белгилүү эле. Акын, дастанчы, обончу, Жазуучулар союзунун мүчөсү А.Бердибаев агезде филармонияда иштеп, ырларын комуздун коштоосунда өзү аткарып, радиого жаздырып жигердүү эмгектенген мээнеткеч адам болгон. Бир жашка толо электе эле эки көзү көрбөй калып, чыгармачылыгынын уюткусунун баарын угуу сезими менен өнүктүргөн. Эске тутуусу абдан өрчүп, элдик дастандарды, ырларды бала кезинен эл алдына чыгып ырдап, кийин залкар ырчы-обончуларга, төкмөлөргө, комузчуларга кошулуп, Кыргызстанды түрө кыдырып ырдаган. Ошондон обончулугу өр тартып «Түшүмдө», «Сирень гүлү», «Селкиге кат», «Күкүш», «Жыттаганда гүлүңдү» ж.б. обондору жаралып, эл ичинде жашап келет. «Түшүмдө» аттуу ыры залкар ырчы-обончу Мусанын аткаруусунда жаңырган. Обондорунун керемет кайрыктарын композитор А.Түлеев симфонияларында колдонгон.

Анын акындыгын 1948-жылы Жазуучулар союзуна мүчөлүккө кабыл алынгандыгы айгинелеп турат. «Ырлар жыйнагы», «Адамдарга ачык кат», «Коңгуроо» ж.б. ырлар жана поэмалар жыйнагы жарык көрүп, орус тилине да которулган.

Суюлуп жылдыз бириндеп,
Суу ылдый шамал дирилдеп.
Айылдын алды терең сай,
Ташыган өзөн күрүлдөп,
Өзөндү бойлоп келатсам,
Алдымдан чыктың күлүңдөп.
Сыдырым соккон жел менен,
Саамай чачың сеңселет.
Жанымда турсаң буралып,
Жалындайт жүрөк энтелеп.
Жароокерсиң түгөнгүр,
Жаш баладай эркелеп.

Эзилип сүйгөн жалжалым,
Эсимде дедиң ар дайым.
Эсен бол жаным агай деп,
Ийилип колдон кармадың.
Белегим сага ушул деп,
Белестин гүлүн кармадың.
Аңгыча чочуп ойгонсом,
Өңүм эмес түш экен.
Капилеттен көргөн түш,
Каалаган селким өзү экен.
Унутпай эстеп жүргүн деп,
Урматтап айткан сөзү экен.

«Агым» («Кыргыз гезиттер айылы»), 24.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий