Акын Ж. Арыкованын обондуу ырларынын бет ачаары болот

31-июлда саат 12.00до Бишкектеги Токтогул атындагы музейде акын Жыпар Арыкованын обондуу ырларынын жаңы чыккан CD-дискинин бет ачаары болот. Жолугушууга акындын калемдештери, поэзия жана музыка ышкыбоздору катышып, кызыккандар автор менен кеңири пикир алышат.

Жыпар Арыкова — 1990-жылдары пайда болгон жаңы муундагы кыргыз акындарынын өкүлү. Анын ысымы кыргыз поэзия күйөрмандарына кеңири белгилүү. 1997-жылы Табылды Муканов атындагы жаш акындар сыйлыгынын лауреаты болгон. Чыгармалары мезгилдүү басма сөздө такай жарыяланып келатат. Ырларына көптөгөн обончулар обон жараткан. Учурда бейөкмөт уюмда эмгектенет.

Кыргыз маданият борбору

Соц тармактар:

Добавить комментарий