Кытайдагы кыргыз окумуштуусунун “кыргыз” деген улут атынын этимологиясы боюнча макаласы

Кытайдагы кыргыздардын «Ак-тилек» деген интернет журналында жарыяланган «кыргыз» деген улут атынын этимологиясы боюнча макаланы блогубузга чыгарып жатабыз. Ал блогубуздун окурмандарына кызыктуу болот деген ойдобуз. Макала кандай жазылса ошондой түрдө жарыялап жатабыз. Бир гана аны блогго чыгаруу ыңгайлуу болуусу үчүн тийиштүү бир калыпка салдык.

Кырктан тогузга өтүү-Кыргыз деген улут атынын Этмологыйасы, Кыргыздын байыркы жашаган жерлери

Кылымдардын азап-тозогуна бардаштык берип, канча кылымдык кандуу тарыхты, улуу да салтанаттуу хандык, имперыйаларды куруп,өчпөс шаңдуу жайлоо маданийатын калтырып, бирде толуп, бирде чачылып, кееде тукум курт болуу тагдырынан елгенип өтүп, ошентседа, бер жагын айтканда 25 кылымдык(кытай жазмалары бойунча) тарыхий сапарда« кыргыз » деген атын өчүрбөй сактап келген елдин аты дагы еле кыргыз бойдон кыйаматка чейин улана бермек.

Эми ушул күндө, «кыргыз» деген улут атынын етмологийасы жөнүндө түркүн-түстүү аңыз-легандалар, илымий нукка ее хыронологийалуу байандар сакталып келгени белгилүү. алып айталы, кыргызды шылдыңдоону максат кылып, ошол доордун идийологыйасына айкалыштырып туруп же байыркы тотемдик түшүнүккө чаптай койуп, кее бир сайасий мүдөөчүл кекселер кыргыз етмологийасын бурмалап ушак-айың тараткан. мисалы:«кырык кыз» сандырагы .

1. Шайх мансур аллажы тараткан орто кылымдан кийин жаралган сандырак сөз. бул «кырык кыз» ушак-айыңы ислам дини өтө терең тамыр тартпаган тоолуктардын идыйологыйасына кожолордун мазхаптарын (таптарын, албетте, исламда тапка бөлүнүү жексурлук екенин билсе да, өз напсине чок тартууга кызыкдар болуп) ширетүү үчүн калп айтып чыкканы менен такталат. сандыракта калмактардын арасына мусулман динин таратууга барган мансурдан анал деген кыз, минал деген уул төрөлөт. жаштайынан жетим калып, анан бир үңкүргө барып кырык чилтен берген балдан таттуу суудан ичип, уул(минал) жинди болуп кетет, кыз (анал) бойунда болуп калат. елдин ар кыл күмөндүү жек көрүүсүнөн кийин, минал елди аралап, өзүлөрүнүн ак екендигин какшанып: «анал ак, минал ак» деп жаңшанса дагы, ел ал екөөн өлтүрүп, күлүн сууга салып жиберет. суунун бетинде ал екөөнүн күлдөрү ала жашыл көбүккө айланып, тил бүтүп, ошондо да «анал ак, минал ак» деп сайрап аккан имиш. анан суунун бойунда сейилдеп жүргөн хандын кызы кырык күңү менен тил бүткөн көбүктү көрө калып, бирөө көбүктөн даам сызып «оо, кыздар, айабай таттуу екен» деп калгандарын тамшандырат. баардыгы жабыла чуркап даамын татыйт. анан баары бойкат болот. хан кыздарынан намыстанып, кырык кызды тең өлтүрүү ойуна келет. хандын обозкери кырык кишинин канын төгүп убалына калбай, еен токойго алып барып таштап сазайын берүүнү сунуш кылганына ылайык, алар еен токойго сүргүндөлөт. анан ай-күнү тошуп төрөп, кырык кыздын балдарынан ел -журт өнүп өсүп,«кыргыз» келип чыгат имыш…

2. Доорунда хандын кызы кырык нөкөрү менен сейилдеп чыгыптыр. алар сейилдеп жүрүп айылына келсе журтту жоо сып-сыйпыл чаап кетиптир. журтта бир сары ит гана калыптыр. дал ошол кырык кыздан ел көбөйүп, анын тукуму «кыргыз» аталып кетиптир. бул апыртманы уккан башка елдер шылдың катары кызыл иттин тукуму деп калышкан. (1)

Бул жанын жеген калпты кыргыз ичинде таралып жүргөн сарт дегендин мааниси «сары+ит», сары иттин тукуму болот деген сыйактуу башка улуттарды кемсинткен негизи жок шылдыңга окшош еле, кыргызды шылдыңга алган ушакчыл бекер ооздор тарабынан еле чыгарылганы ап-ачык. дагы бир жагынан караганда, байыркы елдердин аңыздык түшүнүгү бойунча же тотемдик карашы бойунча келип чыккан болушу мүмкүн. анткени, байыркы тайпалар отко, сууга, уйга, жырткыч айбандарга… сыйынып келгени тарых барактарынан маалым. алып айтсак, усундар(тарыхнаама), кийинчереек көк түрктөр бөрүнү тотем кылып, бөрүдөн телчигени айтылат(огузнаама). казактардын есекен баатыр деген уламышында казактын султандары, төрөлөрү кызыл курттан жаралганы айтылат. адамдардын айбандардан келип чыгышы жөнүндөгү аңыздар дүйнөдөгү көптөгөн елдердин аңызында чалдыгат. рим империйасын курган ромулдар карышкырдын емчегин еемп чоңойгон имыш. кантпесин, байыркы адамдардын тотемдик түшүнүгү бүгүнкү доорго салыштырмалуу балача кыйалданган адепки адамдардын катаа түшүнүгү деп каралаары айдан ачык. а түгүл азыркынын байыркы тотемдик түшүнүктү билбеген көптөгөн адамдары андай сандырактарды тилге теек кылып, улуттарды шылдыңдап, кемсинтүү аркылуу өз оорагын көтөрүп алгандай болушуп, марчыйып, мыскылдуу күлгөндөрүн кантесиң…

Мейли, кандай себептерден жогоркудай калптар айтылбасын, бүгүнкү заман- адамзаттын ең бийик маданийат сереси болгон заман. тотемдик түшүнүктөргө, бир елди кемсинтүү үчүн чыгарылган ушак-айыңдарга илим дүйнөсү ийилип койбойт.

Эми, айтмакчы болгонубуз-кыргыз деген улут атынын етмологыйасы жөнүндө жогоркудай көптөгөн сандырактар таралганына мейли десек да, китептерде, илимий емгектерде емгичейин андай сандырактарды сүйрөп жүрүүгө жарабайт. кыргызыстандык изылдөөчү сапарбек закыров «кыргыз санжырасы» (шинжаң ел басмасы, 2006) андай сандырактарды куну болбосода китепке кийрип кеткенине кап деп калдык. мейли кандай болбосун, ар бир илимий китептерибизде бизче улут атына байланыштуу ең назик маселеге карата тек илимий жүйөсү бар мазмундарды гана кийрүүбүз керек еле. сандырактар бекер ооздор жагынан ооздо гана айтылып жүрүп, мезгилге көмүлүп кеткенин жакшы деп билеер елек. болбосо, «жумурткадан кыр чыгарчуу» арам неет акмактар дагы канча жылдар андай сандырактарды тарых сахнасына сүйрөп чыгып, илимий жүйөнү сандырактар менен боткодой аралаштырып, тамаша көрүүсүнө болуп берет. тегин айтканда, андай сандырактардын улут атынын етмологийасын чечүүгө кылдай да пайдасы жок!

20-кылымдын 80-жылдарынын башында елибызде залкар манасчы жүсүп мамайдын айткан манасында кыргыздын келип чыгышы жөнүндө жогоруда айткан «кырык кыз-«анал ак-минал ак» сандырагы бар болуп, кыргызды кешмирдин боз талаасынан жаратып чыккан байандар бар болгон.«манас» епосун басмадан чыгаруу үчүн окумуштуулардан бикир алуу барышында- дал ушундай күрдөөлдүү учурда, кыргыздын улуу тарыхчысы, улуу окумуштуусу аныбар байтур баштаган бир топ зыйалылар жулунуп ортого чыгып, шайых мансур аллаажы тарата койгон «анал ак-минал ак» (кырык кыз) сандырагын дароо улуу епостон бир отоло чыгарып салууну айтып, көшөрө бекем турган екен. бир даары епостун «байыркылыгын» сактоо «пиринсиби»н айтып, сандыракты епоско кийрүүдө бекем турса, бир даары аны-муну айытп бергенде, улуу окумуштуу аныбар байтур бул сандырактын тек-жайын жүйө менен кайра-кайра түшүндүрүп жүрүп, епосту акыр-чикирден алып калыптыр. кокус ал сандырак улуу епоско кирип кеткен болсо, бүгүнкү күндө башка изылдөөчүлөр арасында канчалаган чыр-чатак, чийе-түйүндү калтыраары белгылүү…

«Кыргыз» деген улут атынын етмологийасын сандырактан чыгып , илимий изилдөөлөрдөн издөө
«Кыргыз» деген улут атынын етмологийасы жөнүндө «кырык» деген ыйык санга байланыштуу «кырык кыз» сандырагын бир отоло төгүндөп салгандан кийин, илимий жүйөгө жакын жана бир «кырык» саны бар. ал парыс, араб илимий маалыматтарындагы абу ыскак ибрахим ибни мухаммад ал истахринин «китаб масаник ал мамалик» деген китебинде түрк тайпасынын курамында турган тогуздар, кыркыздар, кушактар, гуздардын жана каздардын тилдери бир деп берилет. демек, ошол урууларда кырык деген уруулар жолугат, бул кийин кырык+гуз=кыргыз болуп кетиши ыктымал. (2) бурйат окумуштуусу доржии банзаров кыргыз деген сөз түрк тилиндеги кырык деген сөзгө көптүктү билдирүүчү «ыз» мүчөсү жалгануу менен кырык+ ыз = кыргыз болуп кеткен дейт. (3) с.е. малов да емгектеринде ушул жүйөнү куптаган. бул мааниде кырык уруудан түзүлгөн ел деген түшүнүк бир топ ишенимдүү. (4) казакта улуу жүз, орто жүз, кичүү жүз деген деген аттардын чыгышында «жүз» уруу топторун түшүндүрүп турат. в.в.радылов кырык + жүз = кыргыз болуп кетпесин дейт. (5)
залкар манасчы жүсүп мамайдын айтуусундагы«манас» та кыргыздардын келип чыгышы жөнүндө еки аңыз айтылат:

1-аңыз окумуштуулар негизинен бирдыкке келген карашка төп келип, «кырык уруулуу кырык жүзгө, кыргыз деген ат конду» дейт.

2-аңызда: «түп атабыз огуз кандан калаш деген бар болгон, калаш айрыкча сулуу, нур жүздүү еле, андыктан, елинде чаар туулса еле жек көрүп кырып күнүн түгөттү. калаш бир уулдуу болуп, төрткө чыкканда чечек чыгып чаар болуп калат, калаш хан каарданып, сөзүм еки болбосун, өзүмдүн уулум болсо да, тирүүлөй сойойун, еки көзүн ойойун дейт. анда бир вазири: буйругуңду адаа кылабыз баашам, бирок, өзүңдөн туулган уул чыркырап ыйласа бир боор толгоо кылып каласыз, андан көрө мага бериңиз, еен талаада өлтүрүп тынайын дейт. баланы берет, вазир уул-кыздан чогултуп, баланы еен талаага алып барып, елге барбагын, атың кыр кез болсун, дейт. бул топ уруктап көбөйүп, еен талаада өскөн немелер оозуна келген сөздү айтып, ырыксыз чоңойуп, калаш кандын баласынын алганы еркек төрөп, атын бөйөн койот. бөйөндөн чайан, чайандан каракан туулуп, кыр кездин бир далайы тарайт. каракандан орозду, ороздунун он уулунун бири жакып, жакыптан манас туулат» (6).

Кичик корутунду: кыргыз деген улут атынын етмологийасы окумуштуулардын илимий жүйөсүнө ылайык, кырык жүз, кырык уруулуу ел дегенден чыккан.

Эми кыргыз деген ат тарыхта сыма чыйандын «тарыхнаама» сында биздин заманга чейин 201 -жылы еле геккүн (鬲昆) деген ат менен белгилүү болгону илим дүйнөсүнө маалим. ошого в.в.радылов «кыргыздар орто азыйада жашаган елдердин ичинде тарыхта аты ерте учураган ең байыркы елдердин бири» дейт. (7) андан кийин ар кайсы доорлордо ар замандагы тарых жазгандардын же калктардын фонетикасына ылайык ар башка , бирок, түгөйлөш тбышта аталып келген. мисалы :ушул кезде да ханзу (Кытай) ели өзүлөрүн хан улуту (汉族) десе, орустар , кыргыз, казактар(кыргызыстан, казакыстан) кытай, а түгүл жуңго деген мамлекеттин атын да кытай деп, кыргыздар, казактар уйгурларды,(өзбектерди) сарт , рус улутун орус деп атаганы- ошол елдин фонетикасына, ошол тилдин ички ережелерине шай жеңил айтылуусуна, тарыхий жөрөлгөлүү айтымдарга байланыштуу болуп, кытай — баары бир хан улутун туйунтат.сарт- уйгур же өзбекти туйунтат.еч качан кемсинтүү мүнөзүн алган емес да, кайра ошол улуттун аты катары еле колдонулуп келген.кыргыз дын ар башка доордо башка улуттар жагынан ар түрдүү, бирок, жакын үндөш тыбышта аталганы да ушул себептен.

Айталы, кыргыз улутун орустар киргиз(кыргыз), гиректер херкис(Herkis,herx),шиветсийа архелогу сивин хидин кыргызга байланыштуу жазмалары жана тарткан сүрөттөрүндө киргис (Kirgis), арабтар кыргыз, парыстар кыркыр деп атаса, кытай ели хан жана вий доорунда гер гур (坚昆), (кадимки кытайча чыныгы тыбышталышы-гер гур), же геккун (隔昆 ошол доор окулушу-геккун ) деп тарыхка жазылып,көп бөлүк уруусу гундардын түндүгүндө, енесайда, бир бөлүк уруусу теңир тоодо(白山) конуштанган.жин жана түштүк, түндүк хандыктар кезинде кыргур (纥骨), (ошол доор айтымы бойунча кыргур), же кыйамут (居勿)(ошол доор бойунча тыбышталышы кыйамут), кыргур (结骨)( ошол доор айтымы), кыргур (契骨) (ошол доор айтымы), гыркыз (纥纥 斯) (ошол доор бойунча тыбышталышы), когыр (护骨)(ошол доордогу тыбышталышы), гыркуз ( 纥骨子) (ошол доор догу тыбышталышы ), таң доорунда хагас, гагас (黠嘎司 ,辖嘎斯) (ошол доор фонетикасы менен тыбышталышы-хагас, гагас), йуан доорунда кыргыс (吉利吉斯) (ошол доор бойунча тыбышталышы-кыргыс), кыркыс ( 乞儿乞思)ошол доор бойунча окулушу), чиң доорунда бурут (布鲁特), (ошол доор айтымы бойунча-бурут), бүгүнкү заманда кыргызыстан кыргыздары кытайча жир жисы (吉尔吉斯), кытайлык кыргыздар кыркызы (柯尔克孜) деп аталып келгени белгылүү.бул кыргызга байланыштуу кытай тарыхындагы каттарды бүгүнкү окулушу менен окусак чоң жаңылабыз, ошол доордогу окулушу бойунча, туура тыбыштап чыкканда, кыргыз улутунун тарыхта жогоркудай аттар менен жазылганы же аталганы туура айтылышы менен такталып чыгат.

Кырыктан тогузга өтүү- кырык уруулуу кееде тогуз уруулуу кыргыз ел екенин тарыхтан издөө
«кыргыз» деген улут аты-кырык уруулуу (кырык жүз)ел же кырык уруулуу (кырык +ыз) ел дегенден келип чыкканын айттык.айтбасада, бүгүнкү кезге чейин кыргыз ели байыркы ата санжырасын кубалап, оң, сол(же ичкилик, сырткылык) деп чоң еки жүз(топ)гө бөлүнүп, андан кырык бутактуу урууларга бөлүнүп келет.ошондуктан, кыргызда кадимтеден еле 40 саны ыйык сандар катары коомдук,сайасий, аскердик, фолклордук маанилеринде өз ордун таап турат.айталы,«манас» тын кырык чоросу болгон, кыргыздар кадимки депломатийалык байланышында 40 дан тартуу жөнөтүшкөн,кыздары кырык өрүм чач өргөн…

Еми биз 40 тан башка 9 деген ыйык сандын да өтө көп чалдыгаарын би леби з. бул, кадиресе, улуу епос «манас»та кыргыздын салт-санаасына өтө терең тамыр тарткан: бир тогуз жана төрт тогуз(төрт кырыктын санаты катары кыскарып,40 га сымолдук кылган) тартуу, төрт тогуз кийит катары өтө көп жолугат жана азыркы күнгө чейин уланып келген.еми, «кыргыз» деген улут атын дагы бир ыйык сан тогузга өтүп иликтеп багалы:

кырык уруулуу кыргыздын аты кытай жазмаларында жана башка тайпалар катары тогуз уруу бойунча, кееде жети уруу бойунча чалдыгат.«шыйанди (献帝) агасынын кыргыз(纥骨 кыргур) деген урук атын кийин ху( 胡)деген урук атка өзгөрткөн».(8)ошентип, бир туугандар жети урууга бөлүнгөнү айтылат.

Кырык га окшош еле тогуз деген ыйык сан тарыхта «40 менен 9 » аталаш уруулардын уйул таштай бириккен ынтымагын ошол доордо ыйык сандар аркылуу билдиргенин көрүүгө болот. тогуз уруулуу ел кытай тарыхында өтө көп жерде тилге алынат.

1.тогуз тийектер(九狄 ):«зо чйумың тезкиреси»(左传) нде кызыл тийектер алты, ак тийектер үч уруу ынытымагынан түзүлгөнү айтылат. 2.«тогуз түрк» ( 九姓突厥) :кадимки түрк(көк түрк),«көөнө таңнаама : жаң шйав жоң张孝忠 тезкиреси »нде аты чыгат. 3. тогуз шйен лүн( 九个猃狁): ваң говий 王国维 «ыр байан诗经 »да аты чыгат. 4. тогуз теглек(九姓铁勒)«көөнө таңнаама: түндүк деглектер байаны » деглектер тароосунда «тогуз теглек» аты аталган. 5.тогуз огуздар ( 九四鸟古斯 ):«тогуз огуз бийлери, калкым,силер менин сөзүмдү жакшы уккула»(күлтегин естелик ташы, түштүктөн екинчи кур) түбөлүк таштарда жазылган. 6.тогуз изгил(九姓思结): «ел башкаруу өрнөктөрү »卷二一一 «资治通鉴 дө аты чыгат. 7. тогуз кыргыз
(九姓坚昆)«таң сулаласына байланыштуу орчундуу жазмалар» (唐要要) да аты чыгат. 8. тогуз басмил: ( 九姓拨悉嘧)«көөнө таңнаама» 9-ором«жалпы таң жазмалары( 全唐文 311) де аты чыгат.9.тогуз уйгур(九姓回纥).

Мындай тогуздарды санап келсек, тарых жазмаларында бир далайга жетет. демек, тогузга байланыштуу тайпа аттары таң сулаласы (7-кылым) жазмаларына терең тамыр тарткан.

Кичик корутунду: кыргыздар күчөгөндө кырык, тозгондо тогуз урууга бөлүнүп турган. кырык уруулуу кыргыз же топтуу тогуз уруулуу кыргыз болуп жүрүп, «кыргыз» деген улут аты тарыхтын калбырына елгенип, улам дандууланып барган.күчөгөн кырык уруулуу кезинде«кыргыз» деген ат улут атынан алкып, белгилүү кеңири районго өкүлдүк кылып, кыргыз уруу сойузуна кирбеген башка урууларды да кошуп алып, сайасий ат катары да бар болуп турган. муну н.а.аристов, и.йа.бичуриндин илимий емгектери күбөлөп турат.(9) андан башка кыргыздын тарыхтагы еки чоң империйасы «кыргыз» атынын улуу кыргыз хандыктары кезынде сайасий мааниге ее болгонуна кубаттуу далил.

1-кыргыздын улуу ымперийасы — байыркы кыргыз(гергур) мамлекети ( 坚昆 国 ).«жер чөлкөмү-евирголдун батышы, агнинин түндүк жагы, ак тоо(теңир тоо白山 )айланасындагы чөлкөмдөр…» (10)болуп, кара шаардын(агни)түндүгү ене сай, комул( евиргол)дун батышы байкал айланасы, теңиртоо өрөнүнөн турган кең зымынга еелик кылган.«кыргыз»坚昆 » күчтүү мамлекет еле.жери түрктөр менен тең болуучу. түрктөр алардын баш кишисине кыз берген.чыгышы курукандар менен, түштүгү тибет менен, батыш түштүгү карлуктар менен туташат(чектешет).»(11)дегендей, кезинде өтө күчтүү мамлекет болгон.

2-кыргыздын улуу империйасы- енесай кыргыз каганаты(9-،10-кылымдарда ең кубаттууланган). 837-жылдан чиңгизхан баш көтөргөнгө чейин. түндүктөгү күчтүү уйгур хандыгын талкалап, енесайдан теңиртоого чейин бийлик жүргүзгөн.в.в.бартолд илимий жыйнагында«кыргыздын улуу державасы» деп канча жолу суктануу менен тилге алат.

Кыргыз елинин тарыхта жашаган жерлери
Гергур кыргыз империйасы доорунда (жыл санактан мурдагы201-жылдар) кыргыздар ене сай чөлкөмүндө топтошуп конуштанганы «тарыхнаамада» жазылган.андан башка , жогоруда тилге алган «жергеси теңир тоонун айланасындагы чөлкөмдөр…» деген кытай тарых жазмасынан еле кыргыздар енесайдан башка дагы теңир тоо чөлкөмүндө жыл санактан илгери еле кайбир уруулары да езелтен конуштанып келгенин байкап алабыз. орто кылымдын жүсүп баласагын сыйактуу ойчулдарын талашкан кеелер кыргызды мурда теңир тоодо жок, 10-кылымдарда анан теңир тоо өңүрүнө келе баштаган деп, кыргызды андан мурда теңир тоо го алып келгиси келбейт.
бирок, тарыхий далил бадырайып чыкканда , кыргыз жыл санактан мурда еле орто азийа чөлкөмүндө жашагандыгын куптап койду. кыргыздын түпкү бабасы«усун» дегенди «уйсун» деген менен бирдей сөз деп талашуу маселеси бар.аристов «аныктоо тажырыйбалары» деген емгегинде «усун» сөзүн кыргыз деп карайт.аристов жыл санактан мурдагы еки кылым алдында усундар теңир тоого көчкөндө алардын басым көп уруусун ене сай кыргыздары түзүп турганын тактап, «усундардын ел оозунда айтылган чыныгы аты -кыргыз» дейт.бул далилдери аристовдун «батыш тийаншан» деген алии да жарийалана елек илимий емгегинде айтылат.бул емгек кол жазмасы «совет ынтымагы жуграпыйа коому» нун архибинде турганын в.ромодын тастыктайт.(12)

жогорку далилден сырт, «батыш өңүр менен хан падышсынын дипломатыйасы хан вуди бааша кезинен башталган.батыш өңүрдө мурда 36 мамлекет бар еле…»(13) деп жазылат. ушул еле оромдо улуучат бектиги(кең тоо бектиги( 捐毒国 ) жөнүндө«ордосу алтын жылгасында, чаң ан менен аралыгы 9860 чакырым, 380 түтүн. 1100 жан саны бар, 500 урушка жараган колу бар……………көк арттын бойунда мал багып, көчүп жашайт, алар тегинде сактардын насилинен» десе, сапарбай бектиги(ойтоо бектиги 尉头国)жөнүндө:«ордосу ойтоо жылгасында, чаң ан менен аралыгы 8650 чакырым,300 түтүн, 2300 жан саны бар, 800 урушка жарамдуу колу бар, егинчилик жана малчылык менен жансактайт…» деп жазылган. мындагы улуучат бектиги«кашкардын батыш жагы, памырдын түндүк жагы кара тегин өңүрүнө туура келсе, сапарбай бектиги азыркы акчий ооданынын чыгышындагы сапарбай айылы»(14) екендиги белгилүү. еки миң жылдык тарыхка ее айылдарыбызда байыртан еле кыргыз ели жашап келген.демек, аркандай кытай тарых жазмалары кыргыздын кырык уруу ели жыл санактан мурда еле, ене сай жана теңиртоо сыйактуу кеңири чөлкөмдө байыртан конуштанып келгенин күбөлөсө, тозгондо тогуз, күчөгөндө кырык уруулуу улут катары бүгүнгө жетип, тарыхы өтө узак, шаңдуу маданийатка ее ел болуп келгени окумуштууларга маалим.

_________________________________________________
Пайдаланган даректер:

(1)«кыргыз санжырасы» : сапарбек закиров. шинжаң ел басмасы,2006. 6-бет.
(2)ушул еле китеп:23-бет
(3)ушул еле китеп: 24-бет
(4)ушул еле китеп: 25-бет
(5)ушул еле китеп:20-бет
(6)«манас»ж.мамай айтымы.шинжаң ел басмасы,1-том,3-6-беттер.2004.
(7)в.в.бартолд,«кыргызы» , 1943 , фрунзе, 13-бет
(8) «вийнаама ;төрө-урук байаны19»
(魏书,官氏志第十九)
(9)«кыргыз санжырасы» : сапарбек закиров. шинжаң ел басмасы,2006 .56-бет.
(10) « жаңы таңнаама: 217-ором,142-байан кийинки бөлүк, уйгурлар кийинки бөлүк »
(新唐书,卷二百一十七下,列传一百四十二下,回 鶻下)
(11)« жаңы таңнаама: 217-ором،142-байан кийинки бөлүк, уйгурлар,кийинки бөлүк »
(新唐书,卷二百一十七下,列传一百四十二下,回 鶻下)
(12)в.в.бартолд«жети суу тарыхы очериктери»(уйгурча ш е басмасы, 2000)
(13)«ханнаама: 96-ором,батыш өңүр байаны,66 алдынкы бөлүк»
(汉书,卷九十六上,西域传第六十六上)
(14)«батыш өңүр жер аттары 80-бет»,«шинжаң тарыхы сөздүгү 602- бет»

Нурмамбет Осмон уулу, (дайыны: акчий оодандык ырадыйо телевизыйа сытансыйасы, акпарат борбору),
«Ак-Тилек» журналы.

Соц тармактар:

Добавить комментарий