XIX кылымдын аягы. «Памир маселесинин» келип чыгышы жана анын чечилиши. Памир үчүн Орусия империясы менен Англиянын ортосундагы күрөш

XIX кылымдын экинчи жарымынын баштап, Памирдин геосаясий коопсуздуктун регионалдык системадагы орду ого бетер күчөдү. Анткени эки улуу державалардын, эки келишпес геосаясий душмандын — Улуу Британия менен Орус падышачылыгынын Азиядагы чек арасынын жакындашы буга түрткү болду. Улуу Британия 1850-жылдардан аталган региондо экспанциялык саясатын жандандырат. 1854-жылы Ост-Инд компаниясы менен Ооганстандын эмири Дос Мухаммед — коргонуу жана чабуул коюу боюнча Англия менен Ооганстандын ортосунда келишимге кол коюшат. Англиялык өкмөт Ооганстандын территориясын кеңейишин ар тараптан колдоп, аны көзкарандысыз кичинекей өзбек жана тажик хандыктарын басып алуунун эсеби­нен жүргүзүүгө тукурган.

Орто-Азияга карай орус армиясынын жылышы, тагыраак айтканда 1865-жылы генерал Черняевдин Ташкентти басып алышы, генерал Фон Кауфмандын Самаркандды каратышы улуу британиялык төбөлдөрдүн арасында тынчсызданууну пайда кылып, ал тургай Англиянын аскер теоретиги Генри Роулинсон, орустардын аскери Орто Азияны басып алуу менен, чыгыш­ка карай тереңдеп жылышы, Улуу Британиянын Индиядагы ээликтерине түздөн түз коркунуч келтирет деп белгилеген. 1863-1864-ж.ж. Орто Азияга саякат жасаган белгилүү чыгыш таануучу, көрүнүкттүү Азия изилдөөчү венгер окумуш­туусу англофил Армений Вамбери Орто Азиядан Будапешке баргандан кийин өз өлкөсүндө Азия­га кызыкчылык аз экендигин билип, 1864- жылы Лондонго келип, басма сөз аркылуу англиялык аскер төбөлдөрүнө Орусия жакын арада Орто Азияны бүт басып аларын билдирген. Ошон­дой эле ал «Орусия Түркстанды каратып алгандан кийин, Ооганстанга же Түндүк Индияга көз артпай кое ала тургандыгын айтып бере турган саясатчыны көрүүгө куштармын»- деп көкөлөтө жазган.

ындыгында эле XIX кылымдын 60- 70-жылдарындаЧихачев, С. Хрулев, кийинчерээк Скобелев сыяктуу орус аскер төбөлдөрү жана саясатчылары Орто Азияга карата катуу чабуул коюуну жана андан ары карай Түндүк Индияга карай жүрүш жөнүндө ар кандай долбоорлор­дужазышкан. Мисалы, Хрулев 60-жылдардынбашында согуш министрине жазган катында мындай деп белгилеген: «Азырынча Орто Азия Индия менен Орусиянын ортосунда тынчтык мезгилде турганда Англия Гиндикуш тоосун ашып өтүү үчүн, адегенде оогандыктарды басып алып, эртеби-кечпи сөзсүз каратып алат, андан кийин Түркстанга колун созуу менен биздин чек арага жакын келет», — деген оюн айтуу менен отуз миң аскер менен чабуул коюуну сунуштаган. Англиялык саясатчылар менен дипломаттары­нын тынчсыздануусу бекеринен эмес болчу. Бул маселе боюнча жазган кээбир советтик окумуш­туулардын «англиялык саясатчылардын орус падышачылыгынын Индияга көз артышы ойдон чыгарылган нерсе деп белгилегендиги» чындыкка дал келбейт.

Падышачылык өкмөттө да Орто- Азияны ээлөө, анын ичинде Памирди каратып алуу боюнча да бир пикир болгон эмес. Жогоруда белгилегендей, Аскер министирлиги тарабынан, анын арасында «Түркстан аскер-губернатору жана башка бир топ аскер адамдары Памирди басып алуунун активдүү жактоочулары болгон». Экинчи жактан Фон Гирс башында турган Тышкы иштер министирлигинин өкүлдөрү Улуубритания менен абалды курчутуп албоодон кооптонушуп, көбүнчө дипломатиялык жолдор менен аракет­тенүүнү жакташкан.

Улуубритания менен Орусиянын ортосундагы Азиянын стратегиялык мааниси бар Памирди ээлөө үчүн согуштук- саясий тирешүүсү «Памир маселеси» деген чоң маселени туудурду. «Памир маселесинин» чыгышын кээбир советтик окумуштуулар жана ошондой эле ре­волюциягачейинкиорусбасмасөзүндө 80-90- жылдарда эле башталган деп жазып жүрүшөт. 1892-жылыОрустардынКашкардагыконсулунунАзия департаментине жазган жашыруун бил­дирүүсүндө «Памир маселеси эгер ушундай атай турган болсок, ал мындайча келип чыккан. Биринчиден, Түркстан администрациясы Кокон хандыгын каратып, Фергана областын түзгөн мезгилде, Кокон хандыгына таандык Памир жергесине көңүл кош мамиле кылгандыктан, экинчиден, биздин чек ара комиссарларынын Фергана областынын Чыгыш Түркстан менен чектешкен жерлерин туура эмес бөлгөндүгүнөн чыгып олтурат»- деп жазган. Падышалык өкмөт Түркстан крайын анын администрациясын кайрадан түзгөн кезде Памир районуна көп көңүл бөлгөн эмес. Ал Согуш министрине Памир маселеси жөнүндө жазган отчеттордо даана байкалып турат: «Памир маселеси өзүнүн маанилүүлүгүнө карабастан, Азия үчүн анча баалуулукка эээмес. Памирдин жардылыгы жана калкынын аздыгы анын экономикалык жактан маанисин жоготот. Биздин белдүү аскерий адамдардын айтуусу боюнча аймак анча чоң эмес, отряддын жүрүшүнө жана согуш аракеттерин жүргүзүүгө ыңгайсыз». Орус аскер төбөлдөрүнүн Памирди жээриши бул ички гана фактор. А чындыгында эле «Памир маселе­синин» чыгышына биринчиден, алдыда белгилегендей орус жана британ экспанциясынын Азияга карай жылышы жана эки империянын эртеби- кечпи чек арасынын жакындашы түрткү болгон. Экинчиден, 1876 — жылы орус падышачылыгы Кокон хандыгын жоюп, анын ордуна Түркстан генерал-губернаторлугуна караштуу Фергана областын түзүшү менен орус империясынын колониялык ээликтеринин кеңейиши Англиянын ого бетер кызгануусун күчөткөн. Ъчүнчүдөн жана негизинен бул батыш тарыхнаамасында жазы­лып, көп көңүл бөлүнүп жүргөн «Чоң оюндун» (Большая игра ) же орус тарыхнаамасында «чыгыш маселеси» деген проблеманын уландысы эле. Бекеринен М.А Терентьев «Ошентип Памир маселеси 10 жылга чукул жатып кала жаздады. Биз аны баштадык » деп көкүрөк каккан эмес.

Жогоруда айтылгандай эки улуу империянын колониялык ээликтерди кеңейтүү процесси 60- жылдарда эле дүйнөлүк тышкы саясатта бул державалардын ортосундагы чыр-чатакка алып келүүсү белгилүү эле. Ошол себептен британиялык өкмөт Англиянын тышкы иштер министри лордКларендон1869-жылы Орусиянын Лондондогу элчиси барон Бруновго орус армиясынын Орто-Азияны басып алышынын натыйжасында англиялык коомчулуктун арасында өкүм сүргөн тынчсызданууну басаңдатуу максатында, эки державанын ортосунда нейтралдуу зона түзүүнү сунуштаган. Бул сунушка падышачылык Орусиянын тышкы иштер министри Горчаков макул болуу менен дипломатиялык сүйлөшүүлөр башталган. Аныннатыйжасында1869-жылы англо-индиялык администрациясынын өкүлү Дуглас Форсайт атайын сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн Санкт-Петербургга келген. Англия нейтралдуу зона катарында Ооганстанды колдонууну сунуштаган. Алгач бул сунуш Орусия тараптан колдоого алынган эмес. Анткени, Ооганстан Аму-Дарыянын түштүк куймасындагы бардык аймактарга ээболууга аракеттенген, ал эми Бухара хандыгы бул аймактарды өзүнүкү деп эсептеген. Ошондуктан, Орусия Англиянын таасириндеги Ооганстандын кызыкчылыгын эмес, Бухаранын кызыкчылыгын жогору койгон. Орус дипломатиясы Англиядан Балх, Кундуз жана Бадахшанды Ооганстандын тарабынан каратып албоого кепилдик берүүсүн өтүнгөн. Д.Форсайт менен согуш министри Милютиндин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, бул келишим 1 — этабында төмөндөгүдөй принциптерге токтолгон.

1. Ооганстандын территориясы эки тараптан тең «нейтралдуу зона» деп белгиленип, британиялык Индия менен Орто-Азиядагы Орусия империясынын ээликтеринин ортосунда буфер катары кызмат аткарат.
2. Бадахшан хандыктары көз каранды эмес жана Ооганстанга баш ийбейт деп белгиленсин.
3. Бадахшан хандыктары Ооганстан­га таандык эмес жана көз карандысыз деп таанылсын».

Мына ушинтип Британ өкмөтү ар кандай жол менен орус падышачылыгын Ооганстанга жакын жолотпоого аракет кылып, ошону ме­нен бирге эле Ооганстанды «нейтралдуу зона» кылабыз деген оюн уланта берген. Негизинен сүйлөшүүлөрдүн алгачкы этабы эч жыйынтыксыз аяктаган.

Орусияга караганда, Англия Памир жана ага чектешкен аймактардын физика- географиялык шартын, тарыхый абалын алда канча жакшы билген жана өздөштүргөн. XIX к.60-жылдарында эле Улуу Британия өкмөтү Түндүк Индия аркылуу Памирге жана ага чектеш аймактарга ар кандай чалгындоо илимий экспедицияларын жөнөткөн. 1868-жылы майор Т.Монтгомери Окустун баш жагы (Тугдумбаш Памир, авт.) менен Памирге өтүп, Кашгарга барган. Ушу эле жылы Улуу Британия корольдук география коомунун каржылоосу жана анын прези­денти Генри Роулинсондун жеке колдоосу менен отставкадагыофицер, саякатчыДжордж Хейуорд Чыгыш Түркстанга, Памирге саякат жасаган. Хейуордбулэкспедициясындагеографиялыкизилдөөлөрдү гана жүргүзбөстөн, чалгындоо иштерин да аткарган. «Европалык изилдөөчүлөрдүн ичиненДж. ХейуордЧыгыш Памирдинороги­дрогеографиялык абалын биринчилерден болуп жазып кеткен».

Ост-Инд компаниясы 1870-жылы Дуглас Форсайт башында турган миссияны Кашгарга жөнөткөн, бул Д. Форсайттын Кашгарга болгон алгачкы миссиясы эле. Миссиянын курамында Чыгыш Түркстанды жакшы билген сая­катчыжанаишкерРобертШоу, врачХендерсонж.б. бар болчу. Экспедициянын максаты Кашкар өкүмдары Жакыпбектин позициясын байкоо жана аны Англия тарабына тартуу болгон. Форсайттын миссиясынын мүчөлөрүнүн изилдөөлөрүнүн жыйынтыгы мындай корутундуга келген: «Ооганстан менен Кашгардын территориясы Памирде чектешпейт, андыктан такталган маалымат боюнча Орусия Коконду ээлөө менен ал мамлекет (Кокон) ээлеген аймактагы (Кашкар менен Ооганстан) ортосундагы жерлерге өз укуктарын таңуулайт. Жыйынтыгында Таш-Коргон менен Сарыколду ээлөөсү мүмкүн».

Ушинтип Улуу Британиянын өкмөтү XIX кылымдын 60-70 ж.ж. эле Памирди жана Чыгыш Түркстанды Түндүк Индия аркылуу географиялык жактан гана изилдебестен, саясий жактан да таасир этүүгө аракеттенген. Ал эми Орус өкмөтүнүн Памир жөнүндө тарыхый- географиялык жактан маалыматы аз эле. Абалды жакшы билген Британ өкмөтү «нейтралдык зона» жөнүндө оюн таңуулай берген.

«Буфердик зона» Орусия тарабынан да колдоого ээболуп, сүйлөшүүлөр кайрадан улантылган. 1872-жылдын акырынан баштап, 1873-жылдын 31- январында эч кандай чек ара боюнча комиссия түзбөстөн эле, дипломатия­лык каналдар менен гана Орусия тарабынан тышкы иштер министри княз А.М Горчаков жана Англия тарабынан тышкы иштер министри граф Грэнвилдин кол коюусу менен ишке ашкан. Келишимдин экинчи этабында төмөнкүдөй Орусиянын таламдарына жооп бербеген сунуштар киргизилген: «1. Ооганстандын аймагы катары Шерали хан ээлеп турган жерлер гана белгиленген. 2.Ооган эмири өзү ээлик кылган жерлерден башка жерлерди ээлөөгө аракеттенбейт. Англия Ооганстан тарабынан бул ээликтерди басып алып кеңейтпөөгө, бардык каражаттар менен аракет кылат. 3.Орусия, Ооганстан ээлеп турган жерлерди Бухара эмири тарабынан басып албоосуна кепилдик кылат.» Ошону менен бирге Грэнвил-Горчаков келишиминин 2- пунктунда: «Орус өкмөтү Бадахшан хандыгын жана Вахан округун Ооганстанга көз каранды эмес деп таа­ныса да, алар Ооганстан менен Орто Азия ээлик­теринин ортосундагы нейтралдуу тилкени түзөт. Ошону менен бирге эле Британ өкмөтүнүн каалоосу менен бул хандыктар, Англиянын чечүүчү таасири бар ооган эмиринин бийлигине таандык, ошондуктан Орто Азияга тынчтык орноосуна кепилдик кылат. Орусия Англиянын сунуш кылган чек ара сызыгынан баш тартпайт, же болбосо, Бадахшан менен Ваханды Ооганстандын айма­гына калтырууга макул». Орусия өкмөтү Бадахшан жана Вахан хандыктарын көз каранды эмес деп тааныса да, Англия өкмөтүнүн каалоосу менен бул хандыктар Ооган эмирлигине таандык деп белгилеп, Англия сунуштаган чек ара сызыгына макул болуп берген. Дал ушундай кели­шимге кол коюу менен Орусия өзүнүн диплома­тиялык чабалдыгын, алсыздыгын көргөздү. Бул жөнүндө Е.Штейнберг абдан таамай белгилеген: «Бул падышачылыктын дипломатиялык эң чоң жаңылыштыгы болгон. Өзбек жана тажик калкы жашаган стратегиялык жактан эң маанилүү жерди Ооганстанга берүү менен, Англиянын көзөмөлдүгүнө өткөрүп берди».

Англия болсо бул ыңгайды жеңил эле өз мүмкүнчүлүгүнө пайдаланып, Ооганстанды нейтралдуу калтырууну ойлобостон, тескерисинче, Шерали ханды курал-жарак менен жабдып, өзүнүн офицерлерин аларга жөнөтүү менен, Памирдеги өз алдынча хандыктарды (Вахан, Шугнан, Рушан-авт) басып алууга тукурган.

Орусия Түркстандын учу-кыйырсыз жаңы крайын жайгаштыруу менен алек болуп, өз учурунда Памирге көңүл бурган эмес. Анын башкы себеби, Памир келгиндердин отурукташуусуна жараксыз, Фергананын маданий бөлүктөрүнөн ажырап, өзүнчө бөлүнүп турган аймак болгондуктан, орус бийлигин токтоосуз орнотуу чоң мааниге ээболбогон жер катары ка­раган. Мындан сырткары Памир менен чектеш­кен жерлер Орусия үчүн коркунуч туудурбаган Канжут, ХунзажанаНаграэгеменжанакүнкорсуз хандыктар болгон. Кашгар бийлиги жана Ооган­стан мамлекети Памирди алууга аракет кылышкан эмес. Ал эми Англия ээлик кылган жерлер Гиндикуштун түштүк жагынан өткөн, ошондон улам Англия Памирдеги Орусиянын саясатына өз таасирин тийгизүү мүмкүнчүлүгүнө ээболгон эмес. Акырында, 1872 — 1873 — жылдардагы дипломатиялык сүйлөшүүлөргө таянып, кели­шимдин бекемдигине ишенүү менен орус өкмөтү Памирге кошуна мамлекеттердин кол салуусун күткөн жок. Ал эми М.Грулев жазгандай «орус өкмөтүнө Памирди эки жактан, биринчиден юридикалык -1873-жылдагы келишимдин негизинде, экинчиден укуктук негизде 1876-жылы Орусия­нын Кокон хандыгын басып алгандан кийин, аны ээлөө укугу белгиленген». Ошондуктан Памирге орус аскери шыр эле киргизилген эмес.

Ушул кырдаалды эске алуу менен, Британ өкмөтү кандай жол менен болбосун Памирге саясий таасирин күчөтүүнү чечкен. Памирге ким ээ болсо, ал кайсы бир деңгээлде Индия, Кытай жана Бухара хандыгына кеткен жолдорду көзөмөлдөө мүмкүнчүлүгүнө ээ болмок. Улуу Британиянын планы боюнча Памир аймагы Индиядагы англис бийлигин бекемдөөгө жана Орусиянын таасирин андан нары кеңейишине тоскоол болмок. Көп өтпөй эле сатып алуу, шантаж жана түздөн-түз кысым көрсөтүү жолу менен Ост-Инд компаниясы Индиядагы басып алган жерлеринен түндүктү, түндүк-батышты жана түндүк-чыгышты көздөй жыла баштап, өзүнүн аракеттерин Орусия тарабынан болуп жаткан «коркунуч» жөнүндө демагогиялык жарыялар менен жашырып, британ жерлерин «коргоо» зарылдыгы чыгууда деген шылтоо менен экспансиялык иштерин жүргүзгөн.

ХIХ кылымдын80-жылдарындаулуубританиялык жана орусиялык ар кандай илимий- аскердик чалгындоо отряддары из суутпай биринен сала бири озуп, Памирге барышкан.

Британиялык өкмөт орустарды Памирге киргизбөө үчүн жана аны орустардан ажыратып алуу үчүн ар кандай иштерди жүргүзгөн. Мына ушундай максатта Памирди ар тараптан (аскердик, топографиялык жана саясий) изилдөө үчүн ар түрдүү максаттагы миссияларды жөнөткөн. 1879- жылы М.S дегенжашыруунатменен белгилүү болгон пундит (өз аты Мухтар Шах «Muhtar Shah») Памирге жөнөткөн. АлВа­хан Шугнан аркылуу Оксус дарыясын бойлоп, Кила Вамарга чейин жетип, кайра Мургаб дарыясын бойлоп, Чыгыш Памирге келген. Ал жердеги кыргыздардын каршылыгынан коркуп, кайра артка кайрылууга аргасыз болгон.

1886-жылы Индиянын вице королу Дафферин Чыгыш Түркстанда таасири күчтүү Орусиянын Кашгардагы консулу Петровскийдин жеке иш аракетин байкоо жана орустардын Чыгыш Түркстандагы аскердик аракеттери жөнүндө отчет алып туруу үчүн Ней Елиас деген адамды жөнөткөн. Ал Британиялык Индия өкмөтүнүн Чыгыш Түркстандагы өзгөчө тапшырмасы боюнча саясий агенти болгон. Вице король британиялык миссияга дипломатиялык статус алууга аракет жасаган, бирок, Пекин мындай аккредитациядан баш тартып, Ней Елиаска жөнөкөй эле паспорт берүү менен чектелген. Бул кадамды англисизилдөөчүсү Питер Хопкирк мындайча түшүндүрөт: «Баш тартуунун эки себеби бар. Биринчиден, Пекин дагы эле болсо Британиянын Якуб бек башкарган мезгилиндеги союз түзүү аракетин дагы эле унута элек. Экинчиден, митаам Петровский кытайлыктарга пара берүү, коркутуу жолу менен Ней Елиасты Чыгыш Түркстанга киргизбөөгө аракет кылган». Ар кандай каршылыктарга карабастан, Ней Елиаска, Вице-король Британиялык Индияга кайсы жактан коркунуч туулушу мүмкүн жана Каракорум аркылуу байланыш абалын билүү үчүн буйрук берген. Ошону менен бирге эле кайра кайтканда, Чыгыш Памирди жана жогорку Оксусту изилдөө милдети жүктөлгөн. 1885-жылы 28-сентябрда бул миссия Жаркенттен Памирди көздөй жөнөгөн. 11-сентябрда Раң-Көлгө келип, бул жерде Раң- Көл жана Ак-Байталдык кыргыздардын башкаруучусу Курумшубектин айлына келип, бир топ маалымат жыйнаган. Миссиянын жыйынтыгы болуп, Ней Елиастын Памир боюнча толук отчету жана Башкы топографиялык башкармасында «Саясий агент Ней Елиастын Памир жана жогорку Оксуска болгон саякатынын жол эскермеле­ри» деген карта түзүлгөн Бул карта Британиянын Кытай менен Ооганстандын ортосунда Памирди бөлүүнүн алгачкы планы болгон.

Ал эми орус падышачылыгы да Памирди аскердик-топографиялык илимий изилдөө үчүн ар кандай экспедицияларды жөнөткөн. 1883-жылы курамында: астроном, генштабдын офицери Д.В Путята , тоо инженери Д.Л Иванов жана топограф Н.А Бендерский болгон Памир экспедициясы уюшулган. Экспедиция Памирдин картасын түзүүгө, жол маршруттарын аныктоого зор салымын кошкон. Дагы бир чоң экспедиция бир тууган Грум-Грижимайлолордун Памирге болгон төрт саякаты Памирди илимий жактан ар тараптуу изилдөөгө чоң кадам жасады. Грум- Грижимайлолордун изилдөөлөрү түштүк Сарыколду картографиялаштырууга Памирди, Кашкарды географиялык жактан изилдөөгө салым кошту. Жогоруда аты аталган окумуштуулар Памирдин физика-географиялык абалын из­илдешсе, Б.Л Громбчевский 1988-1890 -жж Памирди саясий жана тарыхый-этнографиялык жактан терең изилдеди. Ал 1880-жылдарда эле Түркстан генерал-губернаторлугунун Маргалан уездинин начальнигинин жардамчысынын кызматын аткаруу менен жергиликтүү элдин үрп-адатын, тилдерин (кыргыз, өзбек, тажик) үйрөнгөн. Орус географиялык коому англо-орус каршылыгынын күчөп турган мезгилинде дүйнөнүн эң бийик Куньлун, Гиндикуш жана Каракорум тоолорунун бириккен жерлерин географиялык абалын, Кашкар тоо кыркаларын, Памирди изилдөө үчүн жөнөткөн.Б.Л Громбчевский 1888-ж 12-июлда Маргалан шаарынан 4 казак жана 2 жол көрсөткүчтүн коштоосунда жөнөп кеткен. Б.ГромбчевскийдиХунзаханыСафдер-Али-Ханчоң шаан-шөкөтмененкабылалатжана ал «орус падышасынын өкүлүнөн» (ал өзүн ушундай тааныштырган) Англиянын кысымынан куткарууну жана ага жардам көрсөтүүнү өтүнгөн. Бул окуя жөнүндө ал мындайча жазат: «Мен Канжуттан кетип жатканда хан ооруу абалда калды. Ошондой болсо да, ал мени өзүнүн жан-жөкөрлөрүнүн жана Гильгиттин элчисинин катышуусунда салтанаттуу узатып жатып, Императордон өзүнүн өлкөсүн орус букаралыгына алуусун өтүндү. Сафдер-Али -хан Индиянын Вице-Королунун катын көрсөтүп, «алар менин өлкөмдү Индиянын казна жайына айландырабыз дешет. Мен англичандарды жек көрөм, ошондук­тан алар жиберген адамдарды кууп чыктым.». Аягында «мен Ак падышанын өмүрүн тилейм деди». Бул өтүнүчкө Б.Громчевский да ишенимдүү убада берген. Дал ушул окуядан кийин англичандардын тынчсыздануусу андан ары күчөп, Гиндикуштун хандыктарына А. Дюрандын жана Ф. Янгхазбендин отряддарын жөнөткөн.

Бектемир Жумабаев, тарых илимдеринин кандидаты,
Ж. Баласагын атындагы КУУнун тарых жана ч
өлкөм таануу факультетинин деканы,

«Аалам кыргыздары».

Соц тармактар:

Добавить комментарий