Toктобүбү Султангазиева

* * *
Мен сүйүүмдү, күн нуруна байладым,
Жылуулугу бүт дүйнөнү айлансын.
Кайтып келди эртең менен кайрадан,
Таппагандай сага жетүү аргасын…

Мен сүйүүмдү, шамал менен айдадым,
Сага келип жылуу колуң кармасын.
Куюн сымал кайра айланат өзүмдү,
Таппагансып сага баруу айласын…

Мен сүйүүмдү булуттарга карматтым,
Тамчы болуп сенин жүзүң аймасын.
Кетпей туруп кайра үстүмөн төктү жаан,
Айтып турду сени эч жерден таппасын…

* * *
Кышта күттүм келээриңди, билдиңби,
Кар бүркүмү саламымды бердиби?
Өзүмдү алдайм, келбесиңди билген соң
Суука шылтап, тондурдуң деп сезимди.

Сени күттүм ушул жазда, сездиңби?
Сылагандыр жумшак сүйүү эпкини.
Элес албай кеткендирсиң кол шилтеп.
Эмки жазда келем сага дедиңби?

Жайда күтөм, сенден келчүү сезимди,
Үмүт менен гүлгө айлантып кечимди.
Эгер калсаң жайда дагы кеч калып,
Күздө келет менен кылам чечимди.

* * *
Сени сүйөм бирок сендик эмесмин,
Күндө күтөм кирип келген элесиң.
Коркуп кетем. Жок… Сүйүүгө айланба,
Артка тартчы, мендик сүйүү кемесин.

Мага тартпа, чын сүйүүнүн жебесин,
Мени бошот, деги кандай немесиң.
Аяп койчу, күчүм жетпейт, алсызмын,
Үзө албайм, жайган торуң желээсин.

Сени сүйөм, бирок сендик эмесмин….

* * *
Бетке түшөөр миң сандаган чыйыр жол,
Чачтар өтөөр кара түстөн акка мол.
Бирок дайым сага арналган бул сезим,
Жапжаш бойдон жүрөгүмдө так болоор.

Бел ийилип карылыкка баш коёр,
Мизден кетип көз курчтугу да мокоор.
Бирок дайым көкүрөктө бул сезим,
Наристедей таза бойдон бар болоор.

Муундар бошоп улгайууга бут коёр
Кары сөз деп ар сөзүнө кут коноор.
Бирок дайым сага деген ак сезим,
Бала тилдей таттуу бойдон бар болоор.

* * *
Мукам үндүү булбул менен сырдашып,
Шарп-шурп эткен толкун менен ырдашып.
Үнсүз, сөзсүз, калеми жок, барак жок,
Келе жатам кыялымда ыр жазып.

Жүрөк булкуп жан дүйнөмдөн нур чачып,
Дүрбөлөңдүү шамал менен тең шашып.
Сууруп чыгып көөдөнүмдүн түбүнөн,
Келе жатам ойлорумда ыр жазып.

Желге ыргалган, кайың менен жандашып,
Келечекти үмүтүмө карматып.
Жан дүйнөнүн жалгыздыгын сездирбей,
Келе жатам кыялымда ырлар жазып

* * *
Терип чертип комузумдун кылдарын,
Обон салып жан дүйнөмдү ырдадым.
Ар бир кайрык эл жеримдин тарыхын,
Катып жаткан сыяктанат сырларын.

Үч кыл комуз дыңгыр этип үн салат,
Кээде окшойт учкан барчын керип канат.
Кээ кезде булак үндөй шылдыр этсе,
А бирде кыз күлкүдөй миң салтанат…

* * *
Сени күтөм, сагынычтын чеги жок,
Сени издейм, «билем» деген кеби жок.
Тордо калган чар көпөлөк сыяктуу,
Сен деп жүрүп өтөөрүмдүн шеги жок.

Сени сүйөм, сени сүйөм.. Өзүң жок,
Сен деп күлүп, сен деп ырдап көңүл ток.
Чабыт салып жалгыз учкан чымчыкча,
Сен деп жүрүп жашаарымдын шеги жок…

* * *
Сени көргөм, билбейм качан көргөмүн,
Мүмкүн түштө сен болгонсуң өнөгүм.
Эсимде жок, бирок жүзүң тааныштай,
Жылуу учурайт. Билбейм качан көргөмүн.

Сени күткөм, билбейм кайдан күткөмүн,
Ошонтсе да мага тааныш мүнөзүң.
Эстей албайм, бирок жүрөк сезүүдө,
Көпкө күткөм. Билбейм кайдан күткөмүн.

Сени тааныйм, билбейм кайдан таанышкам,
Караңгыда сүйүүгө жол табышкам,
Унутупмун, бирок арзуу калыптыр,
Өчпөс болуп. Билбейм кайдан таанышкам.

«Кербен»

Соц тармактар:

Добавить комментарий