Сапарбай ОСМОНАЛИЕВ, сүрөтчү: «Күздүн керемети, жаздын деми шык»

Таланттуу сүрөтчү Сапарбай ОСМОНАЛИЕВ башка сүрөтчүлөрдөн реалисттик стили менен өзгөчөлөнүп, портрет жанрына басым жасайт. Улуу залкарлардын жана көңүлүнө жаккан адамдардын образын чагылдырат.

— Сиз кайрылган тема?
— Көбүнчө портрет жанрына басым жасайм. Бир эле тема менен чектелбестен бизди курчап турган жаратылыш, турмуш-тиричиликтин сүрөттөрүн тартам. Көзгө көрүнгөн реалдуу нерселерди тартууну жактырам.

— Демек реалисттердин катарында экенсиз да?
— Ооба, реалистмин. Реалисттик мектепте тарбиялангандыктан, живопистин жанрын өз стили менен болгонун болгондой реалдуу чагылдырам.

— Портрет жанрына кайрылганыңыздын себеби не?
— Алгач иш баштаганда атайын портрет тартайын деп ойлобойм. Ишимди баштай келгенде портрет тартып калам. Эмнегедир адамдардын образына жакындыгымды байкайм. Студент кезимде дипломдук ишимди «Булакта» деген аталышта эки адамдын образын чагылдыргам. Ошондон тартып портрет жанрына жакындап кеттим.

— Адамдардын кандай образын тандайсыз?
— Кимдир бирөөнүн образы жагып калса, жүрүш-турушун байкап тарта берем. Кээ бири шайыр, кээ бири ойчул болот, анан өзүнө ылайыктуу образын тандайм. Көбүнчө тааныган адамдарды тарткандыктан, жакшы маанайдагы образын берүүгө аракеттенем. Ар кандай учурлар болот кээде залкар адамдардын, акындардын сүрөтүн тартып калам. Андан тышкары кардарлар келип ата-энесинин, жакындарынын сүрөтүн тарттыртып кетишет.

— Сүрөтчүлөр менен материал чогултуп кеткен убакта кандай кызыктуу окуялар кездешет?
— Материал чогултууда Кыргызстандын аймактарына жай мезгилинде саякаттап, эң узагы он беш күндөн, бир айга чейин жоголуп кетип, кызыктуу окуяларга көп кабылабыз. Сүрөтчүлөр көп сүйлөбөгөн, түнт калк, ар бир сүрөтчүнүн мүнөзү, көңүлү ар кандай болуп, кээде урушуп-талашып, таарынышып калабыз. Он беш сүрөтчү барсак жарымы «мындай тартабыз» дешсе, жарымы «жок, тигиндей тартабыз» дешип, таарынышып, эртеси жарашкан учурлар бар.

— Өзүңүз «сүрөтчүлөр түнт, бир сырдуу келишет» дедиңиз, сиз да алардын катарына кошуласызбы?
— Албетте, мен деле көп сүйлөбөй ойлуу жүрөм. Сүрөтчүлөр өздөрүнүн ички дүйнөсү менен жашайт. Жан дүйнөсү менен алек болсо да көп учурда сырын сүрөт аркылуу ачышып, ички сезимин билдиришет. Башка кесипте эмгектенгендер жумушун кечке чейин иштеп, кечинде унутуп коюшат. Ал эми сүрөтчүлөр дайыма, күнү-түнү ички дүйнөсү менен алпурушуп, жазаган ишин ойлоп жүрө берет. Түшүндө да сүрөт тартып чыгышы мүмкүн. Бирок сүрөтчүлөрдүн бары эле түнт эмес, аябай ишке берилип кеткендери гана ойго чөмүлүп, башка нерселер кызыктырбай, чыгармачылыгы менен жашап калышат.

— Чыгармачыл адамдардын көңүлү үзүлүп кетчү желедей эмеспи. Сиздин көңүлүңүзгө жаратылыш таасирин тийгизеби?
— Жаратылыш, аба-ырайы сүрөтчү эле эмес, адамзатынын барына эле өз таасирин тийгизсе керек. Сүрөт тартайын деп, жакшы маанай менен турсаң жамгыр жаап калса пландарыңдын бары өлөт да, маанайың чөгүп, эч нерсеге көңүлүң жок кеч кирет. Көңүлүң чөгүп турса да жаныңды кыйнап иштей бересиң, бирок жан-дүйнөңдүн таасири тийип, сүрөтүң сен ойлогондой болбой калат. Мисалы менин маанайыма жаркырап тийген күндүн таасири чоң.

— Жыл мезгилдердин кайсынысы сизге жаңы идеяларды алып келет?
— Күз живопистик мезгил, айлана сары, кызыл, жашыл болуп өңүнө чыгып калган убак. Ошондуктан, күздү өзгөчө жакшы көрөм. Сүрөтчүлөргө жаздын таасири чоң. Күз-күрөш, жаз-жарыш демекчи күздүн керемети, жаздын деми шыгыбызга шык кошот.

Венера НАРКЕЕВА, «Айат-пресс» («Кыргыз гезиттер айылы»), 30.07.2009-ж.

Соц тармактар:

Добавить комментарий